№64, 05.09.08-ж.
  Базардагы "бардактар"

Базар ээлеринин "ыры", менен "чыры"
Талас шаарындагы бүтпөгөн талаш "Береке" базарынан башталып, анын чатагы "Чубактын кунундай чубалып", базарга "ээлик кылган" Ыманалы Орозалиев менен базардагы айрым сатуучулардын ортосунда пикир келишпестиктер курч мүнөзгө жетти. Ошону менен катар Талас райондук кооперативдик бирикмеси да аянты 201 чарчы метр жер тилкесин менчиктештирилишин мыйзамсыз деп табууну өтүнүшүп, экономикалык иштер боюнча Талас район аралык сотуна арыз берип отурушат.

Азыркы каатчылыктын шартында шаардын тургундарынын күнүмдүк турмуш тиричилиги ушул "Береке" базары аркылуу өтүп келет. Жайкы аптаптын ысыгында,кыштын ызгаар суугунда соода кылып, үй-бүлөсүн эптеп баккан сатуучулардын кимиси Ыманалы Орозалиевдин көңүлүнө жакпай калса, ал адамдын шору. Соода кылган орунунан ажырап, куугунтукка алынат. Мына ушундай тагдырга дуушар болушкан З.А.Хамитова, М.М.Рыскулова, Б.Б.Жекшеналиева, Ибраимова 10-13 жыл бою ушул базардан орун алып, соода жүргүзүп келишкен.
Албетте, күнүмдүк керектөөлөрүн камсыз кылууда базарда туруктуу орунга ээ болуу маанилүү.Ошондуктан алар тиешелүү салыктарды, орун пулду өз убагында төлөп турушкан. 2008- жылы алар сатылуучу продукциясынын ассортиментин кеңейтүүгө, өтүмдүү товарларды көбөйтүүгө максат коюшуп,кредит алышат. Бирок алардын бул үмүтү акталбады,2008-жылдын 8- августунда соода кылуучу орундар бузулуп, бул жерден соода кылгандар куулуп чыгарылат. Алардын көбү жесир аялдар, көп балалуулар, пенсия курагындагылар эле. Ошентип, кредит же үстөккө акча алгандар соода жүрбөй калгандыктан, өз мөөнөтүндө төлөй албай, карыздары күн санап өсүп, алар нааразылык билдирип, областтык керек-жарак Союзуна, шаардын мэриясына, Талас областтык администрациясынын губернаторуна чейин кайрылууга мажбур болушкан. Бирок, бул маселени чечүү мөөнөтү узаргандан узарып келе жатат, анткени, "Береке" базарынын былыктарынын учугу узак көрүнөт. Ал үчүн "Береке" базарынын сатылышы же жеке адамга өткөрүлүшү, айрым адамдардын ортосундагы тымызын атаандаштыктын күчөшү, базардагы жер тилкесин ээлеп калууга күрөштүн күчөшү менен "эки төөнүн жөөлөшүндө кара чымын кырылгандай" болуп, анын залалы айланып келип, баягы эле базардагы сатуучуларды чыгаша кесепетине алып келген сыяктанат.
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Кыргыз Өкмөтү өзүнөн жоопкерчиликти четтетүү үчүн менчиктештирүүнү баштаган эле. Анын өлкөнүн экономикасына тийгизер оң-терс таасирлери эсепке алынган эмес. Буга Талас шаарындагы "Береке" базары да тушугуп, Талас регионалдык кооперативдер бирикмеси 1998-жыл 13-июлда чогулуш өткөрүп, анда кооперацияга тиешелүү жерлерди "шаардын администрациясынын чечими менен ар кандай адамдар бөлүп алып" - жатканы белгиленет. Акчанын жоктугунан салыктар төлөнбөй жатканын шылтоолоп, аны менчикке сатууга чечим кабыл алынып, чогулушка төрагалык кылган Ы.Орозалиев, чогулуштун катчысы М.Шамуратов кол койгон токтомдо базарга павильондордун курулушу, ал павильондор Коопсоюзунда иштеген кызматкерлерге 12 миң сомго сатылышы , сегиз айлык акчаны Коопсоюзудун кассасына кириш калууга келишим түзүүгө көргөзмө берилет.
Базардын аймагын ээлеп калууга кимдер гана кызыкпайт?! "Береке" базарынын аймагы кирешелүү болору талашсыз. Ар ким "кызарган жерди" өзү ээлеп калууга аракеттер күчөйт. Ошентип, кайрадан Талас регионалдык кооперативдер бирикмесинин (союзунун) кеңеши 2000-жылдын 30-июлунда чогулуш өткөрүп , мында Кеңештин чогулушунун төрөгасы М.Шамуратов, катчысы Р.Борбучалова кол койгон токтомдо ушул бирикменин төрөгасы Ы.Орозалиевдин үстүнөн түшкөн арыздын негизиндн 1998-жылдын 8-августундагы "Береке" соода базарындагы навестерди (бастырмаларды) менчиктештирүү жөнүндө №30 токтом толугу менен жараксыз деп табылат. Талас керек-жарак Союзунун төрагасы ушул токтомдун негизинде сотко кайрыларын белгилейт.
Албетте, бул карама-каршы кабыл алынган токтом менен биз бир тарабына жан тарткандан алыспыз, бирок бул кабыл алынган токтомдордун аткарылбагандыгынын кесепети ээлик кылууга умтулгандарга эмес, ошол базар аркылуу күнүмдүк нанын таап жеген сатуучулар үчүн гана зор түйшүк , чыгаша алып келип жаткандыгында болуп отурбайбы.
Ы.Орозалиев ошол 1-4 бастырмалар үчүн орун пулду эки эсеге жогорулатып, киреше таап келди. Азыр бул орундарды бузгандыктан, анда соода жүргүзгөндөр сегиз ай бою орун талашуу чыр-чатагынан арылбай келет. Алар керек-жарак Союзуна, Талас шаардык мэриясына, Талас областтык адмнистрациясынын губернаторуна даттануулары чечилбей келет.
"Береке" базарынын кандай былыктары бар, аны аныктоо биздин максатыбыз эмес, бирок 2008-жылдын 15-августунда Талас регионалдык кооперативдер бирикмеси бул талаш-тартыштарга чекит коюу үчүн экономикалык иштер боюнча Талас райондор аралык сотуна Ы. Орозалиевдин,Талас шаардык мэриясынын, Талас шаардык кыймылсыз мүлктү каттоо башкармасынын ишин кароого арыз жолдошкон. Сот азырынча "Береке" базарындагы талаштагы 201 чарчы метр аянтка ар кандай иштерди жүргүзүүгө тыюу салган аныктама чыгарган. Бирок, сот процесси толук аяктай элегине карабастан, Ы. Орозалиев ал жерге 10-13 жылдан бери соода жүргүзүп келгендердин соода жүргүзүүсүнө жолтоо гана кылбастан, курулуш иштерин жүргүзүүсүн токтотпой келатышы мыйзам бузууга жатпайбы?
Акырында айтаарыбыз, "Береке" базарында былыктар эл алдына ачыкка чыгарылышы, базардагы мурдатан соода кылып келген сатуучулардын орду сакталышы жана алардын тарткан чыгымдары компенсация түрүндө төлөнүп берилиши калыстык болмок…

Данил Акжолов,
"Ачык саясат"




  S O S !

Сибирь жарасы - Таласта
Өлкөбүздө экономикалык өнүгүү бир кыйла жогорулагандыгы тууралуу маалыматтарга таянсак, анын ичинен айыл чарбасында да көп өзгөрүүлөр болгондой таасир калтырат. Азыркы каатчылык заманда кургакчылыкка карабастан дан эгиндеринен "мол түшүм" алынса, мал чарбасында түрдүү илдеттерден малдын өлүм-житими көбөйгөнүнө карабастан "арбын төл алынып", айтор, элибиз майкөл, сүткөл заманда жашап жаткандай. Тилекке каршы, калктын турмуш-тиричилигиндеги көйгөйлөрдүн күч алышы бийлик тарабынан белгиленген "ийгиликтерди" төгүнгө чыгарып келет.
Айыл чарбасында дыйкандарыбыздын жерди иштетүүдө агротехникалык, мал чарбасында зооветеринардык эрежелерди сактоого мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендигин бийлик бутактары моюнга алгысы келбейт. Бирок, "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат",- дегендей, күтүлбөгөн кокустуктар өлкөбүздө куру шаңдануучулук өкүм сүрүп жатканын айгинелеп отурат. Айрыкча, жер-жерлерде ветеринардык сервистер уюштурулганы менен алар малдын түрдүү ылаңдарын алдын-алууга алсыздыгын көргөзүшүүдө. Буга Талас облусундагы Кара-Буура районундагы Бакайыр айылынан Сибир жарасынын чыгышы мисал боло алат.
Үстүбүздөгү жылдын 21-августтунда Бакайыр айылынын тургуну Шайдылда Алиев айылдаштарына жылкысынын ооруп калганын, эттүү кезинде союп, "кызыл батырыш" кылып таратарын айтат. Анын эртеси ушул эле шартта уюнун этин таратат.
Ошентип, Бакайырда илдеттүү малдын этин алышкан 26 адамдын 14ү медициналык жактан үзгүлтүксүз дарыланууда. Мал союудан жабыр тарткан Кубат Кожобеков: - "Илич Молтоев менен 22-августта Алиев Шайдылданын уюн, жылкысын союшканбыз. Малдары илдетке учурап, буга чейин эшеги, торпогу өлүп калганын билчүбүз, - дейт.
Ал эми райондун эпизотологу Арстанбеков Наркулдун айтымына караганда, кырдаал коркунучтуу эмес, лабораториялык анализдин көрсөткүчүнө карата жыйынтык чыгарылмакчы. Бирок, Кара-Буура аймактык оорукананын башчысы Гүлбара Жуматаева оорулуу малды союп, этин пайдаланган Илич Молтоев менен Кубат Кожобеков Сибир жарасына чалдыкканын аныктайт.
Кара-Буура райондук администрациясынын акиминин биринчи орун басары, кырдаалга карата түзүлгөн комиссиянын төрагасы Садыр Одуракаев:
- Бул оору маалым болору менен Кара-Буура райондук администрациясынын 2008-жылдын 30-августундагы №732 буйругу чыгарылып, бүтүндөй райондогу ветеринардык адистер, санэпидомологдор, ИИМдин кызматкерлери коркунучту жоюуга жана белгилүү аймактан тышкары чыгарбай токтотууга чара көрдүк. Илдеттүү малдын этин колдонгон адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн дары-дармекке 10 миң сом бөлүнүп берилди. Ал эми эттин колдонула элек бөлүгү алынып, зооветеринардын эрежеге ылайык жок кылынды, - деп белгилейт.
Ошондой болсо да, ушул окуядан бийлик мунарасы сабак алар болду бекен? Базарга малдын жана анын этинин сатылышына көзөмөл күчөтүлүп, качан бекем тартип орноор экен? Илдетти дарылоого эмес, анын алдын алууга качан көңүл бурулары белгисиз калып отурбайбы?
Айылда малдын кайсы илдетке учурагандыгынын белгисиз болушу- бул ветеринардык сервистеринин, айыл өкмөттөрүнүн кайдыгерлигиби, же камырабастыгыбы, аны тиешелүү уюмдар өздөрү териштирер, бирок муну оорулуу мал союлуп, таркатылып жатканда аны ветеринардык жактан көзөмөлгө албаган жергиликтүү бийликтердин жоопкерсиздик мамилеси катары эсептөөгө болот.
Албетте, мында мал ээлеринин да күнөөсү бар, бирок аларды да түшүнүү керек. Мындай кымбатчылыкта малын союп сатпаса, 18-25 миң сомдун тегерегинде чыгашага учурамак. Ал ар "кызыл батырыш" кылып таркатылган эттин акчасы менен эптеп малдын туягын тургузуп алууну көздөгөндүр…
Ал эми "кызыл батырыштын" этин казанга салып, жеп алгандар кандай абалда калганын азыр ичтери гана билип жүргөндүр. Бардыгы жакшы дей берүүнүн аягы ушинтип бийликке элдин ишенбесин пайда кылат.
Анткени менен элибиз да сак болгондору оң эмеспи.

Данил Акжолов,
"Ачык саясат"




Акыйкаттан адашсаң,
"Ачык саясатка" кайрыл!
"Адвокат профи" түшүндүрөт
Чалгыла, сурагыла!
"Адвокат профи" сиздер менен
Эгерде Сиздер юристтерден кеңеш алгыңыздар келсе, же укук коргоо органдары тарабынан адилетсиздикке дуушар болсоңуздар, биз менен байланышып, акыйкаттыкты коомчулук алдына алып чыгууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар. "Ачык саясат" гезити жана "Адвокат профи" фирмасы сиздер менен кызматташууга дайым даяр.

Дарек: Бишкек ш. Токтогул к.167 Т. 21-66-28 \ gazetaalibi@mail.ru