№62, 02.09.08-ж.
  К а й р ы л у у ж а н а к а т т а р

Жаңы окуу жылынын жаңжалынан
К А Д Р МАСЕЛЕСИН КИМ ЧЕЧЕТ?
Ар бир кайрылуунун артында адамдардын колу болот. Демек, кол койгон адам кайрылуунун мазмуну менен таанышат, анан макулдугун бекемдөө иретинде колун коет. Биздин гезиттин редакциясына факс менен жолдонгон бул кайрылууга да ондогон конкреттүү адамдардын колу коюлуптур. Биз кайрылууну басуу менен таластык жалпы окурман журтуна анын мазмунун жеткирип коюуну гезиттин вазийпасы катары эсептедик.

Талас областтык мамлекеттик
администрация башчысы,
губернатор
Б.Болотбековго

Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим
министри
И.С.Болжуровага

Бакайата райондук сотуна

Биз, Бакайата райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп жетекчилери, Сиздерге райондун акими К.Сатымкуловдун өзүнүн милдеттеринен аша чапкандыгынан келип чыккан жосунсуз жоруктарынан улам, азыркы кезде райондун мугалимдер жамааттарында моралдык- психологиялык климат начарлап, биздин толук кандуу иштешибизге чоң тоскоолдуктар болуп жатканы жөнүндө билдирип, Сиздерге кайрылабыз.
Башынан токтолсок, мындай болгон. 2007-жылдын 13-июлунда Бакайата райондук билим берүү бөлүмүнө министр К.Осмоналиевдин буйругу менен ротация болуп келген башчыбыз К.Орозалиевге райондун акими К.Сатымкулов каршы болуп, директорлорду жана айыл өкмөт башчыларын өзүнө чогултуп алып, "К.Орозалиевге чыккан буйрук мени менен макулдашылган эмес, мен анын биздин райондо иштешине каршымын, силер менен мындан ары райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Сапаралиев иштейт, мен ага буйрук чыгардым" - деп баарыбыздын көзүбүзчө айтып, ооз эки буйрук берет. Учурунда биз аким К.Сатымкуловдун бул сөзүн түшүнүп, түшүнбөй аябай кыжаалатта калдык. Ошол күндүн эртеси "Ротация мыйзамсыз болуп калыптыр, К.Орозалиев мурдагы иштеген жерге кетиш керек, мен райБББнө башчы болдум, биз эми Аким баш болуп кол коюп, жогорку бийлик органдарына кат жөнөтүшүбүз керек"- деп 8 экземплярдан турган катты бизге анын мазмунун окутпай эле, актай баракка райБББнүн башкы адиси А.Сапаралиев, кудасы М.Сатиев менен күндөп-түндөп кыдырып, мектеп директорлоруна жана айыл өкмөттөрүнө кол койдуруп, тийиштүү жактарга жөнөтүшөт.
Арадан бир топ убакыт өтүп, аким райБББнө башчы кылган А.Сапаралиев райБББнө башчы болбой эле К.Орозалиевдин буйругу менен кызматтан бошоп, иши жок калат. Бизге белгилүү болгондой К.Орозалиев райБББнө башчы болуп келгенче райондогу мектеп кадрлары, негизинен атап айтсак, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жада калса директорлордун окуу тарбия иштери боюнча орун басарлары райБББмү тарабынан эмес, аким тарабынан чечилип калчу. Ошондон улам, "эмне үчүн акимдин буйругу аткарылбай калды"- деп таң калып да жаттык. Аким К.Сатымкуловду колдоп, башында К.Орозалиев жөнүндө так маалыматтарды билбей туруп эле, кээ бир адамдардын аны ушактаган жана мазактаган сөздөрүнө кошулуп, 14 директор, дагы буга эч кандай тиешеси жок мектеп коллективинин атынан өзүбүздүн колубузду коюп, жогорку органдарга арыз жаздык. Арыз жазып эле тим болбостон, өз ара уюшуп сүйлөшүп, 4 директорду, атап айтсак Ленин орто мектебинин директору, мурдагы райБББнүн башчысы М.Кадыралиевди, Жунусов орто мектебинин директору М. Дооронбековду, Капалов орто мектебинин директору А.Капаловду, Тойчубеков орто мектебинин директору К.Осмонбековду ар бирибиз 500 сомдон чогултуп, К.Орозалиевди кызматтан кетириш үчүн арыз менен 4 күнгө Бишкек шаарына жөнөттүк. Кийин облгубернатордун орунбасары К.Курманалиева, ОблББнын башчысы менен мектептерди кыдырышып, бардык жамааттарда болушат. Текшерүү учурунда дээрлик мектеп коллективдери К.Орозалиевдин районго жаңы эле жетекчи болуп келгенине байланыштуу, аны толук тааныбагандыктан дооматтары жок экендигин билдиришип, чогулуштарда айтышып, алардын атына кат жиберген, атап айтсак, Ленин орто мектебинин директору Г.Жумакеевага, Нарикбай орто мектебинин директору К.Осмонбековго нааразычылыктарын билдиришкендиктерин дагы билебиз. Бул ишти жасаган директорлор, биз дагы учурунда ыңгайсыз абалда болгонбуз.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, министрдин ротация жөнүндөгү буйругу дагы мыйзамдуу экени белгиленип, акимчиликте бардык райондун директорлору менен аким К.Сатымкулов жана комиссия катышкан чогулуш болот. Ал чогулушта аким К.Сатымкулов баарыбызды ынтымакка чакырып, К.Орозалиевге мындан ары эч кандай тоскоол болбостугун айтып, сөз сүйлөйт. Акимдин сөзүнөн кийин негизинен маселе чечилди деп ойлоп, чогулуштан тарап кеттик.
Арадан убакыт өтүп жатты. Бирок Аким К.Сатымкуловдун тегерегинде 4 директор К.Осмонбеков, К.Стамов, М.Дооронбеков жана М.Кадыралиев чогулуп К.Орозалиевдин толук кандуу иштешине чоң тоскоолдук кылышып, ар кандай интригаларды уюштуруп жатышты. Ар бир чогулуш сайын болбогон шылтоолорду табышып, чогулушту үзгүлтүккө учуратууга жана чатак чыгарууга чейин барышып, кайрадан арызданууларды башташты. Акыры, 6-март 2008-жылы К.Осмонбеков тарабынан пара берүү иши уюштурулуп, аны ишке ашырышты. Бул иштин актыгын тийиштүү органдар чечишер.
Биз билгенден К.Орозалиевдин К.Осмонбековдон акча сураганын уккан да, эч ким көргөн да эмес. Бул анын К.Орозалиевге атайын кызматтан кетириш үчүн жасаган жамандык иши деп эсептейбиз. Бул окуядан кийин аким К.Сатымкулов маселенин мыйзам чегинде чечилишин күтпөй, К.Орозалиевдин үстүнөн текшерүүлөрдү эле уюштурбастан, аны кызматтан кетирүү үчүн министрликке сунуштамаларды, жогорку органдарга жаман мүнөздөмөлөрдү жөнөтүп жатканын угуп жаттык. Өзүнүн кызматкерлеринен комиссия түзүп "Билим берүү" жөнүндөгү мыйзамдын 36ст. каршы, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерин кошпой, мектептердеги окуу-тарбия иштеринин абалын текшерип баштады. Бул боюнча буйрук чыгарып, ага акимчиликтин кызматкерлерин комиссия курамына кошуп, анын жетекчисине өзүнүн орун басары С.Керекбаеваны жетекчи кылып дайындады. Комиссия май айынын аягында текшерген ишинин жыйынтыгын июль айынын 31инде райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясында бардык мугалимдер, директорлор жана райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты эмгек өргүүсүндө жүргөндө карашып, бардык коллегия мүчөлөрү аким баш болуп "К.Орозалиев менен иштешпейбиз"- деген чечим кабыл алганын билдик. Коллегияга акимдин жакын адамдары, күйөө баласы М.Дооронбеков -Жунусов орто мектебинин директору, М.Кадыралиев -Ленин ортомектебинин директору, кызматтан кеткен Нарикбай орто мектебинин директору К.Стамова болушту деп уктук, ал эми биздин эмгек өргүүдө болгонубузга карабай, бизди "коллегияга катышпай калдыңар"- деп К.Сатымкулов кызматкерлерин үйлөрүбүздү кыдыртып, ар бирибизден кыйнап түшүнүк алып кетти. Акимдин мындай жосунсуз жоруктары бизди аябай таң калтырат жана тынчсыздандырат. Ал бизге азыр райондун саясий калыс жетекчиси эмес, текшерүүчүгө айлангандай сезилет. Болбосо, К.Орозалиев баягы эле өзүнүн жеке кызыкчылыгын чечиш үчүн, билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ордуна А.Сапаралиевди коем деп жатабы же башка кадры барбы? Эмнеси болсо да бул иш бизге түшүнүксүз. Андай болсо аким К.Сатымкулов менен иштешпейбиз деп 10 киши айтып койсо эле ал өзү да иштебей калабы? Же кадр маселеси Бакайата райондук мамлекеттик администрациясында анын башчысы К. Сатымкулов тарабынан ушинтип эле чечип калабы? Же болбосо райондогу стабилдүүлүктү бузуунун бирден бир жолун аким ушундайча ишке ашырганы жатабы?
Акырында айтаарыбыз, К.Орозалиев 1 жыл иштеп, анын такшалган, өз ишин жогорку деңгээлде билген, уюштургуч, мыкты жетекчи экенине көзүбүз жетти. Бизге башка жетекчинин кереги жок. К.Орозалиев Талас областына таанымал, инновациялык иштерди колго алып, областа 2 лицейдин автору болуп ачкан, көптөгөн сыйлыктардын ээси, Талас шаарынын депутаты.

Урматтуу
губернатор!
Урматтуу
Билим жана
илим министри!
Ушундан улам Сиздерден аким К.Сатымкуловдун мындай кыймыл-аракеттерин мыйзам чегинде текшерип, ага карата чара көрүп коюуңуздарды суранып, кайрылабыз.

Кайрылууга 20га жакын райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору жана мугалимдер кол коюшкан.

Редакциядан:

Мына ушундай окурман! Таластык Кенжалы Орозалиевди гезит беттерин барактаган, билим берүү маселесине тиешеси бар, республиканын көптөгөн адамдары билип калды.

Чындык деп чыркыраган, чын эле түз адамбы, же өз көмөчүнө күл тарткан өзүмчүл адамбы, ким билсин, айтор, элди эриктирбеген соттошуулары, жакташуулары менен жалпы элге "Атың чыкпаса, жер өрттө" дегендей таанылып алды.

Аны жактап кайрылуу жолдогон жактоочуларынын каалоосу канааттандырылабы, жокпу, аны тиешелүү органдардын абийирине калтыралы.




"Эжеси бардын
ырысы барбы?"

Элдин жашоосу күндөн-күнгө кыйындап, кымбатчылык күчөп турган кезде Социалдык фонддогу элдин камсыздандыруу взносуна чогулган буудайды сатып, андан түшкөнү акчаны өз чөнтөгүнө салып, басып жүргөндөр да бар. Атап айтсак, Ысык-Көл областынын Түп райондук социалдык фондусунун мурдагы башчысы, азыркы күндө Жети-Өгүз районунун социалдык фондун жетектеп турган Алмаз Рыскуловдун үстүнөн Түп райондук прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүнүн жана 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Аныктап айтсак: Ысык-Көл областтык соцфондунун уруксат кагазы менен Айбалиев Касен 23-март, 2006-жылы Түп райондук соцфондунан 9760 кг. буудай алып, келишимдин негизинде бир жылда, тактап айтканда 1-декабрь 2006-жылы кайтарып бермек. Бул алынган буудайдын наркы 7 сом 20 тыйындан болгон. Бирок, буудай убагында кайтарылып берилбей, келишим кайра түзүлүп, 2008-жылдын февраль айында Айбалиев алынган 9760 кг буудай үчүн 72000 сомду А. Рыскуловго анын айдоочусу Мураттын көзүнчө кайтарып берген. Рыскулов акчаны алып, Бишкекке чыгып жатканын айтып, "квитанцияны келгенде берем"-деп, ошол боюнча 72 000 сомду кассага кириштеген эмес. Андан тышкары, 15-май 2006-жылы жасалма келишим менен 5 тонна буудайды, 4-июнь 2007-жылы Орозбаевага бердим деп 29 тонна 232 кг буудайды жок кылган. "Кыңыр иш кырк жылда билинет"-дегендей Рыскуловдун бул кылгандарын Айбалаев да, Орозбаева да келишимге кол койбогонун, коюлган кол алардыкы эместигин тастыктап беришти.
Жалпы эсеп менен Рыскулов Алмаз тарабынан мамлекетке 3 167 424 сом зыян келтирилген.
Рыскулов деген ким? Эмне себептен бул жигит эч бир тоскоолдуксуз улам бир районго соцфонддун башчысы болуп которулуп, ал гана эмес Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарына 3 кабаттуу особняк курдуруп жатат? Көрсө, бул жигит Кыргыз Республикасынын Миграция жана калкты жайгаштыруу комитетинин төрайымы кадимки Айгүл Рыскулованын иниси экен. Ошол себептен Айгүл эжекебиз канаттууга кактырбай, керек болсо ачылган ишти жаап салууга болгон аракетин жумшоодо деп угабыз.
Бул иштин канчалык деңгээлде татаалдыгын билип туруп, бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунун акими Турдукеев Замирдин А. Рыскуловго "адвокаттык" кызмат кылып жүргөнүнүн кандай себеби бар? Себеби, Турдукеев менен Рыскуловдун тымызын кылыктары чыгып калбасын деген чоочулап жаткандыр. Ал тууралуу толуктап туруп эмики катта билдиребим.
P.S. Жалган жалааларды жазып жатат деп Сиздерди сотко бербесин деп, тактык үчүн Түп райондук прокуратурасынын тергөөчүсүнүн иш козгоо боюнча чечимин кошо жибердик.
Муканбетов Э
Түп району, Түп айылы