№57, 08.08.08-ж.
  Азизбектен азил кеп

"Ак жолдун" чөнтөгүнө кол салсаң - майлуу кызмат
Эркек аялынын чөнтөгүнө кол салса- бул кылмыш.
Аял күйөөсүнүн чөнтөгүнө кол салса- бул үй-бүлөлүк турмуш

Чиновник "Ак жолдун" чөнтөгүнө кол салса- бул майлуу кызмат.
Чиновник "Ата Мекендин" чөнтөгүнө кол салса- бул аңдуу же камак.

Журналист редактордун чөнтөгүнө кол салса- бул гонорар.
Редактор журналисттин чөнтөгүнө кол салса- бул командировка.

Депутат министрдин чөнтөгүнө кол салса- бул мыйзам кабыл алуу.
Министр депутаттын чөнтөгүнө кол салса- бул шайлоодо добуш.

Президент министрдин чөнтөгүнө кол салса- бул түбөлүк кызмат.
Министр президенттин чөнтөгүнө кол салса- депутатты саунага киргизүү.

Пенсионер өкмөттүн чөнтөгүнө кол салса- бул пенсия.
Өкмөт пенсионердин чөнтөгүнө кол салса- бул электрдин кымбатташы.

Спикер бюджеттин чөнтөгүнө кол салса- бул "Прощай Гульсары!"
Бюджет спикердин чөнтөгүнө кол салса- бул "подоходный налог".

Кыргыз казактын чөнтөгүнө кол салса-бул жалданып иштөө.
Казак кыргыздын чөнтөгүнө кол салса- бул төрт пансионат менен учуп кеткен Каркыра.

Кыргыз өзбектин чөнтөгүнө кол салса - бул газ.
Өзбек кыргыздын чөнтөгүнө кол салса - бул Токтогулда суунун азайышы.

Кыргыз Россиянын чөнтөгүнө кол салса- бул инвестиция.
Россия кыргыздын чөнтөгүнө кол салса-бул миграция.

Кыргыз ЭВФдин чөнтөгүнө кол салса- бул 2 миллиард карыз.
ЭВФ кыргыздын чөнтөгүнө кол салса- бул электр тармагын менчиктештирүү.

Түштүк чиновниги түндүктүктүн чөнтөгүнө кол салса- бул кошомат.
Түштүк чиновниги түштүктүктүн чөнтөгүнө кол салса - бул коррупция.

Түндүк чиновниги түштүктүктүн чөнтөгүнө кол салса- бул пара.
Түндүк чиновниги түндүктүктүн чөнтөгүнө кол салса - бул трайбализм.

Казак чиновниги кыргыздын чөнтөгүнө кол салса- бул чоң кызматка дайындоо
Орус чиновниги кыргыздын чөнтөгүнө кол салса- бул революциянын жакындап келатканы.




"Алибиден" алиги

Кожоюн "матушка" менен шаардын сыртындагы таза абада дем алып жүрөт.
- Бах!! Кандай сонун таза аба, бир да машина жок,- дейт "матушкабыз".
- Ооба,- деп ойлонуп туруп кожоюн айтат дейт.- Мен түшүнбөй турам, эмне үчүн борбор шаарды биз ушундай таза абалуу жерге курбайбыз?

ХИПКчил министр Акүйдүн ашканасына отуруп алып, улам жүз граммдан согуп отурат. Аңгыча анын ордун алган каржы министри Тажикан айым келип:
- Министр мырза, сиз туура эмес иш кылып атасыз. Сиздин келинчегиңиз ооруканада жатса, сиз болсо бул жерде отуруп ичип атасыз,- дейт.
- Эмнеси туура эмес,- дейт экен министр стакандан башын көтөрүп.- Мен анын денсоолугу үчүн ичип жатпаймбы.

Экономика министри Бээжинге барып акчаны экономдойм деп бир помидор, бир бадыраң, бир ууч туз сатып алып, жардамчысына жаткан мейманканасына жеткизип кой-дейт.
- Тилекке каршы азыр мүмкүн эмес,- дептир жардамчысы.- Сиздин буйругуңуз менен биздин айдоочубуз бир редиска жүгү менен 10 грамм арак издеп кеткен.

Эки милиция кызматкери президенттик резиденциянын жанынан адамдын өлүгүн таап алат.
- Сен резиденция деген сөздүн кантип туура жазыларын билбейсиңби?- деп сурап калат.
- Жок -дейт экинчиси.
- Айыл өкмөтү деген сөздүчү?
- Билем.
- Кел анда айыл өкмөтүнүн жанына сүйрөп барып коелу.

Марат Кайыпов көчөдөн өтүп баратса бир кичинекей бала үйдүн коңгуроосун баса албай турат. Адилеттик кылып кичинекей балага жардам берүүнү чечет:
- Кел, мен басып берейин,- деп үйдүн коңгуроосун басат.
- Ырахмат!- дейт кичинекей бала үйдүн ээсин тажатып улам-улам коңгуроосун басып аткан,-Эми болсо "зыйт коелу".




Королдун жаңы кийими
(Андерсенден жаңы жомок)
- Каким должен быть подлинный хан?- спросил первый сын Джучи.
- Чтобы угодить людям, хан должен быть хитрым. А чтобы люди угождали ему, должен быть коварным.- ответил Чингисхан.
- Как сделать так, чтобы люди уважали тебя?- спросил Джагатай.
- Не лишись ТРОНА.
- Как же сохранить трон?- спросил Угедей.
- Не допускать в свое окружение никого УМНЕЕ себя.- ответил Чингизхан.
- Чем жертвовать хан для славы?- спросил младший сын Туле.
- Сыном!- ответил Чингисхан.
(Назидание Чингисхана)

Илгери-илгери бир король болгон экен. Ач көз король элинин канын кактабай соруп, эсепсиз байлык жыйнай берет. Баш көтөргөндөрдү түрмөгө камап, бардык күчтү бир колго топтоп, элинин жүрөгүнүн үшүн алат. Королдун эли жакырдангандан жакырланып, король өзү жакындары менен байыгандан байый беришет. Дүйнөнүн булуң-бурчунан тикмечилерди алдырып, тиккен кийимдерин жактырбай, улам жаңы тикмечилерди алдыра берет.
Ошондой күндөрдүн биринде королго чет элден эки тикмечи келет. Алар: "Биздин тиккен кийимдерибизди акылдуу адамдар гана көрө алат. Акмактардын көзүнө биздин тиккен кийимдер көрүнбөйт",- дешип жар салышат.
- Мейли,-дейт король,- Менин кол алдымдагылардын кимиси акылдуу, кимиси акмак экендигин билгенге жакшы.
Ошентип король тикмечилерге көп алтын, күмүштөрүн берип, алар ишин башташат. Тикмечилер эч нерсе тикпесе да кымбат баалуу материалдарды талап кылып, станокторду алдыртып тигимиш боло баштайт.
Күндөрдүн биринде король алардын ишин көрүп келгени Баш министрин жөнөтөт. Баш министри келип караса эле эч нерсе көрүнбөйт. "А-а, мен акмак болгондуктан эч нерсе көрүнбөй жатат го. Сыр бербей көрүп жатам деп коеюн"-деп, ал "укмуш, сонун" деп мактап барат. Анын артынан көргөнү барышкан мамлекеттик катчы, министрлер да баары жапырт мактап барышат.
Акыры король өзү келет. Келсе кийим эмес таш балакет жок. Король да ичинен ойлонот: "Эч нерсе көрүнбөйт мени акмак деп эл шылдыңдабасын үчүн көрүп жатам демиш болуп коеюн". Король да жок кийимдерди мактай баштайт.
Королдун өлкөсүндө майрам болуп,чоң салтанатта король элдин алдына чыкмак. Король элдин баары мактаган кийимдерин кийип чыгуу үчүн тикмечилерди шаштыра баштайт. Тикемечилер бүттүк дешип кийимдерди королго алып келип, аны жыпжылаңач чечинтип "кийинте" башташат.
- Мына бул көз жоосун алган дамбал, караңызчы?!- дешет. Король эч нерсени көрбөсө да жок дамбалды кийет. Анан майка, көйнөк, костюм,шым, таажы бардыгын "кийгиздик" деп эсептеген соң министрлерден сурайт:
- Кандай жарашат экен?- деп. Министрлер кошоматтанып жок кийимди мактай баштайт.
Ошентип жылаңач король майрамдык салтанатка элдин алдына чыгат. "Эл деген сел " эмеспи жылаңач королду көрүп , оозун ачып таң калышат да, биз кийимин көрбөгөн акмакпызбы?- деп бир саамга тынчый түшөт. Бирок акыйкат деген бар экен, элдин арасынан кимдир бирөө башымды кессе кессин деп чыга калып:
- Король жыпжылаңач экен!- деп кыйкырат. Эл сүрөп "Уятсыз король. Эл алдына жылаңач чыкты" деп королду ташбараңга алышкан экен.
Ач көз королду жок кылган соң жыргап-куунап жашап калыптыр.




Саясатчы кайсы сапаты менен белгилүү?
Өмүрбек Текебаев - туруктуулугу менен.
Болот Шерниязов - даанышмандыгы
менен.
Карганбек Самаков - шейхтери менен.
Владимир Путин - чечкиндүүлүгү менен.
Иосиф Сталин - бекем тартиби менен.
Курманбек Бакиев - жалган кептери
менен.
Аскар Акаев - качып кеткендиги менен.
Аликбек Жекшенкулов - дипломат-
тыгы менен.
Акылбек Жапаров - жүз граммы менен.
Данияр Үсөнов - дардаңдашы менен.
Феликс Кулов - мансапкордугу менен.
Мелис Эшимканов - тапандыгы менен.
Турсунбай Бакир уулу -акыйкатчылыгы менен.
Адахан Мадумаров - сөзмөрдүгү менен.
Темир Сариев - "Аюусу" менен.
Бегалы Наргозуев - учагы менен.