№59, 15.08.08-ж.
 "Эшегине жараша тушагыбы..?"

Өлкөнүн бейкуттугун ойлонушса
Ошентип, 2008-жылдын 5-октябрында жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүлмөкчү. "Ырынан чыры көп" -бул саясий компаниянын жүрүшүндө адаттагыдай бийликтин кысымы күчтүү болобу же Жогорку Кеңешке эл өкүлдөрүн шайлоодогудай элдин бейкуттугуна доо кетирип, ушул мезгилге чейин бүтпөгөн нааразычылыктарды күчөтөбү, болбосо өкмөттөгүлөрдөн сабак алып, бул шайлоо чыныгы демократиялык мүнөздө өтөбү, айтор, муну бийликтин абийирине кое туралы. Ал эми элибиздин жикке бөлүнүшүнө, шайлоонун тийгизген терс таасиринин себептерине саресеп салып талдап көрөлү.

Диктатордук режимге жасалган кадам

Шайлоонун "партиялык парад" аркылуу өтүшү электораттарды сатып алууга бөгөт болот деген ишенимди пайда кылган. Эл өзү каалаган партияга добуш бермек. Тилекке каршы, бул үмүттөр акталган жок. Партиялардын ортосунда тең укуктуулук сакталган жок. Бийлик шашылыш "Ак жол" партиясын түзүп, ага шайлоо учурунда мамлекеттик бүтүндөй машина кызмат кылды. Ошентип, бийликтин кысымы алдында Шайлоо кодексинин одоно түрдө бузулганын тастыктаган далилдерди БШК караган жок, ал түгүл шайлоонун жыйынтыгы толук чыгарылбай, "Феникстин күлүнөн" парламент түзүлгөн эле.
Конституциялык Сот мыйзамдын бузулганын билип туруп, билмексенге салды да бул парламентти легитимдүү деп тааныды.
Кыргыз парламентине кандидаттарды дүңүнөн партиялык тизме аркылуу көргөзүүнү шайлоочулардын да, талапкерлердин да укугун одоно басмырлоо катары эсептөөгө болот. Калкыбыздын саны 5 миллион адамды түзсө, алардын баары партиянын мүчөлөрү эмес. Мыйзамдын гранты президент Курманбек Бакиев "Ак жол" партиясынан башка партиялардын укугун тебеледи. Ошону менен катар эч партияда жоктордун Конституциялык шайлоого жана шайланууга укуктары кагаз жүзүндө калып, турмуш жүзүндө бул укуктар жокко чыгарылды. Же партияга мүчө болбогондор депутаттык мандатка атсалышууга, мамлекеттик жогорку кызматта иштөөгө тыюу салган мыйзам барбы, айтор, калктын калың катмарынын жарандык укуктары бийлик тарабынан бурмаланып, натыйжада негизги мыйзам менен Шайлоо кодекси бири-бирине каршы мүнөзгө ээ болду. Эми эр болсоң мыйзамдык укугуңду коргоп көр.
Албетте, депутаттык мандатка партиялык тизме менен көргөзгөнгө эч ким каршы эмес, бирок бул кандидаттыкка көргөзүлгөндөр жер-жерлерден, региондордон көргөзүлүп, тең салмактуулук сакталышы керек. Азыркы парламенттин курамына назар салып көрөлүчү. Алар дээрлик түштүктүн кулундары, айрым бөлүгү көл жээгиндегилер. Бул депутаттар башка региондордун кызыкчылыгын коргойбу? Мисалга алалы, депутат Кубанычбек Исабеков "Кумтөр" алтын кенинин маселесин курч мүнөздө козгоп, ошол эле мезгилде бир гана жайыт үчүн акы төлөп, алтынга ээлик кылган, 300 сомго лицензия алып, Талас өрөөнүнө ызы-чуу салган "Андаш майнинг компанинин", "Жерүй" алтын кенинин пайдасы жана зыяны жөнүндө сөз козгодубу?

Шайлоо системасын өзгөртүү керек

Партиялардын жер-жерлерде баштапкы уюмдары бар, алар эмне үчүн өздөрү ишеним көргөзгөн адамдын кандидатурасын көргөзө алышпайт? - деген чалкеш суроо пайда болот. Чынында, азыркы күндө депутаттардын шайлоочулардын алдында жоопкерчилиги жок экенин ачык айтууга туура келет. Ишенимди актабаган депутатты эл кайрадан чакырып алабы? Ал эми дүйнөлүк практикада калыптанып бүткөн бул эреже бизде четке кагылып, жалпы элдин укугу бир гана "Ак жол" партиясынын колуна өткөрүлүп берилиши президент Курманбек Бакиевдин мыйзамды тоготпогондугуна жатпайбы?
Азыркы күндө "Ак жол" партиясы колуна чексиз бийликти топтоп алды. Мунун өзү диктатордук режимге карата жасалган биринчи кадам. Демократияны муунтуп жок кылуу амалы экенин баса белгилөөгө болот.
Жогорку Кеңешке шайлоонун жүрүшү бийликтин аксымдыгын эл алдына ачып берди. Ошондуктан, бул өнөктүктө бийлик бутактары шайлоо участокторун уюштургандан кийин, алардын көзөмөл жүргүзүүсүнө тыюу салынууга тийиш.Мына ошондо гана бюллетендерди эсептөөдө "бармак басты, көз кысты" аракеттерине чек коюлмак.
Партияларга альтернатива катары коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын, жеке адамдардын депутаттык мандат үчүн күрөшкө чыгуусун камсыз кылуу керек , башкача айтканда мандаттын 30 пайыздан кем эмес үлүшү аларга калтырылышы зарыл. Авторитардык режимдеги СССРдин учурунда деле партиядагылар менен партияда жоктордун блогу шарттуу мүнөздө болсо да сакталганын эске алсак, бул ыкмаларды азыр колдоого алуу маанилүү. Натыйжада, азыркыдай президент да, өкмөттүн курамы да, Жогорку Кеңеш да бир партиядан болбостон, коалиция түзүлмөк. Мына ошондо гана өлкө чыныгы демократияга ээ болмок. Муну менен бир партиянын бүтүндөй бийликти узурпациялык алышына бөгөт коюлмак. Шайлоо системасын өзгөртпөй , шайлоонун калыс жана демократиялык маанайда өтүшү азыр бизде мүмкүн эместигин моюнга алуу керек.
Албетте, учурдагы бийлик буга макул болушу кыйын , бирок буга жалпы коомчулук каршы күрөшкө чыгуусу, өлкөдө демократиялык талаптарды ишке ашырууга өз салымдарын кошуусу гана эртеби-кечпи ийгиликке ээ кылат. Чындык ачуу болот, бийлик жана анын "Ак жол" партиясы бүтүндөй бийлик мунарасын монополиаштырып алган парламент экендигин эми бийлик да танбас, буга чек коюлбады, демократия муунтулуп жок кылынганы да, акыры диктатордук, тирандык бийликтин тирилишине гана шарт түзгөн. Ага "Ак жол" партиясы мандаттын негизги бөлүгүнө ээ болгондон кийин, бир партиянын бүтүндөй бийлик бутактарын ээлеп алышына алып келди.
Сөзүбүз төгүн болбосун. БШКнын мүчөлөрү дээрлик "Ак жол" партиясынан кайра түзүлдү, Өкмөттүн курамы ушул партиядан, президент бир партиянын - "Ак жолдун" кызыкчылыгын көздөп калды. Муну акыл-эси ордундагы ар бир адам көрүп-билип отурат. Күч структуралары президентке баш ийдирилгендиктен, Коргоо министрлигин да жоюу керек. Же болбосо тынчтык мезгилде бул структураны кайрадан Коргоо министрлигине, ИИМге, УККга бөлүштүрүп берүү керек.

Соттор да шайланууга тийиш

Сот-бийликтин бир бутагы. Бул мамлекет башчысынын көз карандылыгынан бошотулушу зарыл. Ансыз сот адилеттүүлүгү болоруна ишенүү- ашынган наадандык. Ачык эле айталы, президенттин инисинин студент баласынын "ар - намысы 1 миллион сомго бааланышы", ошол арыклуу бийликтин кемчилигин ачык жазып, жалпы элдик трибунага айланган "Де-факто", биздин "Алиби" гезиттеринин жабылып калуу коркунучуна туш кылган чечим чыгарган Фемидадан кантип калыстыкты талап кыла аласың?
Асылбек Бакиев чет өлкөдө билим алып жатса, макала кыргыз тилинде жазылса, "Алиби", "Де-факто" Кыргызстандын аймагына гана таркатылса, ал жигит эл аралык же жалпы кыргыз эли тааныган инсан болбосо, ал эми бул гезиттерди "киргиздер" эмес, кыргыздар гана окуса, ("киргиздер" окуса да түшүнмөк эмес) же бул жигитти "кылмыш жасаган" - деп күнөө койбосо, гезиттер жабыр тартуучунун арыз-арманын жарыкка чыгарганы үчүн ушунчалык ири суммада айып салынышы адилеттүүлүкпү? Бул гезиттер англис, немец, орус тилдеринде чыгып жатыптырбы? Чечимди чыгарган сот-айым эртеңки күнү эл алдында, өзүнүн абийир сотунун алдында жооп берерин ойлоду бекен? Эмне кылабыз, "Алы жетпеген акыретчил" - дегендей, сот-айымды чечимди терең анализ жасай албай, өкүмдү "кош колдоп" бекиткен Бишкек шаардык сотун өз абийирине койдук. Жогорку Соту болобу же Конституциялык соту болобу, "сөз жана басма сөз эркиндигине" доо кетип жатканын эске алып, бул өкүмдү четке кагабы же бекитеби, аны учур көргөзөр…
Ишеним жок. Бизде сот мыйзамга эмес, бийликке жагынарын, алардын көргөзмөлөрүн гана аткарарына, бийлик - ак десе, кылмышкерлерди жазадан бошотооруна, бийлик-кара десе, күнөөсүз адамды тордун артына киргизерине аргасыз муюп отурам. Ошондон улам, сот президенттин буйругу менен бекитилбестен, эл тарабынан шайланышына жетишүү керектигине эми көз жетип отурат.

Бийлик компромисске барабы?

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн катарына мурдагыдай жергиликтүү бийлик сунуш кылгандар киргизилбестен, өз мүчөлөрүн депутаттыкка кандидаттыгын койгон партиялардын мүчөлөрү киргизилиши керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлоочулардын тизмеси такталгандан кийин шайлоо пункттарына кирүүгө тыюу салынуусу абзел. Эмне дегенде, шайлоонун жүрүшү, эсептөөлөр жана жыйынтык чыгаруу шайлоо комиссиясынын көзөмөлүндө болот да, жергиликтүү бийликтин шайлоого кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, шайлоого барсаң да, барбасаң да бийлик түзгөн тизмедегилер "жогорку өлчөмдө" добуш менен өтө берет. Башка партиялар канчалык көп добуш алса да, "кысым" менен "акжолчулар" "утушка" жетишери жашыруун сыр деле болбой калды.
Эгерде БШКдан баштап шайлоо участокторуна чейин комиссия мүчөлөрүн өзгөртпөй жергиликтүү кеңешке шайлоо өткөрүлсө, мунун арты өлкөнүн стабилдүүлүгүнө доо кетирет. Региондук бөлүнүүлөр чынжырдык реакция сыяктуу ар бир айылга, ал гана эмес үй-бүлөгө чейин ырксыздыкка алып келери шексиз. Бийликтин алдын албай жасаган туура эмес кадамы- ансыз да каатчылыктын капшабынан катуу чыңалып турган калктын жарылуусуна себепкер болот. Бул шайлоо "көп чырдын башы" болуп кетиши ыктымал. Андыктан, бийлик 2005-жылдагы сарай төңкөрүштүн себептерин эске алып, анын кайрадан кайталанбашын, өлкөнүн бейкуттугун каалашса, башка партиялар менен компромисске барышы зарыл демекчибиз…

Эртабылды Аттокуров,
"Алиби"