№59, 15.08.08-ж.
  Үч билик

Чекисттердин парады
Таштемир Айтбаев
Бул киши жөнүндө кеп кылсак, узун сабак сөз болот.
Анткени, генерал Таштемир аксакалдын билиги тээ илгерки Усубалиевдин учурунан бери эле балбылдап жанып келатканы жаамы журтка маалым. Учурунда бул кишинин ити эле эмес, мышыгы да чөп жеген, нак карт бөрү десек куп жарашат. Кээ бир айтылган сөздөргө таянсак, Усубалиевдин тууганы экен. Эгер Усубалиевдин тууганы болсо уруусу сарбагыш. Сарбагыш болсо тектүү жердин тукуму деп анализ берсек жарашат.
Эгер тектүү жердин тукуму болсо, анда артынан жакшы сөз ээрчиш керек эле го?-деген суроо туулат.
Чынында Таштемир Айтбаев бийлик секисинде гана жүрүп, жакшы эле өссө керек. Бирок, эли, жери үчүн эмне деген жакшы сөз айта тургандай иш бүтүрдү? Ушул суроого жооп табуу абдан чоң түйшүккө турат.
Ооба, Таштемир аксакалдын эмгек стажысы көп убакытты ичине камтыйт, бирок ошол көп убакыттын ичинде өз көмөчүнө гана күл тарткан, илгерки бай-манаптардын элесин берет. Болбосо, бул кочкорлук жигиттик кезден өткөн инсаныбыздын эл үчүн жасаган иши оозго илинет эле го. Балким өлкөбүздүн жакырланышына бул кишинин да салымы бардыр. Дегеним, "бул адамдын криминалдар менен байланышы бар" деген сөз дагы айтыла калып жүрөт. Эгер бул айтылган сөз чын болсо, "урдум ушундай чоңдорду!"-деп жерге түкүргөндөн башка, не кыла алабыз.


Мурат Суталинов
Мурат Суталинов атанын баласы экен. Анткени, атасын тартып, бийлик секисине чыкты. Бирок, элдик уул эместигин, өзүнүн адамдык сапаты канчалык деңгээлде экенин, мансапты чын ниетинен сүйөөрүн, өткөн жылкы чоң пикеттердин биринде көргөзө алды.
Эх, бул пендечиликте адам баласы байлык менен бийлик үчүн эмнени гана кылбайт.
Борбор шаарыбыздын так ортосунан ит аткандай адамды атат, өз элине мылтык кезеп коркутат, күндүн ысык-суугуна карабай формачандарды Ак үйдү кайтартат, өз элине "пошли в …" деген сөздү колу менен көргөзөт. Деги койчу, мунун баарын санап отурсак жүрөк ооруп, көңүл айныйт. Чынында эле Мурат Суталиновдун билиги Бакиевдин учурунда катуу балбылдап жанды. Учурда бул киши мансапка мас болуп, көзүнө эч нерсе көрүнбөй турган учуру. Дегеним тылы бекем да. Атасы экс-генерал, ишенгени Курманбек Салиевич жана анын үкасы. Азыр Мураттын ташы өйдөлөп, жигиттик доорду сүрүп турган учуру. "Кыргыз байыса катын алат"-дегендей, Мурат ака дагы токол алам деп чыкпаса болду, балким эч кимге билгизбей алып алган чыгар… ал өз иши. Бирок ушул учурда эл керегине жарап, оозго илинер иш жасаса кийинкисине дурус эле болот болчу. Жок дегенде атасынын жолун жолдоп, уулун болочокто генерал кылса деле ашыкча болбойт го…


Бусурманкул Табалдиев
Мансаптан, адамдык сапатты жогору туткан Бусурманкул Табалдиев чыныгы таза инсан экенин көргөзө алды.
Жеке эле Кыргызстанда эмес, жалпы мусулман калкында өз ыктыяры менен бийликтен кеткен ким болгон? Болгондо дагы, өзүнүн сүйгөн кесибин таштап. Б. Табалдиевдин ордунда башка бирөө болгондо, мындай кадамга бармак эмес. Анткени, жеп аткан нанынан кимдин эле ажырагысы келсин. Андан дагы "мансап" деген балакетти таштап кетүү чыныгы жигиттин гана колунан келет.
Ооба, эгер Бусурманкул Табалдиев өзү күнөөлүү болсо сөз башка эле. Албетте, буга ошол кездеги анын орун басары Жаныш Салиевичтин тиешеси бар. "Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп каласың"-дегендей, Өмүрбек Чиркешовичтин абтыракатын түшүрөм деп, өзүнүн аброюна шек келтирип алган Жаныш ака, эч нерсе болбой эле башын көтөрүп басып жүрөт. Анын жасаган иши үчүн Бусурманкул Табалдиев өзүн күнөөлүү сезип иштен кеткени, болгондо дагы өз ыктыяры менен кеткени жигитчилик болду. Ушундай алдым-жуттум заманда кыргыз калкы Бусурманкулдай уулдары менен сыймыктанышы керек.

Бердикожо БИЙНАЗАРОВ




Президенттик резиденциянын жанында кимдер атышты?
Учурда президент Курманбек Бакиев эс алып жаткан Чолпон-Ата шаарындагы резиденциянын жанынан 13-август күнү автоматтын атылган үндөрү угулган.

Көрсө, ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башкармалыгынын оперлери менен Ысык-Көл РИИБинин кызматкерлери кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармоо операциясын жүргүзүшүптүр.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери атышуу учурунда 31 жаштагы А.Бийбосунов деген көлдүн тургунун кармашып, колуна кишен салышкан. Жыйынтыгында, андан автомат жана анын 24 огу алынган.Бирок, ал оңой-олтоң эле колго түшүп бербестен, каршылык көрсөтүп, номурлары өчүрүлгөн автоматы менен кызыл шапкечендерге каршы ок аткан. Бактыга жараша, атылган октон эч ким жабыр тарткан эмес.
Эң кызыгы, дал ошол атышуулар болуп жаткан маалда эс алууда жүргөн Курманбек Бакиев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, чайлашып, Грузия менен Түштүк Осетиядагы согушту талкуулап олтурушкан




Ак-карасы изилденет...
Республикалык "Алиби" гезитинин башкы редакторуна,
"Кыргыз почтасынын" Токтогул райондук

филиалынын жалпы эмгек жамаатынан


Урматтуу башкы редактор!

2008-жылдын 8-август күнүндөгү "Алиби" гезитинин №30 санына "Жетекчибиз жазага муктаж" деген кайрылуу кат жарыяланган.
Бул катты окуп чыгып, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Токтогул райондук филиалынын эмгек жамааты 11-август күнү жамааттын жалпы чогулушун өткөрдүк.
Гезитке чыккан катты уюшкан адамдардын тобу даярдагандыгы, андагы фактылар жалган экендиги аныкталды.
Ошондуктан, биздин ушул төгүндөөбүздү гезит бетине жарыялап коюуңузду өтүнөбүз.
Маленов А.К.
Жамалдинова Ш.А.
Султаналиев Н.Б. ж.б.
Бардыгы 37 адам кол койгон.


Редакциядан: 8-август күнү жарыкка чыккан кайрылуу каттын сыясы кургай электе, ат тезегин кургатпай Токтогулдан жогорудагы кат келди. Бул тараптын да пикирин урматтап, бүгүнкү саныбызга берип отурабыз.
Иштин ак-карасын изилдеп көрүү үчүн жакын арада Токтогулга атайын кабарчыбызды жөнөтүүгө ниеттенип отурабыз.