№59, 15.08.08-ж.
  Күлүктүн Дүбүртү

Импичмент эмес, башпаанек

Кыргызстан патриоттор партиясынын төрагасы Назарбек Нышанов кечее АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылуу жолдоп, саясий башпаанек сурады.
Өткөн жуманын этегинде курултай өткөрмөк болгон Назарбек мырзаны милиция кызматкерлери кармап кетишип, паспортун алышып, тил кат жаздырышып, ага карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголоорун кыйытышкан. Алардын айтымында, ажону кетирем деген Назарбек оштук бир аялдын 250 000 сом акчасын "ап" деп коюптур. Жакында эле камактан чыккан Кыргызстандагы №1 патриот кайрадан камакка алынаарынан чоочулап, АКШга аттанганы жатат. Импичмент менен алектенген адамыбыз Техаска барабы же камалып калабы, азырынча белгисиз.

Ала таяк айымдарга

Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун айтканына караганда, жакын арада 30 айым милиция формасын кийип, ала таяк менен айдоочуларды тейлеше баштайт.
Ала таяктын айымдарга берилишине, алардын алкымдары эркектердикине караганда ичкереек болоору себеп болуптур. Азыркы күндө конкурстук негизде аялдардын взводуна айымдар тандалып жатыптыр. МАИ тармагында тайраңдаган коррупцияны айымдар канчаалык деңгээлде азайтарын алдыдагы турмуш көрсөтөөр, азырынча мындай демилгеге дем берип туралы.

Салымбековдун салымы

Көк-Жардын үстүндөгү айыл чарбасы үчүн пайдаланып жүргөн 74 гектар жерди турак жай үчүн пайдаланууга чечим чыгартып берүү үчүн ошол кездеги парламенттик комиссиянын төрагасы Мамытбай Салымбеков 10 гектарын алыптыр.
Акырындап отуруп анын үлүшү 15 гектарга жетиптир. Мурунку айыл өкмөтү Бакирдин Юсупов мурдун балта кеспей туруп эле, 11.15 гектар жерин кестирип алыптыр. Мурунку өкмөт башчыбыз К.Жумалиев ар кандай ыкмалар менен бул жердин бир тобун өзүнө өткөрүп алыптыр. Убагында 1 сотыхын 400 доллардан алган чиновниктерибиз, эми аларды кайра өздөрүнө гектарын 80 000 миң доллардан алгыла дешүүдө. Мурунку бийлик кен сатса, азыркы бийлик жер сатса, кийинки бийликке не калат?

Жураев Грузияда

Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев менен саясат тануучу Токтогул Какчекеев ушу тапта согуш болгон Түндүк Осетияны түрө кыдырып жүрүшөт.
Борборду Ошко көчүрөм дегенинен кайтпаган Мурат мырза Орусиянын Мамдумасынын депутаты А.Фадзаев жана Түндүк Осетиянын вице-спикери С.Кисаев менен жолугушту. Грузин - Осетин согуштарын эмнеден чыкканын изилдеп жүргөн бул эки патриотту ал жака ким жибергени белгисиз. Ал жактагы абалды иликтеш үчүн түзүлгөн КМШнын парламенттер аралык комиссиясынын курамына бизден депутат А.Калмаматов киргенин белгилеп кетмекчибиз.




Арбактын баасы канча?



Апрель митингисиндеги ачкачылык акциясынан кайтыш болгон Бектемир Акуновдун уулу Урмат менен иниси Калыбек ички иштер министрлигин материалдык чыгымдарды төлөп берүү боюнча сотко беришкен.
Кечее күнү боло турган сот иши жоопкер тараптын келбөөсүнөн 22 - августка жылдырылды. Эсиңиздерге сала кетсек, Акуновдун уулу ИИМден 1000 000 доллар талап кылууда. Студенттин ар-намысын миллион сомго баалаган "адилеттүү" биздин соттор Акуновдун арбагын канчага баалайт болду экен?

Ачкачылык акциясы

Нарын шаарындагы коммунисттер партиясынын областтык штабынын кеңсесинде камакта жаткан И.Кадырбековдун жактоочулары ачкачылык акциясын башташты.
Алардын мындай акыркы чарага барышына, Ишенбай мырзага акыйкаттык болбой жатканы себеп болуп жатыптыр. Ачкачылыкка аттанган он адамдын экөөсү алгачкы күнү эле аргасыз токтотконго мажбур болушту. Бирисинин кан басымы көтөрүлүп кетсе, экинчисинин ашказаны приступ болгон. Ачкачылык аркылуу актыкка жетебиз дегендерине Акүй кулак салабы?

"Сапожник без сапог"

Аламүдүн районунун тургундары ажого ачык кат аркылуу кайрылышты. Анткени, аталган райондун аймагында электр жарыгы 8-10 сааттан өчүрүлүп, көп кабаттуу үйлөрдө көйгөйлөр жаралып жатыптыр.
Электр жарыгы менен кошо суу дагы өчүрүлүп, айыл тургундарын азапка салып жатыптыр. Азыркы учурда кол топтоого өткөн аламүдүндүктөр эгер ажо тарабынан акыйкаттык болбосо, ар кандай акцияларды уюштурганга камданып жатышыптыр. Жарыгы жок жашаса болот. Суу жок кантип жашашат? Электр энергиясына жана жаратылыш сууларына бай болгон кыргыздар, экөөсүнөн тең куржалак калганына ким күнөөлүү? Мындайды орустар "Сапожник без сапог" дечү беле?

Жагалданган Жангороз

"Ак жол" партиясынын депутаты Ж.Каниметовдун айтымында, өлкөнү өнүктүрүү үчүн элибиз азыркы бийликке дагы убакыт бериш керек экен.
Ой-тобоо, үч жылда оңой албаган бийлик, беш жылда оңомок беле? Ажонун мөөнөтү бүтөөрүнө бир жарым жыл гана убакыт калды. Үч жарым жылда оңой албаган адам, канча жылда оңомок эле? Батышта президенттик мөөнөт төрт жыл болсо да, жетишип жатат. Андан көрө ачыгын эле айтпайсызбы? Дагы бир мөөнөт керек деп.




Текебаев тескеди

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы бийликти "Мамлекет башчы өлкөгө өнүгүү концепциясын сунуш кыла алган жок.
Бакиев жүргүзүп жаткан иштер мурун Аскар Акаев баштап кеткен эл аралык каржылык уюмдар сунуштап, бизге таңуулаган иш аракеттер болуп жатат. Энергетика, байланыш, авиация, темир жол тармагын, Бишкектеги суу, газ менен камсыз кылуу системасын тез арада сатып жиберүү аракети, Акаевдин дити, күчү барбаган иштерди Бакиев кыска мөөнөттүн ичинде жасаганга аракет кылып жатканын көрсөтөт"деп, айыптап чыкты. "Ата-Мекендин" лидеринин мындай айыптоосу Бакиевдин президент болгон үч жылдыгына арналды десек болот.

Үч жылдык үшкүрүк

Кечээ ажобуздун ажолук милдетине киришкенине туп-туура үч жыл толду.
"Бир-эки жылда жашооңордо жаңылануу пайда болоорун байкайсыңар"- деген Бакиевдин сөзүнө ишенгендер, ириде алданганын сезишсе керек. Үч жылда кайсы жыргал турмушту орнотконун билбесек да, ажого "Эл баатыр" деген наамды берели дегендерди билдик. Кайсы эрдиги үчүн беребиз? Каркыраны саткандарга "Эл баатырын" берсек, Үзөңгү - Куушту саткандар эмне дешет? Барган сайын Кыргызстан Кубага, Курманбек Кастрого окшошуп баратат. Ааларда камыш азайса, бизде намыс азайып кетти.

Жанузаков жакадан алды

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, "Кут" партиясынын төрагасы Болот Жанузаков бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нааразы экенин ар убакта айтып келген.
Болот Чыныбаевич бир кездерде чогуу иштешкен К.Бакиевди "Азаттыкка" берген маегинде "Бийликти ар кандай жолдор менен алса болот экен, бирок аны туура жүргүзүүгө кудурет керек экен" кыязында чымчып өтүптүр. "Биз башкарган убакта кыргыз эли алдыга кадам таштаса, азыркы күндө артты көздөй кадам таштап калды" дегенине не дейсиң? Акаевдин жан-жөкөрлөрү баш көтөргөнүнө караганда, жаңжаалдар жакындап келатса керек?

Туурасын айткан Турсунбай


Мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жакында гана ажобуз кол койгон "Жараандардын тынч чогулуу укугу" жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгаруу боюнча Конституциялык сотко арыз бермей болду.
Акыйкатчынын айтымында, аталган мыйзам долбоору адам укугу боюнча эл аралык Декларацияга каршы келет экен. Депутат И.Масалиев иштеп чыккан бул мыйзам долбоорун, бийликти колдон чыгарбоо аракети катары баалады. "ЭрК" партиясынын лидери ушу тапта Түштүк жергесин кыдырып, ажонун акыркы кездеги аброюн анализдеп жүрөт.

Бетти даярдаган
Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"