№64, 05.09.08-ж.
  Д ү й н ө д ү р б ө л ө ң ү

Афганистан
АКШнын акскердик жоготуулары

Айтылуу эгиз мунаралар жардырылган соң, 2001-жылы Афганистанга согуштук чабуул баштагандан бери Пентагон 500 аскеринен айрылган.
Афганистандагы америкалык аскерлер ушул жылдын жай айында өзгөчө кыргынга дуушар болду. Тагыраак айтсак, АКШ июнь айында эле 22 жоокерин оо дүйнөгө узатса, август айында 28 аскеринен айрылган.
Жалпы коалициялык күчтөрдүн жоготуусу эки айдын ичинде эле 46 адамды түзгөн. Талибдер тарабынан болсо, август айынын акыркы эле жумасында 220 адам шейит кеткен.
Кошумчалай кетсек, демократияны жамынып, дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн АКШнын каарына кабылган Иракта да Пентагон миңдеген аскерлеринен кол жууган. Иракка кол салгандан берки беш жыл аралыгында АКШ төрт миң аскер кызматкеринен айрылган.

Жапония

Жапон премьери кызматтан баш тартты

Жапониянын премьер-министри Ясуо Фукуда шейшемби күнү өкмөт башчылык кызматтан баш тарткандыгын расмий түрдө жарыя кылды.
Фукуда Жапониянын премьерлик кызматында 2007-жылдын сентябрь айынан бери эмгектенип келген. Өлкөдөгү эң жогорку кызматтан баш тарткан мындай чечимин, жапон элине болгон расмий кайрылуусунда "өлкөдөгү оппозициялык күчтөрдүн тынымсыз сынга алып, кысым көрсөткөнү себеп болду" деп түшүндүргөн. Анын үстүнө, Ясуо Фукудо баштаган өкмөт мүчөлөрүнө болгон жапониялыктардын нааразычылыгы акыркы айларда абдан күчөп, министрлер кабинетине болгон элдин ишеничи кетип калган.
Кошумчалай кетсек, август айында Жапониянын министрлер кабинети да өз эрки менен кызмат орундарын тапшырышкан. Эми минтип, жаңы өкмөт мүчөлөрүн дайындап коюп, өз командасынан бөлүнбөй, премьер-министр Ясуо Фукуда да премьерлик креслосун өз эрки менен тапшырып отурат.

АКШ

Акчаң болсо, ажал да сага кеп эмес

Биотехнологиялык "БайоАртс интернэшнл" деп аталган компания тарыхта болуп көрбөгөн укмуштуудай аукцион уюштурат.
Бул аукциондо сиз ойлогондой атактуу Леонардо да Винчинин же Рембранттын сүрөттөрү сатылбайт, бул аукциондо "балканын башы менен" эң жакын досуңуз, өлүп калган сүйүктүү итиңизди тирилтип алсаңыз болот.
Бул үчүн сиздин капчыгыңызда жок дегенде 100 миң доллар акчаңыз болуш керек, себеби бул аукциондун башталыш акчасы дал ушул сумманы түзөт.
Ян Уилмат жетекчилик кылган "БайоАртс интернэшнл" компаниясы жаныбарларды клондоо укугуна ээ дүйнөдөгү жалгыз компания болуп эсептелет жана бул аукциондо сүйүктүү жаныбары үчүн акчасын аябагандарга өз кызматын көрсөтмөкчү.
Эсиңиздерде болсо, 1996-жылы дал ушул компания дүйнөдөгү эң алгачкы клондолгон Долли аттуукойду лабараториялык жол менен жарык дүйнөгө келтирген.
Таиланд

Бангкокдогу башаламандык

"Азиянын арстаны" аталаган Таиландда оппозиция менен өкмөттүк тарапкерлердин ортосунда кагылышуулар болуп, 2-сентябрь күнү өлкө борбору Бангкокто өзгөчө абал киригизилди.
Таиланддык оппозициячыл-саясатчылардын башын бириктирген "Демократия үчүн Элдик союз" деп аталган уюмдун мүчөлөрү Таиланддын азыркы өкмөт башчысы Самак Сунтараветтин саясатына алым сынбай, ага карата саясий күрөштү катуу башташты.
26-августта премьер-министрге нааразы 17 миң адам өкмөттүк резиденциянын короосуна кирип барышкан. Самак Сунтараветтин кызматтан кетишин гана талап кылышкан алар өкмөттүк имаратты басып алышкан эмес.
Өкмөт башчы Самак Сунтаравет кызматтан баш тартпастыгын жарыялап, митингчилерге каршы күч колдонуп, абалдын ого бетер курчушуна алып келген.
Миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өлкөдөгү эң ири НБТ мамлекеттик телеканалын, ж.б маанилүү мамлекеттик имарттарды басып алышкан.
Өкмөт башчы Самак Сунтаравет 29-август күнү өлкө борборун таштай качып, Хуа Хин шаарына учууга аргасыз болгон.
Ал эми 2-сентябрь күнү Таиланддын ар кайсы аймактарынан, учурдагы премьер Сунтараветтин саясатын колдогон миңдеген адамдар Бангкок шаарына чогулушкан. Эки тараптын ортосунда болгон кагылышуулардан ондогон адамдар жаракат алып, бир адам каза болгон.
Эске сала кетсек, "Демократия үчүн Элдик союз" деп аталган оппозициялык бул кыймыл, өлкө премьери Самак Сунтараветти "өлкөдөгү миңдеген жылдар бою сакталып келген королдук бийиликти жок кылып, жеке бийлигин чыңдоого аракет кылууда" деп күнөөлөп, 2006-жылы өлкөдөн куулган экс-премьер-министр Таксин Чинаваттын көрсөтмөсү менен саясат жүргүзгөн, анын "марионет" кол баласы экендигин айтып келишет. Себеби, Таиланддагы ошол төңкөрүшкө чейин Самак Сундаравет Таксин Чинаваттын адмнистрациясында белдүү кызматтарда иштеп, ал гана эмес, экс-премьердин "Тайлыктар тайлыктарды сүйөт" деген аталыштагы бийликчил партиясын төңкөрүштөн кийин атын гана "Элдик бийликтин партиясы" деп өзгөртүп, ошол бойдон сактап калган деп эсептешет.

Орусия

Жинди сууга тоюп алган жиндилер көп оруста

Орусияда жинди сууга тоюп алган бир адам аскердик БМП автоунаасын айдай качкан.
Орусия Федерациясынын курамындагы Еврей автономдук областынын Горное деп аталган айылынын 22 жаштагы тургуну БМПны зуулдатып айдай качып, Еврей автономдук областынын бир катар жогорку аскер чиновниктеринин кызматтан шыпырылышына себеп болду.
Горное деп аталган бул айылдын чет жакасында 1-сентябрь күнү кезектеги аскердик машыгуусун өткөрүп жатышкан аскер кызматкерлерин каратып туруп, БМПсын уурдап качкан бул эргул Орусия Федерациясынын 167-беренесинин "автоунаа уурдоо" деген пунктуна ылайык, өз жазасын тартканы турат.

Армения

Армян-түрк алакасы жакшырабы?

Түркия президенти Абдулла Гүл Армениянын президенти Серж Саркисяндын чакыруусу менен 6-сентябрь күнү Ереванга сапар тартмакчы.
Бул эки өлкөнүн президенттеринин эң алгачкы жолугушуусу болуп калмакчы. Себеби, эки өлкөнүн ортосундагы карама-каршылык 1915-жылдан бери уланып келет. Армения 1990-жылдары эгемендикке ээ болгондон бери Түркия менен эч кандай дипломатиялык байланыштарды түзгөн эмес. Армения бүгүнкү күнгө чейин Түркия өкмөтүнөн 1915-жылы Осмон империясы тарабынан кырылган бир жарым миллион армяндын өлүмүнө жооп берип, армян элине карата жасалган геноцид фактысын моюнга алуусун талап кылып келет.




АЖОЛОР УЧУРУНДАГЫ АВИАКЫРСЫКТАР ЖЕ КИМДИН ЖОЛУ КАНДАЙ?
Август айынын акыркы жумасында, т.а 24-август күнү өлкөбүз Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөн эң ири авиакырсык болуп өттү. "Боинг 737" учагынын бортундагы 95 адамдын 65и тирүүлөй өрттөнүп, беш адамдын абалы дагы деле оор бойдон калууда.
Албетте, бул кырсыкка чейин Кыргызстандын учактары жөнүндө көп эле сөздөр айтылып келген. Европа өз асманына биздин учактарды жакын жолотпой, кыргызстандык учактарды эчак эле "кара тизмесине" кийирип коюшкан. Ага деле болбой, бул тармакка жооп берген чиновниктерибиз "бизге жарай берет" деген мааниде жарактан чыккан чет элдик авиатранспортторду жамап-жумап, акча үчүн миңдеген мекендештерибиздин өмүрлөрүн тобокелге салып келишкендерин кимден жашырабыз? Ушундай кайдыгерлигибиздин кесепетинен 24-август күнү бейкүнөө ондогон адамдар тирүүлөй өрткө куйкаланып, оо дүйнөгө кете беришти.
Августтагы авиакырсык өлкөбүздүн 1991-жылдан берки эгемендүү тарыхындагы эң масштабдуу ири кырсык болуп эсептелет. Бирок, коомдук резонансты жаратпай, майда-чүйдө кырсык катары катталып калган, буга чейинки ата-мекендик аба учактарыбыз катышкан авиакырсыктарга көз жүгүртүп көрсөк, кара тизме бир топ эле узун экен.

Акаевдин заманында:

1995-жыл, 4-октябрь. Ысык-Көлдүн тоолорунда кыргыз кендерин чалгындоо иштери менен жүрүшкөн түркиялык жана канадалык 12 адис жана экипаждын 4 мүчөсү МИ-8 учагы менен жарды сүзүп, жарылып өлүшкөн.
2000-жыл, март. МИ-8 учагы менен Нарындын тоолорунда эчки-текелерге мергенчилик кылып жүргөн адамдар кырсыкка учурап, учкучтар аман калып, мергенчилер каза болгон. Арасында биология илимдеринин доктору, белгилүү бизнесмен, Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Матыев болгон.
2000-жыл, жай-күз айлары. Өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн Баткен коогалаңында Кыргызстан үч аскердик учактарынан айрылган. Бактыга жараша жүргүнчүлөрү аман калышкан.
2004-жыл, март. Ошол мезгилдеги Экология жана өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигине тийиштүү Ми-8МТВ учагы Ат-Башынын ак-карлуу тоолорунда кырсыктап, эки адам каза болуп, жетөө өтө оор жаракат алышкан.

Бакиевдин заманында:

2005-жыл, 6-август. Ошол эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тийштүү жалгыз Ми-8 учагы Хан-Теңири чокусуна жакын аймакта өрттөнүп кеткен. "Тянь-Шань тревл" деп аталган туристтик фирма тарабынан ижарага алынып, 22 саякатчыны атактуу Хан-Теңириге алпарып, эс алдырып жүргөн МИ-8 учагындагы бардык жүргүнчүлөр аман калышкан.
2006-жыл, сентябрь. Кыргызстандык Ми-17 учагы Непалдын тоолорунда кырсыктап, Непалдын токой-чарба министри, канадалык дипломат баш болгон 23 адам каза болгон. Кырсыкты изилдеген эл аралык эксперттер кырсыктын башкы себеби, кыргызстандык учкуч Клим Кимдин тажрыйбасыздыгы деп жыйынтык чыгарышкан.
2006-жыл, сентябрь. "Манас" аэропортунан Бишкек - ОШ-Москва каттамы боюнча жаңы эле жерден көтөрүлгөн президенттик Ту-154 учагы америкалык май толтуруучу С-130 "Геркулес" учагы менен кагышып, америкалык "Геркулес"Ту-154түн канатын кайрып өткөн. Бактыга жараша 52 жүргүнчүсү бар Ту-154 аэропорттун асманын бир айланып, аман-эсен кайра конгон. Бул учактын учкучтарынын чеберчилиги дагы бир эң ири кырсыктан 52 адамды аман сактап калды.
2007-жыл, апрель. Жеке менчик "Композит" деп аталган ишканага тийиштүү А-27 учагы Жалал-Абаддын эгин талааларында химиялык дары чачып жүргөндө кырсыктап, учкуч Автандил Сажитов жарылып өлгөн.
2007-жыл, июнь. Нарын облусунда президенттик дагы бир Як-40 учагы жарылган. Өлкөбүздүн жарандык авиация чиновниктери саякаттап бараткан бул учак бортундагы бардык адамдар тирүү калышкан. Кырсыктын себептерин изилдөөгө алган өкмөттүк комиссия азыркыга чейин эч кандай жыйынтык чыгара элек.
2007-жыл, август. Кыргыз-казак чек арасындагы "Достук" чек ара заставасына жакын аймакта пахта талааларын химиялык иштетүүдөн өткөрүп жаткан Ан-2 учагы жарылып, иштен чыккан. Учактагы төрт адам тирүү калышкан.

Бетти даярдаган
Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"