№68, 19.09.08-ж. "Мен атамды айыктыруунун ордуна, ажалга сүйрөп барганымды билген жокмун"
Гезитибиздин редакциясына Келечек жаңы конушунун тургундары Эркин Ормоков жана анын энеси Алиева Тилдегүл жардам сурап кайрылды. Биринин- атасы, экинчисинин өмүрлүк жары- Сайдин Ормоков үстүбүздөгү жылдын 6-июнунан 7-июнуна караган түнү Данияр Сейтахунов тарабынан токмок жеп, Сокулуктун РИИБнүн тергөө изоляторунан көз жумган. Бул ишке аталган райондун тергөөчүлөрү тарабынан КР Кылмыш жана Жаза кодексинин 104- беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, Чүй облусунун Сокулук район аралык сотуна жөнөтүлгөн. Соттун 11-июндагы чечими боюнча Д.Сейтахунов аймактан алыс чыкпоо кепилдиги менен сот залынан бошотулган. Ал эми маркумдун туугандары соттун чечимине макул эместигин билдирип, Облсотко коссациялык арызын жолдошкон.
24-сентябрда Сокулук район аралык сотунда аталган иш кайрадан каралмакчы, сот отурумуна гезиттин атайын кабарчылары катышып, толук маалыматты ошондо билдиребиз.
Ал эми биз болсо, бул ишке жактоочу болуудан алыспыз, азырынча жөн гана иштин чоо-жайын тааныштыра кетели:

Ал эми Эркин Ормоков,
маркумдун уулу:
- Кыргыздар: "Кыргызчылык менен ооруйт" -деп коюшат эмеспи, атам ошондой эпкин оорусуна чалдыккан соң, "Сокулуктун Асылбаш деген айылында күчтүү молдо бар"- деп угуп, дартка дабаа болуп, шыпаасы тийип калаар деген тилек менен ошол жакка алпаргам. Мен атамды айыктыруунун ордуна ажалга сүйрөп барганымды ошондо билсем кана? Бүгүн минтип кан жутуп олтурбайт элем.
Ал кишиге бизге окшоп ар кандай оору менен баргандар өтө көп экен. Кычыраган машинелер кас - катар тизилип, таңкы бештен баштап адам аягы үзүлбөйт. Аскер формасын кийген офицерлерден тартып, арагын коем деген алкаштарга чейин жүрөт. Эрте барып тизмеге жазылбасаң, кезек жетпей, кирбей калышың да толук мүмкүн. Көрүнгөн соң, бир нече күн дем салдырууга туура келет экен. Ошондуктан, айыл тургундары, молдокеге алыстан келгендер үчүн, үйлөрүн мейманканага айландырып, бардык шарттарды түзүп беришет экен. Биз жума күнү барганбыз. Көрсө, жума күнү дем салбайт тура. Атамдын жанына калууга шартым болбогондуктан, ошондой үйлөрдүн бирине калтырып кеткем.
Эртеси, атамды табыштаган үй ээсине телефон чалсам, "Атаң үйдө жок"- деп койду. Жанында 500 сомдой акчасы бар болчу, өзү келип калаар деп үйдөн күтсөм келген жок. Оорусу кармап калган го - деп тынчсызданып эртеси күнү издеп барсам, чын эле атам жок болуп чыкты. Ал айылдын аймактык инспекторуна кайрылсам, Сокулук районунун РИИБнө жөнөттү. Ошол жерден, атамдын кимдир бирөөдөн катуу таяк жеп каза болгонун айтышты. Дендароо болуп эсимди жыйганга алым келбей калды. Милиционерлердин айтуусу боюнча, атам Данияр Сейтахуновдун уюн уурдап кармалыптыр.
Жаз, күздө эле оорусу кармаганы болбосо, андай жаман адаты жок болчу. Жолдо жаткан теменени да алчу эмес. Мен андай жалган сөздөргө ишенбейм. Анткени, өзүмдүн атамды жакшы билем.
Ал киши тамекини көп чекчү. Бир күндө 1-2 пачка чегип койчу. Мүмкүн эшикке тамеки чеккени чыккандыр? Оорусу кармаганда өзүнчө сүйлөнүп, туш келди басып кете берчү. Балким оорусу кармап калгандыр? Аны билбейм. Билгеним, атам эч убакта уурулукка барбайт болчу. Кылмыш ишин иликтеп, аныгын ачпай эле атамды "ууру" дегени намысыма катуу тийди.
Чындыгында, уйду жетелеп баратканын көргөндөр деле болбоптур. Милициялардын деле далили жок болуп чыкты.
Данияр Сейтахунов атамды түнкү саат бирлер чамасында "уй уурдады" -деп кармап, өзү милиция чакырыптыр. Ал киши милициялар келгенче атамды каалагандай уруп-соксо керек. Өлүкканадан сөөктү алып чыгаарда текшертсек, кабыргалары, жаагы, мурду сынып, башы жарылып, тиштери түшүп калыптыр. Судмедэкспертизадан алган справкаларыбыз колубузда турса да, Данияр Сейтахунов: "Мен урган жокмун"- деп актанып жатат.

Тилдегүл Алиева,
маркумдун жубайы:
- Жыйырма жылдан ашуун бирге жашап, жолдошумдун андай жаман адатын көргөн эмесмин. 2000-жылдан бери Кыргызстандан Казакстандын Алма-Ата шаарына кыргыз гезиттерин ташып сатам. Үйгө жумасына бир эле жолу келчүмүн. Сайдиндин эч кандай ууру-кескиси жок эле, балдарды багып-чоңойтту. Экөөбүз жети баланы тарбиялап өстүрүп, жети неберелүү болдук. Уурулук кылгыдай кыйналып жаткан жерибиз жок. Кудайга шүгүр, өзүбүзгө жетиштүү үй-жайыбыз, оокатыбыз бар.
Сайдин ооруп калган соң, уулум "дем салдырам"- деп молдого алпарып, ушундай иш болуп жатпайбы. Сегиз жылдан бери гезит сатып жүрүп, гезиттердин ичинен "Алиби" гезити бизге окшогондорго жардам берип жүргөнүн билчүмүн. Ал гезиттин жабылып калганын да билем. Бирок, ошол гезиттин жамааты "Ачык саясат" гезитинде иштеп жатканын угуп силерге кайрылдым.
Жашы улгайып калган, оорукчал адамды, эч күнөөсү жок катуу уруп-сабап, анын өлүмүнө себепкер болгон Д.Сейтахунов, биздин үй-бүлөдөн адамгерчилик үчүн да кечирим сурап койгонго жараган жок.
Тескерисинче, күнөөсүн мойнуна албай, маркумга "уй уурдады"- деген жалаа жаап, биздин үй-бүлөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдө.
Эгер Д.Сейтахунов уруп-сокпосо, анда эмне себептен Сайдиндин кабыргалары сынып, башы жарылып, тиштери түшөт?
Ошентип, сот улам-улам жылдырылып жолдошумдун өлүмүнө себепкер адам өз жазасын тартпай келүүдө.

Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"




  Туыскандар не дейди?

"Кул ээлөөчүүлүк" коомдун опурталдуу проблемалары
Базардан башка да калк көп жүргөн жерлерден "Продаются узбеки", "Продаются ошские киргизи" - деген жарнамаларды көп учуратасың. Бул "тирүү товарларды" соодалап жүргөн далдалчылардын жарыясы. Далдалчылар чет элден келген жумушчуларды кожоюну менен табыштырган эптүүлүгү үчүн ар өзбектин же кыргыздын үстүнөн 30-50 доллардан сыйлык акы алат. Арзан жумушчу күчүн издеген адам далдалчы менен такай кабарлашып турбаса, "жандуу товар" түгөнүп калышы ыктымал. Себеби, "жапайы капитализм" жай тапкан Казакстанда "импорттук" жумушчуларга талап кылбагандар аз.

(Башы өткөн санында)

Орто ишканалар гана эмес, ири компаниялар да чет элден келген жумушчу күчтөрдү пайдаланууга кызыктар. Компания башчылары үчүн жергиликтүү жумушчуга 70-80миң теңге айлык акы, анын үстүнөн мамлекетке кошумча салык төлөгөнчө, чет элдиктерге 30-40миң теңге төлөп, 10-12 саат жумушка иштетүү алда канча пайдалуу. Бул - катаал нарктын жазылбаган мыйзамдарынын бири.
2006-жылы ИИМ тарабынан мыйзамсыз эмгек мигранттарын каттоодон өткөрүп, мыйзамдаштыруу акциясы өткөрүлгөн. Аталган акция аралыгында 100миңге жакын мигранттар бар деп божомолдонулган эле, бирок каттоо жүргүзүлгөндө "коноктордун" саны 160миң адамга жеткен. Казакстанда калганга расмий уруксат алгандардын 4,5 пайысы үй чарбасы менен шугулданып, бакчачылыкта мээнеттенип, ашканалар менен наабайканаларда жалданып жүргөндүгү белгилүү болгон. Курулуш тармагында иштеген мигранттардын үлүш салмагы 70 пайызды түзсө,14 пайызы айыл чарба багытында эмгектенери аныкталды. Ошондой болсо да, акцияны өткөзгөн тийиштүү мекемелердин мигранттарды дээрлик бүтүндөй эсепке алышы мүмкүн эместигин ачык айтуу керек. Себеби, эл аралык серепчилердин божомолунда Казакстанда мыйзамсыз жүргөн гастарбайтерлердин жалпы саны 300-400миңдин тегерегинде. Аталган акция канчалык "жемиштүү" өткөндүгү күмөндүү, анткени эки маалыматтын бири-бирине дал келбегендиги жана чоң айырмачылыгы буга шектүү кароого аргасыз кылат.
Казакстан гастарбайтерлеринин кесепетинен канча кирешеден кагылып отурат? Буга ой жүгүртүп көрсөк, өткөн жылы Кыргызстан президентинин жанындагы инвестициялык кеңеш мүчөсү Рафкат Хасанов:
- 2006-жылы дүң продукциясынын 30 пайызын Казакстандагы эмгек мигранттары толтурду. Бул өлкөдө жалданма жумушчулардын иштегендери көбөйгөн сайын акча каражаттары чек арадан башка өлкөлөргө чыгып барат. Эгер бул процесске азыртан тоскоол жасабасак, кийин кыймылсыз мүлктөрдүн кымбаттоосун иретке келтире албай калышыбыз мүмкүн, - деп кооптуу билдирүү жасады. Эл аралык серепчилердин маалыматына шайкеш 2003-жылы Кыргыз мигранттарынын Казакстандан таап кайткан кирешеси 120 миллион долларды түзсө, 2005-жылы 500 миллионго жеткен. 2007-жылы канча каражат чет өлкөгө өткөндүгү бизге белгисиз. Айтор, Кыргызстан үчүн стратегиялык маңызы бар жумуш берүүчүнүн ролун аткарып отурганыбыз анык. Акча Кыргызстанга агылып жатканда, акчасы сыртка кетип жаткан Казакстандын мамлекеттик органдары эмнеге үнсүз отурганы түшүнүксүз.
Казакстанда газтарбайтерлерди "экспорттогон" элдердин бири - Кытай. Азыр асман астындагы бул элдин жарандары кул базардан баштап, "кара алтын" шахталарына чейин буларды учуратууга болот. Алматыда кытайлардын каптап бара жаткандыгына бир кыйла убакыт өттү, ушул аралыкта шаарда мурун Голливуддан гана көргөн кытай кварталдары пайда болду. Бул эл менен байланыштыруучу "Батыш Казакстан - Батыш Кытай" темир жолун салууга кеминде миллионго жакын Кытай жарандарынын тартылышы күтүлүүдө. Бул чоң коркунучту пайда кылбай койбойт. Анткени, темир жолу курулуп бүткөндөн кийин аны тейлөө милдети кытайлыктарга тиешелүү болуп калат.
"Киши баласы кишендесең да турбайт" - деген бабаларыбыздын сөзү гастарбайтерлерге дал келбегендей сезилет. Себеби, көпчүлүк гастарбайтерлердин көңүлүндө Казакстанда биротоло конуш алып калуу мүдөөсү бар экендиги ачык көрүнөт. Демографтардын айтымында Казакстанда жашы 30дан ашса да турмуш курбаган кыздардын саны 18 миңден ашып кеткен. Мындагы зор коркунуч, биздин өлкөгө иш издеп келген кытай...

Арнур Аскар,
Казакстандын "Айкара"
республикалык коомдук
саясий гезитинен которгон
Эртабылды Аттокуров
(Уландысы кийинки санда)