![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №61, 22.08.08-ж. |
Ой жеткен менен… Эл эмнеге ирээнжийт?Эгемендүү эркин Кыргызстан болгондон бери экономикабызды өнүктүрөбүз деп, чет өлкөлөрдөн карызга акча ала берип, мына бүгүн анын суммасы өсүп,төлөө айласын таппай, жандалбастап турган убагыбыз. Тышкы карыздан кутулуу үчүн Кыргызстандын жарандарын "Колдон келген жардам көрсөткүлө",- деп элдик эсеп ачтык. Буга ажобуз жана каржы министрлиги көзөмөл салып, элге туура, так маалымат берип турушу, алардын милдети болчу. Тилекке каршы, элдик эсепке канча суммада акча түшкөнү жана ал эмнеге жумшалганы көмүскөдө. Түшкөн каражат карызды жеңилдетүүгө канчалык жардам берип жатат, бул тууралуу эч кандай маалымат жок.Тышкы карыздын структурасы бүгүнкү күнгө чейин,кайсы максатка, кайсы багытка алынганы элге белгисиз.Саясий жана коомдук ишмер, "КАТЕЛ" компаниясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиевдин "Азаттык" радиосуна берген маалыматына караганда, "Эгемендүүлүк жылдарынын башында бюджеттин тартыштыгына байланыштуу карыздар ошол бюджетти туруктуу кармоо үчүн алынган. Кийинчерээк 1995,1997,2000-жылдарда алынган карыз долбоордук негиздеги карыздар. Алар инфраструктурага, коммуникацияга, мектептердин акыбалын жакшыртууга алынган карыздар бул мен билген жагы. Ал эми мен билбеген жактары да бар", - деген маалымат берген. Ушундай коомдук ишмерлерибиз билбесе, карапайым калың эл кайдан билсин, көшөгөнүн артында кандай саясат жүрүп жатканын. Чет өлкөлөрдөн ири суммадагы акчалар, гумжардам өлкөбүзгө өлчөмсүз күргүштөп кирип жатты. Бул каражаттар эл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жок. Эгер ошол алынган акчага мамлекетке завод, фабрикаларды куруп, мамлекеттин бюджетин чындап эле толтуруп, туруктуу кармап, эл-жер үчүн сарптап, мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө керектесе, анда биздин өлкөбүз эбак гүлдөп өсүп, береселерден четинен кутула баштамак. Ошол карызга алынган акчалардын эсебинен эпчилдери эл байлыгын ээлеп, калктын калың катмары жакырчылыктын чеңгээлине тушукту.Ошол эпчилдер өнөр жай ишканаларын,түшүмдүү жерлерди эң арзан баада менчиктөөгө үлгүрдү, курулуштардын ээси, бизнес менен алектенген көрүнүктүү ишкерлер болуп калды. Карызга келген акчалар "кумга сиңген суудай жок" болду.Элдин нанын кошо талашып жеп, алардын эсебинен буттарына туруп , азыр заңгыраган эки-үч кабат үйдү, жеке ишкананы, бир креслону ээлеп, ханга салам бербей жаткан убактары. Бүгүнкү күндө эл оозуна алынып калган А.Салымбеков, Д.Үсөнов, К.Байболов, М.Мукашев, М.Бакиев сыяктуу ири "ишкерлер" эмне үчүн элдик эсепке өздөрүнүн атынан жардам катары акча которушпайт? Жардамга муктаж болуп турган мамлекетибиз Кыргызстанга эмне үчүн көзгө көрүнөр көмөк көрсөтүшпөдү? Сөздүн чын-чынына келгенде, карапайым калың элдин бул ири карызга кандайча кабылгандыгы, ал каражаттар эмне себептен алынганы, алар эмнеге жумшалганы тууралуу эч кабарлары жок. Анан эле бийлик "Кыргызстандын тышкы карызы 2 млрд. доллардан ашып кетти"- деп чыга келишти. Муну укканда төбө чачың тик турат. Айланып келип эле жумурай журтка түшкөн мүшкүл иш болду, канткенде кутулабыз же, акырында төлөй албай мамлекетибиз жоюлуп, кайрадан көз каранды болобузбу, кыргыз деген ат жоголобу, башкаларга кул болуп кетебизби?- деген толгон-токой суроолорго жооп жок. Өз сөзүндө Ж.Сатыбалдиев:"Биз карызыбыз бар экенин ар бирибиз дайыма эсептешибиз керек. Экинчиден, мааракелерди, майрамдарды мамлекеттик деңгээлде да, жергиликтүү бийлик деңгээлинде да өткөрбөө керек жана чукул чараларды кабыл алыш керек",- деп баса белгилеген. Майрамдарга кеткен чыгымдарды кыскарталык дейли, бирок,бул чыгым өтө көп сумманы түзбөйт. Андан көрө чалкалап креслодо отургандардын айлык акыларын, алардын баскан-турганына керектелүүчү чыгымдарын эмне үчүн кыскартканга болбойт?Алардын иштегендерине ушунчалык шарт түзүү, көптөгөн чыгымдарды жаратат. Эмне себептен алардын маяналары жылдан- жылга көп суммада көтөрүлүп турат? Ал эми пенсия, пособие, мугалим, доктурдун жалыйнасы болбогон гана процентке жогорулайт? Жаңы мыйзамдарды иштеп жатабыз деген бийлик башындагылар сөздүн чынында өзүлөрүнө пайда алып келчү жолдорду издеп, ага шайкеш келген мыйзамдарды чыгарып, оңдоо- түзөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Күндөн-күнгө карызыбыз өсүп жаткан ушул кыйын шартта мамлекеттик чиновниктерге, депутаттарга эң кымбат автоунааларды алып берүүнүн зарылчылыгы бар беле? Алар пайдаланган автоунааларга сарпталуучу күйүүчү жана майлоочу майлар дыйкандарыбызга берилип, каражаттар айыл чарбасын көтөрүүгө жумшалса, мамлекетибиздин азыркы каатчылыктан чыгышына бир кыйла шарт болбойт беле! Мындан жакырчылыктын саны кыскарып, тышкы миграция төмөндөмөк. Өлкөбүздөгү бул "ак жакачандар" да эл пайдаланган шаардык автотранспорттор менен кыйналып - кысталып жол жүрүшсө, ошондо башкалар үчүн эмес, өздөрү үчүн элдин пайдасына көп маселелер чечилмек. Бийликке элдин ирээнжүүсү бул- мамлекет чиновниктердин, депутаттардын маянасын, алардын күндөлүк керектөөсүнө сарпталып жаткан каражаттарды жашыргандыгында. Биздин өлкөдө бул багытта айкындуулук жетишпейт. Демек, бюджеттин негизги бөлүгүн "чычкандай кемирип жегендер"-булар бийлик бутакгындагылар деген ишеним бекеринен кеңири тарабаган. Чынында, биздин эл тышкы карыздар, бийлик башындагылардын эмгек акылары, карызга алынган каражаттар кайсы максатка пайдаланганы боюнча так маалымат ала алышпайт. Бул элдик бийликке болгон ишеничин ого бетер өчүрө берет… Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын жалпы суммасы азыркы учурда канча ? Акыркы жылдар аралыгында береселерибиз азая баштадыбы же, тескерисинче күндөн- күнгө ири суммада өсүп жатабы, ушул тууралуу так маалыматты алып, жалпы окурмандарга берүү үчүн Улуттук Банктын кабылдамасына коңгуроо кылдык. Кабылдамада отургандар тышкы жана коомдук бөлүмүнө кайрылууну сунуш кылышты. Ал бөлүмдөн Назира Жусуповадан толук маалымат алабыз деген тилегибиз таш капты. Суроого жооп бериш кыйынчылык кылдыбы, айтор, "Бул тууралуу так маалыматты телефондон бере албайбыз",- деп байланышыбызга чекит койду. Андан кийин каржы министрлигинин кабылдамасына коңгуроо кылганыбызда начальниктин убактылуу милдетин аткаруучу Акматов Бахадыр Сабыровичке байланышуубузду өтүнүштү . Бахадыр Сабырович: "Бул тууралуу маалыматты интернет сайтыбыздан алгыла",- деп тим болду.Бул ошончолук эле жашыруун сырбы, ким билсин, маалымат алууга жасаган аракетибизден эч майнап чыкпады. Санаа… Түйшөлткөн ойлор Биз, Эгемендүү, эркин, көз карандысыз мамлекетпиз деп курулай төшүбүздү каккылаганыбыз менен кыргыз элимде көйгөйлүү маселелердин саны күндөн-күнгө арбып барат. Өлкөбүз мурдагы социализмден базар экономикасына өтүшүнө байланыштуубу, айтор, жумурай- журтубуз көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткан мезгил. Мурункудай жалпы элди жумуш менен камсыз кылган күчтүү Советтер Союзу жок. Бүгүнкү күндө эң орчундуу маселелердин бири- бул жумушсуздук. Анын айынан көптөгөн жарандарыбыз тагдырдын оор сынагына туруштук бере албай, "жинди суунун" артынан түшүп, аягында "же үйдөн, же Чүйдөн жок" как талаада үйсүз, жайсыз калышып, акыры айласыз "бомж" болуп кетишүүдө. Жумушсуздуктун айынан адамдын жашоо шарты, психологиясы өзгөрүп, кылмыштуулук, сойкулук , зомбулук , аракечтик , уурулук сыяктуу санап бүткүс маселелердин саны арбууда. Татынакай кыргыз кыздары ар кимдин алдында тапталып, "Пулу бардын кулу" болуп, күн көрүп, жан багып келишүүдө. Айрым үй-бүлөлөр куттуу үйдүн очогун сактай алышпай, бала-бакырасы чилдей тарап, көчө балдарына айланышууда . Алар эптеп -септеп базарларда кайыр-садага сурап, ар кимдин бут кийимдерин тазалап, оор-оор жүктөрдү ийрелеңдеп ташып, көтөрүп жан багышат. Базар демекчи, базарлардын тегерегиндеги аялдамаларда чымын-чиркейге таланып , эс-учун билбей, жашоодон капары жок оонап жаткан боордошторубузду көрүп зээниң кейибей койбойт. Азыр жалпы элдин жашоо шарты барган сайын оорлой баштады. Буга кымбатчылыктын кесепети өз таасирин тийгизди. Базарда ичкен ашыңдан тартып, кийген кийимиңе чейин кымбат. Көңүлүңдөгүнү ала албайсың. Айланып келип эле чөнтөгүңдүн калың, жукалыгына такалат.Чөнтөктү кампайтып калыңдаткың келет, анткенге ага ылайыктуу жумуш жок. Эптеп "Өлбө жаным, өлбө"- деп кара жанын карч уруп , эркеги, кызы дебей курулуш иштеринде, соодага шыктуулар базарларда, андан тышкары элден кем болбой жакшы жашоонун айласын табуу үчүн жол азабын, көр азабын тартышып чет мамлекеттерге сапар алган кыргыздар экинин бирине айланып, эмгек миграциясы да көйгөйлүү маселелерибизди толуктады. Канчалаган эмгекке жарактуу, билимдүү мекендештерибиз чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Айрымдары жакшы маяналуу, туруктуу жумуш таап, жемин жедирбей иштеп кетишет. Ал эми көөбү "Кайда барба, Мамайдын көрү" дегендей, таман акы, маңдай тери менен тапкандарына ээ боло албай, өз мекенине кайтып келүүгө эки көздөрү төрт болуп, кул сыяктуу эмгек кылган жарандарыбыздын саны да аз эмес. Эгерде элдин баары жумуш менен камсыз болсо жогоркудай көрүнүштөр мынчалык болбойт эле го. Бийлик башындагылар саясат менен гана алпурушпай, мамлекетибиздин экономикасын көтөрүү чараларын колдонушса, мындай маселелер кандайдыр бир деңгээлде чечилип калат беле деген ойлорду көптөгөн адамдардын оозунан эшиттим. Бетти даярдаган Гүлзана Бейшеналиева, "Алиби" Багытыбыз түзбү?... Биз чоң дайрадай агып келип, тарам- тарам бөлүнүп кеттик. Албууттанып сүр көрсөтө албай, мелтиреп сыр көрсөтө албай, кечкени кечип, жуунганы жуунуп, булгаганы булгап, бурганы буруп, таш ыргытканы ыргытып келет. Алсыз майда агымчаларга айланганбыз. Мал кечип мазеңди алган. Баардыгы бизди карап, баш чайкаган. Биригип, күргүштөп турганда эч ким даай алган эмес, сүрүбүз сүрдүктүрүп, тоскоолдуктарды тамыры менен жулуп, сес көрсөтүп сестендирип "чөгүп кетебиз", "агып кетебиз" - деп коркуп турушкандай учур келеби? Тигине алдыда кууш кокту, демек биз ошол жерден биригебиз. Алдыда көк киттей көгөрүп жаткан океан. Багытыбыз түзбү?... Бурул Абдраимова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|