№60, 19.08.08-ж.
  Түшкө кирбеген түшүм…

Жигитаалы Жумалиев, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Үрөнчүлүк секторунун башчысы:
"Келерки жылы Суусамыр өрөөнүнө да үрөн себилет"
- Оруп-жыйноо иштери айрым облустарда аяктап калды. Быйылкы жылдын түшүмү кандай болууда?
- Республика боюнча быйылкы жылы жалпы аянты 192 500 гектар жерге эгин себилген. Бүгүн өлкө боюнча дан эгиндеринин 66,3 пайызы орулуп-жыйналып, 2008-жылдын түшүмдүүлүгү жалпысынан 23,8 центнерден айланды.
- Эксперттер былтыркы жылга салыштырмалуу, быйыл түшүм аз жыйналды деп жатышпайбы?
- Былтыркы жылы 23,6 центнерден айланган. Быйыл деле, былтыркы жылдын деңгээлиндей эле түшүм алдык.
- Ар бир облус боюнча тактап айта кетсеңиз?
- Облустарды атап айтсам, Баткен облусунда буудайдын 99,5 пайызы орулуп -жыйылды. Түшүмдүүлүгү 27 центнерден айланды. Жалалабат облусу боюнча Аксы, Алабука, Базаркоргон, Ноокен райондорундагы буудай аянттарынын 86,7 пайызы жыйналды. Бул облуста былтыркыга салыштырмалуу 4,5 центнердин тегерегинде түшүм жогору болду. Ош облусунда, 76,2 пайызы чабылып алынып, буудайдын түшүмдүүлүгү облус боюнча 26,5 центнерден айланды, былтыр 27,6 центнерден болгон. Ошентип, былтыркыга салыштырмалуу эгиндин түшүмү гектарына 1,4 центнерден төмөн болду.
Ал эми Таласта түшүмдүүлүк 27 центнерден жогору болуп, Талас облусунун Карабуура, Манас ж.б. райондору толук жыйналып бүтүп, Бакайата районунда гана 13 пайыз жер аянты калды.
Ысыккөл облусунда оруп-жыйноо иштери жаңы башталды. Кайракы жерлерге себилген эгиндин түшүмү кургакчылыкка байланыштуу төмөн. Сугат жерлерге азырынча комбайн түшө элек. Нарын облусунун Кочкор, Жумгал райондорунда бир жумадан кийин башталат.
Чүй облусунда жалпы 136 миң гектар жерге дан эгиндери себилген. Башка облустарга салыштырмалуу бул облуста жыйым-терим эртерээк аяктайт. Ошондуктан оруп-жыйноо иштери дээрлик аяктады. Кемин, Ысыката райондорунун тоолуу жерлериндеги гана эгиндер калды. Облус боюнча буудайдын түшүмдүүлүгү 21,1 центнерден айланып, былтыркыга караганда 0,5 центнерге көбүрөөк болду.
- Чүй облусунда биздин билишибизче түшүм өтө эле төмөн болду го?
- Биз маалыматты өзүбүз топтобойбуз. Бул цифраларды ар бир облустук администрациянын айыл чарбасын тейлеген бөлүмдөрүнүн мөөр басып, кол коюп берген маалыматынынын негизинде айтып жатам.
Биздин кызматкерлер Чүй облустук мамлекеттик администрациянын Кемин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына барып келишти. Кеминде буудайды жөөк-жөөк кылып эгип, бул ыкма менен буудай эккен эки фермер ар бир гектарынан 55 - 62 центнерге чейин түшүм алышыптыр. Буга биз да ишенген эмеспиз. Өз көзүбүз менен көрүп таң калдык.
Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте ушул демилгени колго алып, жогору түшүм алган дыйкандардын ыкмасын башка дыйкандарга көрсөтүп, семинар өткөргөнү жатабыз. Бул маселе чечилген соң жакын арада дыйкандарга маалымат беребиз.
- Сиз бир гана районду айтып жатасыз, ал эми ушул эле облустун Жайыл, Панфилов райондоручу?
- Жайыл районунда кайракы жерлер өтө көп. Ошондуктан түшүм аз болуп калды. Быйыл тажрыйба алуу максатында Суусамыр өрөөнүнө азыраак буудай жана арпа эгилген. Облустун айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жумалиевдин айтымында буудай жакшы чыгыптыр. Эгер түшүм жогору болсо, эмдиги жылдан баштап Суусамыр өрөөнүнө буудай эгүүнү толук жүргүзө баштайбыз.
Ал эми Панфилов району экономикасы төмөнүрөөк райондордун катарына кирет. Буга окшогон райондордун дыйкандарын колдоо максатында Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 750 миң доллар бөлүнүп берилмекчи. Учурда макулдашуулар жүргүзүлүүдө. Эгер бул маселе оңунан чечилип калса, Панфилов районунун жашоо-шарты начар, жакыр дыйкандарына жана майда фермерлерине 192 тонна буудай бекер бөлүнүп берилет. Мындай жардам алган райондордо атайын фонд түзүлүп, келээрки жылдын түшүмүнүн 10 пайызы ошол фондго кайтарылат.
- Оруп-жыйноо иштери аяктаган соң, күздүк себүүгө даярдыктар көрүлө баштайт эмеспи. Дыйкандар сапаттуу үрөн менен камсыз болбосо, түшүм баары бир төмөн болору белгилүү. Үрөн менен камсыздоо боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?
- Күздүк айдоо боюнча кам көрө баштадык. Себеби, күздүк 30 пайызга жогору түшүм берет эмеспи. Ошондуктан, келерки жылга республика боюнча 280 миң гектардан кем эмес күздүк буудай айдоону пландаштырып жатабыз. Бул боюнча ушул жумада Өкмөттүн токтому чыгат.
Мамлекеттик үрөн инспекциясынын бизге берген маалыматы боюнча 280 миң гектар жерге 62 миң тонна буудайдын үрөнү керек болот. Биздин божомолубузда быйылкы жылы үрөнгө 52 миң тонна эгин топтолот. Дагы 9,8 миң тонна жетпей калуусу мүмкүн. Ал үчүн дыйкандардын өндүргөн буудайларынан үрөнгө жарактуусун алып калышыбыз зарыл.
Күздүк айдоо үчүн дыйкандарга 5000 тонна күйүүчү май базар баасынан төмөнкү баада 32 сомдун тегерегинде берилет. Өзүңөр жакшы билесиңер, учурда дизелдин баасы 37-40 сомдун тегерегинде болуп жатат. Андан тышкары үрөн алуу үчүн 140 миллион сом мамлекеттин бюджетинен бөлүнүп жатат. Айыл Банк аркылуу дыйкандарга үстөгү 10 пайыздык кредит берилет.
- Сиздин берген маалыматыңыз боюнча быйыл түшүм жаман болбоптур. Өзүбүздүн дыйкандардын өндүргөн буудайы, келерки жылдын түшүмүнө чейин жетеби?
- Бизин эсептөөлөрүбүз боюнча дагы 300 миң тонна буудай жетпейт. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев бул маселени эртерээк чечүүгө аракеттерин көрүүдө. Жакында Москвага барып, Россиянын Айыл чарба министри Алексей Гордеев менен жолугуп, өтө зарыл болуп турган 300 миң тоннадан ашык данды импорттоо жагдайын сүйлөшүп келди.
Маектешкен
Гүлниза Молдокулова,
"Алиби"




Кудайдын каарына калдыкпы?
Гезитибиздин куржунуна түшкөн каттардын негизинде Ош, Жалалабат облустарына командировкага барып калдык.
Өзгөндөн өтүп, Жалалабатка жол тартканыбызда кургакчылыктын айынан куурап турган эгин талаалары зээнибизди кейитти. Дыйкандардын, алтындай колу, аруу тилеги менен эгилген гүлдөй жайначу күнкарамалардын чүрүшүп куураганын көргөндө, "арбын түшүм алам" деген дыйкандын ак ниети орундалбай калган элеси көз алдыма тартылды. "Иштесең тиштейсиң" дегендей байкуш дыйкандар ала жаздан тарта тыным албай маңдай тер төгө эмгектенишсе эми минтип түшүмдөн куржалак калышабы?
Мен "сен күнөөлүү" деп доомат койгондон алысмын. Быйыл жаан-чачын болбогону аз келгенсип, сугат суунун тартыштыгынан түшүм аз болуп калганын баарыбыз эле жакшы билебиз. Данга бай Сарыөзөн Чүйдө да, алты гектар арпа айдаган айылдаштарым алты мүшөк эле дан алышты. Учурда "Жердин салыгын кантип төгөм? Кышында эмне ичем?" - деп санаа чегип кыйналышууда.
Адам баласы кыйналганда Кудайды эстейт эмеспи.
"Не деген керемет жерлерибизди өзүбүзгө ыраа көрбөй, бөтөн элге белекке берип, минтип кургакчылыктан куурап, Кудайдын каарына калдык!" - дейт айыл аксакалы. "Тфу- тфу, Кудай анын бетин ары кылсын, айткан жерден алыс болсун!" - дегем ошондо.
Күн карама эгилген талаалардан түшүм жыйнап жүргөн дыйкандарга аргасыз "Иш илгери, түшүм мол болсун!"- десек. "Кайдагы мол түшүм, гектарына 20 кг. семичке жыйнасак", - деп башын жерге салат. Ал кишинин муңайым кейпин көрүп, баягы карыянын сөзүн эстедим…

Машрабжан Мирсалиев, Жалалабат облусунун, Сузак районунун, Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ташахур участкасынын тургуну:
- Быйыл үч гектар жерге күн карама эккем. Кургакчылыктын айынан түшүм болбой калды. Өзүмдүн техникам менен айдап-сепкенден кийинки күйүүчү майга жана башка майда - чүйдөгө кеткен чыгымды эсептесем, алты миң сомго чыгыптыр. Ошентип алты сом киреше албай. Куураган куурайларды гана жыйнап ала турган болуп калдык.
- Суугардыңар беле?
- Жок. Суу чыкпаган кайракы жерлер.
Зулайка Исакова, Ташахур участкасынын тургуну:
- Кургакчылыктын кесепетинен эккен эгиндерибиз болбой калды. Ушул жерде жашаган ар бирибиз жок эле дегенде он гектардан эгин айдаганбыз. Ар бир гектарын 2000 сомдон айдатып - септирдик. Өзүңөр көрүп жаткандай түшүм жыйноо маалы да келип калды. Эң жакшы болду дегенибиз, бир гектар жерден 20 кг. гана семичка алдык. Жада калса чөп да куурап, чапканга жарабай калды. Малыбызды кантип кыштан чыгарабыз билбейм.
Эч ким келип бизден кабар алып койбогон Кыргызстандын бир бурчунда 10 үйгө жетпеген түтүн жашайбыз. Жашообуз өтө татаал. Шайлоо болоордо гана канча түтүн жашап жатканыбызды каттап, кол койдуруп жүргөндө көрөбүз чоңдорду. "Ичээр сууңар барбы? Түшүм албай калыптырсыңар салыкты кантип төлөйсүңөр?" -деп ал - абалыбызды сураган жан жок.
Сууну болсо сатып ичебиз. Бензинден да кымбат. 2,5 тонна суу 800 сом турат. Тээтиги, дөңдүн боорунан Совет мезгилинде суу чыкчу эле. Азыр түтүктөрү чирип кетиптир. Билгендерден сурасак 100 миң сом болсо оңдолмок экен. Андай акчаны айталаада олтурсак кайдан чогултуп беребиз?
Ар бирибиздин 2-3 төн балдарыбыз бар. Иштейли десек иш жок, эптеген күндү көрүп жатсак.
Деги, биз кимге арызданабыз? Өкмөт деген барбы өзү? Алар эмне иш кылат? Кудайдын суусун да сатып ичирбей ушул түтүктү оңдоп, жардам берип койсо жыргап калбайт белек.
Чектер менен эсептегенде бул участкада 50 түтүн жашачу. Жалаң ушул суунун айынан көпчүлүгү башка жакка көчүп кетишти.
- Айыл өкмөтүнө кайрылган жоксуңарбы?
- Айыл өкмөтүбүздү тааныбайбыз, жада калса жүзүн көргөн эмеспиз.
Телевизор көрүп олтурганда жөн эле кыжырым келет. Бардыгы жайма-жай жыргап жашап жаткандай көрсөтүшөт. Мүмкүн алар чын эле жакшы жашап жаткандарды көрсөтөт чыгаар. Эмне үчүн бизге окшогондорду "Ичээрге суусу жок олтурат",- деп чоңдорго көрсөтүп коюшпайт?
- Электр жарыгы өчкөн жокпу?
- Электриктерибиз жакшы. Аларды жамандасак кор болуп кетебиз. Ачыгын айтыш керек, аларда айып жок. "Акча жок, кое тургула", - десек түшүнүшөт. Өздөрү деле айтып калышат "Силерге жазында келип акча сурагандан уялабыз", - деп. Февралда келишкен боюнча жакында эле келишти. "Күз келди чөнтөгүңөргө пул түштүбү?" - деп.

Гүлниза Молдокулова,
Бишкек-Жалалабат-Бишкек