№68, 19.09.08-ж. Акүйдүн көйнөгү, Ата-журттун көйгөйү
"Күндөн-күнгө күн өтүп, күз мезгили келиптир" дегендей эле, күттүргөн күз да келди. "Күзгү саясат күтүлбөгөн жүрүштөргө такалат" дегенибиз чын чыкты. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы жаңы тирешүүлөрдү күткөнүбүз менен, бийлик ичиндеги өз ара тирешүүлөрдү эч ким күткөн эмес. Ак үй ичиндеги өз ара тирешүүлөр, оппозициянын биригишине жакшы шарт түзүп берди. Президентибиз Курманбек Салиевич үчүн алдыдагы оппозициянын курултайы же жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы эмес, өз тегерегиндеги күчтөрдүн күрөшүнүн жыйынтыгы алда канча коркучтуу болуп калды. "Чыкпай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" дегендей эле, ажобуздун администрация башчысы Медет Садыркулов менен экс-спикер Адахан Мадумаровдун ортосундагы тымызын тирешүүлөр ачыкка чыгып кетти. Ажолук амбициясы күчтүү Адахан Кимсанбевичтин аркасында ажобуздун иниси Жаныбек Бакиев турса, саясатчылардын "саяпкери" Медет Чокановичтин аркасында уулу Максим Бакиев тураары бештен белгилүү болуп калды. Кыргызстандын күч структураларын көзөмөлдөгөн иниси менен экономкиалык структураларын көзөмөлдөгөн уулунун мындай тирешүүлөрү, ажобузду ара жолго салып койду. Караңгыда жол тапкан, кармаганга кол тапкан МЧСти кызматынан кетирсе, оппозиция сороңдойт, Адахан менен Даниярды келтирсе, бийлиги бошоңдойт. Бириккен оппозиция менен тил табышам десе, уулун угуш керек, жок чабышам десе, инисин угуш керек. Айтор, азыркы кырдаал ажобуз үчүн өтө оор. Ушундай акыбалга жеткизбесе болмок, жеткизгенден кийин, чечим кабыл алышы керек. Эрегишкен эки топтун кайсынысы ажобузга жакын экенин, алдыдагы убакыттар көргөзөт.
Ажобуздун тегерегиндеги айыгышкан күчтөрдүн акыркы кездеги аракеттери, бириге албай жаткан оппозиция өкүлдөрүн бириктирип жиберди. Буга чейин өздөрүн азыркы бийликке конструктивдүү оппозиция катары көрсөтүп келишкен А.Атамбаевдин СДПК, Т.Тургуналиевдин "Эркиндик", Турсунбай Бакир уулунун "ЭрК" партиялары радикалдуу оппозициянынын талаптарын колдой тургандарын ачыкка чыгарышты. Ушу кезге чеийин ажобуздун таламын талашып келген Коммунисттердин төрайымы Клара Ажыбекова дагы, азыркы бийликтен көңүлү калгандыгын айтып чыкты. Эч себепсиз ээрден шыпырылган Бектур Асанов ачык оюн айтпаса да, ажобузга нааразы экенин айтып жүрүшөт. Демек, азыркы оппозициянын короосу койго толуп, койчудан коркпой калды десек болот. Жайында суусу жок, күзүндө жарыгы жок, кышкыга көмүрү жок, бийликке көңүлү жок калган карапайым калкыбыз, жанданган оппозицияны жабыла колдоп кетиши толук мүмкүн. Өткөн парламенттик шайлоолордогу адилетсиздиктер, төрт пансионат менен Каркыранын казактарга берилиши, азык-түлүктөргө болгон баалардын өсүшү, энергетика тармагынын менчикке берилиши, элибиздин бийликке болгон ишенимин кескин төмөндөтүп жиберди. Ажобуздун "тезек тергиле" деген сөзү, ансыз да араң турган атуулдарыбыздын ар-намысына катуу тийди. Энергетикалык кризистин тереңдеши, азыркы бийликти саясий кризиске кириптер кылды. Ага ким күнөөлүү? Албетте бийлик! Азыркы аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу алсыз болгондуктан, алдыга анализ жасай алышкан эмес. Алардын ээрге отурганына он ай толбой туруп, оңкобуздан сайылдык. Токчулукка эмес, жокчулукка кабылдык. Эгемендиктин он жетинчи жылында электр жарыгы жок, караңгыда калдык. Элдин бийликке болгон ишеними күндөн-күнгө төмөндөп баратат. Азыркы жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоолордун артынан, парламенттик шайлоолордун карааны көрүнүп калды. Азыркы өкмөттүн отставкасы боюнча божомолдор ачыкка чыга баштады. "Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей эле, өкмөт алмашканда эмне өзгөрмөк эле? Өкмөттөр алмашкан менен жашоо турмушубуз ордунан козголбосо, андай алмыштыруунун кимге кереги бар? Өкмөттүн көйнөгү алмашканча, элимдин көйгөйү алмашса кана?

Рыскелди МОМБЕКОВ,
"Ачык саясат"




 "Ата Мекен" партиясына болгон аңчылык…

Алмамбет Шыкмаматов, "Ата Мекен" партиясынын юристи:
- Алмамбет мырза, эмне себептен Нарын облусунда "Ата Мекен" партиясынын уюмунун кеңсесин жаап олтурат? Мында партиялык уюмдар тарабынан мыйзам бузуулар болгонбу же бул аракетте саясий өңүт барбы?
- Ооба, "Ата Мекен" партиясынын Нарын шаардык уюмунун кеңсесине 16-сентябрда Нарын облусунун Ички Иштер Башкармалыгынын жана Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери келип, компьютерди процессору менен кошо алып кетип, каалгага мөөр басышкан.
Бул маалыматтар бизге жетээри менен аныгын тактадык. Көрсө, Азимбек Бекназаров башында турган революциялык комитетке тиешелүү 147 барак биздин кеңседе бар экен. Ал пачкадагы кагазды Бишкектен барган бейтааныш таксист, "Борбор калаадан"- деп таштап кетиптир. Борбордук аппараттан шайлоо маалында жөнөтүлгөн кагаздардын бири го деп алышкан. Бирок, ал баракчаларды "Ата Мекен" партиясынын Нарын облусунун мүчөлөрү тараткан эмес. Себеби, партиянын борбордук комитетинен "Ал барактар таркатылсын!" - деген буйрук берилген эмес. Өздөрү билип таратпайт эле.
Ал баракчалар "Ата Мекен" партиясынын кеңсесинен табылган күндө да, ага байланыштырып партиянын кеңсесин жапканга эч кандай негиз жок болчу.
Анткени, Революциялык комитеттин түзүүчүсү Азимбек Бекназаров жакында эле "АКИ-пресс" маалымат агенттигинде жумурай журтка ачык эле маалымат берген. Анда, бардык мүчөлөрүнүн атын тааныштырып, комитеттин максатын түшүндүрдү. Ал тургай, орозо айы аяктаганда "Конституциялык жол менен Президентти кызматтан түшүрөбүз!" - дегенге чейин барышты. Алар жашыруун иш жүргүзгөн жок. Тескерисинче, ачык-айкын эле Кыргызстандын бардык облустарына 60 миң барак таркаттык дешүүдө.
Мына ушул таркатылып жаткан баракчалар кимдир бирөөлөрдүн үйүнөн же кеңсесинен табылса, аны дароо эле "антиконституциялык" иш-чара деп кабыл алуу туура эмес. Себеби, алар элге тараткан жок да.
Учурда шайлоого үгүт иштери активдүү жүрүп жатканда, ал компьютерлер өтө зарыл болчу. Ошондуктан, укук коргоо органдары ишти териштирип бүткөн соң, кайрадан кайтарып берет деген ойдобуз.
"Ата Мекен" партиясынын Нарын шаардык кеңсесинин себепсиз эле текшерүүгө алынышын биз, Нарын шаарындагы акыркы болуп өткөн окуяларга байланыштырабыз. Себеби, өлкө башчысы тарабынан Нарын шаарынын мэрлигине сунушталган, Бейшеналы Боогачиевди шаардык Кеңештин депутаттары колдобой коюшкан. "Шайлоонун бюллетенин кайра оңдойбуз" - дегендерге Нарын облусунун шайлоо комиссиясынын төрагасы Мырзабек Кадыркулов макул болбой, кызматтан кеткени жөнүндө маалымат берген.
Мына ушул иштерге "Ата Мекен" партиясынын таасири бар деген өңүттө, саясий куугунтук болуп калышы да толук мүмкүн.

Суроо салган
Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"