№58, 12.08.08-ж.
  Баракелде-е!

Кылмыш иши козголбойт...
Каржы полициясынын биринчи орун басары Таалайбек Абылгазиевдин билдирүүсүнө караганда 2008-жылдын 6 айында 1517 мыйзамсыз иш катталып, мамлекетке 281 миллион 233 миң сомго чыгым келтирилгендиги аныкталган. Анын ичинен аткезчилик менен алынып келинген 27,5 миллион сомдук товар алынса, электр энергиясын, газды уурдаган жана мыйзамсыз кредит алынган 200 факт аныкталган.

Каржы полициясы тарабынан 407 кылмыш иши козголгон, мындан 71 иште кызмат абалынан пайдаланганы боюнча айып коюлган. Эгерде 2005-жылга чейин мамлекетке кайтарылган акчанын суммасы 50 миллион сомдун тегерегинде болсо, быйыл жарым жылдын ичинде эле мамлекеттин казынасына 140 миллион сомдон ашык нак акча кайрылган.
Албетте, ар түрдүү финансылык жана экономикалык тартип бузууларга аесуз күрөш жүргүзүүнүн натыйжалуулугу кубанарлык иш. Бирок, мындай кылмыш иштери кичи ишканаларга, соода жана тейлөө тармактарына жана кызматтан кеткен адамдарга гана козголуп жатышы каржы полициясынын так жана калыс иш жүргүзөрүнө ишенбөөчүлүктү гана пайда кылууда. Эмне үчүн мурдагы экс-депутат, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишенбай Кадырбековдун, мурдагы премьер-министр Николай Танаевдин, миграция жана калкты жайгаштыруунун мурдагы статс-катчысы Мухтар Өмүракуновдун, Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Анапияевдин үстүнөн бул кылмыштар алар ошол жооптуу постто иштеп жатканда козголгон эмес?
Каржы полициясы электроэнергияны жана газды уурдаган фактыларды ачканы жакшы, тилекке каршы, өлкөбүздүн экономикасынын гана эмес, калкыбыздын турмуш-тиричилигинин күрөө тамыры болгон электроэнергиянын булактарына балта чапкандар, Токтогул суу сактагычынын суусунун көлөмүнүн кескин азайышына салым кошкондор, электроэнергиянын ири көлөмдө техникалык жоготууга жол ачкандар финансылык жана экономикалык зыян алып келишкен жокпу? Өлкөнү энергетикалык кризиске дуушар кылгандар, суунун ашыкча сарпалышына жана коммерциялык баада сатылуучу энергияны эселеп өндүрүүгө өз салымдарын кошкондор неге каржы полициясы тарабынан текшерилген жок? Электроэнергияны уурдагандар жүздөгөн киловатт/ саатты уурдаса, булар миңдеген киловатт/саат энергияны гана уурдап тим болбостон, калкыбызды караңгыга калтырып, элдин бийликке нааразычылыгын күчөтүүгө чоң салым кошуп отурбайбы?
Каржы полициясы азыр ал электробарондорду текшере алышпас, о-ов, бирок алар качан кызматтан кеткенде, ал бийлик мунарасындагыларга жакпай калганда гана кылмыш иши козголушу мүмкүн. Эгер бийлик аларды канатына калкаласа, алардын "тырмагынын учуна" да зыян келбейт.
Каржы полициясынын төрагасынын дагы бир орун басары Сатыбалды Калмурзаевдин: "-Биздин максатыбыз кылмыш ишин козгоо эмес, мамлекеттин казынасын толтуруу. Ошон үчүн иш козголгон болсо да, мыйзам негизинде чыгым ордуна коюлса, ал иштер кыскартылып жатат", - дейт "Азаттыкка" берген жообунда.
Баракелде-е-е! Демек, ири чиновник болгондо мамлекеттин казынасына чеңгелиңди матырып же! Кызматтан кеткениңче ал каражатты өзүң үчүн жүгүрт да, ири кирешеге ээ бол! Кылмыш иши козголгондо, кирешеңдин бир бөлүгү менен эле алганыңды жабасың! Кылмыш иши козголбосо, ал каражат өзүңдүн байлыгың!
…Мындан башкача ойлоого да болбойт. Мындан башкача түшүнүүгө мүмкүн эмес…




  Имиш-имиш кеп угам

Кимисине ишенебиз?
Мамлекеттик бир чиновник өзүнүн сөзүндө: "-Тирүү малдын баасы кескин төмөндөгөнүнө карабастан, эттин баасы өсүүдө. Кыргызстандагы мындай кырдаал тынчсызданууну пайда кылат. Айыл суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин билдирүүсүнө караганда Чүй облусуна Жамбыл жана Алматы облусунан 5-6 миң баш мал алынып келери" - маалымдалган. Бул билдирүүнү Казак республикасынын "Караван" гезити Бишкекте эттин килограммы 200 сом турарын, бул 650 казак теңгесине барабар экендигин, ал эми эт Тараз шаарында 680-700 теңгеге сатыларын белгилеп, биздин чиновниктин кебин калпка чыгарган.
Буга катар облустун ветеринардык көзөмөлдөө башкармасынын начальниги Марат Абдраев коңшу республикага малды массалык түрдө малды жана этти жашыруун түрдө алып өтүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Чек арада 13 пункт катуу көзөмөлдөөдө экендигине басым жасап отурат.
Быйылкы жылдын катаал кургакчылыгына карабастан кышка карата жетиштүү санда тоют топтолоорун, учурда мал жайытта багыларын, ал эми Кыргызстандын Талас облусу официалдуу түрдө Жуалын районунан жайыт сурап, бирок Казак республикасы Кыргызстанда 3 жылдан бери эпизоотия кеңири жайылгандыгынан улам,мал айдап кирүүгө жана чыгууга карантиндик абал жарыялангандыгын облустун айыл чарба департаменти да тастыктайт.
Чындык кайсы тарапта, кимисине ишенебиз?

Мурадил ТУТКУЧОВ,
"Алиби"




  Табам десең, Таласка бар

Төө көтөргүс төө буурчак
Көзгө комсоо, буралып-чоюлуп, боюн жыйнагандан эринген эрке айымдай үлбүрөп назик өскөн төө буурчак тээ Совет заманында эле менчик чарбактарда алакан отундай жерлерге айдалып, аларманы-тыягы Ташкент, быягы Тараз, түндүгү Түмөн, Омск, Новосибирск шаарларынан табылып, соода-сатыкка анча-мынча аралашкан табышкер таластыктардын намыянын бир топ толтуруп, оожалганга ого эле түрткү берип жүргөн. Мезгил жылып, сырты седептей жалтырак, мээнети батмандай төө буурчак жарыктык, айтылуу өрөөндүн айдың-жайык талааларына жашыл көрпөдөй көрк берип, ар бир экинчи үйдөн дымкыл жыт буркурап, бул кереметтүү жергенин кенч-казынасына айланып калары кимдин оюна келиптир.

Рыноктун илелүү түйшүгүн мурдараак баштан кечирген Мехмед Озель (теги түрк) алпейим элдин аракетинен Архимедден бетер табылганы көрө салып, түшүм ээлеринен түрүлтө сатып алып, накталай эсептешип, муну менен ал өсүмдүктү айдоо аянтынын чукулунан тез арбышына, бутуна турушуна, Таластын күр топурак кыртышынан күргүштөгөн күмүштөй түшүмдүн көбөйүшүнө, фермер-дыйкандан баштап интеллигенттерди да буга тартып, аймактагы социалдык-экономикалык маселеге итабар үлүшүн кошту.
Соңку жылдарда төө буурчактын айдоо аянты кеңейип, дүң жыйым көбөйгөнүндө талаш жок. Жергиликтүү бюджет татыктуу булактын көзүн ачты. Көгүлтүр доллар көмкөрүлгөн топуракта көмүлүп жатканын туя салган ишкерлер, иштин түпкүлүгүн көздөгөн аракет -алакаларды баштап жиберишти. Мында агроном-ишкер Болот Кожомуратовдун тажрыйбасы таластык дыйкандарга оңбогондой оомат алып келди. Ал Европанын бир катар өлкөлөрүнө сапар тартып, төө буурчактын агротехнологиясын, үрөн даярдоо, түшүмдү жыйноо, жөнөтүп сатууга чейинки сыр түйүнүн үйрөнүп товар өндүрүүчүлөрдүн "Төө буурчак" ассоциациясын түздү. Өзүнүн максат, тилектештерин чакырып, көргөн-билгенин саймедиреп айтып, усулдук да, устаттык да милдетин аркалады.
Бул арада эки-үч жылдап тажрыйба топтоп, андан кордонуп, каныга түшкөн дыйкан-фермерлер ишти жалгыз жарымдап алып баруунун мандемсиздигине көзү жетти. Натыйжада өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүүчү "Талас" айыл чарба кооперативине биригишти. Бири өндүрүшчүлөрдүн укуктук кызыкчылыгын коргоп, усулдук да, жолдоштук да жардамын берип, экинчиси сапаттуу түшүмдү сагалатпай сатып алуучунун милдетин моюнга алып, жамааттык бир уюмга биригип калышты. Инвесторлор менен болгон алаканын өйдө-төмөн ,буруш-турушун азыр йтып убакыт коротпойлу, анткени алар бүткүл дүйнөдө бирдей кесипке ээ, кайсы жерде пайда басымдуу түшөөрүн илгертпей таба салышып, Төштүктүн жер тыңшаар Мамытындай шыр жетип, коюу болсоң козголтпой, аркы-берки кеп кылбай иш баштап пайда болбосо кол булгап коштошпой коңулдан жол таап уруп кетишет.
Инвесторлорду тартуу, өндүрүш ыргагын ырааттуу уюштуруу, атаандаштыктын анатомиясын үйрөнүү маселелери тогошкон жерде мамлекеттик бийликтин дирижерлук ролу көтөрүлүп чыгат. Күз күркүрөп кирип келип, табигат өз бийлигин колго алып -үшүгүн, жамгырын жөнөткөндө, бастырма-сарайлары тартыш дыйкандар суй жыгыла жүдөйт. Же уюштуруудан кеттиби, же уюмдашуудан кеттиби, айтор дирижердун сыйкыр таягы бир саамга эс-учун жоготкондой, ишти таштап жиберип, буга кыргыздын "чылыгы" кошул-ташыл аралашып, сөз базары күчөп, сындагандар менен сынтаккандар бийлик эшиктерин тындырбай, кезек-кезметтен ыза көргөндөр туталанып, тээ чамгаракта отурган үлкөн адамды баш кылып, жергиликтүү "чоңдорду" жер жеперине жеткиришет. Ошентип төө буурчакты сатып-өткөрүү жана кабыл алуу маселесиндеги тирешүү өзүнөн-өзү от алып, өткөн жылдагыдай өкүнүчтүү окуя менен аяктайт. (Талас базарында түрк улутундагы бизнесмен атып өлтүрүлгөн.)
Албетте, сатып-өткөрүү ар кимдин жеке иши, ошондон улам "Талас" кооперативине удаалаш жыйырмага чукул жеке жана юридикалык жактар төө буурчакты даярдоо жана жөнөтүү аракеттерин жасашат. Сатып алам дегендер
Россия, Франция, Кытай, Германия, Румыния, Корея , Турцияга адамдарын жөнөтүшүп, лыпылдап иштешти. Кымбат баада алчулар кош колдоп сүрөөнгө алынды. Төлөмдөр банктар аркылуу чек системасы менен жүргүзүлдү. Бүткөн ишке, бышкан ашка сынчы көп дегендей, элдин дээрлик баары берерин берип, аларын алып койгондон кийин, кептин учугу парламенттик угууга барып такалды. Мынакей, ушундай болмок, айттым го дешип, баягы чындап , жер муштагандардын чырагына май тамды.
Парламенттин аудиториясы атпай журттун көңүлүн буруп, саясий кырдаал кыжаалат тартып, депутаттар төө бурчактын чежиресин чечмелөө менен түпкүлүгүндө экономикаллык кысталаңдан кыйналбай чыгуунун максатын күн тартибине коюшкан.
Бир катар депутаттар ири ой айтышып, маселенин стратегиялык аңытын ачып, дүйнөлүк экспортко жол ачка төө буурчак өстүрүү түйшүгүн тартып, эми ал үчүн тердеп-кургаган эмгекчи дыйкандарга алкыш айтуу аздык кылат деген калыс, ташка тамга баскандай тыянак чыгарышты.
Парламенттик комитет жолдогон, жергиликтүү ишкер ишмерлердин кошумчалаган иштин түрмөгү менен ал жылы Талас өрөөнү эки ирет республикалык семинар кеңешме өткөрүүгө арзыган. Өзөктүү иштин жүлгө жолу салынган, анын ишине бардык областтардын дыйкан жана фермер чарба ээлери, Кыргызстанда эмгектенген эл аларлык айыл-чарба долбоорлорунун адис-аграрчылары, Россиянын дасыккан илимпоз окумуштуулары катышкан. Республиканын топурак кыртыштык, климаттык шартына ылайык төө буурчактын үрөөн-уругу сунушталып аны өстүрүп багуу, жыйнап чогултуу, сатып жөнөтүү боюнча усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу сунушталган. Демек, кеңирсиген кен Талас төө буурчак өстүрүүчү дыйкандардын мектебине айланды.
Облусттун экономикасынын ишенимдүү булагы-төө буурчак орошон мээнетке кошуп, олуттуу мамиле болбосо опуртал окуяларга кириптер кылаары белгилүү болду.
Жетекчилик Түркияга чейин өкүлдөрүн жиберип, өкмөт удама-удаа буйрук чыгарып, төө буурчакка өнтөлөгөн мамиле жасашты.
Өткөндүн оор сабагынан өтөлөгө аракет жумшап, улам чымырканып иш жүргүзгөн бийлик бутагындагы мырзалардын мээнети, аларга үмүттүү тиктеген өндүрүүчүлөрдүн көз карашы бүгүнкү күндө облустун бейнесинен да байкалат.
Бүткүл элдин назарын буруп, муну менен ошол элдин өзүн дагы бир кырдан ашырып, Эл аралык соода-сатыктын капкактуу дарбазасын тыкылдатып, жаңы доор кыйырына алып чыккан төө буурчактын төтөн мээнетине баракелде!

Түлөн Акматалиев,
Талас шаары