№68, 19.09.08-ж.
  Ж а ң ы к и т е п

КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК: 5 МҮНӨТ ЭРТЕ
(Башы өткөн санда)

КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК: 5 МҮНӨТ ЭРТЕ!

Автор касиеттүү элинен эмоционалдуу ачык айтылган сөздөрү үчүн кечирим сурайт.
Автор өзүнүн улутчулдук эмес, мекенчилдик сөздөрү, түшүнүктөрү жана сезимдери, ошондой эле максаттары менен тең бөлүшөйүн дегенин билдирет. Улутчулдук менен мекенчилдиктин айырмасы "төө менен бээдей", же "асман менен жердей эмеспи".
Патриоттуулуктун эч жаман нерсеси жок. Чечмелексек: "мекенчилдик" - жаратуучулук (созидание), ал эми "улутчулдук" (нацизм) - кыйратуучулукка кирет.
"Улутчулдук" - бул эң эле чоң Эго. Улутчулдар башка улуттардын баарын жек көрүп, алдыңкы орунга өзүнүн элин коёт. Бул - жеткен шовинизм!

Улутчул деп Адольф Гитлерди, Бенито Муссолинини, Мао-Цзедунду айтса болот. Ал эми Чыңгыз хан, Ататүрк (Мустафа Кемель), Ден Сяопинь - булар мекенчилдер болушкан.

Мекенчил адам - интерулутчул болот. Бирок башка элдерди урматтап сыйласа да, өзүнүн "ата-энесин", "бир тууандарын", "үйүн" биринчи планга коёт. "Ата-энеси, бир туугандары - бул анын өзүнүн сүйгөн улуту, эли!" А "үйү" деген - бул анын ыйык мекени! Бул абдан эле элементардуу түшүнүк. Ким өзүнүн ата-энесин башка бир үй-бүлөнүн ата-энеси менен бирдей көрөт? Эч ким! Башка ата-эне ал адамды бул дүйнөгө жаратпаса, ымыркай кезинен багып чоңойтпосо, окутуп-чокутпаса, үйлөнтпөсө - кандай адам өзүнүн ата-энесин таштап "мен үчүн адамдардын баары бирдей" деп, башка ата-энеге кетсин? Кеткен кезде деле - ошол башка үй-бүлө сени үй-бүлөсүнө кошобу? Кошпойт! Ким билет-мүмкүн сен уурусуңбу, кылмышкерсиңби?
Кээ бир маңкурттар бар "мен башка улуттарды бирдей көрөм" деген. Кыргыздардын арасында деле жетиштүү болуп жатат (Кудай кааласа, андайлар дээрлик жок болот!). Биздин бийликтин адамдарынын арасында да толтура: Падыша, премьер-министр, министр, депутат ж.б. көрбөдүкпү!
"Эне тилин билбеген - эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн - элин сүйүп жарытпайт" деп укмуш таамай айтылган. Эне тилин - кыргыз тилин билбеген, кыргыз тилин сүйбөгөн маңкурт адамдар Кыргызстанда эч бир жерде жетекчи болуп иштебеши керек. Эгерде орус тилин биринчи орунга койсо анда Россияга барып жашасын, "скинхэддерге" "шашлык" болуп... Миң "скинхэдди" сүйөм десең да, ал сени: "Узкоглазый", "черный" деп жаныңды сууруп алат.
Биз, кыргыздар "өзүбүздүн агабызды агалайлычы, башка бирөөнүн эшигин сагалабай".
Кыргыздар биз түшүнүшүбүз шарт - кыргызга бир гана кыргыз бир тууган!
Жапондордо бир сөз бар: "Жапондордон башкасынын баары бизге душман", - деген. Ачуудан ачуу чындык! Бул сөздүн маңызы улутчулдукта эмес, мекенчилдикте. Ар адам өз үй-бүлөсүн сүйгөндөй эле кеп. Мисалы, мен үчүн деле: "Кыргыздардан башкасынын баары бизге душман деп эсептейм!"

Эгерде башка улуттар бизге тууган болсо, эмне үчүн кыргызды - "ит кыргыз", "төшак", "баран" дешет?! Эмне үчүн жалкоо баласын "кыргыз" деп кемсинтет?! Эмне үчүн биздин жерди автономдуу область кылгысы келет?! Эмне үчүн кыргыздын бир жигити өлсө 3-4 шаарында той беришет?! Эмне үчүн кыргыздын жеринде жашап жатып, кыргыздын өмүрүн тилебей, өлүмүн тилейт: "Кыргыздын тоюна борма, өлигина бор" - деп.

Көздөрүбүздү чоң ачалы ыйык кыргызым! Ар бирибиздин жаныбызда "гиеналар" жүрөт, биздин тамагыбызды талашабыз деп. Ал "гиеналар" абдан маданияттуу, кичи пейил, адамгерчиликтүү көрүнүшү мүмкүн, алданбашыбыз керек! Жем болбошубуз керек! Кээ бир уйгурлар дасторкон үстүндө: "Балам, казак менен кыргызды дос кылсаң да, бир жамандык кылышың керек. 840-жылы Уйгур империясын түп-тамырынан бери талкалаган кыргыздар болот. Казак деле кыргыз. Энеңди сыйласаң, элиңди сыйласаң - эң жакын досуң болсо да, кыргызга бир жамандык кылышың керек", - деп тарбиялайт экен. Бул эмнеси?
Кыргыздын деңгээлин жогору көтөрүүчү жолдун биринчи баскычы - бул КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК: 5 мүөнт эрте! - деп билели.
Ар бир кыргыз өзүн сыйласа, үй-бүлөсүн сүйсө, Мекенине күйсө - анда пунктуалдуу, так болууга милдеттүү!


КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК: 5 МҮНӨТ ЭРТЕ!

Айтылган маалымат кыргыз менен казактын оозунда ырдалып эле жүрөт. Россияда кыргызды скинхэддер (таз баштар) өлтүрсө, өзүбүздүн жерде "коноктор" (кыргыздан бөлөгүнүн баары "коноктор" экенин билдирип кетейин) өлтүрсө бул эмне деген жазык?!

Кыргызды - момун эл дегенге эч кошулбашыбыз керек. Албетте, "конокторго" момунбуз, өлтүрсө да унчукпайбыз. А бири-бирибизгечи? Түндүк-түштүк, батыш-чыгыш, уруу-урук болуп алып, кыргыз кыргыздын канчасын өлтүрүп тынды?! Мен ойлойм, көзүбүздү ачып кеңири карашыбыз керек. Ким тууган, ким душман?

Кайда Манас атабыздын руху?! Кайда байыркы Улуу империяны түзүшкөн жоокер кыргыздын урпактары?!
Биз түшүнүшүбүз абзел: Кыргыз эли үчүн кыргызды кыргыз өлтүргөн эң эле чоң күнөө! Кечирилгис күнөө!
Азыр патриот кыргыздар барган сайын көбөйүп күчөп жатат. Кудай буюрса, бир күндөр келет - Кыргыз мамлекетибизде кыргыз жаранына "коноктор" катуу сүйлөмөк турсун, таазим этип мамиле кылып калат! Ал күндөр алыс эмес!
Мен интернационалистмин! Бирок кыргызмын! Башка улуттарды урматтап сыйласам да, кыргызымды баарынан биринчи орунга коём!
Айтыңызчы, түрк үчүн биринчи орунда ким? Түрк! Кытай үчүнчү? Кытай! Орус үчүнчү? Орус! Өзбек үчүнчү? Өзбек албетте! Анда эмне үчүн кыргыз үчүн биринчи орунда башка "коноктор" турушу керек?! "Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн эшигин сагалайт" - болбошубуз туура болоор.

Ар бир эл өзүнүн тилин, башка тилдерден мурда коёт. Мисалы, кытай - кытай тилин, жапон - жапон тилин, ал тургай биздин "конок" дунган үчүн биринчи кезекте дунган тили турат. Эмне үчүн кыргыздар үчүн биринчи кезекте орус тили туруш керек?!

Менин бир окуучу кызымдын тууганы орус мектебин бүтүрүп, дайыма: "Кыргыз тилинин эмне кереги бар, абдан кедей тил. Орус тили өтө бай тил, биз баарыбыз орус тилине өтүшүбүз керек. Илимдин баары орус тилинде эмеспи", - деп орустарды өтө жакшы көрчү экен. Азыр ал Москвада бир кызматта иштейт. Жакынкы эле арада окуучум Москвага телефон чалып сүйлөшүптүр. Агасы кыргызча сүйлөп жатса карындашы:
- Байке, сиз кыргызча сүйлөгөндү жаман көрчү эмес белеңиз?
- Эч качан!.. Кыргыз тили эң эле бай жана эң эле сулуу тил! Мен мурда билбептирмин. Көрсө, байыркы кыргыздардын убагында орус эмес, славян деген улут да жарала элек тура. Кыргыздар эң эле байыркы элбиз, биз улуу элдин урпагыбыз, - дептир.
- Сиз орустарды кыргыздардан да жакшы көрчүсүз, эсиңиздеби?
- Ай, бул "жүн баштар" эл эмес экен. Канча кыргызды өлтүрүп салышты. Лысыйларды мамлекет жетекчилери өзүлөрү колдошот экен. Албетте, маданияты жогору орустар деле көп. Бирок, күпкүндүзү Москвада - борбор шаарда кыргыздарды өлтүрүп жатышканы канды кайнатат.
Карындашым, унутпа кыргыздын баардыгы бир тууган болот. Биз ыйык элбиз! - деп айтыптыр "бывший маңкурт" агасы.
Мен өзбек элин башка "коноктордой" эле сыйлайм. Өзбекстандын бир Анвар Санаев аттуу ырчысы келсе концерт коюп, Бишкектин кыргыз кыздары толпа-толпа болуп билеттин кымбатына карабай тыгылып киришет. Анын "Мухабат" аттуу ыры Индиянын ырынын эле которулмасы болчу. Бир күнү кыргыз гезиттеринин бирине чоң сүрөтү менен: "Мени атам кыргыз кызына үйлөнбөйсүң деген" тема менен чыгыптыр. Аябай намыстандым. Ал өзбек ырчы дипломатия үчүн деле, кыргыздын кыздарын мактап, баалап койсо болмок, акчасын алгандан кийин. Кыргыздын жеринде - үйүндө төрдө гана отуруп алып апачык эле касиеттүү кыргыздын кыздарын кемсинтип жатканы ырчынын наадандыгы мени абдан ызалантты. Кыргыз кыздарынын намыстанбаганы, шермендечилиги сөөгүмө өтүп кетти.

Мен сыйлаган бир ырчы аял бар, Өзбекстандын эң эле атактуу ырчысы. Бир жолу Бишкекке концерт коюп келип репетициясында:
- Иплас, кыргызлар качан адам боласылар! - деп микрофонду ыргытыптыр начарыраак микрофонду кармап алып.
Терең урматтасам да эжекени Кыргызстандын чек арасынан нары өзүнүн мекенине ыргытып жибергим келди.
Төрүбүздө отуруп бизди - "иплас кыргызлар" дегенине нааразы болбой койбойт экенсиң.

Ыйыктан ыйык Кыргызым! Мен башка улуттар жамандайын деген ойдон алысмын. Бирок адилеттүүлүк керек да. Төрүбүзгө отуруп алып, кыргыздын бетине түкүргөнүнө мындан ары жол бербешибиз керек! "Конокторду" жакшы сыйлайлы, бирок төргө өткөрбөйлүчү, өзүбүздү кемсинттирбейличи, айланайын Кыргыз элим!

КЫРГЫЗЧА ТАКТЫК: 5 МҮНӨТ ЭРТЕ!

Буюрса, биз - кыргыз эли абдан улуу ийгиликтерге жетишебиз! Бардык маселени - өзүбүздүн ичибизден чечели.
Так, тыкан жүрүүнү адат кылып алсак, өзүбүздүн ички маданиятыбызды көтөрүп алабыз. Пунктуалдуулук - өнүгүп-өсүүнүн кыймылдаткыч күчү! Чет өлкөлүктөр "Кыргызстан" деген сөздү укканда кыргызды, кыргыздын тактыгын, тыкандыгын, тазалыгын элестетип калыш керек. "Миң чакырым бир кадамдан башталат" деген сөз бар. Пессимист адамдарды укпай, улуу оптимист болуп акырын-акырындап бири-бирибизди тактыкка - "кыргызча тактыкка: 5 мүнөт эрте келүүүгө" үгүттөй беришибиз бизге сөз жеткис ийгиликтерди алып келет!
Азиз окурманым, бул китепти жазып жатып жогорудагы сөздөрдү мен өзүмө да айтып жатам. Кечигип баруу, уйкучулук, жалкоолук, зерикчилдик, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтыруу - булардын бардыгы кемчиликтер. А кемчиликтерди жеңсе болот. Азыркы учурда кемчиликтерин жеңип, илимде-билимде, искусстводо, компьютердик технологияда, бизнесте абдан көп кыргыздар - айымдар жана мырзалар чыгып жатышат. Бул жүрөк кубантаар көрүнүштөр.
Кыргыздын гени таза, дени таза жана аң-сезими таза эл экенбиз. Окумуштуулар деле байкоо жүргүзүп көрүшпөдүбү - башка элдерге караганда кыргыздар жаңы нерселерди - маалыматпы, өнөрбү, илимби тез кабыл аларыбызды. Өзбек, тажик, кавказдыктарга караганда кыргыздар чет тилдерин да бат өздөштүрөөрү белгилүү эмеспи. Азыр кыргыздар кайсыл гана чет тилдеринде сүйлөшпөйт: орус, англис, кытай, немец, жапон, корей, француз, италян, испан, түрк, араб, фарс, монгол, индус, малай, грек, эстон, литва, грузин, армян, украин, поляк, португал ж.б. тилдеринде анекдот да айтышат эмеспи.
Кыргыздар ар өнөргө жөндөмдүү эл!

Медер ИТИБАЕВ