№59, 15.08.08-ж.
  Окшош дүйнө

Алымбай Султановдун бир эмес, эки "двойниги" бар
Кичинекей Кыргызстан ичинде да бири-бирине окшош, түспөлдөш адамдар кезиге берет тура. Өзгөчө, төбөсү элге көрүнүп калгандарга окшош адамдарды кезиктирип калсаң, таң бере албай кое албайт экенсиң. Аз күн мурда, биз Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Ички иштер министринин экс-орун басары, азыркы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин директору Алымбай Султановго окшош адамдарды башка жактан эмес, ошол эле ИИМдин ичинен жолуктуруп олтурабыз.

Биз генерал Султановго окшоштордун бири деп, пенсиядагы полковник Куттубек Сыдыковду жана Бишкек ШИИБинин начальнигин кадрлар боюнча орун басары, подполковник Абдрашит Керимбековду таптык. Эң кызыгы, Куттубек мырза да өз убагында Чүй облустук ИИБинин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетектеп, кесиптештери менен 1992-жылдын жай айында "Эдельвейс" деп аталган чечендерден куралган кылмыштуу топтун эки тоннага чейинки баңгизатын кармап, республиканы дүңгүрөтүшкөнүн баса белгилеп кетмекчибиз. Эми "Окшош дүйнө" рубрикасынын башкы каармандарына сөз кезегин берсек.

Куттубек Сыдыков:
"Досторум окшошсуң десе, аялым окшош эмессиң дейт"
- Мени досторум дайым Алымбай Султановго окшоштура беришет. "Чын эле окшошмунбу?"- деп жубайымдан сурасам, "окшош эмессиң"- деп жооп берет. Алардын кимисине ишенүүнү да билбей калдым. Бирок, бул окшоштукка байланышкан кызыктуу да окуялар башымдан өткөн. Өзүм көлдүн Саруу деген айылынан болом. Ошол жакка машине менен баратканда, кечке маал МАИ кызматкерлери токтотту. Түшүп эле кызматтык күбөлүгүмдү көрсөтөйүн десем, МАИ кызматкери "честь" берип: "Кечирип коюуңуз Алымбай Султанович!"- десе боло. Анан мен Султанов эмесмин деп айтайын дедим да, мейличи деп ичимден күлүп баса бердим. Бирок, кийинчерээк мындай окуя дагы кайталанганда, "Мен Султановго окшошмун, бирок ал эмесмин"- деп айткан учурум болду. Негизи эле белгилүү адамдарга окшош болуунун пайдасы болбосо зыяны болбойт. Бирок, Алымбай Султанович экөөбүз жакшы тааныштардан экендигибизди айтып кетким келет.

Абдрашит Керимбеков:
"Султановдун баласы "папаша" деп тамашалайт"
- Мени милиция кызматкерлери арасындагылар "Алымбай Султановдун инисисиңби?"- деп сурай беришет. "Мен Аксыдан болсом, ал Таластан дегениме деле анча ишене беришпей, жашырып жатасың деп ойлой беришет. Султановдун ГУБОПто иштеген Улан деген уулу Бишкек ШИИБине келип калса, "кандай папаша?"- деп тамашалап калат.
Ал эми той-кечелерге граждандык кийимчен барып калсам, ырчы Курмангазы Азыкбаев менен алмаштыра беришет. Айрым кыздар тамашалап, "Курмангазы байке трубаңызды(саксофон) алып чыкпайсызбы?"- дегнинен, "Эй мен саксофонист эмесмин, мен деген ментмин"- деп кутулам. Кээ бир жерлерде кызматтык күбөлүгүмдү көрсөтүүгө туура келген да учурлар болгон.

Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"




  Эмне дейт?

"Фучик" паркы жок болот
"Фучик" паркы буга чейин эле каралбай келди эле, эми таптакыр эле жок болуу алдында турат. Албетте, паркты жарып өткөн жол ачылса жок болгону ошол да. "Фучиктин" тегерегинде жашагандар шаар башчысынан башка нерсени күтүп келишти эле.

"Паркыбыз гүлдөсө, шарттар түзүлсө, балдар үчүн атайын аянтыбыз болсо" деген кыялдары бүгүн минтип таш-талканы чыгып отурат. "Бул эчактан бери эле генпланда бар болчу" дешкен шаар, район башчылары ошол генпланга канчанчы жылы бекигенин так айтып бере алышкан жок. Мындайда документти бир карап коюшса ашыкча болмок эмес, айткандарынын бекемдиги үчүн.
Ошол "Фучикке" барганыбызда улгайып эле калган аялдар Ленин райакиминин орун басары Т. Казакбаевге нааразычылыгын билдиришти. Мындай кылууга таптакыр мүмкүн эместигин, бул акылсыздык, макулук чечим экендигин зар какшап айтып жатышты. Чындыгында эле эгер парк экиге бөлүнүп ортосунан жол кеткен болсо, анда жогоруда айтылгандай анын парк деле аты калбайт. Паркка кире бериштеги арканы да түп ордунан алып салууга туура келет. Жакында эле меценаттардын эстелиги деп колуна куш көтөргөн канаты бар адамдын элеси орнотулду эле. Ошондо ойлогонбуз, парк эми колго алынып жатат деп.
Т. Казакбаевдин айтымында, бул жол Интергельпо көчөсүнө чейин барат да, андан ары Садыгалиев көчөсүнө чейин ачылышы мүмкүн. Жол ачуунун максаты Чүй көчөсүндөгү машиналардын санын азайтып, жолдун абалын жеңилдетүү. Генпланда кайсыл жылы каралса да, көрөгөчтүк кылышыптыр, жыл өткөн сайын машиналардын саны көбөйгөндөн көбөйүп баратканы эч кимибизге жашыруун эмес...

Азима АКУНОВА,
"Алиби"




  Кимдин, кимдин заманы…

Эсирген электриктер
Кайран гана кайтып келгис союз ураганы, байкуш тоолу өлкөбүз, улам бир алдым-жуттумдун соккусуна туш болуп, жерден боорун көтөрө албай келатат.

А. Акаевдин убагында бажычылар менен салыкчылар акчага көмүлгүлөрү келгенине өткөн мезгил күбө. Эми минтип Бакиевдин заманында электриктердин күнү тууп, саны көп, сапаты жок чоң окуу жайларда электр тармагында окуган эле студент. Ажобуз тигинтип "тезек тергиле свет өчөт",-деп элге жар салып жүргөндө, электриктердин эң чабыры чалкалап "Мерседес" минип жүргөнү ого эле көп сөздүн башын козгойт.
Учурда бажычылар менен салыкчылар байлык топтоо жагынан электриктердин чаңында эле калды көрүнөт. Электриктер тигинтип байлыкка эсирип жүргөндө, ажобуз баш болгон аткаминерлер "Токтогул ГЭСинде суу азайды",-деп каяктагы шылтоону айткандары, албетте көңүлгө төп келбеген сөз. "Карышкырга кой кайтартып коюп, коюм жоголду",-деп кокту-колоттон издеген койчунун кейпин кийип, өкмөт светтин баасын убара болбой эле электриктерди жакшылап текшерсе берекелүү иш болот беле, ким билет? Эгер айтылган сөз жөнсүз болсо "мен электрик" дегендерди текшерип көрүшсүнчү, карагандан көз уялган храмдарда жашап, көз жоосун алган кымбат машиналарды минип жүрүшөт. Аларды сураган жан жок "муну кайсы акчага салып, кайсы акчага алдың"-деп. Мейли храм салмактан чоң шаар салышсын, ага эч кандай ич күйдүлүк жок, эгер өкмөткө зыяны тийбесе. Алар үчүн карапайым эл кыйналып жатпайбы. Ал эми казак туугандар свет жактан кыйналганы жок. Өз үйүндө туруп, өз төрүнө өтө албай, коногуна бийлеткен мактанчаак кедейдин кейпин кийген өлкөбүздүн абалы жан кейитет.
"Топуктуу бала сүйкүмдүү",-деп айтылгандай, колунда бар байларга тик карап сүйлөө, биздин чиновниктердин колунан качан келчү эле.
Чын-чынына келгенде Акаевдин заманы менен Бакиевдин заманында эки жүздүү, алдым-жуттум, кыргыздын тамырына балта чапкан алдамчы, жүзү каралардын күнү тууп, тээ илгертен бери келаткан аруулук, Ата-Мекен үчүн күйгөн патриоттук сезим жалп өчүп, "мен гана жашасам"-деген өзүмчүлдүк пайда болду. Болбосо кен байлыкка бай, дүйнө эли кызыккан таза суубуз туруп, Россиянын бир шаарынын калкына жетпеген элбиз, кошуна өлкөлөрдүн арты болуп жашайт белек. Ириде кеп кылгандай бажы тармагы, салык тармагы бир жагынан алдап жесе, ал аз келгенсип эми электриктер алдоонун жолун таап, "тезек тергилеге" чейинки деңгээлге жеткирсе, эми дагы эмнеси чыгат болду экен?
Тээ союз учурунда завод-фабрикалар күүлдөп иштеп турганда соолубаган Токтогул суу сактагычы, эми эле соолуп ага эмне күч келди? Ага жооп табуу кыйын.

Бердикожо Бийназаров