№62, 29.08.08-ж.
  Кайда барсаң Мамайдын көрү

Жарга такаган жаңжал
2008-жылдын 8-айынын 8-күнү дүйнө тарыхында өзгөчө мааниге ээ болду десек жарашат. Ушул күнү улуу Кытай мамлекетинин борбору Пекин шаарында олимпиада оюндарынын оту тутанды, ушул күнү Кавказ жергесинде жайгашкан Грузия менен Түштүк Осетия мамлекеттеринин ортосунда согуш күч алды.

Акыркы кездерде өтө эле саясатташып кеткен олимпиадалык оюндарда дүйнөнүн күчтүү мамлекеттери күч сынашты. Негизги таймаш НАТО менен ШКУга кирген мамлекеттердин ортосунда өттү десек болот. Олимпиадалык оюндарда алдыңкы орундарды камсыз кылуу - ошол өлкөнүн спорттогу жетишкендиги гана эмес, дүйнөдөгү анын ээлеген орду менен аныкталат. Пекин олимпиада оюндарынын жыйынтыгы боюнча ШКУнун көзүрлөрү Кытай биринчи, Россия үчүнчү орунду камсыз кылышса, НАТОнун көзүрлөрү АКШ экинчи, Англия төртүнчү, Германия бешинчи болуп калышты. Кийинки олимпиадалык оюндар Англиянын борбору Лондондо өткөрүлөт. Пекинден кезекти алган Лондон бийлиги ошол оюндарда орустарды оңкосунан саябыз дешип, обу жок мактанып алышты.
НАТОнун босогосунда турган Грузиянын Түштүк Осетияга болгон согуштук иш аракети жөн жерден чыккан эмес. Анын артынан НАТОнун карааны көрүнбөсө да, Буштун буту менен Райстын жамбашы көрүнүп турат. Түштүк Осетияга басып кирген грузин аскерлеринин катарында Американын инструкторлору болгону аныкталгандан кийин, бул согуш аракетине Американы аралаштырбай коюуга болбойт. Кавказ жергесиндеги согуш аракеттери боюнча Россия АКШ менен НАТОну айыптаса, АКШ тескерисинче Россияны айыптады. БУУ арачага түшкөндүн ордуна, булдуруктап отуруп алды. Ким билет кокус Россиянын өкмөт башчысы В.Путин Владикавказга учуп барбаганда эмне болоорун? От менен ойногон Саакашвили Грузияны НАТОго кийрүүнү ыкчамдатыш үчүн, ушундай кадамга баргансыйт. Эки ортодо талпагы ташка жайылып, Түштүк Осетия менен Абхазиядан ажырап калды. Россиянын грузиялык агрессорлорго болгон иш аракетин эмнеге КМШ лидерлери колдобой койду? КМШнын төрагалык милдетин аткарып жаткан президентибиз К.Бакиев КМШ мамлекеттеринин кезексиз жыйынын өткөрүп, Кавказдагы согуштук абалды талкууга койсо болмок. Ажобуздун ага кудурети жеткен жок. Пекинден келээри менен кыска убакыттагы эс алууга жөнөп кетти. Көгүлтүр көл жээгинен Казакстандын президенти Н.Назарбаев менен бирдикте өзүнүн оюн билдирди. Анда дагы ачык оюн айта алган жок. КМШ болбогон күндө деле, ШКУнун лидерлери Россияны колдоого алышса болмок да? Буштун бултуңдаганына, "кара пантера" Кондолиза айымдын какшанганына карабай туруп, Россия Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таанып койду. Россиянын бул чечимин АКШ жана Батыш өлкөлөрү айыптап чыкты. Анда, эмне үчүн ушул эле мамлекеттер кечээ Косовонун көз карандысыздыгын таанышып, Сербиянын аймактык бүтүмдүгүн уруп коюшкан эмес? Бүгүн, Грузиянын аймактык бүтүмдүгүнө ичи ачышкандары акыйкаттыкка кантип шайкеш келет?
Кечээ, Тажикстандын борбору Душанбе шаарында ШКУнун кезектеги саммити башталды. Россиянын президенти Д.Медведев саммитке келген өнөктөштөрүнөн Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендүүлүгүн таанууга чакырышы толук мүмкүн. Бул маселе күн тартибине киргизилбегени менен, учурдун талабы унчупай коюуга мүмкүнчүлүк бербейт. ШКУнун ар бир мамлекет башчысы, Кавказдагы абал боюнча ачык оюн айтышы керек. Ажобуз К.Бакиев Россиянын бул тарыхый чечими боюнча ооз ача электе, алабарман саясатчыларыбыз акыл кошуп жиберишти. Саясатчылар И.Масалиев, Т.Сарпашев, К.Ажыбекова, Т.Какчекеев Россиянын президентинин чечимин толугу менен колдоп чыгышса, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын лидери Д.Ошурахунова айыптап чыкты. Чындыгында, Кавказдагы согуштук аракеттер мамлекет башчыбызды жарга такап койду. Американы карап жылмайып, Россияны карап ырсайып жүргүзгөн кош стандартту саясатыбыз соңуна жетти окшойт. Тагдыр чече турган мезгил келди. Кыргызстан бир жагына ыкташ керек. Россиянын, же Американын ырын ырдаш керек. Кошуна Казакстан каалаган ырын ырдаса болот. Анткени, Астана бийлиги Москва менен да, Вашингтон менен да, теңата сүйлөшө алат. Бизчи? Андай деңгээлге азыр жете элекпиз. Чоң мамлекеттерди жөн эле коелу, өзүбүздөгү "Центерра Голд" менен тең ата сүйлөшө албай жатабыз. Кандай болгон күндө да, казды туураган каргадай болбосок болду.




  Күзгү туман

Оңолсун, же жоголсун!
Мындан жети жыл мурун "Республика" гезитинде иштеп жүргөн мезгилимде "Бийлик оңолмоюн, турмуш оңолбойт" деген макала жазган элем. Гезит чыккандын эртеси күнү Дооронбек Садырбаев редакцияга телефон чалып, "Рыскелди укам, макалаңды окуп аябай ыраазы болдум, курч жазыпсың, бирок темасын жумшак кылып коюпсуң" деди. Кайра карап катасын таппаган соң, Докеме айттым, "бийлик оң жолго түшүп оңоло албай жатса, турмуш кайдан оңолмок эле" деп. Анда Докем айтып жатпайбы, "Жазган макалаң менен койгон темаң коошпой турат, бул бийлик жоголмоюн турмуш оңолбойт десең туура болмок" деп. Ошондо, Докемдин таамай айткан сөзүнө, көрөгөч көзүнө тан бердим эле. Муну менен мен эмнени айткым келет? Азыркы бийлик мурдагы бийликтин саясатын эч өзгөртүүсүз жүргүзүп келаткандан кийин, Докемдин ошол кездеги айткан сөзү бүгүнкү күндө деле өзүнүн актуалдуулугун жогото элек десем болчудай. Турмуш оңолуш үчүн, бийлик оңолуш керек же, жоголуш керек.
Эгемендикке жеткенибизге 17 жыл толду. Ошол ортодо эмне жетишкендиктер болду? Карапайым калкыбыздын жашоо турмушу канчалык деңгээлде? Эгемендиктин эртеси ээрге отурган бийлик 14 жылда эмнелерди жасады? Аларды айдап салган азыркы бийлик эмне жакшылык жасады? "Айта берсең арман көп" дегендей эле, сурай берсең суроо түгөнбөчүдөй. Ак калпак элибиздин алгачкы ажосу Аскар Акаевди адилетсиз саясат жүргүздү деген шылтоо менен айдап салганыбызга үч жылдан ашты. Жашоо шартыбызды жакшыртат деген үмүттө шайлаган Курманбек Бакиевдин ажолук кызматка киришкенине үч жыл болду. Бирок, ачыгын айтып коюшубуз керек, ал бийлик менен бул бийликтин айырмасы жок болуп чыкты. Ыңкылап менен ыргып кеткен Аскар Акаевдин аткошчулары азыркы ажобуз Курманбек Бакиевге аткошчу болуп алганын кимден жашырабыз? Акаев бийлигине оппозицияда жүрүшкөн Ө.Текебаев, Т.Сариев, А.Атамбаев, Б.Шерниязов, Б.Бешимов, Р.Отунбаева, Д.Чотонов, А.Бекназаров, Т.Тургуналиев дагы деле оппозицияда жүрүшөт. 24-марттагы болгон окуяны азыркы бийлик өкүлдөрү "элдик революция күнү" кылып мыйзамдаштырып алышты. "Элдик революция" болгондон кийин, анын башында тургандар бүгүнкү бийликтин кашында болуш керек эле. 24-март окуяларынын башында болушкан А.Бекназаров, Р.Жээнбеков, Б.Асанов, Р.Отунбаева, А.Проненко, Д.Чотонов, А.Артыков, А.Атамбаев, Ж.Назаралиев, Т.Кулмурзаев, А.Малиев сыяктуулар бийлик сабынан садага чабылып, алардын ордуна Акаевдин командасында болушкан М.Садыркулов, А.Ногоев, М.Суталинов, Т.Мамытов, Э.Сатыбалдиев, С.Балкыбеков, Т.Турдумамбетов, Ч.Баекова, М.Султанов, И.Болжурова, К.Конгантиев, К.Кубатбеков сыяктуулар баргандан кийин, контрреволюция болгонун кимден жашырабыз? Бийлик алмашканы менен анын саясаты алмашпаса, андай революциянын кимге кереги бар эле?
Азыркы бийлик өкүлдөрү канчалык өпкөлөрүн кагышпасын, карапайым калкыбыз көрүп турат. Эмнени? Эч өзгөрүү болбогонун. Суунун башында туруп, суусу жок отурсак, энергетиканын өлкөсү болуп, электр жарыгы жок отурсак, бийликтин апыртмаларына ким ишенет эле? Жылына 14 миллиард электрэнергиясын өндүргөн Кыргызстандын ички керектөөсү болгону 4 миллиард киловатты түзөт экен. Калганы кайда кетип жатат? Кабарын алган адам барбы? Энергетика маселеси боюнча өткөн төгөрөк үстөлдө бир кездерде бул тармакты жетектеген Ж.Түлөбердиев мындай деп айтканы эсимде, "Мен иштеген мезгилде ар бир киловатт электр энергиясы 3 тыйындан иштелип чыгып, кардарларга 18 тыйындан сатылчу, ошондо мамлекетке жылына 250 миллион сомдун тегерегинде киреше алып келчибиз". Жамалбек агайдын айтканына ишенбей коюуга мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстан дүйнөдөгү электр энергиясын эң арзан баада өндүргөн өлкөлөрдү катарына кирет. Азыркы күндө ошол эле наркта өндүрүлгөн электр энергиясын 60-80 тыйындан сатабыз дагы, банкрот болдук деп жатабыз. Ким ишенет? Балким, атайылап банкрот жасап, башка бирөөгө менчикке бергени жаткандырбыз? А.Акаевдин убагында энергетика тармагын тейлеген С.Балкыбеков менен А.Ширшов дагы деле бул тармакты тейлеп жатышат. Эмнеге бул тармакты Ж.Түлөбердиев менен К.Алымкуловго бергенге болбойт? Иттин өлүгү ушул жерде көмүлүп жаткан жокпу? Токтогул суу сактагычындагы суунун толбой жатышын мөңгүлөрдүн аздыгынан эмес, анализ жасай албаган аткаруу бийлигинин алсыздыгынан көрүшүбүз керек.
"Күндөн күнгө күн өтүп, күз мезгили келиптир" дегендей эле, көпчүлүк күткөн күз да келди. Күздүн алгачкы айы толугу менен ыйык рамазан айына туш келди. Орозо айы бүтөөрү менен жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор башталат. Ошентип, бийлик менен оппозиция ортосундагы тирешүүлөр отуз күнгө токтоду десек болот. Орозо айында от менен ойногонду ким жакшы көрөт дейсиң? Ушул жерден мындай бир суроо туулат. Атайылап жасашкан жок беле?-деген. Анткени, былтыр орозо айы бүтөөрү менен референдум өткөрүлгөнүн жакшы билебиз. Эмнеси болсо дагы, алдыдагы тайм аут бийлик үчүн бир топ ыңгайлуу шартты жаратат. Такталбаган маалыматтарга таянсак, ушул жылдын декабрь айында кезексиз президенттик шайлоолор өткөрүлөт деген имиштер бар. Акүйдүн политтехнологдорунан баарын күтсөк болот. Анткени, былтыркы жылы орозо айы бүтөөрү менен референдум өткөрүп, референдум бүтөөрү менен Жогорку Кеңешти таркатып, декабрь айында Жогорку Кеңешке болгон жаңы шайлоолорду өткөрүшкөн. Былтыркы Акүйдүн оппозицияга болгон "сюрприздери" быйыл кайталанбайт дешке болбойт. Жазга жетпей жарга такалаарын сезген бийлик, күзүндө күтүлбөгөн жүрүштөргө бараары толук мүмкүн. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордун жыйынтыгы бийликтин дагы, оппозициянын дагы иш пландарын башка нукка буруп коюшу толук мүмкүн.
Элибиздин жашоо турмушу оңолбоюн, саясатыбыз оңолбойт. Саясатыбыздын багытын аныктаган адамдар Докем айткандай же оңолушу керек, же жоголушу керек.

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Алиби"