№70, 26.09.08-ж.
  Тил тагдыры - эл тагдыры

Жабыр тарткан эне тил…
"Тилим менен улутмун"-демекчи, ар бир элдин кайсы бир улутка тийиштүү экендигин далилдеген эң башкы белгилердин бири-ошол улуттун тили экендиги талашсыз.

Соңку жылдары жоголуп бараткан башка улуттун тилдери сыяктуу эле, кыргыз тили да толук укуктуу мамлекеттик тил болуудан кала баштаган. Кыргыз улутунун тарыхый мекени болгон Кыргызстандын аймагында кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүү, жогорку жана атайын орто окуу жайларында билим берүү иши дээрлик токтотулгандыктан, кыргыз тилинин жашоо тагдыры коркунучта калып, ал маанилүү функцияларды аткаруудан четтеди. Мунун өзү кыргыз элинин улуттук ар-намысынын тебеленишине, улуттун аң-сезиминин жабырланышына, элдик салт-санаалардын четтетилишине алып келди. Ошону менен бирге эне тилин билбеген жаштардын саны улам көбөйүүдө. Улуттук тил саясатынын принциптеринин бурмаланышынан улам, кыргыз тилинин коомдук жана мамлекеттик түзүлүштүн ар кыл чөйрөлөрүндө колдонулушу мамлекет тарабынан колдоо таппай келет. Мунун натыйжасы, кыргыз тилин сактап калуунун кечиктирилгис чараларын көрүүнү талап кылууда. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил" жөнүндө мыйзамы кабыл алынганы менен, андагы жоболор ишке ашырылган жок.
Мына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил катары кабыл алынганына туура 19 жыл толду. Бирок, өз эне тилибизге мамлекеттик тил деген статус берилгенине ушунча жыл өтсө да, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге салыштырмалуу расмий тилде сүйлөгөн атуулдардын саны көбөйүүдө. Мунун негизги себептери, жогорку бийлик өкүлдөрүнүн мамлекеттик тилге маани бербегендигинде. Эл алдында орус тилинде сүйлөгөнү мактанычпы же өз эне тилин жээригениби? Же алар мамлекеттик тилди билбейби? Натыйжада, мамлекеттик тилибиз менен иш алып баруу талаптагыдай болбой жаткандыгында эмеспи. Конкреттүү бир мисал келтирели. Президенттик шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билиши талап кылынат, ар түрдүү сынактарды өткөрүшөт. Талапкерлер эң алгач мамлекеттик тилде жазуу иштерин аткарышат, ооз эки сынактан өтүшөт. Тилекке каршы, алар "эшеги суудан өткөн соң" мамлекет башчысынан тарта, ири чиновниктер калкыбыздын арасында орус тилинде сүйлөөнү модага айландырып алышты. Биз Россияда жашайбызбы же Кыргыз Республикасында жашайбызбы? Неге өзүбүздүн мамлекеттин тагдырына күйбөйбүз? Неге президент К.Бакиев теле көрсөтүүлөрдө, курултайда көпчүлүк элге орус тилинде кайрылуу жасайт. Мамлекеттик тилге ким камкордук кылат?- деген суроолор жоопсуз калып олтурат.
Ал гана эмес, бийлик башында отургандар, ар улуттун өкүлдөрү. өлкөнүн премьер-министри И.Чудинов, Генпрокурордун орун басары С.Насиз, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Корниенко, сыяктуу мамлекеттик майлуу-сүттүү кызматтагылар канча? Албетте, буга каршылыгыбыз жок. Бирок, булар мамлекеттик тилибизди билеби? Кыргыз тилин билбегенден кийин, алар карапайым калкыбыздын суроо-талаптарын белгилүү деңгээлде чече алышабы? Деги алар биздин мамлекеттик тилибизге жан-дили менен күйөөрүнө ишенүүгө болобу? Ачык эле айталы. Премьер -министрибиз Игорь Чудиновго айылдан келген чал-кемпирлерибиз, орус тилин билбеген дыйкандарыбыз келсе, алардын көйгөйлүү маселелерин угуп, түшүнө албайт. Же айыл жергесиндеги карапайым калк менен жолугушууда болуп калса, калкыбыздын көйгөйлөрүн түшүнбөгөн соң, алардын бул көйгөйү мамлекеттик деңгээлде чечилбеси анык.
Биз Балтика деңизинин жээгиндеги өлкөлөрдөн, коңшулаш өзбекстан менен Казакстандан неге үлгү албайбыз? Бул өлкөлөрдө башка улуттар алардын мамлекеттик тилин билүүгө милдеттүү. Ал гана эмес мамлекеттик жооптуу жогорку кызматтарга башка улуттардан болушу сейрек көрүнүш экендигин ачык айтууга тийишпиз.
Жөнөкөй эле мисалга кайрылалы. Казакстанда казак тили мугалиминин эмгек акысынан тышкары, ага мамлекеттик тилде сабак бергендиги үчүн кошумча эмгек акы төлөнөт экен. Алардын президенти Н. Назарбаев элге кайрылууда жалаң казак тилин колдонот. А биздечи? Тескерисинче, орус тили мугалиминин эмгек акысына кошумча эмгек акы төлөнөт. Кыргыз тили мугалими мындай кошумча эмгек акыга ээ болбойт. Ошондуктан мамлекеттик тил, расмий тилинин деңгээлинен төмөн турат, - деп белгилесек болот.
Кызматка алууда, дагы бир өзгөчөлүккө көңүл буралычы! Мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билээрине эмес, орус же англис тилин билгенине гана көңүл бурулат. Мына ушундан улам, улуттук мамлекеттик тилибиздин кадыр-баркы жок болуп, жакынкы аралыкта жок болуп кетүүчү элдин жана тилдин бири катары белгилениши бекер эместигине аргасыз ишенесиң.
"Тил жоголсо-эл жоголот".Демек, улуттук патриоттук сезимибиз ойгонбой, эне тилибизди сактап, коргобой-эл болуудан сыртта каларыбызды унутпасак!

Нургүл Төрөбекова,
"Ачык саясат"




  Туыскандар не дейди?

"Кул ээлөөчүлүк" коомдун опурталдуу проблемалары
Базардан башка да калк көп жүргөн жерлерден "Продаются узбеки", "Продаются ошские киргизи" - деген жарнамаларды көп учуратасың. Бул "тирүү товарларды" соодалап жүргөн далдалчылардын жарыясы. Далдалчылар чет элден келген жумушчуларды кожоюну менен табыштырган эптүүлүгү үчүн, ар өзбектин же кыргыздын үстүнөн 30-50 доллардан сыйлык акы алат. Арзан жумушчу күчүн издеген адам далдалчы менен такай кабарлашып турбаса, "жандуу товар" түгөнүп калышы ыктымал. Себеби, "жапайы капитализм" жай тапкан Казакстанда "импорттук" жумушчуларга талап кылбагандар аз.

... Эл аралык серепчилердин маалыматына шайкеш 2003-жылы Кыргыз мигранттарынын Казакстандан таап кайткан кирешеси 120 миллион долларды түзсө, 2005-жылы 500 миллионго жеткен. 2007-жылы канча каражат чет өлкөгө өткөндүгү бизге белгисиз. Айтор, Кыргызстан үчүн стратегиялык маңызы бар жумуш берүүчүнүн ролун аткарып отурганыбыз анык. Акча Кыргызстанга агылып жатканда, акчасы сыртка кетип жаткан Казакстандын мамлекеттик органдары эмнеге үнсүз отурганы түшүнүксүз.
Казакстанда гастарбайтерлерди "экспорттогон" элдердин бири - Кытай. Азыр асман астындагы бул элдин жарандары, кул базардан баштап, "кара алтын" шахталарына чейин учуратууга болот. Алматыда кытайлардын каптап бара жаткандыгына бир кыйла убакыт өттү, ушул аралыкта шаарда мурун Голливуддан гана көргөн кытай кварталдары пайда болду. Бул эл менен байланыштыруучу "Батыш Казакстан - Батыш Кытай" темир жолун салууга кеминде миллионго жакын Кытай жарандарынын тартылышы күтүлүүдө. Бул чоң коркунучту пайда кылбай койбойт. Анткени, темир жолу курулуп бүткөндөн кийин, аны тейлөө милдети кытайлыктарга тиешелүү болуп калат.
"Киши баласы кишендесең да турбайт" - деген бабаларыбыздын сөзү гастарбайтерлерге дал келбегендей сезилет. Себеби, көпчүлүк гастарбайтерлердин көңүлүндө Казакстанда биротоло конуш алып калуу мүдөөсү бар экендиги ачык көрүнөт. Демографтардын айтымында Казакстанда жашы 30дан ашса да турмуш курбаган кыздардын саны 18 миңден ашып кеткен. Мындагы зор коркунуч, биздин өлкөгө иш издеп келген кытай, кореец, түрк жумушчуларынын арасында казак кыздарына үйлөнүү аркылуу Казакстандын жарандыгын алып жаткандар аз эмес. Жатыны казак болсо да, жат атадан туулган бала жат элдин мүдөөсүнө кызмат кылат. Андай бала казактын тили менен дилин, динин барктай алабы? Маселенин ушул жагына келгенде аргасыздан чочулоого туура келет. Биз мигранттардын эмгегинен баюуга умтулсак да, өзбек менен кыргыздарды кулча иштеткенибизде, таяктын ошол башы өзүбүздүн башыбызга тийбейт - деп ким кепилдик берет? Дагы бир айтуучу нерсе, биздин өлкөдө жүрүп, кысылып-кымтынганды билбегендер, башка мамлекетте жүргөнүнө карабастан, өз айылында жүргөндөй мамиле жасап жүрүшөт. Ушундан улам, 2005-жылы ИИМдин чечими менен түрлүү мыйзам бузууларды жасаган 100 миңге жакын гастарбайтерлер административдик жазага тартылса, 10 миңге жакын чет элдиктер Казакстандын аймагынан чыгарылып жиберилген. Мындай окуялар жыл өткөн сайын көбөйүп баратат.
Мыйзам бузуучуларды чек арадан чыгарып жиберүү да Казакстандык укук коргоо органдарынын чоң машакаттарынын бирине айланган. Маселен, 2006-жылы Алматы аймагынан чыгарылып жиберилген эмгек мигранттарынын өз элдерине кетүүсүнө 1,5 миллион теңге каражатын бөлүп отурат.
Бир нече жыл мурун Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча Жогорку комиссары Антонио Гутьеррес: "Казакстан акыркы жылдарда качкындар менен мигранттардын ташкынынын астында калышы ыктымал", - деген эле. Гутьеррес мырзанын божомолу чын чыкты, Казакстан ушул проблема менен бетме-бет келди. Эмгек мигранттарынын агымын азайтууга мүмкүнчүлүк азайды. Мыйзам менен мигранттарды кысымга алсак, БУУ сыяктуу дүйнөлүк аренадагы абройлуу уюмдардын эрежесине туура келбей калат. Алардын көз карашында, гастарбайтерлер менен качкындарга жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү - ар бир мамлекеттин мойнундагы зор милдет. Ушунун салдарынан өлкөбүздө бир топ кыйынчылыктар түзүлүп жатат, ошол эле учурда эл аралык уюмдар "өз проблемаңды өзүң чеч" - деген принципти бекем кармайт. Кыскасы, Казакстан сыяктуу "кул ээлөөчү" коомдун да опурталдуу проблемалары чечилгис болуп отурат.

Арнур Аскар,
Казакстандын "Айкара" республикалык коомдук саясий гезитинен которгон
Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"