№57, 08.08.08-ж.
  Мына сага!

Бекназаров адвокат болду
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун аз күн мурда адвокат болгону дайын болду.
Атап айтсак, мурдагы да, азыркы да президент менен пикири келишпеген Азимбек мырза Бишкектеги тергөө изоляторунун 340-камерасында жаткан Ишенбай Кадырбековдун укугун коргомой болду.
Эске салсак, Ишенбай мырза апрель айынын башында "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин бюджетине ири өлчөмдө зыян келтирген"- деген айып тагылып, Финансы кызматы тарабынан кармалып, камакка алынган.

  Кыйкырсам үнүм жетеби?

ЖЕТЕКЧИБИЗ ЖАЗАГА МУКТАЖ
Кыргыз Республикасынын Президенти К.С Бакиевге
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникация министри Н.Сулаймановго, Кыргыз Республикасынын Каржы полициясына
"Алиби" гезитинин редакциясына
Кайрылуу

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Токтогул райондук филиалынын жетекчиси Абдраманов Акул Абдрамановичтин кылган терс иштеринен тажап бүттүк.Ал пенсия түшкөн убакытта түшкөн каражатты ар бир почта бөлүмүнө жеткирип бердирбестен, бардык почточуларды чакыртып алып, бөлүнгөн акча каражатты почточуларга берип, ал эми почточулар өздөрү алып кеткен акчаны ар бир почтага жеткиздик деп, жалган документ толтуртуп, айына "доставка" кылдык деп бир айда он беш миң сом же он эки миң сом акчаны өз кызыкчылыгына жумшап турушат.

Ушул эле ишканада кызматтык автоунаа бузуктугуна байланыштуу өзүнүн менчик автоунаасына мамлекеттин эсебинен каражат бөлүштүрөт. Айына күйүүчү майга он сегиз миң сом сарпталат. Ушунун баарын жүрбөгөн эле автоунаага жумшадык деп документ толтуруп коюшат.

Комиссия, аудитордук текшерүүлөр эмне максат менен келишкени да түшүнүксүз. Анткени алар келгенде текшертпей туруп, өзүлөрүнүн "долясын" алып кетишип баары жакшы деп документ толтурулат. Аудиторлор алып кеткен чыгымды кайра эле почта, байланыш бөлүмдөрүнө чачып жиберет. Баягы эле почточулар жебеген "самсага" акча төлөп, азабын тартып келишүүдө.

Ушундай өз кызыкчылыгын ойлогон жетекчилерге мамлекет тарабынан жаза колдонулабы?

Урматтуу редакция!
Ушул көйгөйдү гезитиңердин бир бурчуна жарыялап коюуңуздарды суранабыз.
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Токтогул райондук бөлүмүнүн эмгек жамааты




  Сүйүнчү!

Өзбекстан Кыргызстандын электр энергиясынан баш тартты
Өзбекстан Кыргызстандан Фергана өрөөнүнө кеткен электр энергиясын алуудан баш тартты. Көрсө, өзбектер 60 эле миллион долларга жаңы жылуулук электр станциясын кура коюп, электр энергиясын ошол жактан ала баштаптыр. Муну уккан бийликтегилер "энергиябызды эми кайда сатабыз7"- деп баштарын оорутуп жатса, "бираз да болсо, үйүбүз жарыгыраак болот турбайбы"- деп карапайым калк сүйүнгөнүн жашырбайт.




  Угуп койчу, өкмөт аке?

Дүлөйлөр интернатындагы мугалимдер неге нааразы?
Бишкектин Ворошилов көчөсүндө республикабыздагы дүлөйлөрдү окуткан жападан жалгыз мектеп-интернаты бар.
Ошол интернатта эмгектенген мугалимдер директор менен бухгалтерине аябай нааразы болуп жатышыптыр. Себеби, 20 жылдан бери анда иштеген мектеп директору аларга ар кандай шылтоону айтып, отпускткасына берилчү айлык акысын бербей жатыптыр.
Бир нерсе дешсе эле, бухгалтер "Каржы министрлиги акчаңарды бербей жатат"- деп кутулат экен. Ошол эле учурда, директор мектеп-интернатынын бөлмөлөрүн ар кайсы 4 тигүүчү цехке ижарага берип, акча таап келет.
Жок дегенде, ошол жактан көргөн акчадан берип турса, кийин Каржы министрлиги бөлгөндө, өзүнө тиешелүү акчасын кайтарып алмак эле да. Эмесе, отпускткабыз бүтөйүн деп калды, бирок чөнтөгүбүздө сокур тыйын жок"- деп нааразы болушууда мугалимдер.




  Тургула, сот келатат!

Балдарга СПИД инфекциясын жугузган дарыгерлер темир тор артына кетет
Ош облусунда коомчулуктун көңүл борборунда жүргөн сот процесси аяктады.
Анын жыйынтыгында, Ноокат районунда бир канча балага ВИЧ-инфекциясынын жугузулушуна тиешеси бар делген 14 дарыгердин тогузуна Ош шаардык соттунун өкүмү угузулду.
Алардын тогузу 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен гана ажыратылбастан, ар бир жапа чеккен балага социалдык пособия катары акчалай жардам беришмекчи. Себебеи, оору жуккандан кийин өмүрү менен кош айтышкан да балдар бар экендигин баса белгилеп кетмекчибиз.
Ал эми 4 адам күнөөсүнүн далилденбегенине байланыштуу сот залынан акталып чыгышты.




  Конуш жайлуу болсун!

Жаңы түрмө салынат
Кыргызстандын өкмөтү Нарын облусуна салына турган түрмөгө каражат бөлүп бермей болду.
Тоо арасындагы түрмөгө өлүм жазасына жана өмүрүнүн аягына чейин камакта олтура тургандар жөнөтүлмөкчү.
Алардын жалпы саны 180 адамды түзөт экен. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлүм жазасына кесилген зектер туруктуу бир жерде отурукташа албай келгенин белгилеп кеткибиз келет. Бир канча жылдан бери сот тарабынан өкүм чыгарылса да, алар Бишкектеги №1 тергөө изоляторунун жер төлөөсүндө күн көрбөй баш калкалап келишкен. Эки ай мурда Жазаларды аткаруу башкармалыгы алардын баарын ар кайсы түрмөлөргө бөлүп ташташкан эле. Эми жаңы түрмө салынып бүтсө, кайрадан бириктирет окшойт. Ал ортодо биздин "адилеттүү" соттор тоок урдаганды 5 жылга, адам өлтүргөндү 7 жылга, миллиондоп акча жегендерди эркиндикке кое берүүдөн чарчашпайт. Кыргызстан гумандуу мамлекет болгондон кийин сот органдары өлүм жазасына чыныгы кылмышкерлерди гана тартып келишкенде, балким алардын саны 180 адамга жетпейт беле, ким билет.