№66, 16.09.08-ж. Жаңы китеп
КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК: 5 МҮНӨТ ЭРТЕ
(Башы өткөн санда)

Тамак үстүндө кайсы кыргыз чимкиринет? Айтыңызчы? Кайсы жетекчибиз, кайсы депутат микрофондон чимкиринди эле? Ушул чимкиринүү-маданияттуулукпу же…
Кезек орус менен кытай тууганга келди. Алтын Кыргызым! Сиз байкадыңыз беле, орус фильмдеринен абдан көп көрүүгө болот. Тамак жеп жатып, оозундагыны чайнап жута электе эле сүйлөй беришет. Ишенбесеңиз бүгүн эле орустун фильмдерин көрүп байкаңыз.

Ал эми кытайлар болсо тамак ичкенде ооздорун жаппай чачыратып ичишет. Менин Акыл аттуу окуучумдун досу бир айдай анын үйүндө конок болду. Гейна аттуу кытайлык жигит: "Акыл, мен Кыргызстанга келип, тазалыкка жана тамак ичкенде оозумду жаап тамактанганды үйрөндүм", -дептир. Гейнанын айтуусуна караганда, кытайлар тамак ичишкенде, ооздорун жабышпайт экен. Бул көп эле жерде байкалып жатпайбы.
Ак ниет Кыргызым! Мен бул жогорудагы мисалдарды атайын мисал катары айтып өткүм келди. Мындан начар, сүйлөгөнгө оозуң барбаган кылык-жоруктары да бар- бул жогоруда айтылган "цивилизованный элдердин".
Кыргыздардын тазалары - абдан эле таза болот. Бирок, тазалыкты мамлекеттик деңгээлде алсак, биз кыргыз эли - дүйнө элдерине тазалык боюнча өрнөк боло алат элек. Ал күндөр да келет Кудай буюрса!


КЫРГЫЗЧА АЯКТОО: 5 МҮНӨТ ЭРТЕ

Кыргыздар абдан кечиримдүү эл! Мао-Цзедун дунгандарды кырганда буларды кыргыз-казак эли үйлөрүнө кийрип багып, кийин жер берип калтырышкан. Эми ушул эле дунгандар бир аз көбөйүшүп Токмоктун, Чүйдүн, Казакстандын айрым жерлерин бөлүп алып, "Мамлекет курабыз" - дегенине кандай дейсиздер? Жалкоо баласын "кыргыз" дегеничи? Ушунун баарын билип туруп кечирип жатабыз. Кыргыздын кыздарын, балдарын кулдай иштеткенин да, анча-мынча кыргыздарды өлтүрүп салып, "Бир кыргыздын өлүмү - бир машина да", -дегендерин да кечирип турганыбызга таң калам. Кыргыз эмне - итпизби, же мышыкпызбы, же чычканбызбы каалагандай шылдыңдап, каалаганча сабап таштагандай?! Мунун чеги болот да!

Мен өзбек элин сыйлайм, өзбек досторум бар, тааныштарым бар. Өзбектер эмгекчил эл болот. Албетте, кемчиликтери деле жетиштүү.

1993-жылы Ош областын "Өзбек автономдуу областы"- кылабыз дешип, кыргыздын жеринде туруп, кыргыздар менен согушпадыбы. "Эзелки душман эл болбойт" - деп Калыгул атабыз айткан экен. Мен буга толук кошула бербейм. Бирок, ошондо өзбек туугандар бизге кадимкидей душмандык кылышпадыбы? Эми эмне бизди сүйүп калды деп ойлойсузбу? Эски жара эстен кетпейт. Мына кечээ эле өзбек тилине статус сурашты. Бул эмнеси? Биз, кыргыздар, кантип экономиканы көтөрөбүз деп көр тиричиликти ойлонуп жатсак, а бул туугандар: " өзбек тилине статус алабыз" - деп жанталашат. Муну кандай түшүнсөк болот?
Өзбекстанда расмий эмес маалыматтар боюнча 4-5 миллион кыргыз бар, паспортторуна өзбек деп жазылышкан. Эгерде, мындан ары да ошентип наадандык кыла беришсе, анда биздин өзбектерди Өзбекстанга жөнөтүп, ал жердеги кыргыздарды Кыргызстанга чакырып, алмашып алганыбыз оң. Антпесе, "Эки дөөнүн ортосунда кара чымын кырылат" - болуп кетиши мүмкүн. Жок жерден чоң жоготууларга учурап калбаш керек. Өрттү кичинесинде өчүрүп салган жакшы болот.

Кыргыздын ар бир миллиметр жери үчүн согушканга автор даяр экендигин билдирип кетмекчи!
Кыргыздын жери үчүн согушканга маңкурт болбосо, ар бир мекенчил кыргыз даяр болуш керек! Автор согушка толугу менен каршы, бирок кыргыздын ыйык жери үчүн кандай гана душман болбосун согушканга дапдаяр!

Кыргызстанда нечендеген башка улуттар жашайт. Алардын дээрлик бардыгы жакшы, бай жашашат. Үйлөрүндө, ишканаларында "ак сөөк", "өлкөнүн кожоюну" эсептелген кыргыздар аларга кулдай иштеп жүрүшөт. Эгер, илгерки ата-бабаларыбыз согушкан душмандарынын урпактары, кийин кыргыздын жеринде кыргыз урпактарын кулдай иштетээрин билишкенде, анда ошол заманда эле ал душмандарды түп- тамырынан бери кырып , жок кылып салышмак. Мурдатан ата-бабабыз эмне үчүн согушуп, кан төгүп, курман болуп, жерди коргоп келишкен?! "Коноктор" кыргыздын жеринде кыргызды кор кылсын деппи?
Жок! Мындан ары манкурттуктан чыгышыбыз керек! Эгерде, коноктордун "бир түрүнүн он миңин" үйүбүздөн айдап чыксак, он миң кыргызга үй-жай болот экен. Эмне үчүн "өзүбүздүн үйдө" башка коноктор жакшы жыргап жашайт да, кожоюндар-биз ак сөөк кыргыздар кыйналып жашашыбыз керек? Эгерде, кыргыз улутун көтөрө турган (башка улутту эмес) мыйзамдар чыгып, кыргыз улутуна жакшы жашоого мамлекеттик деңгээлде өзгөрүүлөр болбосо, анда биз илгерки ата-бабаларыбыздын "технологияларын" колдонууга аргасыздан өтөбүз.
Ачыгын айтканда, мага, кыргыздын жеринде бардык кыргыздар башка улуттардан жакшы жашашы керек: Өзбектен, дунгандан, уйгурдан, түрктөн, хачиктерден - ар бир кыргыз жакшы жашашыбыз керек! Анткени, биз өз жерибизде, "өз үйүбүздө" жашап жатабыз.
Сүйкүмдүү Кыргызым! Бекем ынтымакка келели! Бири-бирибизди кечире билеличи. Биздин ыйыктан ыйык кыргыз мамлекетибизди басып алууга сырттан да, ичтен да душмандарыбыз аракеттенүүдө. "Ырыс алды-ынтымак" - дейт элибизде. Ынтымактуу, "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып", Алладан тилеп, душмандарга каршы программа иштеп чыгып, касиеттүү өлкөбүздү өнүктүрүп кетүүгө ар бир кыргыз өз салымдарыбызды кошолучу. Чоң иш колдон келбесе, көчөдө жаткан баклашканы мусор челекке алып барып таштап койсок деле, чоң салым кошкон болобуз. Жакалашкан эки кыргызды ажыратып, достоштуруп койсок да, ашатып сөккөн кыргызды кечирип койсок да, көчөдөгү бомж кыргызга үйдөн нан же тамак берип койсок да, кыргыз мамлекетибиздин өнүгүп, өсүшүнө зор салым кошкон болобуз!

Кыргыз кызын башка улуттардан коргоп койсок, башка улут менен жакалашкан кыргызга болушуп койсок деле өлкөбүзгө пайда келтирген болобуз!

А эгерде буюруп, ар бир кыргыз Кыргызстанда өзүнүн менчик иш канасын ачып, бизнесин өнүктүрө берсе-анда биз, кыргыздар аристократ элге айланып, өлкөбүздү асманга көтөрүп кетебиз деп толук ишенем!


КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК: 5 МҮНӨТ ЭРТЕ!

Автор касиеттүү элинен эмоционалдуу ачык айтылган сөздөрү үчүн кечирим сурайт.
Автор өзүнүн улутчулдук эмес, мекенчилдик сөздөрү, түшүнүктөрү жана сезимдери, ошондой эле максаттары менен тең бөлүшөйүн дегенин билдирет. Улутчулдук менен Мекенчиликтин айырмасы "төө менен бээдей" же "асман менен жердей эмеспи"
Патриоттуулуктун эч жаман нерсеси жок. Чечмелесек: "мекенчилдик"- жаратуучулук (созидание), ал эми "улутчулдук" (нацизм) -кыйратуучулукка кирет.

"Улутчулдук"- бул эң эле чоң Эго. Улутчулдар башка улуттардын баарын жек көрүп, алдыңкы орунга өзүнүн элин коет. Бул- жеткен шовинизм!
Улутчул деп Адольф Гитлерди, Бенито Муссолинини, Мао-Цзедунду айтса болот. Ал эми Чынхыз хан, Ататүрк (Мустафа Кемель), Ден Сояпинь - булар мекенчилдер болушкан.

Мекенчил адам- интерулутчул болот. Бирок, башка элдерди урматтап сыйласа да, өзүнүн ата-энесин, бир туугандарын, үйүн биринчи планга коет. Ата энеси, бир туугандары- бул анын өзүнүн сүйгөн улуту, эли! А "үйү" деген- бул анын ыйык мекени! Бул абдан эле элементардуу түшүнүк. Ким өзүнүн ата-энесин башка бир үй-бүлөнүн ата-энеси менен бирдей көрөт? Эч ким! Башка ата-эне ал адамды бул дүйнөгө жаратпаса, ымыркай кезинен багып чоңойтпосо, окутуп-чокутпаса, үйлөнтпөсө - кандай адам өзүнүн ата-энесин таштап "Мен үчүн адамдардын баары бирдей "- деп, башка ата-энеге кетсин? Кеткен кезде деле ошол башка үй-бүлө, сени үй-бүлөсүнө кошобу? Кошпойт! Ким билет-мүмкүн сен уурусуңбу, кылмышкерсиңби?
Кээ бир маңкурттар бар "Мен бардык улуттарды бирдей көрөм"- деген Кыргыздардын арасында деле жетиштүү болуп жатат (кудай кааласа, андайлар дээрлик жок болот!) Биздин бийликтин адамдарынын арасында да толтура: Падыша, премьер- министр, министр, депутат жана башкаларды көрбөдүкпү!
"Эне тилин билбеген - эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн - элин сүйүп жарытпайт" - деп укмуш таамай айтылган. Эне тилин- кыргыз тилин билбеген, кыргыз тилин сүйбөгөн маңкурт адамдар Кыргызстанда эч бир жерде жетекчи болуп иштебеши керек. Эгерде орус тилин биринчи орунга койсо, анда Россияга барып жашасын, "скинхэддерге" "шашлык" болуп… Миң "скинхэдди" сүйөм десең да, ал сени: "Узкоглазый", "черный" - деп жаныңды сууруп алат.

Биз, кыргыздар "өзүбүздүн агабызды агалайлычы, башка бирөөнүн эшигин сагалабай".
Кыргыздар, биз түшүнүшүбүз шарт - кыргызга бир гана кыргыз бир тууган!

Жапондордо бир сөз бар: "Жапондордон башкасынын баары бизге душман", - деген. Ачуудан ачуу чындык! Бул сөздүн маңызы улутчулдукта эмес, мекенчилдикте. Ар адам өз үй-бүлөсүн сүйгөндөй эле кеп. Мисалы, мен деле: "Кыргыздардан башкасынын баары бизге душман деп эсептейм!"

(Уландысы кийинки санда)
Медер ИТИБАЕВ