№64, 05.09.08-ж.
  Кыргызстандагы регионализм: миф жана реалдуулук

Саясий миф деген эмне?
(Башталышы өткөн санда)

Нурдин Ракымбай уулу,
журналист-аналитик.
Алмамбет Шыкмаматов,
"Ата Мекен" партиясынын
координатору.

3 - миф:
"Өз" бийлик келгендиктен, Түштүк көтөрүлө баштады

Бүгүнкү күндө айрым саясатчылар жаңы бийликтин келиши менен Кыргызстандын түштүк регионунун калкынын социалдык-экономикалык жана психологиялык абалы оңоло баштады деп билдиришүүдө. Эки региондун элинин жекече социалдык маанайын салыштыра келсек, чындыгында эле бийлик алмашуу түштүк калкынын көпчүлүк бөлүгүн канаттандырган сыяктуу. Республикалык Эларалык институту 2007-жылдын ноябрында жүргүзгөн социологиялык иликтөө түштүктүктөрдүн 76%ы, ал эми түндүктүктөрдүн 46%ы гана өлкө туура багыт менен баратат деген пикирде экендигин көрсөткөн. А түштүк регионунун калкынын мындай маанайын саясий мифтердин "авторлору" мамлекет башчылыгына алардын өздөрүнүн жердеши келгендигине байлап түшүндүрүп жатышат...
Коментарий: Түштүктүн өсүшүнүн 2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашууга эч кандай байланышы жок
Түпкүлүгүндө, түштүк регионунун жашоочуларынын социалдык маанайынын жакшырышы бир канча себеп- объективдүү толкундар менен байланыштуу. 24-март окуясына тиешеси жок ал толкундар кыргыз коомундагы саясий атмосфераны, күчтөрдүн катышын да өзгөрттү.

1. Демографиялык толкун

Кыргыз үй-бүлөсү илгертен көп балалуу болуп келген эмеспи. Бирок, көчмөнчүлүк турмушта ачкачылык жана эпидемиялык ооруларга байланыштуу өлүм-житимдин көп учурашы калк санынын тез темп менен көбөйүшүн кармап турган. Советтик бийлик кыргыздарды отурукташтырып, социалдык- экономикалык өнүгүштү алып келип, медициналык камсыздандырууну жолго салды. Ошондуктан, 11 жылда (1959-1970) эле кыргыз элинин саны 53% га көбөйгөн көрсөткүчкө да жетиштик. Ал эми Түндүк Кыргызстандагы төрөлүү көрсөткүчүнүн туу чокусу 1970-1980-жылдарга туш келет. Арийне, ошол учурдагы демографиялык "секириктин" балдары чоңоюп, эр жетип, бой тарткан кезде "эсил кайран" СССР күм-жам болуп, калк жыш жайгашкан регионду жумушсуздук каптап, үй-жай салганга жер да жетишпей калган. Ошентип, өлкөнүн Түштүгүндө чектелген ресурстардын (азык -түлүк, суу, жер, жумуш) шартында калк саны ашыкча көбөйүп кеткен демографиялык проблема пайда болгон. Анын натыйжасында 2000-жылдардын башталышында бул региондо мамлекеттик бийликтин саясатына (жумуш, социалдык колдоо жок, келечек бүдөмүк) катуу нааразы жаштардын ири массасы топтоло баштаган эле. Түштүк жаштарынын санынын ылдам өсүшү аларды олуттуу социалдык жана саясий күчкө айландырган. Ал эми ар кандай күч-кубат эйфорияны жаратат эмеспи.

2. Миграциялык толкун

СССРдин кулашы Кыргызстандын экономикасына, жашоо-турмушуна катуу сокку урду. Бүт өлкө боюнча бюджетниктер айлап айлык күтүп, заводдор токтоду, колхоздор таланды... Анча-мынча каткан мүлкү же тажрыйбасы, жөндөмү бар адамдар бул кыйчалыш кырдаалдан чыгуунун жолун соода жана тейлөө тармагынан көрүп, мугалим, врач, мамкызматкерлер "челнокторго" айланып, алы жеткендери соода жана чач-тарач сындуу тейлөө түйүндөрүн ача башташты. Бул кыйын кезеңде баарынан да айылдыктардын жолу катуу болду. Себеби, аларда жогорудагыдай мүмкүнчүлүк жок болчу. Колхоз-совхоздордун тарашынан кийин алардын энчисине арзыбаган гана жер үлүшү тийген (бирок аны жакшылап иштетейин десе, айыл чарба техникаларынан куру жалак). Ал эми айдоо аянттары башынан эле кеңири түндүк регионундагы жер үлүштөрү бир кыйла чоң болчу. Түштүктүн калк жыш жашаган же тоолуу райондорунун дыйкандары болгону 4 -6 сотыхтан гана жерге ээ болгон. Ошентип, көп балалуу үй-бүлөөлөрдөн куралган түштүк калкы жакырчылыктын сазына батып, айласыз акыбалга кептелет.
Ылдам көбөйүп жаткан түштүк калкы жумушсуз калганы аздык кылгансып, оңчулуктуу жерге, сууга да жетпей калды. Алардын проблемасын чечүү үчүн чечкиндүү мамлекеттик саясат жүргүзүлүшү керек эле. Бирок мамлекеттик бийлик андай саясат жасай алган жок. Мамлекеттик бюджет ресурстары "Манастын 1000", "Оштун 3000-жылдыгын" майрамдоо сыяктуу идеологиялык иш-чараларга коротулуп жатты. Бийлик өз жарандарынын проблемасын чече албаган соң, калк өз көйгөйүн өзү жайгарууга өттү. Бүт өлкө боюнча башаламан миграция башталды. Эл региондордон массалык түрдө борборго, асыресе түштүктөн түндүккө ооп, көчүп келип орун-очок алып кирди. Бишкекти тегеректей 1990 -жылдардан баштап түшө баштаган жаңы конуштарга 2000-жылдардан баштап негизинен түштүктөн келгендер жайгаша башташты. Учурунда Кыргызстандагы биринчи "жер басып алуучулар" айылдан келген үйсүз, жерсиз жаштар, студенттер болчу. Алар элетте жумуш да, жер да, балдарын жеткилең өстүрүп чоңойтуу үчүн шарт да жоктугун сезип, айылдагы үйүнө кайра кайтууну пайдасыз деп табышкан. Андыктан борбордо биротоло жашап калууга болгон күчү менен тырышкан. Жоопкерчиликсиз мамлекеттик саясат алар үчүн башка жол калтырган эмес болчу.
Деген менен, ички миграция Түштүк регионунун проблемаларын чечип, баарын жөнгө сала алган жок. Регион жыш калк үчүн тардык кылып, жакыр боюнча кала берди. Акырында ички миграция толкуну тосмону жарып, сырткы экинчи бир толкундун жаралышына түрткү болду. Кыргыздар иштеп акча табуу үчүн чет өлкөлөргө чыга баштады. Алардын бир бөлүгү коңшу Казакстанга багыт алган. Бу кезде казактардын жаңы борбору Астана катуу дем менен курулуп жаткандыктан, жумушчу күчү үзгүлтүксүз талап кылынып турган эле. Канткен менен мекендештерибиздин басымдуу көпчүлүк бөлүгү Россияга сапар тартып, Москва менен Питерден Сибирь менен Ыраакы Чыгышка чейин таралып жатты. Капчыкта калың пулу менен кеткен "челнокчу" соодагерлерден айырмаланып, эмгек мигранттары жол билети, анан бараар жерине жетер азыгы менен гана жолго чыгышчу. Кайда барбасын аларды эң оор, айлыгы аз, начар жумуштар күтүп турчу. Бирок, кандай гана оор шарт болбосун биздин мекендештердин кайра кайтууга аргасы жок болчу. "Чегинүүгө жер жок, артыбызда Москва" дегендей, Атамекенинде жакырчылыкка тушуккан үй-бүлөсү алардын иштеп акча таап келүүсүн чоң үмүт менен күтүп турган. Биринчи кыргыз мигранттары чет өлкөдө аргасыздан иштеп, өз үй-бүлөлөрүн жакырчылыктын чегинен чыгарып эле тим болбой, мекендештери үчүн сыртта иштеп акча табуунун даңгыр жолун ачышты. 2005-жылга келип, Россия менен Казакстанда саны болжол менен жарым миллиондон миллионго жакын мекендештерибиз иштей баштаган.

3. Финансылык толкун

Түштүктүн социалдык маанайын өзгөрткөн үчүнчү толкун Россиянын акчасына багынкы. АКШ менен анын союздаштары Иракка согуш ачкандан кийин, нефть жана газдын дүйнөлүк баасы көтөрүлүп, асманга чыкты. А бул Россия экономикасынын чоң секирик жасашын шарттады. Анын натыйжасында эмгек акылар кескин жогорулап, кыргыздын эмгек мигранттары мекенине арбыныраак акча которо баштады. 2007-жылдын ичинде эле алар Кыргызстанга 1,5 миллиард АКШ долларынан ашуун акча каражатын алып келишкен. Жамыга дайын болгондой, эмгек мигранттарыбыздын басымдуу көпчүлүгү (белгилүү саясатчы Жумагул Сааданбековдун болжолу боюнча 90%ы) түштүктүктөр, демек, четтен келген валюта агымы алардын Түштүктөгү үй-бүлөсүнө тийип жатты.
Иштеп келүү үчүн алгачкы жердештерибиз барган кезде Россия экономикасында кризистик абал өкүм сүрүп турган болчу. 2000-жылдан тартып, нефть, газдын дүйнөлүк баасынын кымбатташы бул өлкөнүн экономикасынын кескин өсүшүнө шарт түздү. Өзүнө келип чыйралып алган ири өлкөнүн экномикасы анан эмгек ресурсун көбүрөөк талап кыла баштады. Владимир Путиндин президенттигинин экинчи мөөнөтүнөн тарта Россиядагы короо шыпыргыч, жүк түшүргүч ж.б. кара жумушчу кыргыздардын санын ширетүүчү, электрик, айдоочу, механик сыяктуу квалификациясы салыштырмалуу жогору кадрлар толуктай баштады. Россия облус, крайларынын жетекчилиги Кыргызстандын региондорунан жумушчуларды өздөрү келишимдик негизде жыйноо практикасын ишке киргизе баштады. В.Путин 2007-жылы эски мекендештеринин Россиядан ыктыярдуу конуш алышын жеңилдеткен мамлекеттик программаны ишке киргизди. Ошондон тартып, өлкөбүздөн мугалимдер, врачтар, инженерлер да Россияга кете баштады. "Воскресный вечер с Владимир Соловьевым" аталган телеберүүдө (НТВ, 22.06.08) россиялык экономика мындан ары тышкы жумушчу күчүн пайдаланбай туруп өр тарта албастыгын, бир эле кезде эксперттердин бир тобу моюнга алды. Россия Федерациясына агылган эмгек миграциясына тоскоол болгондун ордуна, тыштан келген (биринчи кезекте Борбордук Азиядан) ишчилерди максаттуу тандап, окутуп-үйрөтүүгө өтчү убак келди деген пикирде алар.
Эми кыргыз мигранттары таптакыр эле жайдак жерге барып жаткан жок. Россиянын кайсы регионуна барбасын, өзүнөн мурун кетип, ишке орношкон туугандарын, жердештерин же досторун табат. Азыр биздин жарандар өз эмгеги үчүн бир кыйла жогору өлчөмдөгү акы алып жатат. Андыктан алардын мекенине которгон финансы каражаттарынын көлөмү да бир кыйла көбөйдү. Түштүк регионундагы финансылык абалдын жакшыргандыгынын белгилери 2004-жылы (бийлик алмашканга чейин) эле байкала баштаган. Ошол кезде иш сапары менен барган президент Аскар Акаев түштүк регионунда жүрүп жаткан жеке үй-жай курулушунун масштабына таң калып, анын таасиринде борборго келери менен 2005-жылды "Социалдык туруктуулук жана турак-жай курулушунун жылы" деп жарыялаган. Бул боюнча иш-чараларга жоопту кылып мамкатчы Осмонакун Ибраимов менен премьер-министр Николай Танаевди дайындайт.
Россиядан агылган финансылык толкун түштүк регионунун социалдык маанайын көтөрүп, психологиялык атмосфераны жеңилдетти. Арийне, финансы толкунунун көлөмүнүн көбөйүшүндө эски бийликтин да, жаңы бийликтин да кымындай эмгеги жок. Аны үй-бүлөсүн, балдарын багуу үчүн бөтөн өлкөдө ден соолугун тобокелге салып пешене тер төккөн эмгек мигранттарынын өжөр эмгеги жана кудай оң салып, нефть менен газдын баасынын кымбаттап кетиши жаратты.

4. Керектөө толкуну

2003-2004-жылдардан тарта эмгек миграттарынын которгон акчасынын суммасы улам көбөйүүнүн үстүндө келе жатат. Эки жыл мурда ал сумма 500 миллион АКШ долларынын айланасында болсо, 2007-жылы 1,5 миллиард долларды түздү. А быйылкы жылы андан да ашыгыраак болушу күтүлүп турат. Россиядагы кыргызстандык эмгек миграттарынын көпчүлүгү түштүктүн өкүлдөрү эмеспи. Эске алынган 1,5 миллиард доллар акча каражатынын негизги бөлүгү алардын туугандары- түштүктүктөргө тийгени айтпаса да айгине. Өзүбүздүн чен өлчөм боюнча жетишерлик ири суммадагы ал каражат кайда, эмнеге короп жатат? Азыркы Кыргызстанда акча каражатын ишке чегерип, айланта турган олуттуу тармак жок: заводдор дээрлик калган жок, туризм али бутуна тура элек, а айыл чарбасы чыгашалуу.

(Уландысы кийинки санда)