№59, 15.08.08-ж.
 "Базары жакын байыбайт"

Жаңы базар курулат, эски базар "куурулат"
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ушул жылдын 7-августунда "Айыл-чарба продукциясын жана азык-түлүк товарларын сатып өткөрүү боюнча муниципалдык базарларды уюштуруунун чаралары жөнүндө" токтому токулган. Бул муниципалдык базар кайда, кандайча курулаары тууралуу маалымат берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы 12-август күнү журналисттер менен бирдикте рейд жүргүздү. Бул иш-чарага "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Жолдошбек Дүйшөналиев, Муниципалдык рыноктор дирекциясынын директору Канат Токтомушев жана Ленин райакиминин орун басары Тагайбек Казакбаев катышты.

Алгач журналисттер мэриянын алдына чогулуп "Кыргыз темир жолу" деген жазуусу бар кызыл автобуска отурдук. Ушундай, ушундайда мэриянын өзүнүн автоунаасы жокпу?- деген суроо туулат экен. Муну болсо темир жол менен болгон базарга тийиштүү келишимге байланыштуу дешти бизди жетектеп бараткандар. Ленин райакиминин орун басары Т. Казакбаев "Ош" базарынын тазалангандан кийинки абалы менен тааныштырды. Тазаланып калганын дааратканага тыгылышпай кирип-чыккан элден байкоого болот. Мурда көпчүлүк сатып алуучулар "Ош" базарында даараткана бар же жок экенин деле билишчү эмес.
Андан соң гана Интергельпо көчөсү менен жогору кеткен жол аркылуу "Фучик" паркынын өйдө жагындагы Бишкек-1 станциясынын жанына бардык. Бул жерге сөз болуп келаткан муниципиалдык базар курулат. Жалпы аянты 3 гектарга жеткен бул аймакка 3-5 тонналык 444 контейнер коюлуп, мындан сырткары базардын ичине 138 жүк ташуучу машина өзүнүн продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк алат. Болочок базардын кире беришине 140 орундуу авто токтотуучу жай курулат. Муниципалдык базар курабыз деп чуркап жүргөндөрдүн айтымында, айыл-чарба продукциялары "Баткен" базарына салыштырмалуу арзан баада сатылып, ал гана эмес, колдон - колго өтүп сатуу деген жокко эсе болот дешүүдө. Ошондой эле эң алгач соода орундары айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө бөлүнүп берилет. Бирок, башка базарларда дагы айыл-чарба продукциялары сатылып жаткан соң, колдон - колго өткөргөн алып-сатарлардын жолун бууганга мүмкүн эмес. Себеби, "Баткен" базарына жүктөлүп кирген продукциялар ар кайсы айылдардан, дыйкан чарбаларынан чогулат. Башкача айтканда продукция өндүрүүчүлөр өздөрү борборго келип сатышпайт. Ошол турган жеринде эле баасын бычып, жер-жерлерди кыдырган дүң соодагерлерге продукциясын арзан баада карматып коюп, ошого тобоо кылып отуруп калышат. Алар болсо топтолгон продукцияны Бишкекке алып келишсе да, чет жакка алып кетишсе да өздөрүнүн иши. Мисалы, Жети-Өгүз районунда бир топ айылдар абрикос сатышат. Чоң-чоң КамАЗдар кирип, ящик-ящик кылып жүктөп кетишет. Бул продукциянын кайда кетип жатканы менен айылдыктардын иши деле болбойт. Эң башкысы абрикосу агып калбай өтүп кеткенине сүйүнүшөт. Демек, алып кайра сатуунун жолун бууганга мүмкүн эмес.
Башкача айтканда, Бишкектеги бардык базарларды айыл-чарба продукциялары менен камсыз кылып келген бир гана "Баткен" базары болчу. Эми муниципалдык базар ачуунун максатына борбордун элин арзан продукция менен камсыз кылуу дегенди кошуп жатышат. Эгерде борбордун эли "Баткен" базарындагыдай дарбызды баасын 1 сомдон ала турган болсо, баары бир муниципалдык базарга келүүгө туура келет. А бир дарбыз үчүн ким келет? Бишкектиктерди арзан продукция менен камсыз кылабыз деген жөн эле сөз. Ошондуктан жалпы элди камсыз кылабыз дебестен, Бишкектин базарында соода кылышкан алып-сатарларды камсыз кылабыз дешсе дурус болор эле. Себеби, ошол эле бир сомдук дарбыз башка базарларда 3-4 сомдон кем болбойт.
"Кыргыз темир жолунун" буга байланышы кандай?"-деген суроого базардын кенендиги абдан эле чоң дешти. Баткен базарынын деле аянты 3 гектар. Аянт жагынан алганда айырмасы деле жок экен. "Баткенди" темир жолдун жээги дешти эле, бул базардын деле жанында темир жол, болгондо да темир жол станциясы бар, болгону ортосун тосмо тосуп турат.
"Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дагы. Нариман Түлеев мэр болуп келгени бир майлуу жерди басып калат экен. Балким темир жолду тейлеп калбаганда, бул жер үч уктаса түшүнө да кирбейт эле. Мэр болуп келгенинин деле сыры ушунда беле, "келишимдин" негизинде майлуу жерди ээлеп, аны жогору жактагылар менен бөлүшүп, эми Түлеев да Кыргызстандагы байлардын катарына кошулуп калгысы бардыр.

Айтылуу "Баткен" айыл-чарба дүң базары 2002-жылы Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарын толуктап турган Шадиевдер тарабынан негизделген. Бүгүнкү күнү Аскар, Мамат, Султан Шадиевдер аталган базарга ээлик кылып турушат. Базардын бир күндүк кирешеси эле 100 миң сомду түзөт деген маалыматтар бар. Күнүнө 200гө чукул КамАЗ кирсе, ар бири 100 сомдон төлөйт, а бул жаман эмес киреше эле. Эми минтип Шадиевдердин күнү куурулуп, базар банкрот болуу абалында. Албетте, бул базар ээлерин бир топ эле тынчсыздандырып жатат… "Баткен" базарынын орду Советтер Союзу мезгилинде автобаза болуптур. Кийинчерээк мэриянын чечими менен дүң базар болууга уруксат берилген. Базардын аймагы 3 гектарды чапчыйт.
7 жылдан бери алып-сатарларды арзан баадагы айыл-чарба продукциялары менен камсыз кылып турган бул базар, жакында чекене соода базарына гана айланмакчы. Башкача айтканда, 20-августтан соң айыл-чарба продукцияларын дүңүнөн сатуу иштери токтотулат.
"Баткен" базарынын санитардык абалы тууралуу буга чейин да гезит беттеринде айтылып келди. Биз дагы базарды аралап жүрүп кемчиликтер жок эмес экендигине күбө болдук. Мисалы, дааратканага кире бериште капуста сатып отургандарды көрүп жакабызды кармадык.
Элдин басымдуусу муниципалдык базардын ачылуусу тууралуу кабары жок, ошого карабастан "Биз элбиз. Колубуздан эч нерсе келбейт. Кел десе келебиз, бошот десе бошотобуз да орунубузду. Кайра жакшы болот, бул жерге тыгылышпай, ошол жаңы базардан орун беришсе, бара беребиз",-дешет. "Баткен" базарына кирген жүк ташуучу автоунаалардын саны көп, темир жолдун жанында, ошол себептен кирип-чыккан адамдар жол кырсыгына көп дуушар болууда деген кептерди базардагылардын экинин биринен уга аласың.
Базарды ээси жоктой кылбай, "Баткен" базарында 3 жылдан бери администратор болуп келаткан Абдыжалал Карабаевге жолугуп маектеше алдык.

Абдыжалал Карабаев, "Баткен" айыл-чарба дүң базарынын администратору:
"Кыргыздар соода маданиятынан алыс"

- "Баткен" базары чекене базары болот деген маалымат тарады, сиз буга кандай карайсыз?
- Дүң базардын үзгүлтүксүз иштегенге шарты жооп берет. Бишкекте азыр 100дөн ашык базар болсо, шаардыктарды айыл-чарба продукциялары менен түздөн - түз камсыз кылган жалгыз ушул гана базар. Бышыкчылык убакта дыйкандарга орундар бөлүнүп берилет. Мисалы, дарбыздын баасы биздин базарда талаанын баасы менен бирдей, бир сом элүү тыйын. Ошондой эле, Өзбекстандын "Мырзачөл" деген базарынан 1,5 миң километр жер басып коондор келет. Бул коон биздин базарда гана килограммы 15 сом, башка базарларда 40 сомдон. Сезондо 10-15 машина гана орунга батпай калбаса, жыл бою сатуучуларга орун таап, шарт түзүп, соода таразалары менен мейманкана, жуунуп - чайынуучу жайлар менен камсыз кылабыз. Эми бул базарда кемчилик жок деп айтпайм. Жыл сайын айыл-чарба продукцияларын реализациялоого да шарттарды түзүп келебиз. Аба-ырайынын оор шарттарында сата албай калган продукцияларын сактоо үчүн, сактоочу камераларды койгонбуз.
- Айы-чарба продукциялары колдон колго өтүп 20-60% жогору баа менен сатылып жатат дегенге кандай жообуңуз бар?
- Алып-сатарлар биздин базарда жокко эсе. Себеби, дыйкандар капустаны бир сомдон дүң берип жатса, аны ким бирөөдөн алып, кайра жанына коюп сата албайт. Анткени, тигил дыйкан дагы экинчи машинасын алып келет. Сатып алган менен ага конкуренция боло албайт. Башка базарлардан келип, алып чыгып кетип жаткандар ошолор алып-сатар. Байкуш дүңүнөн соода кылгандар Кыргызстанда өстүрүлбөгөн продукцияларды чет өлкөдөн алып келип Бишкекте арзан баада сатышат. Алып-сатарлар болсо "Баткен" базарынан арзан алат да, бир аз орун жылдырып алып эки-үч эсе кошуп сатып, пайданы жакшы эле көрүп жатышат. Базарды да кичине ажырымдуу кароо керек. Биздин базардан алып чыгып кетишкен соң, көзөмөлдөй албайбыз. Муну мамлекеттик деңгээлде карашы керек. Мисалы, базар чекене болгон күнү элге эле кыйынчылык болот. Ушул жерде жүздөгөн кишилер жумуш орду менен камсыз болуп отурат. Алар мамлекетке салык төлөшөт.
- Жүздөн көп да..
- Көп албетте. Базарды кооптуу же кооптуу эмес деп айта албайсың. Биз бул кишилерге болгону жумуш ордун түзүп бердик. Мамлекет тараптан буларга маниторинг жасалбаган өздөрүнүн пландары бар. Айта кетсек, Кытайдан 3 жылдап, 6 жылдап түз барып, мандарин, апельсин, лимон сыяктуу ситрус өсүмдүктөрүн ташыган, алма-жүзүм алып келүү үчүн Өзбекстан менен мамиле түзүп келген жигиттерибиз бар. Булардын санын жүздөп, миңдеп эсептесе болот. Эгерде буларды базардан көчүрсө, аларга эле кыйынчылык туулат. Мисалы, мандаринди сактоо үчүн атайын контейнерлер жылууланып, кондиционерлер коюлган. Эми аларды кайра жасоо үчүн канча чыгым, канча убакыт талап кылынат.
- Муниципалдык базарды колдобойсузбу?
- Болуш керек. Бирок, заманбап рынокто ким жакшы соода жүргүзгөнгө шарт түзүлсө, ким кайда барып соода кылышты соода-сатык кылган киши өзү тандаш керек.
- "Ортого коюлган контейнерлер жүк ташуучу автоунаалардын кирип-чыгуусуна, соодагерлерге тоскоол болуп жатат. Биз орунсуз калдык",- деген элдин нааразычылыгына кандай жооп бересиз?
- Бизде эки коопсуздук кызматы күнү-түнү иштейт. Бирок, албетте кемчиликсиз иш болбойт. Таяктын эки учу болот эмеспи. Ошондуктан, ошол эле реализаторлор "европалык мерка" менен эле сүйлөй бербеши керек. Өздөрү жол эрежесин, соода эрежесин так аткарбайт. Ачык эле айтайын, соода маданияты биздин кыргыздарда жок.
- А кандай болууга тийиш?
- Мен Тажикстандын базарларын көрүп келдим. Ким соода менен шугулданса, ал биринчи ирет эртең менен шыпыргыны алып соода кылган орунун тазалап, дайындап алат. Алардын канында ушул нерсе бар да. А бизде кандай? Келет, отурду, соодасы жүрсө болду. Негизи алыс жол жүрүп келгендиктен, урунду болгон продукция көп болот. Ал таштанды эмес, чирик эмес. Болгону товардык көрүнүшүн жоготуп коет. Анан аны сатуучулар жанына ыргыта берет. Антпей ящикке, мүшөккө салып койушса, кыдырып, көзөмөлдөп жүргөн биздин коммуналдык бригада келип алып кетет эле да. Урналарды койгондо машиналарга тоскоол болот. Биз кыргыздар соода маданиятынан бир топ эле алыспыз.
- Азыр тазалык жөнүндө кеп кылып жатабыз. Бирок, даараткананын жанында капуста сатып отурушат, пивокана ачып алышыптыр…
- Пивоканаларды макул убактылуу дейли. Ачылганына деле бир ай боло элек. Ал эми капуста боюнча… Бизде ушундай категориядагы адамдар бар да. 10-15 мүшөк капустасы менен күнүмдүк нанын табуу үчүн ошол жерге отуруп алышат. Негизи алардын бирине да орун берилбейт. Канча жолу кырылышып жатып, кууп чыккан да күнүбүз болду. "Күйөөм жок, балдарым ачка",-деп чийедей балдарын кошо ээрчите келип, кайра эле отуруп алышат.
- Акыркы суроом болсун. Эми бул жер чекене боло турган болсо кандай пландарыңар бар? Соодагерлерди жоготуу коркунучунда турасыздар. Жүк ташуучу унаалардын кирүүсүнө тыюу салынса…
- Эми азыр союз мезгилиндегидей план менен жумуш болбой калды. Азыр "коомду суроо-талап аныктайт" дешет го. Соода-сатык менен шугулдангандарга биринчи кезекте эмне шарт керек, кантип алардын соодасын жүргүзүүнү ыңгайлаштырууга болот, кантип шаардыктарга сапаттуу, арзан баада соода кылууга шарт түзүп беребиз деген суроолорду иш жүзүнө ашырууга аракет кылабыз.

Маектешкен
Азима АКУНОВА,
"Алиби"