№66, 12.09.08-ж. "Алиби" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун камалышына кандай баа бересиз?
Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн"
кыймылынын лидери:

- "Алиби" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышы саясий басым, саясий буйрук. Бул көрүнүштү, бийликтин "Ата-Мекен" партиясына жана Бабырбек Жээнбековдун уулу жаш саясатчы Равшан Жээнбековго болгон жаңы чабуулу деп эсептейм. Себеби, тергөөчү тарабынан Бабырбек Жээнбековго коюлган күнөөлөргө карата сабатсыз түзүлгөн протокол, бүгүнкү бийликтин деңгээлин көрсөтүп койду. Бабырбек Жээнбековдун камалышы менен бир эле адамдын тагдыры чечилип жаткан жок. Аны менен Кыргызстандагы сөз эркиндиги, адам укуктары ж.б демократиянын баалуулуктары кошо камалып, муунтулуп кысылууда.

Эмил Каптагаев,
"Улуу биримдик"
партиясынын төрагасы:

- Биз сөз кылып жаткан "Алиби" гезитине бир ай мурун эле өзүмдүн азыркы абал боюнча көз карашымды жазгам. Ошондо мен "Өлкөгө 37-жылдын көлөкөсү жакындап келатат" - деген ойду коомчулукка жана элге жеткирүүгө аракет кылгам. "Алиби" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун камалышын саясий заказ катары түшүнөм. Бийлик саясий күрөштө чектен чыгып, Баш мыйзамды өзү каалагандай калчап, алсыздыгын көрсөтүүдө.

Советбек Жамалдинов,
"Асаба" партиясынын төрагасы:

- Бүгүнкү Бабырбек Жээнбековдун башына түшкөн иш бир гана Жээнбековго тиешелүү эмес. Оппозициянын жолун тороп токтотууну көздөгөн бийлик "Алиби" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековду камакка алып, баарыбызга сес көрсөткүсү келди көрүнөт. Биздин "Асаба" партия Бабырбек Жээнбековду коргоп чыгууга даяр!

Кабай Карабеков,
"Ак жол" партиясынын мүчөсү:

- Кырсыкка учураган "Боинг-737" учагынын экипажынын командири тергөө иштери аягына чыга электе эле камакка алынды. Ал эми Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бабырбек Жээнбековду шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин камакка алуу да мыйзамга туура келбейт. Ал коомчулукка өтө коркунучтуу террорист болсо бир жөн эле.


Топчубек Тургуналиев,
"Эркиндик" партиясынын
негиздөөчүсү:

Демократиялык деген мамлекетте бийлик, төртүнчү бийликтин ээлери-журналисттерди ушинтип кысып, куугунтуктап, сөз эркиндигине каршы иш жүргүзсө, анда ал чыныгы демократиялык эмес эле "акыркы демократиялык" мамлекет деп аталат. Конституцияда биздин мамлекет демократиялык мамлекет деп жазылган. Бирок, былтыркы 16-декабрда Баш мыйзамыбыздын ашмалтайын чыгарып демократиядан биротоло кол жуудук.
Ал эми "Алиби" гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун камалышы боюнча бийликтин бул аракеттерин сөз эркиндигине каршы жасалган түздөн-түз кысым деп эсептейм. Биринчиден "Алиби" гезити миллионер же миллиардер гезит эмес. Жогорудагы иш-аракеттердин баарын сөз эркиндигине, дегеле, демократияга каршы чабуул деп ойлойм. Эркин басылмаларга карата жасалган кысымдарды жакындап келе жаткан президенттик шайлоо менен байланыштырам.
Кыргызстанда акыркы жылдарда чындыкты айтып, демократияны колдой турган телеканал калган жок. Радиолордон баягы эле эски "Азаттык" менен "Би-Би-Си" калды. Ал эми басылмалардан бирин-экин гана гезит "Де-Факто" жана "Алиби" гезиттери эле. Эми "Де- Фактону" жок кылганы аз келгенсип, "Алибиге" кезек келиптир.

Мирослав Ниязов,
Коопсуздук Кеңешинин
экс-катчысы:

- Биринчиден, элдин оозун басуу менен бийлик өтө коркунучтуу саясий оюнга кириптер болууда. "Алиби" гезитинин тагдыры "Де - Фактонун" тагдырын кайталап жатканы өтө өкүнүчтүү. Бул көрүнүш бийликтин бийиктигин эмес, деңгээлинин төмөндүгүн, пейилинин тардыгын, чындыктан корккондугун далилдеди.
Чындык ачуу, бирок ал уу эмес да, ага чычалабай, болгон чындыкты элге билдирип турса жакшы болмок. Тилекке каршы, бул бийлик жалпы маалымат каражаттарын, сөз эркиндигин кысымга алууга ачык эле өттү.
Бүгүнкү бийлик кыргыз элин жасалма, алдоо жолу менен азыркы кризистен алып чыга албайт. Кризистен чыгуу үчүн бийликке жалпы элдин акылы керек болуп турат.

Алмамбет Шыкмаматов:
"Ата-Мекен" партиясынын
юристи:

- Бабырбек Жээнбековдун шашылыш түрдө камакка алынышында саясий өңүт бар. Себеби, аны "Соттун чечимин кыянаттык менен аткарбай койду"- деген айып менен камап атышат. Кылмыш жаза кодексинин 338-беренесинде "Соттун чечимин кыянаттык менен аткарбай койсо гана, мамлекеттик кызматтагы адамдарга жана коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнө иш козголот" -деп так даана жазылып турат.
"Алиби" гезити соттун чечимин жарым жартылай аткарып, акча жоктун азабынан салынган айып акчаны төлөй албай жатат.
Эгер камагандардын логикасына таянсак, анда бүгүнкү күндө Биринчи май райондук сотунун чечими менен Каржы министрлиги мугалимдерге 2003-жылдан берки компенсацияларын төлөп бериши керек эле. Бирок, Каржы министрлиги мамлекеттин капчыгынын боштугуна байланыштуу мугалимдерге ал акчаны төлөп бералбай жатат. Каржы министрлигинин жетекчилерин да "соттун чечимин аткарган жок"- деп камап койсо туура болот беле? Милициянын ардагерлерине да компенсация төлөп берилсин деген Жогорку соттун чечими бар. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бул чечим да толук аткарыла элек.
Бүгүн биз соттун күчүнө кирген чечимдеринин канчасы аткарылды, канчасы аткарылбай калгандыгын терең, так изилдесек, анда соттун чечими аткарылбай жаткан фактылар өтө көп чыгат. Бирок, кылмыш иши соттун чечимин кыянаттык менен гана аткарбай, анын мыйзамдуу күчүн тоготпой койгондорго гана козголушу керек.

Эркин Булекбаев,
"Жашылдар"
партиясынын төрагасы:

- Бабырбек Жээнбековдун капыл - тапыл камакка алынышы, анык саясий буйрук экени сокурга да маалым болуп турат. Мыйзамсыздык өкүм сүргөн өлкөдө учурдагыдай башаламандыктар боло берет.
"Алиби" гезитине жасалган кысым Кыргызстанда сөз эркиндигин муунтуп, авторитардык башкарууга өтүүнү максат кылган бүгүнкү бийликтин чыныгы жүзүн көрсөтүп койду. Эркин басма сөз каражаттарына карата жасалган мындай саясий куугунтук улантыла берсе, бүгүнкү бийликтин аброюн эле эмес, дүйнө коомчулугунун алдында Кыргызстандын да кадыр-баркын бир топ эле түшүрүп коет. Ал эми Бабырбек Жээнбековдун камалышы анын баласы, белгилүү жаш саясатчы Равшан Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу экендигин айткым келет. Өмүр бою мыйзамды сыйлап, жөнөкөй элдин таламын талашып, адвокаттык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген Бабырбек Жээнбековдун мыйзамга каршы иш жасагандыгына мен түк ишенбейм. Мен муну чыныгы саясий заказ деп эсептейм.

Бакыт Бешимов,
СДПК фракциясынын лидери:

- "Алиби" гезитине карата козголгон кылмыш ишине мыйзамдын негизинде мамиле жасалыш керек эле. Тилекке каршы, Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышы, бүгүнкү бийликтин сөз эркиндигин ооздуктоого мыйзамды бузуу жолу менен жасаган чабуулунун уландысы.


Собол салгандар
Гүлниза Молдокулова,
Эрнис Балбаков,
"Ачык саясат"