№62, 02.09.08-ж.
  Э С К Е Р Ү Ү

Гүлкан Сатаева, Асанкан Жумакматовдун жубайы:
"Асанканга туш болгон тагдырыма миң мертебе ыраазымын"
Кыргыз музыкасынын туңгуч дирижеру, КР Эл Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мюнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги, Кыргыз музыкасынын корифейи Асанкан Жумакматовдун бул жарык дүйнө менен кош айтышканына 40 күн болуп кетиптир. Өмүрлүк жубайы Гүлкан эже менен маектешип, асыл адамды эскердик.

- Белгилүү дирижер Асанкан Жумакматовдун өмүрлүк жубайы болуу сиздин бактыңызга буйруптур. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Экинчи классты аяктаганда каргашалуу согуш чыгып, сегиз жашымда ата-энемден айрылып, томолой жетим калдым. Азыркы Панфилов районунун Эркин-Сай деген айылынан болом. Айылдан улуу эжем алып келип, эки сиңдим менен балдар үйүнө тапшырып кетти. Эки агам согуштан кайткан жок. Ошентип, азыркы "Октябрь" кинотеатрынын ордунда мурда Крупская атындагы балдар үйү бар эле, ошол жерден тарбияланып чоңойдук. Мектепти аяктагандан кийин сиңдим экөөбүз Москвага барып, ал техникалык институтту, мен консерваторияны бүттүм.
Окууну жаңы бүтүп келип, Опера балет театрына ишке орношуп калдым. Ал учурда Асанкан Жумакматов театрда башкы дирижер болчу. Тагдыр буйруп, Асанкан экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, ал кишиге турмушка чыктым.
Алгач кичине партияларды ырдап жүрүп, акырындап чоң партияларга өттүм. Бара - бара башкы каармандар Айчүрөк, Каныкей, Кишимжан, Зулайканын ролдорунда ойнодум. Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин атагы алыска угула баштаганда Жамийланын ролун ойногонум эсимден кетпейт.
Асанкан өтө калыс киши эле. Кызматта жүргөндө эч убакта мага өмүрлүк жары катары тартып, башкы каармандардын ролдорун алып берүүгө аракет да жасачу эмес. Тескерисинче, "Үйдө сенин бардык айтканыңды аткарайын, иште уят кылбай жакшылап ырдагын. Мага сөз тийбесин" - дечү.
Бир күнү Асанкан турган дирижердук пультка "Жумакматов, сенин көзүң кайда? Айчүрөктүн ролун Калиманды ырдаган Сатаевага бербейсиңби?" деп бирөө кат жазып таштап кетиптир. Айчүрөктү Салима Бекмуратова деген ырчы ырдап, мен Калиман деген сиңдисинин ролунда болчумун. Ал мезгилде жапжаш элем да. Үнүм да, келбетим да Айчүрөккө төп келчү. Бекмуратова болсо толуп кеткен. Бирок, үнү абдан жакшы эле, аныкындай үн Москванын чоң театрында да чанда кездешчү. Румынияда өткөн жаш таланттардын сынагынан биринчи орунду жеңип келген. Операда үнүңө бой келбетиң төп келбесе, тал чыбыктай ийилген татынакай каармандардын ролуна жарашпай каласың да.
Ошентип, Айчүрөктүн ролун ойноп калгам. 20 жыл театрда ырдагандан кийин мен да толо баштадым. Өзүмдү күзгүдөн карасам, баягы мен ырдай турган Евгений Онегиндин Татьянасына таптакыр окшобой баратам. Анан Асанканга "Мен ырдабай эле коеюн. Бир үйдөн бир эле киши эл артисти болсо жетет. Башка жумушка которулайын" -десем, "Мен да сага ушуну айтайын деп, бирок көңүлүңдү оорутуп, таарынтып аламбы деп коркуп жүргөм" дейт. Сүйүнгөнүмдү айтпа, себеби сахнада арык көрүнүш үчүн костюмерлер корсет кийгизип белимди тырыштыра байлашып, айтор жүдөп жүргөм. Ошентип, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алып калганымда, режиссердун жардамчысы болуп которулуп, андан соң Маданият министрлигинде иштеп жүрүп 60 жашымда пенсияга чыктым.
- Канча жыл бирге түтүн булаттыңыздар? Балдарыңыздын ичинен атасынын жолун жолдогондору барбы?
- Экөөбүз 48 жыл бирге жашап, Эрмек, Эрик деген эки уулду тарбиялап 5 небере, 2 чөбөрөлүү болдук. Уулдарыбыз алгач биздин чыгармачылыгыбызга таасирленип музыка жаатын тандап алышкан. Азыр заман өзгөрүп, музыканы эл мурдагыдай барктабай калбадыбы. Заманга жараша өз кесиптерин таштап, башка кызматтарда иштеп жүрүшөт.
- Чыгармачыл инсандардын мүнөзү оор болот эмеспи, Асанкан агайдын мүнөзү кандай эле?
- Анын эң бир жакшы сапаты- тамак тандачу эмес. Кандай тамак берсең да "Өтө даамдуу болуптур" деп тамшана жечү.
Мени "мамочка" деп эркелетип коер эле. Үйдүн босогосунан эле "Менден эмне жардам керек" деп кирчү. Анын мындай мамилесинен улам, башкалардын алдында сыймыктанып калчумун. Үй оокатыма жардамдашканга, үй кызматкер кармаганга шарт түзүп берген. Балдарды да эрке чоңойтту. Тентектик кылганда даттансам, "Шашпасын, шиши толгон экен" - деп гана койчу. Эч качан кол тийгизип урган жок. Эмгек өргүүсүнө чыкканда СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн эң мыкты деген курортторуна барып эс алчубуз. Дайым балдарды өзүбүз менен кошо ала жүрөр элек. Кыргыздарда Асанкандай аял сыйлаган эркектер чанда болот.
- Атактуулардын артынан ар кандай сөздөр ээрчийт эмеспи, сиздердин үй-бүлөгө андай сөздөр таасир тийгизген жокпу?
- Ооба, андай учурлар көп эле болгон. Кээде көчөдөн тааныштарыма жолугуп калсам, "Асанкан экөөң ажырашып кеттиңерби?" - деп сурап калышчу. "Сенин күйөөң баланча менен жүрөт. Баланчадан баласы бар" - деген кептерди көп уктум. "Чыгармачыл адамга эркиндик керек. Ал каалагандын баарына макулмун" -деп койчумун. Биздин үйдө кызганычтын айынан эч качан чатак чыкчу эмес. Ушул жашка келгенче бир да жолу чөнтөгүн аңтарган эмесмин. Асанкан да, мен да балдар үйүндө тарбиялангандыктан бири-бирибизди жакшы түшүнчүбүз.
- Той - топурларда ырдап калчу беле?
- Музыкант болгонубуз менен конокко барганда, же конок тоскондо экөөбүз тең ырдай алчу эмеспиз. Чоң сахнада келиштире ырдап көнүп калган жайым, кичинекей бөлмөдөн үнүм жаңырып кетчү.
- Асанкан агай концеттен келгенде үйүңүз өзүнчө эле гүлбакчага айланса керек?
- Өзү менен чогуу иштегендерге таратып берген соң, артып калса үйгө да көтөрө келчү.
- "Асанкан Жумакматов кайтыш болгондо ооруканадан жакшы көңүл бурулбай, лифттен көз жумуптур" -деген кептерди угуп калдык?
- Көпчүлүктүн сураганы эле ушул. Мен өз көзүм менен көргөнүм жок. Ошондуктан, эч нерсе деп айта албайм. "Реанимацияда" деп телефон чалып калышты. Мен барганда Маданият министри Султан Раев башкы врач менен сүйлөшүп туруптур. Көзү өтүп кеткенин ошондо угузушту.
Жаш кезинде гана согуштан сол ийининен жарат алганы болбосо, өтүшүп кеткен дарты жок болчу. Эч качан операция болгон эмес. "Менин ооруганга убактым жок. Кудай алса жүгүрүп жүргөндө алсын"- деп койчу. Өзү айткандай, кокустук болуп кетти окшойт.
- Бул дүйнөдө арманы жок адам болбойт эмеспи, эмне арманыңыз бар?
- Кудай мени Асанканга жолуктурганына миң мертебе ыраазы болом. Жашап өткөн өмүрүмө эч качан өкүнбөйм. Алтындай болгон Асанканымдан айрылганыма азыркыга чейин ишенбей кетем.
Асанкан кичинесинде жетимчиликтин запкысын тартып, кийин согуштун каарын көрдү. Ал өзүнүн талыкпаган эмгеги менен бардык ийгиликтерге, урмат - сыйга татыды. Ал албай калган орден, медал, наам калган деле жок. Ошентсе да, ушул жылдын 16-июнунда 85 жашка толмок. Мааракесин белгилөөгө камынып жатканда, өкмөт тарабынан күз айларына жылдырылган. "Өлүмдөн башкасынын эртеси жакшы" дегендей мааракеси өз учурунда белгиленбей калганына өкүнөм.
Совет өкмөтү кулагандан кийин, элдин баары демократ болуп кеткенде, ал киши коммунист боюнча калган. Коммунисттер партиясынын мүчөлүк взносун калтырбай төлөп турчу.
Кырк ашын белгилегенде Кыргызстан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев, Россия Федерациясынын Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин төрагасы Геннадий Зюгановдун өтүнүчү боюнча мааракесине деп арнаган "Партиялык каармандык" орденин мага тапшырды.

Маектешкен
Гүлниза Молдокулова
"Ачык саясат"