№64, 05.09.08-ж.
  А р у у д ү й н ө

ЖАН ДҮЙНӨМӨ ЖАР САЛГАН - А Л Ы К У Л
(Башы өткөн санда)

Жыпар ИСАБАЕВА,
акын, жазуучу жана
журналист:

"Сүйүү
дагы чыгарма сыяктуу
Кудайдан берилчү нерсе…"

Башында кара кепка, тизесине чейин жылмакай өтүк кийип алган, конучунан шымы балбырап чыгып турат. Көйнөгүнүн жакасын костюмунун сыртына чыгарып коюптур. Аны карап-карап таң калам да: "Агай сиз өлбөдүңүз беле, бул жакка кантип келип калдыңыз?"-десем, улутунуп койду да: "Ким айтты сага мени өлдү деп? Мен өлгөн эмесмин. Азыр алыс жакта… түрмөдөмүн",-деди. Аны аяп карап коем. Эмне кылып алаксытаарымды билбей, эки-үч ырым бар эле, ошону алып чыгып: "Агай, мен да ыр жазгам, окуп көрөсүзбү?"-дейм. Ал дептерди колуна алып барактап, "Менин көп ырларымды уурдап алышпадыбы?"-деп муңайып калды. Мен анда мектепте окуп жүргөн кезим, эч нерсеге түшүнбөйм да. "Аа, менин дагы редакцияга жиберген кээ бир ырларым жоголуп кетти",-деп коем. Баламын да.
Кийин жогорку окуу жайында окуп жүргөндө Качкынбай Артыков агайдан Алыкулдун акыркы өмүрүндөгү бир жыл бою жазып жүргөн ырларын уурдап алышканын уктум. Ал өлгөндө үйүнө биринчи кирген киши алып койгон экен. Болбосо Алыкул ыр жазып отуруп көз жумган. Ошондо баягы түш эсиме келип, түштө да аян болооруна ушунча таң калдым.
- Кызык экен… Андан кийин Алыкул түшүңүзгө кирбедиби?
- Дагы бир жакшы түш көрдүм. Алыкул агай сахнада ыр окуп жатыптыр. Тим эле чекесинен тер куюлуп, тамчылоодо. Ошол токтоосуз куюлган терди эки кочушуна толтуруп, чогултуп шыпырып алды да, кайда таштаарын билбей кайпактап калды. Мен акырын элден суурулуп чыгып сахнанын четиндеги көшөгө тарткан жерге барып туруп калдым. Алыкул кочушундагы терди бетиме чачып жиберди. Эгерде өңүңдө денеңеби, бетиңеби бир нерсе тийсе денең жыйрылат го, а түшүмдө тескерисинче денеме кут түшкөндөй дене-боюм дүр дей түштү. Бетим сууланышып, тер агып жатканын сезип турдум. Түшүмдө ичимден ойлонуп жаттым "Жок мен аарчыбашым керек. Аарчыбайм",-деп. Ойгонсом денемдин дүркүрөгөнү кадимкидей сакталып, ошол түштү кайра кайталап эстеп, ошондон рахат алып жаттым.
- Айтып коюшат го, талант өзүнөн-өзү келбейт деп. Бул деле Теңирден берилген кут болушу керек?
- Мен ушуга дагы бир мисал айтып берейин. Нарында жолдошум экөөбүз квартирада жашап жүрөбүз. Негедир эле менин бир жакка баргым келе баштады. Алыкулдун мүрзөсүнө баргым келип, алагды болуп, эч нерсени сүйбөй калдым. Тамакты дагы, музыканы дагы… Ошол жакка эле тартылам, дегдейм... "Ооруп калдымбы?"- деп өзүмчө тынчсызданып, таң калам. Акыры чыдабай, бир күнү күйөөмө: "Мен университетке барып келейин",- дедим. Анда сырттан окучумун. Эртең менен таң атпай автобус менен шаарга келдим. Мүрзөлөрдү аралап Алыкулдун эстелигин издеп жөнөдүм. Негизи мүрзө аралаган коркунучтуу го, ошондо менден негедир коркуу сезимим да жоголуп кетти. Ушунчалык дегдейм, шашам. Абдан чаалыгып, чарчап, суусап, демим кыстыгат. Акыры Алыкулдун мүрзөсүн таптым. Билесиңби, ата-эненин төрүнө келгенде бутубузду сунуп таштап, рахаттанып отуруп калабыз го, менде ошондой сезим болду. Алыкулдун таш эстелигиндеги сүрөттү карап туруп жүрөгүмдүн чарчаганы, ооруганы акырындап тарап, эстелик тараптан жүрөгүмө кандайдыр бир нур, жагымдуу сезим кирип жаткандай болду. Ошондо жай отуруп алып, ырларымды Алыкулга окуй баштадым. Кызарып күн батып баратты. Курсагымдын ачканын да унутуп, кетким келбей отура бердим.
- Кайсыл айлар эле?
- 1992-жылдын жай мезгили болчу. Ошол жерде отуруп "Күмбөз үстүндөгү ырды" жаздым. Күүгүм кирип бараткандыктан шаша жөнөдүм. Арыраак жакта орустардын жүргөнүн көрүп, ошолордон корктум. Түн ката тааныштарымдын үйүнө келсем, алар таң калышты.
- Алыкулдун күмбөзүнө баргандан соң жакшы ырларды жарата алдыңызбы?
- Андан соң ушунчалык көңүлүм көтөрүлүп, өзүмчө эле жыргап, баягы оорумдан айыгып калдым. Кайтып Нарынга барып, эртең менен жумушка кетип бараткам. Жолдон башыма кандайдыр бир ыр саптары келе баштады. Саат ондордо иш столума отурдум да, колума калем алып жаза баштадым. Бирөөдөн качып бараткансып, кадимкидей өпкөм көөп, күйүгөм. Келген ойлорду кармап калууга жетише албай жанталашам. Жумуштамын да, ар ким кирип-чыгат дегендей… Бир убакта башымды көтөрүп, саатты карасам төрт болуптур. Ошондо "Атанын жомогу" деген поэмамды жазгам. Кайра оңдоп коеюн деп окусам, такыр оңдолбочудай. Кандай жазылса ошондой жарыкка чыккан. Анын көлөмү чоң эле, ал поэма эмес эле роман поэма болгон. Ортосунда укмуштуудай окуялар бар болчу, аны жоготуп алдым. Кийин кайра жаза албай койдум.
Жакшы аял жаман эркекти жакшы кылат, башкача айтканда, "Аял жакшы - эр жакшы" дегендей, менин ушул чыгармамда берейин деген оюм, аялзатынын аруулугун, сүйүүгө туруктуулугун, эң биринчи кезекте үйбүлөнү, ошонун негизинде дүйнөнү сактап тургандыгын айткым келген. Кыргыздын салтынын улуулугун даңазалап, кайнатага, улуу кишиге ыйбаа кылуу, өйдөө карабоо керек деген ой айтылган. Ушул жомокту мага кичинекей кезимде атам кара сөз менен айтып берген. Жогоруда сен айтып өттүң го, талант Теңирден келчү нерсеби деп. Мен ушуну менен далилдегим келет. Жомок жазам деп такыр ойлонгон эмесмин, кыйналып сөз кураган жокмун, ой кураган жокмун.
- Ортосундагы баян жоголуп кетти дедиңиз го, эмне болуп жоголуп кетти эле?
- Аны ким бирөө урдап алган жок. Ал убакта компьютер жок дегендей, ары-бери көчкөндө эле жоголуп кетти окшойт. Же ким бирөө билбей отко тамызгы кылып жиберсе керек.
- Акындардын жүрөгү карыбайт, чыгармачыл адамдар канча жашка келсе деле сүйүү тууралуу жазгандан чарчашпайт эмеспи. Сиздин ырларыңызда да сүйүү темасы басымдуу. Аялуу сезимди өлтүрбөй сактап келатканыңыздын сыры эмнеде? Эмнеге таасирленесиз?
- Сүйүү темасын өлтүрбөй сактап келатканымдын бир сыры-ушул чыгармачылыгымдын өзү го. Өзүм акын катары ушундай жан дүйнөм бар, бет маңдайымдан келаткан адамдын сүйүнүп, ууртунан күлкүсү төгүлүп келатканын көрсөм ошондон рахаттанам. Ушунчалык сүйүнөм. Кыз-жигит же аял-эркек бири-биринин колдорун кармап алып, бири-бирин сүйө карап, бирин-бири эркелетип тиктеп турган болсо ошондон да рахат алам. "Сүйүү көргүм келет сенин көзүңдөн" деген ырым бар эмеспи. Ошону да ар бир адамдын жүрөгүндө сүйүү болуп, ал сезим кайра көздөрүнөн чагылышып туруусун тилек кылып жазгам. Качан гана адамдардын жүрөгүндө сүйүү болгондо, алар ушунчалык боорукер жанга айланып, дилине канат бүтүп, ден соолугу таза болот. Кайдадыр учкусу келип, негедир эле ким бирөөгө жакшылык кылгысы жана сулуу болгусу келип калат. Ар бир адамга сүйүү каалайт элем. Ошон үчүн болсо керек мен сүйүү жөнүндө көбүрөөк жазганга аракет кылам. Сүйүү жөнүндө бир сап ыр болсо да ким бирөөнүн жүрөгүнө от жагып же сүйгөнүнө жетпей калып жараланып турса, ошол адамга кандайдыр бир дем, жардам берип жан дүйнөсүндө, кан тамырларында ошол саптар кошо айланып кетишин каалайм.
- Сүйүүнү келип-кетчү нерсе дешет го…
- Эми бул ар бир адамдын кулк-мүнөзүнө жараша болот. Тажик туугандардын бири айтты эле: "Аялзаты эркектерге караганда достукка дагы, сүйүүгө дагы туруктуу болот. Алар оңой менен сатпайт, оңой менен сүйбөйт, оңой менен берилбейт. Чындап жан дүйнөсүн берген болсо, ал адамды оңой менен сатпайт. Аялзатынын бир улуулугу ушул",- деп. Ошол сыяктуу ар бир адамдын сүйүүгө болгон мамилеси, көз карашы ар кандай болот. Кимдир бирөөлөрдүн бактысына улуу, чыныгы, чоң сүйүү кабылышы мүмкүн. Бул дагы чыгарма сыяктуу Кудайдан келүүчү нерсе. Сүйүүсүнө жетеби же жетпейби, бирок ошол адамды эң бактылуу адам деп эсептейм. Сүйүүнүн азабын тартуу да бакыт.
- "Сүйүү жок" дегендерге кандай карайсыз?
- Мен аларды аяйм, башына сүйүү келе электер гана ушинтип айтышат. Кудай байлык, жакшы иш, сулуулук берген сыяктуу сүйүүнү да күтүүсүз берет.
Ал кайсыл бир күнү келет да, жан дүйнөңө бүлүк салат. Жан дүйнө деген өзүнчө бир аалам да, ошого жаңы бир нерсе келип кошулгандай болот. Улуу бир нерседей… Же күн тийбей турган жан дүйнөңө жарык төгүлүп, кандайдыр жылуулук болот. Бейиштей болуп гүлдөйт, дидарга, көзгө чыгат. Ошол көзүңдөн чачыраган аура айланаңды да жарык кылышы мүмкүн. Туугандарыңа, чогуу иштегендериңе, көчөдө кетип бараткан адамдарга жарыгың тийет. Ошон үчүн адамдарда сүйүү болушун каалайм. Ал эми келип эле кете берет деген сүйүү-сүйүү эмес. Азыркы жаштар ушинтип ойлошу мүмкүн. "Бүгүн бир жигитти сүйүп калдым,-деп, эртеси - аны сүйбөйт экем, башканы сүйүп калдым",- деп. Бул сүйүү эмес. Сүйүү деген адамды азапка салат, рахатка батырат, күттүрөт, чөктүрөт, кайра асманга көкөлөтүп учурат. Сүйүү деген өтө улуу нерсе.
- Жүрөккө жакын адамыбыз жаныбызда жок болсо дагы, сезим жүрөк тереңинде кала берет эмеспи. Жоготууну эмне менен толтурууга болот?
- Ким болбосун мындай тагдырга тушукканда эң алгач сабыр кылуусу зарыл. Бул өтө оор сыноо. Баарын сабырдуулук, кечиримдүүлүк менен жеңе билиш керек. Билем, бул өтө кыйын… Бирок, өзүн-өзү сооротуп, алаксытып, жакшы ойлорду ойлоп дегендей. Ошондой эле кол үзүшкөн адамыңа эч качан жамандык ойлобоо дурус. Анткени, аны сүйгөндүгүң жалган болуп калат. Жакшылыктын арты бир күндөрү кайтат, жалгыз калган адам акыр аягы бактылуу болот. Эгерде ким бирөө байлыкты же дагы башка бир нерсени сезиминен жогору коюп, өз кызыкчылыгы үчүн сүйгөнүн таштап кеткен болсо анда сатып кеткенге барабар. Анда бактылуу болуу өтө кыйын.
- Бакыттын баары сүйүүдөн куралбаса керек, башка нерселерден деле бактылуу болууга мүмкүнбү?
- Андай болушу деле мүмкүн. Бирок баары бир тегеренип келип эле кийин экөө болушу керек. Жалгыз адам эч убакта бактылуу боло албайт. Жалгыз карьерага ыктап, калганын экинчи орунга коюп жашап өткөндөрдү деле көрүп жүрөбүз. Албетте, аябай шедеврлерди жаратса, сөзгө алынаар из калып, тарыхта калышы мүмкүн.
- Жаш кезиңизде сизге карьера биринчи орунда беле же үйбүлөбү?
- Бала кезде чыгармачылыкты биринчи планга коюп, калгандарынын баары экинчи планда дечүмүн. Бирок, турмушка чыгып, балалуу болгондой кийин чыгармачылыгымдын жанына балдарымды, жолдошумду да кошуп калдым. Андан да жаш өйдөлөгөн сайын неберелүү болуп дегендей, бул учурда көрсө баары эриш-аркак жүрүү керек экен деп ойлонуп каласың. Сүйүү, үй-бүлө, чыгармачылык, жана башкалардын баары бир гармония болуп, бири-бири менен жанаша жүргөндө гана бактылуу болосуң. А карьера убактылуу нерсе. Мисалы, артисттерди эле алалы, күлгүн кезинде сахнада ырдап-бийлеп, ойноп, жыргап элге рахат, күлкү тартуулап жүрүп эле курагы келгенде карьерасы токтоп, анын ордун жаштар басып, жалгыз калып калгандар да жок эмес. Ошондуктан, үй бүлө аялзаты үчүн эң биринчси планда болууга тийиш.

Маектешкен
Азима Акунова,
"Ачык саясат"

(Уландысы кийинки санда)