Коомдук-саясый гезит
№61, 22.08.08-ж.




◄◄◄
  Ишенген төөм сен болсоң...

"Кыргызстанда бизнес кылуу кыйын"- дейт Байболов
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов кыргыз оппозициясы бир лидердин тегерегине баш кошуп, цивилизациялуу күрөш жүргүзөөрүнө ишенбестигин билдирди.
"Ата-Мекен" партиясынын тизмеси менен шайлоого барып, ошол шайлоолордон кийин саясаттан алыстаган экс-чекистин айтымында, азыркы оппозиция катарындагылардын көпчүлүгүн примитивдүү саясатчы демогогдор түзөт экен.
"Кыргызстандын оппозициясы өлкө ичиндеги саясатка чоң таасир тийгизе албайт. Оппозицияны өлүк деп айткым келбейт, бирок анын бөлүнүп-жарылып кеткендигинен, кайра биригүүсү күмөн"- деген оюн ортого салган Кубат мырза.
"Я бы хотел заниматься политикой, но ее нет. А быть бандитом и "свергателем" чего-то я не могу по определению. Я слишком законопослушный человек.
Очень часто говорят, что я уехал то ли в США, то ли в Турцию, то ли в Германию. Хочу сказать, что пока я здесь, но, учитывая, что в Кыргызстане вести бизнес и свободно жить становится все трудней, размышления о том, чтобы покинуть страну, посещают меня все чаще. Уточню, что это не из-за поиска лучшей доли, а от безысходности и отчаяния. Без боли наблюдать за тем, что происходит в стране, я не могу. Однако надежд на позитивные изменения все меньше и меньше", - дейт экс-депутат.
Кечээ эле, жанында жүргөн үзөңгүлөш оппозиционер досторун кыргыз элинин баатырлары деген Кубат байкебиз, бүгүн көпчүлүгүн демогогдорго теңегенине термелип калдык. Саясаттан кеткенден кийин, саясатчыларга баа бербей деле койсо болмок. Каржы полициясы катуураак кысып койгонбу же Ак үйдөн шамал болгонбу, айтор, Кубат акенин айтканына айран таң калып отурабыз.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"




  Каман күркүрөп...

Кайрадан караңгылык каптайбы?
"Түндүк электронун" тараткан маалыматына ылайык, 21-августтан тарта Талас, Чүй облусттарында жана борбор калаабызда электр энергиясы 6 сааттан өчүрүлүп турат экен.
Көрсө, аталган региондун тургундары жай айында бөлүнгөн лимиттен ашык электр энергиясын колдонуп салышыптыр. Атап айтсак, июнь айындагы "Түндүк электронун" лимити 183 млн. кВт саатты түзсө, ал колдонгон энергия 238 млн. 902 миң кВт саатты чапчыптыр.
Июлдагы лимит 228 млн. кВт саат болсо, керектөөчүлөр бул көрсөткүчтү 238 млн. 752 миң саатка чейин көтөрүп жиберишиптир.
Көпчүлүгү дал ушул август айында отпусткага чыгып, кышка карата салат-вареньелерин даярдайын деп жатканда, электр энергиясынын өчүрүлүшү бир топ ыңгайсыздыктарды жаратаары бышык. Карапайым калк ашыкча жаккан электр энергиясы үчүн минтип, 6 саат жарыксыз калуу алдында.
Дегеле өзүбүздөн ток чыгып, өзүбүз токко зар болуп олтурганыбыз кандай? Токтогул суу сактагычындагы сууну лимиттен ашык кое бергендиги үчүн эл алдында деги бирөө жооп береби? Же бийлик башындагылар суунун тартыштыгын аба-ырайынын ысыктыгына жана быйылкы кургакчылыкка шылтап тим болушабы? Мындай абалга кептелгенибиздин чыныгы себебин, "капка ийнени ката албагандай эле" элден деле ката албайбыз. Алар баарын билип, түшүнүп турушат. Бирок, үнү жок ыйлап, тим болгондон башка колдорунан эмне келет?




  Дүжүрлөр

Атың чыкпаса жер өрттө!
Оштогу аты-жыты белгисиз кайдагы бир "Жаңы заман", "Кабар -Юг" жана "Көк мөнгү" деген 3 гезиттин башкы редакторлору 20-август күнү чогулуп, "Алиби" жана "Де-факто" гезиттеринин позициясына караманча-каршы экендиктерин билдирип, аталган гезиттерди аябай сынга алышыптыр.
Жогорудагы редактор сөрөйлөрдүн айтымында, "Алиби" менен "Де-фактонун" үстүнөн жүрүп жаткан сот процесстери башка көз карандысыз менчик гезиттердин авторитетин түшүрүп жаткан экен.
Көрсө, "Алиби" менен "Де-фактонун" мойнуна сот 1 миллион сомду илип салган соң, аларды коркуу сезими аралап, коррупция тууралуу сын макалаларды жарыялоодон чоочуркап калышыптыр.
Калың элдин катмары билбеген, деңгээли биздин жөнөкөй кабарчыларыбыздыкы менен барабар жогорудагы үч гезиттин редакторлорунун айткандарын укканда, "атың чыкпаса жер өрттө!"- деген ушул тура деп кетет экенсиң.




  Укпадым дебегиле!

Оппозиция:
"Шайлоолор бурмаланат"
Аликбек Жекшенкулов башында турган "Акыйкат үчүн" деген аталыштагы саясий кыймыл жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыктары жарыяланган соң, жалпы элдик курултай өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды.

Аталган кыймыл шайлоого катышкысы келген талапкерлерге үгүт иштерин даярдоого жардам берүү максатында координациялык кеңеш түзүүнү пландап жатышкан экен.
Координациялык кеңеш шайлоодо көпчүлүк орунга ээ болгусу келген бийликтин аракетине тоскоолдуктарды кылууга аракет жасашмакчы. Себеби, 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 90 орундун 70ине бийликтин "Ак жол" партиясындагылар уялбай эле олтуруп алышкан.
Сентябрь айында, коомдук парламенттин жыйыны болуп, ошондо кайсы күнү, кайсы жерде курултай өтөөрү тууралуу маалымат калың элге билдирмекчи.
Коомдук парламенттин катышуучуларынын айтымында, бийлик бул шайлоодо деле каратып туруп, көз боемочулукка жана шайлоонун чыныгы жыйынтыгын бурмалоого барат.

Бетти даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Алиби"










Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan