№62, 02.09.08-ж.
  Менин үйүм дөбөдө

"А чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө"
- 2008-жыл, 7-август
Биринчи май районунун сот аткаруучулары 10 күндүн ичинде сот чечимин аткаруу жөнүндө эскертүү беришкен.

- 2008-жыл, 11-август
Оштон, Жалалабаддан иш сапарынан келген башкы редактор Бишкек шаардык сотуна, төраганын орунбасары Р. Салиевге кайрылып, апелляциялык арыздын 18-июлда эле каралып калгандыгын уккан.

- 2008-жыл, 19-август
"Алибинин" адвокаты Шаардык соттун 18-июлда чыгарылган аныктамасын Биринчи май райондук сотунан алып, көзөмөл арыз даярдап, Жогорку соттун дарегине өткөргөн. Белгисиз себептер менен шаардык соттун аныктамасы ошол убакка чейин редакцияга жөнөтүлгөн эмес.
Көзөмөл арызга мурдагы соттордун актыларын убактылуу токтото туруу өтүнүчү тиркелген, бирок ал алигиче карала элек.

- 2008-жыл, 20-август
Сот аткаруучулар сот чечимин тез арада аткаруу жөнүндө эскертүү таштап, гезитти камакка алуу токтомун тапшырып кетишкен.

- 2008-жыл, 21-август. саат 11
Редакция тарабынан сот аткаруучуга соттун чечимин аткарууга даяр экендиги, бирок акча каражатынын жоктугунан доогер А. Салиевге гезиттин ар бир жолку сатуусунан түшкөн акчаны берип турууга макул экендиги, эртеңки санына төгүндөө жарыялана тургандыгы тууралуу кат тапшырылган.
Сот аткаруучулар доогер тарап менен сүйлөшүп көрүүгө макул болушкан.

саат 13-14 чамасы
-Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө башкармасынын ага тергөөчүсү Т. Байчаевден башкы редакторго телефон чалуу болуп, кечки 18 де суракка келүүсүн суранган.

саат 15 тер чамасы
- Биринчи май районунун башкы сот аткаруучусу Б.Абылов А. Салиевдин өкүлдөрү редакциянын сунушун четке каккандыгын билдирген.

саат 17. 30
- Редакция 23.01.2008-жылы гезит кандай көлөмдө жана нускада чыкса, жаңы саны так ошондой абалда терилип, сот талап кылган төгүндөөнү типографияга жөнөткөн.

Саат 18:00
- Башкы редактор тергөөчү Т.Байчаевде болуп, А.Салиевдин өкүлдөрү сот аткаруучусуз эле "соттун чечимин аткарбай жатат"-деген негизде башкы редактордун үстүнөн кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазгандарын билген жана түшүнүк жазган.

2008- жыл 22- август. Саат 18
Менеджер И.Өмүралиев типографияда болуп, гезиттин жаңы санын толук бойдон А.Салиевдин өкүлдөрүнө, сот аткаруучуга жана эмне максат менен келгендиктери белгисиз Каржы полициясынын өкүлдөрүнө өткөрүп берген. Ал жерден гезиттин башкы редактору Б.Жээнбековго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугу белгилүү болгон.

2008-жыл, 29-август. саат 10.00
Тергөөчү Т.Байчаев, тергөө башкармалыгынын начальниги экөөлөп, гезитибиздин башкы редактору Бабырбек Жээнбековду акчаны Ж.Бакиевдин баласына төлөп бер же камайбыз"- деп ортого алышкан.
Мынакей окурман, бул "Кыргызстан" деген укуктук мамлекеттин укуктук гезитке жасаган мамилеси, "сыйы".
Бул, бир кезде "демократия аралчасы" аталган мамлекет төбөлдөрүнүн өз элине көрсөткөн "урматы".
"Өз элине"-дегенибиздин себеби -гезитти биз өзүбүз окуу үчүн чыгарбайбыз, силерди "окусун, өлкө ичиндеги жаңылыктардан кабардар болсун"-деп чыгарабыз. Биздин жазгандарыбыз бүгүнкү бийликке жакпасын жакшы билебиз.
Акын Тургунбек Бекболотовдун "А чындык ыйлап жүрөт көчөлөрдө"-деген ыр саптарын окудуңар беле? Ошол көчөлөрдө ыйлап жүргөн чындыкты силерге жеткирүүнү биз өз алдыбызга максат, милдет кылып койгонбуз.
Кыргыздарды айрым башка улуттар "кой сыңары момун калк" деп коюшат.Койдун дагы бир коштоочу түшүнүгү "маңыроо". Качанга чейин "маңыроо" болуп жүрө беришибиз керек?
Бийлик төбөлдөрүбүз электр кубаттуулуктарын, жерибизди, кен байлыктарыбызды чет элдиктерге каалагандай сатып, ар-намысыбызды, укугубузду тебелеп-тепсеп жатса, биз унчукпайбыз. Анткени биз "маңыроо, момун" калкпыз. "Менин үйүм дөбөдө же четте"-деп отура беребиз.
Бийлик төбөлдөрү сенин чөнтөгүңө кир колун салып, акыркы тыйыныңды алып жатат. Сен дагы эле маңыроолонуп, момпойуп отурасың. Сенин үйүң болсо төбөдө да, четте да эмес, ал эчак эле аңгекте калган.
Ушул көйгөйдү көрүп туруп, жарыгы жок караңгыда отуруп, сен өзүңдүн, балдарыңдын, кыргыздын, Ата-Журттун эртеңкиси жөнүндө ойлойсуңбу, кыргыз?
Эгер чындап эле ойлонсоң, алардын тагдыры сага уйку бербей түйшөлтсө айтар сөзүңдү азыр айт, ачуу чаңырыгыңды азыр чыгар, кагаар коңгурооңду даңгыратып азыр как. Баарыбыздын ачуу чаңырыгыбыз бийликтин мээсинен өтүп жүлүнүнө жетсин, коңгуроонун ачуу даңгырагы анын кулагынын кужурун алсын. Бизди бийлик эмес, Кудай таалам жараткан, ал эми бүгүнкү "төбөлдөрдү" бийликке биз алып келгенбиз.Эл деген сел экенин алар билүүгө тийиш.
Чөнтөк соттордун уламдан -улам салган миллиондорунан улам сен сүйгөн "Де-факто" гезити чыкпай калды. "Бакиевдерди бакканча бала-чакамды багайын"-деп, башкы редактору Чолпон Орозобекова агынан жарылып отурат.
Бакиев тукумдары эми "Алибиге" киришти. Ч.Орозобековага козголгон кылмыш иши эми "Алибинин" башкы редактору Бабырбек Жээнбековго козголуп отурат. Алар редакциянын "бир миллион сомду үч айда бөлүп төлөп берели"-дегенине моюн толгоп, "азыр" деп алакан тосуп турган чагы.
"Конституциянын кепили" болгон президентибизге жиберген кайрылуубуз жоопсуз калууда. Демек, "Алибини" жабууга президент өзү кызыктар" деп айтууга толук негиз бар. Болбосо, жанында отурган Жаныш иниси "гезиттерден түшкөн акчаны жетим балдар үйлөрүнө бөлүштөрүп беребиз"- деп, акчага ээлик кылып отурганда эле этегинен тартып коймок.

Урматтуу окурман!
Бүгүнкү бийликтин жүзүн да, сотторунун "күчүн" да көрдүк. Доологон бир миллионун бербеске айла жок.
Ошондуктан, "уят деген улуу журтту" токтотуп, өзүңөргө кайрылабыз колуңардан келген тыйыныңарды "Алибиден" аябагыла. Почта аркылуу салгыла, редакцияга алып келгиле, биздин эсепке которгула.
Бар бололу, бир бололу.

"Алибичилер"




Как нам получить образование за рубежом???
Почти во всем мире, иметь диплом Мастера Бизнес Администрирования (МБА) считается очень престижным. Чтобы попасть на работу в ведущие мировые компании надо обязательно быть сильным специалистом или иметь степень бакалавра или мастера от ведущих университетов и институтов мира. Если ты закончил Гарвард, МIT, Стэнфорд или Оксфорд, значит ты увеличиваешь свои шансы на успех во много раз. Для тебя откроются многие двери, мир превращается в ресурс, который даст тебе возможность реализоваться в любой точке земного шара, развиваться интеллектуально и зарабатывать деньги.
Не только коммерческие компании, но и многие динамично развивающиеся страны, такие как Сингапур, Ботсвана, ОАЭ, Южная Корея обучают своих министров, руководителей гос. компаний в лучших бизнес школах мира. И это помогает этим странам смотреть на свою страну и на мир по другому.
К сожалению, мы кыргызы, находимся на обочине этих, в первую очередь образовательных процессов, не говоря уже о других, еще более важных... Мы не видим или не хотим видеть, что мир меняется астрономической скоростью и мы все больше и больше отстаем от них. Для того, чтобы стать страной с будущим, мы должны сегодня инвестировать на наше будущее.. Ведь будущее создается сегодня. А это, в первую очередь, качественное образование в стране и создание условий для способной и талантливой молодежи за счет государства, если даже тяжело, возможности учиться в лучших ВУЗах мира. Увы, такой возможности у нашей, кыргызской молодежи, нет или ничтожна мала....Что делать???
Нам надо думать всем, особенно тем, кто несмотря ни на что, хочет учиться, измениться самому, изменить наше общество и нашу страну. В сегодняшнем мире, постоянны только изменении... Кто не меняется, тот отстанет. А мы уже отстали... Если наша страна, наше правительство не может дать нам такой возможности, тогда, давайте мы сами изменимся и будем искать пути выхода из этого положения. Кто ищет, особенно упорно, тот всегда найдет. В ваших поисках, знайте, я и моё знание с вами. Если у вас будут вопросы по данной теме, пожалуйста, пишите на мой
e-mail: djeyenbekov.r@mail.ru
и я, как только будет возможность, отвечу на них.
Мой первый совет для тех, кто хочет учиться за рубежом: главное не деньги, главное знание, упорство и сильное желание.
Также, материал подготовленный Чолпонбеком Жумашукуровым, выпускником Harvard Business School, о том, как поступить в лучшие бизнес школы читайте здесь:

www.ravshandjeyenbekov.blogspot.com

РАВШАН ЖЕЕНБЕКОВ,
АКШ