№69, 23.09.08-ж.
  Эл артистинин эң алгачкы маеги

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген Эл артисти, Асылбек Өзүбеков:
"Жаш таланттарды бышыра ийлеш керек"
- Саламатсызбы, Асылбек байке?
- Саламатчылык.
- Алдыда Шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Шайлоо мыйзам чегинде өтөөрүнө көзүңүз жетеби?
- Шайлоого тийиштүү мыйзамдар жазылган.Мүмкүн ошонун негизинде өтсө керек. Мен бул тууралуу эч нерсе айта албайм…
- "Ата- Мекен" партиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо башка партиялардан көп добуш алгандыгына карабастан, парламенттен орун албай калды. Андан көп убакыт өтпөй, сиз саясаттан эмнеге алыстап кеттиңиз?
- Чыгармачыл адам болсоң да, эч качан саясаттан алыс боло албайсың. Биз артисттер эл кыдырып, жер кыдырып жүрүп, элдин көйгөйүн көбүрөөк билебиз. Биз да, эл-жер үчүн күйүп-бышып, мамлекеттин тагдырын ойлойбуз. Биз да, элге түшкөн кыйынчылыкты көрүп, алар тарткан каатчылыкты жон терибиз менен сезип, кыжаалат болуп кейийбиз. Жалпы журтчулуктун тагдыры бизди ойлонтпой койбойт. Чыгармачыл адамдар эч нерсеге кайдыгер карашпайт. Ар бир адам көңүлүнө жаккан жагына тартат. Бул-адам баласынын жеке укугу. Мен "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсүмүн. Жогорку Кеңештик шайлоодо чындыгында эле Ата-Мекен партиясы чоң утушка жетишти эле, бирок, эмнегедир аягында жок жерден утулуп калды. "Тунгуч" театры партияны колдоп, эл-жер кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп келдик. Мындай да, бир айылга эки-үч саясатчы барса, эл азыраак чогулат. Мактангандай болбойлу, "Тунгуч" театры келиптир десе, кеминде 500 адам чогулат. Чогулган элге саясатчылар өздөрүнүн оюн айтышып, кайрылышат. Биз менен партиядагылар эки катар тепкич сыяктуу иштеп келгенбиз. Эми жашоодо өйдө-төмөн болот дегендей, айланып келип мен чыгармачылыкты тандадым. Саясатка аралашканды азырынча токтотуп, жалаң чыгармачылыктын үстүндө иштейин деп чечтим.
- "Жыгылган күрөшкө тойбойт"- деген бизде жакшы сөз бар. Шаардык Кеңешке депутат болоюн деген ой сизге келген жокпу?
- Мага мындай сунуштар көп эле түштү. Мен жакшылап ойлонуп көрдүм. Депутат жана жөнөкөй чыгармачыл инсан катары элге кандай пайда алып келем деп көпкө ойлондум . Чындыгында, мен элге күлкү, тамаша тартуулап, руханий колдоо көрсөтсөм, ошол чоң пайда экенин түшүндүм.
- Азыркы бийликке болгон көз карашыңыз?
- Бийлик деле колунан келгенин кылып жатат. Пенсия, пособия, айлык маянаны көтөргөн болот. Тилекке каршы, ойлогон иштери ишке ашпай жатпайбы. Бул жагын көтөрмөлөсө, экинчи жагынан кымбатчылык күч алып, элдин жакшы жашоосуна тоскоол болуп жатат. Кымбатчылык, анан калса жарыктын өчүрүлүшү карапайым калктын жонуна чыгып кетти. Бирок, ага карабастан элдер аркасынан 300-400 киши чакырып, күркүрөгөн тойлорду өткөзүп жатышат. Мен тойдун "эрке баласы" болуп жүрөм, көрүп туруп, эл кичине ирденип калыптыр деген ой кетет. Анан калса, шаар түгүл, айылда да ар бир үчүнчү үйдө машине, бирден да эмес, экиден. Күйүүчү майдын кымбатташына карабай, машина алып жаткандарына караганда жакшы эле жылыш бар го деп ойлойсуң. Элдин башын бийликтегилер бириктире албай жакшы иштешпей, мамлекетибиз кедей болуп, эч нерсеге жарыбай жатпайбы.
- Жарыктын өчүрүлүшү көпчүлүктүн кыжырлануусуна алып келет. Сиз жарыктын өчүрүлүшү менен сууну кайрадан толтурабыз деген идеясын колдойсузбу?
- Мен өзүм борбор калаабыз Бишкекте жашасам да, түпкүрдөгү бир каңгыраган айылда жашагандай эле болом. Себеби, жумуштан эрте чыгасың, кеч чыгасың, үйгө барсаң жарык жок. Суусу кенен, жаратылышы кооз жерде, жарыктын өчүрүлүшү акылга сыйбаган иш. Үйлөрдөгү үч фазаларды кыркып, 8-10 сааттап жарыкты өчүрүп жатышат. Канчалаган майда ишканалар иштебей, карапайым калк жумушсуз калууда. Мына, көрдүңөрбү, мамлекетке эч кандай гана пайда алып келген жок. Ошону тиги өйдө жактагылар жакшы түшүнбөй, каатчылыкка өздөрү себепкер болууда.
Мен жарыктын өчүрүлүшү менен сууну толуктайбыз дегенине такыр кошулбайм. Эмне десе эле жаз, жай мезгилдери кургакчылык болду дешип шылтоолошот. Мындай көрүнүштөр мурда да болгон, мындан кийин да кээде боло берет. Бул деген жаратылыштын мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Союздун учурунда деле кургакчылык болор эле. Ал учурда жүздөгөн завод-фабрикалар тынымсыз иштетилген. Бирок, суу азайды деген шылтоо жок эле. Ошондон улам күмөн ойлор пайда болот. Чынымды айтсам, Токтогул суу сактагычындагы суунун мынчалык деңгээлде азайып кетишине таң калып келем. Бул маселе тууралуу эл арасында ар кандай божомолдор айтылып келет. Кээ бири атайлап сууну агызып ташташкан десе, айрымдары коңшулаш өлкөлөргө сатып жиберишкен деп айтып келишет. Мунун артында кимдер турганын, кандай саясат жүрүп жатканын билбейсиң.
- Чыгармачылыгыңызда жаңылануулар барбы, акыркы убакта жаңы ырларды, обондорду укпай калдык го?
- Туура айтасың, азыркы учурда чыгармачылыгымда эч кандай жаңылык жок. Мурункудай обон да, ыр да чыгарбай калдым. Биринчиден, убакыттын тардыгы. Экинчиден, чыгармачыл адамдарда илхом деген болот. Илхомду келтириш үчүн, чыгара турган обон менен жашап, көпкө ойлонуп, толгонуп олтурушуң керек. Бизде баягы бүтпөгөн жашоо, үйдөгү оокат-тирилик, көр турмуш дегендерге убактың көбүрөөк сарпталып кетет. Азырынча "Тунгуч" театры да бир жылдык эс алууда. Бирок, ошондой болсо дагы жарата турган обондордун, жаңы идеялардын багыттары көз алдыма элестеп, жашап келет. Көкүрөгүмдү жарып турган идеяларды ишке ашырганга убакыт таппаганыма өзүмдү-өзүм жемелейм. Мен 1-мартта 50гө чыктым. Кыш суук болгондуктан, күздө отчеттук концертимди берип, элдин батасын алайын деп ойлодум эле, мына эми ачып -көздү жумганча күз да болуп калды. Концерт бергенге жараша эң жогорку деңгээлдеги даярдык менен коюш керек. Мурунку, кийинки аткарган спектаклдерден үзүндү, жаңы номурлар, жаңы ырлар менен элдин жүрөгүнөн орун ала турган концерт берсем деген ойлор убактылуу ишке ашпай жатат. Элден алыстап кетип, кол үзүп албайлы деп катуу ойлонуп жатам. Мындан 10 жыл мурунку биздин фанаттардын 50 пайызы жетишпеген замандын айынан Кыргызстандан чыгып, чет өлкөлөрдө турмуштун эшек арабасын тартып жүрүшөт. Бул жагын да анализдеп көрдүм. Демек, элге, доорго жараша чыгарма жаратсам деп жүрөм
- Акыркы убактарда сизди улуттук телевидениеден көрүп жүрөбүз, кандайча телеге келип калдыңыз?
- Үстүбүздөгү жылдын январь айында М.Эшимканов улуттук телеге келип иштөөмдү сунуштап калды. "Тунгуч" -ТВ болуп, телеге иштеп калдык. Мен, Мурат Мамбетов, Эгемберди Чалабаев болуп, көптөгөн жаңы проектилердин үстүндө иштеп баштадык. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, эки эле проектиге жетиштик. Бири-"Күлкүлятор", экинчиси-"8- шар", ал эми үчүнчүсү-"Гүлдөй жан" болчу, мунун үстүндө иштөгө бизде убакыт аз болуп калды. Съемка деген көп түйшүктү талап кылат. М.Эшимканов: "Элдин көңүлүн ачуучу програмаларды иштеп чыккыла"-деп талап койгон. Көрөрмандар жумуштан чарчап келгенде, жаңылыктарды көрүп, андан соң көңүлү көтөрүлө турган тамаша көрсөтүүлөрдү көрсүн деп. Анын айтканы да туура, өзүң билесиң, мурда эки киши маңдай-тескей олтуруп алышып эле акыйлаша берээр эле . Азыркы учурда акырындап жылыш бар. Көрүүчүлөр кыргыз сериалдарына көп кызыгышат. Мурун болгон "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Издейм сени", "Кууш жол", "24-саат" өңдүү сериалдарды кайра-кайра суранышып көрүп жатышат. Кыргыз сериалдарына эл чаңкап, суусап турат. Айланып келип эле иштин баары акча маселесине такалат. Ж.Өзүбекованы, Мамбетовду кыргыз сериалынын атасы-апасы деп койсок болот. Алардын ушул тапта даяр сценарийлери бар, аны тартканга каражат жок. Акча маселеси чечилсе , көптөгөн Бразилия менен орус сериалдарынан кем калбаган кыргыздын көп метраждуу фильмдери тартылмак.
- Суроону азыркы шоу жаатына бурсак. Жакынкы аралыкта Г.Сатылганова эжекебиз Эл артисти деген наам алды, буга сиздин жеке пикириңиз?
- Кулпунган үнү менен ырчылардан айырмаланып тургандыктан, жогорку деңгээлдеги ырчы катары мен Гүлнурду баалайм. Үнүнүн тунуктугу, тазалыгы менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап, ушул даражага жетти. Гүлнур дайыма талыкпай эмгектенип, изденет. Ал өзү да, профессионал музыканттар, оранжировщиктер, мыкты акындар менен иштешет. Гүлнурдун үнү ушунчалык кулакка жагымдуулугу , уккулуктуулугу менен элге жетти. Ал көбүнчө концерттерде минусовкасын эле койдуруп, ушунчалык үнүн кооздоп, булбулдай сайрап , өзүнүн нукура үнү менен элге жагымдуу ыр тартуулайт. Эл артисти деген наам Гүлнурга туура берилди. Ал татыктуу чыгармачыл адам.
- Гүлнур эжени өзүнүн нукура үнү менен ырдайт деп айтып калдыңыз. Аппаратуралар жетишпейт -дешип фонограмма менен ырдашат, бизде да, фонограмасыз ырдаса болобу?
- Кандай гана шарт болбосун фонограммасыз ырдап кетсе болот. Азыркылар үндөрүн кооздоп жаздырышып алышат. Үн режиссерлорго барып, үндөрүн кооздоп жаздырып алышып, маймылдарча ооздорун кыймылдата беришет. Үн режиссерлор үндөрү жетпей калган жерлерин чоюп , кыркыраган жерлерин сүрмөлөп, деми жетпей калгандарына дем кошуп коюшат. Айыбын ачпаш үчүн алар аппаратка курулай шылтоо кылышат. Кыргызстанда не бир сонун түрлүү динамиктер, үн жаңыртуучу аппараттар бар. Колдо бар алтындын баркы жок .
- Улуттук теле каналды продюссерлердин ырчы балдары басып алды, -деген жеке ырчылардын арасында пикир келишпестиктер бар. Деги эле продюссер деген керекпи?
- Жаңы чыгып келет жаткан ырчыга сөзсүз түрдө продюссер керек. Такшалыш деген оңой иш эмес. Бул тууралуу жыйынга мен да катышкам. Бул маселе эмнеден келип чыкканы мындай, өз алдынча чыгып кете албаган, музыкалык билими жок, талантым бар деп курулай төшүн каккандардын айынан келип чыккан чыр маселе. Мисалы, Ома деген ырчыбыз эч кандай продюссери жок эле, өзүнүн жеке күчү менен Америкада өткөн сынактан, эки алтын медалга татыктуу болуп, Кыргызстанды дүйнө жүзүнө таанытып келди. Мына көрдүңөрбү, ар бир адамдын талантынан болот. Таланты, үнү барлар жакшы ырларды жазып, даярдап келишсин, эфирден чыгарып беребиз.
- Өзүңүздө продюссер болоюн деген ой жокпу?
- Болсом деле болмок, колумдан келмек. Бүт техникалык жабдыктарым бар, алардын баары үйдө сүрсүп турат. Биздин театрда музыкалык инструменттер, аппараттар, Германиядан алынып келинген 12 метрлик прицеп, эки генератор, андан тышкары бизди алып барып алып келгенге автоунаабыз бар. Жарыгы жок айылга же жайлоого барганда эч ойлонбостон, прицепти жайып алып, концерт бере берсек болот. Бирок, бул жумуш абдан татаал. Аны ары-бери жетелеп алып, чуркашың керек. Менде ага азырынча убакыт жок. Баш-аякты жыйгандан кийин, жаш куудул өнөрпоздорду, ырчыларды чогултуп, татыктуу тарбия берсем деп пландап жатам. Аларды телчиктирип, бышыра ийлеп туруп, сахнага чыгарыш керек. Бирок, мен ала турган жаш таланттар чыгармачылык графикке көнөм дегендерди алам. Биз аларды кээде урушабыз, тилдейбиз, мактайбыз, башынан сылайбыз. Азыркы жаштар болсо, бат эле эл оозуна алынып, популярдуу болуп чыга келсем дешет. Ал даражага жетиш үчүн талыкпай эмгектенип, ар убак издениш керек. Адамда 1пайызы талант, 99пайызы эмгек болгондо гана көздөгөн максатынын туу чокусуна жетет. Буга убакыт керек. Мисалы, мен ушул абалга жетиш үчүн 5 жыл окуп, сахнада иштеп, телчигип олтуруп,10 жылдан кийин барып, эл оозуна алынгам.
- Убактыңызды бөлүп, бизге маек куруп бергениңизге чоң рахмат. Ишиңиз ийгиликтүү болуп, ойлогон ой-максаттарыңызга жетиңиз.

Маектешкен
Гүлзана Бейшеналиева,
"Ачык саясат"