№68, 19.09.08-ж.
  П о э з и я

Намыска от тамызган ырлар
Кош болгун
"Сейил-Таш-Коргон"

Көп болгом сенде, аз болгом,
Көңүлдүү жайым "Таш-Коргон".
Кымызың ичип кызарып,
Кызылың жутуп мас балгом.

Мен барбай калсам кайгы жеп…
Мен барып калсам "жанды үрөп".
Фонтаның атып турчу эле,
Мас акын келип калды деп.

Бош калды дешип бир орун,
Бир күндө бөлүп миң оюн.
Эстешип мени жүргөндүр,
Ээрчишкен "батальонум".

Өз сүйгөн жагым багыттап,
Өзүңдөн кеттим алыстап.
Эми мен сага барарым,
Өтө эле татаал табышмак…

Кош болгун "Сейил-Таш-Коргон",
Көңүлдүү тургун шат бойдон.
Түнөтпөй түрлүү мастарды,
Түбөлүк жаша жаш бойдон.
Түбөлүк тургун таш бойдон…

Бул ыр Байдылда Сарногоевдин акыркы ырларынын бири. Акыркы ырларын акындар эң жакын көргөн аялуу адамдарына арнаса, Байдыкең "батальонуна" арнаптыр. Ак үй тарапты карап да койбоптур. Эмненсин ойлойт, эмнесин карайт. Акындын оо дүйнө сапар салтанына беш жылга чукулдап калса да, калаабыздын бир көчөсүнө аты коюлбаса, юбилейи өтүп, "Тандалмасы" чыкпаса, бирөө-жарым кандидаттык жактабаса… Досбол Нур уулу Мамлекет катчысы боло электе: "Байдыкемди сүйөм, анын ырларындай ырлар жок" деп жүрчү эле. Ошонусу чын болсо ойлоноор…
Н.Түлеев мырза шаарыбызды шаарга окшотуп оңдоп келатканына көргөн көз кубанып жатат, эгерде тили кыргыз эмес болсо да, дили кыргыз болсо бакыйган бир көчөсүнө Байдыкемдин атын берээр - деп, "Көчө коюшка паландай акча бериш керек" дегенге ишенбей үмүттөнүп турабыз…
"Сейил-Таш-Коргондо" Байдыкемдин устаттары айтылуу Райкан, Мидиндин изи турат, көрүнбөй тиктеген көздөрү турат. Анан да өзүнүн өкүнүчкө өгөлгөн өмүрү турат. Акын №5 мектепке киргенден көп өтпөй эле ушул устаттарынын мектебине өткөн. "Сабак" так ушул мурдагы "Сейил", кийин өзү ат берген "Таш-Коргондо" өткөнүн ким билбейт. Эл унутса да "Таш-Коргон" кайдан унутсун, "батальон" кайдан эсинен чыгарсын? Жакшы колбашчы ар бир жоокерин таанып, ар бирине өзгөчө мамиле жасайт деген бар. Байдыкем да ошенткен, ар бир мүчөсүн билчү. Алар да акынынын ырын оозунан чыгаары менен жаттап алып, "Мен Байдылдамын" деп көрүнгөн жерде, акынды тааныбагандардын арагын шыңгытчу. "Эстешип мени жүргөндүр, ээрчишкен батальонум"… Ким билет, мүмкүн дале ээрчишип жүргөндүр… Кайран акындын кайгысы каңырык түтөтөт. Аларга баралбай "татаал табышмак жолдо калган" акындын арманы ажайып ырга айланып, окугандын оюна ой кошот, жарпын жазат. Сен да окуп жарпыңды жазып ал, окурманым.

Байдылда Сарногоев




Кыргыз каны эч качан чачылбасын!
Зайырбек Ажыматов,

Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Кыргыз Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын "Алтын дипломунун", "Алыкулдун ак боз ат" кароо-сынагынын биринчи даражадагы лауреаты.

Улутпуз биз!

Түндүк-түштүк, сай-сай деп чектегениң,
Түпкү атаңдын арбагын тепсегениң.
Бийлик үчүн мырзалар, бийлик үчүн,
Биримдигин элиңдин экчебегин.

Бир бүтүнгө айлансак улукпуз биз,
Бирикпесек улутту куруттук биз,
Кыр-кырлардан жыйналган жыйын эмес,
Кыргыз деген улутпуз, улутпуз биз.

Өрттөй көрбө быкшытып өзөгүңдү,
Өлтүрбөгүн өзүңдү, өз элиңди.
Ата-энеңден, жарыңдан, балдарыңдан,
Артыгырак сүй журтту, Мекениңди!

Өксүбөсүн бир бооруң жатындашың,
Өмүр көксөп эч бир ок атылбасын.
Кыргызстандын жеринде сакта Кудай,
Кыргыз каны эч качан чачылбасын!

Зобололуу уул-кызың чыгаан болсун,
Зор биримдик биз үчүн курал болсун.
Кокту-колот, сай-сайга бөлүнбөгөн,
Кыргыз деген бир гана ураан болсун!

Падыша эл

Көтөр башты улутташым кандашым,
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын.
Ар бир Кыргыз аманаты Манастын,
Хандын каны кулга айланып калбасын.

Көк Теңирге ай ааламга тийишкен,
Байкуш болсо, башты төмөн ийип сен.
Бизге Теңир берген улуу тоолорду,
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен.

Күң кылбасын келген кеткен коногу,
Кыргыз кызы күндөй баркы жогору.
А жигиттер, мырзасыңар ар бириң,
Тексиз нарксыз кул жүрүштү коелу.

Бабалардын алып асыл өнөгүн,
Балдар өссүн бапестеген өз жерин.
Мекениңдин тоо, суу, дарак таштарын,
Өзүмкү деп сактабасаң өлгөнүң…
Каршы туруп катаалдыктар ыргытса,
Качырып кир тарыхтарга турмушка.
Бүтүндөй бир сөзүң эмес улуу журт,
Бир да сөзүң жоголбосун кыргызча.

Бүжүрөбөй көтөр башты жаркылдап,
Нур чайысын жан дүйнөңө алтын жаап.
Сен падыша падышасың э-эй кыргыз.
А тоолоруң Теңир берген алтын так.

Кыргыз
болгум келет

Ушул күнү негедир кайыкты дил,
Урпактар э-эй биздеги айыпты бил.
Кыргызмын деп мен азыр турган менен,
Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.

Кадыр, каадаң бул күндө кайда калган,
Кайран кыргыз өз баркын жайлап алган.
Манас биздин бабабыз деген уят,
Майдаланган калк үчүн майдаланган.

Биз бир кезде тоолордой бийик элек,
Биз бир кезде майда эмес, ирик элек.
Жакшылыктар башталып биздин элден,
Жаратканга жардамчы билик элек.

Калбаганбы уруктук кайрандардан,
Карайлаймын нускасын тангандардан.
Бир кезекте аттиң ай, бир кезекте,
Бийик эле ар кыргыз пайгамбардан.

Улуу мыйзам сакталып жазылбаган,
Уютулуп улуу журт чачылбаган.
Ар бир жаран өзүнүн ордун билип,
Асыл наркын-насилин качырбаган.

Арамдыкты сындырып түзөчүбүз,
Адалдыкты, актыкты күзөчүбүз,
Сактап турган теңдикти баардык жерде ,
Окшош болчу Теңирге мүнөзүбүз,

Кыргыздардан кыргыздар туулбаган,
Кыйын мезгил өтүүдө шуулдаган.
Кыргыз болгум келет эй, Кыргыз болгум,
Кыргыз болуу дүйнөлүк улуу наам