№71, 30.09.08-ж. Көшөгө артындагы көмүскө сырлар

Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева:
- Эгер сиз коомдук ишмер болсоңуз, жалпы коомго кандай пайда алып келмексиз?
- Кыргыз элимдин патриоту катары, мен, жалпы элимдин, мекенимдин чечилбей келген глобалдуу маселелерин чечкенге биринчи кезекте көңүл бурмакмын. Элимдин кубанычы, кайгы-капасы, сар-санаасы менен тең бөлүшмөкмүн. Жан үрөп, колумдан келген жардамымды эч аянбастан бермекмин. Жумурай -журт менен мыйзамдын чегинде иш алып бармакмын. Ар дайым эл менен тыгыз байланышта иштемекмин.

"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев:
- Алтын балык кармап алсаңыз, кандай тилек айтат элеңиз?
- Абдан кызыктуу суроо экен. Жомоктогу "Алтын балык" мага туш болсо кана. Учурда негизинен саясый абал курч алып, айланабызды курчап жаткан мезгил.
Аны баарыбыз көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен угуп, жүрөгүбүз менен сезип жатабыз. Мен алтын балыктан элден эң биринчи саясый кырдаалдын оң тараптуу чечилишин, экинчиден, жарыктын 24 саат бою өчүрүлбөшүн суранмакмын.

Куудул, ырчы Борончу Кудайбергенов:
- "Кыргыз байыса катын алат, сарт байыса там салат"- деген макалга
көз карашыныз кандай?
- Бул макал илгертеден келе жаткан накыл кеп, чындап эле азыркы заманда чөнтөгү бир аз кампайып, кичине акчалуу боло калса эле, жаш кыздардан бирден жетелешип , жаңдап эле калышат. Негизинен, бизде экинчи аял катары ачыкка чыгаргандар аз, алар көбүнчө жашыруун алып алышат. Ал эми сарт болсо көтөрүнүп, иштеп жүрүп үй салышат. Алар тамды запаска коюп коюшат. Биз болсо шыпылдап, шуулдап эле жаңыртып, жаңы келинчек ала салабыз. Бул биздин каныбызга сиңип калган көнүмүш адат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев:
- Бул жарыкчылык дүйнөгө кайра жаралсаңыз, ким болуп жаралгыңыз келет?
- Жакшы суроо экен. Эгерде мага дагы мүмкүнчүлүк берилсе, эч ойлонбостон эле, азыркыдай эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, элге ырахат, күлкү тартуулаган, эл кишиси болуп жаралмакмын. Менин тилегим жакшы, чоң-чоң мааракелерди, тойлорду, жыйындарды, майрамдарды жакшы ниеттер менен алып барам. Мен той-топурларга көп катышам, ал жерде сөзсүз жакшы тилектер, не бир сонун баталар айтылат. Дайыма ушундай жакшы нерселердин арасында жүрөм. Буюрса жаратканым, ден-соолук, күч-кубат берсе, мындан ары да жүрө берем. Мен кээде олтуруп өзүмдүн жашоомо өзүм көз артам, сыймыктанам. Көз тийбесин. Мен кудайга ыраазымын, ушундай тагдыр бергенине. Мен кайра жаралсам туптура ушул турган турпатым менен жаралгым келет.

Коомдук ишмер, экс-депутат Бектур Асанов:
- Эки аял алгыңыз келеби?
- Бул суроого мен мындай жооп берем. Учурда жаркылдаган жароокер жубайым, алмончоктой балдарым, куттуу үй-бүлөм бар. Мен аларды эч кимге алмаштыргым келбейт. Көңүлүмө туура келген, кубанычымды, кайгымды тең бөлүшкөн, Акыл Карачачтан кем калышпаган келинчегим бар.Анан эмне жетпей, анын үстүнө экинчисин алмак элем. Менде эки аял алуу тууралу ой жок, болбойт дагы.

Клара Ажыбекова "Коммунисттер" партиясынын лидери:
- "Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык" -деген макалга кандай көз караштасыз?
- Бул негизинен орто кылымга таандык лакап. Чыгыш элдеринде, көбүнесе ислам динин туткандар, бул макалды көбүрөк колдонуп, колдоп келишет. Аял затын экинчи орунга коюшуп. Мен бул макалды эркек менен аялдын ортосундагы теңсиздик деп түшүнөм. Бирок, буга кошулбайм. Себеби, тарыхты алып көрөлү, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу чыгаан кыз-келиндерибиз тарыхка өлбөс-өчпөс из калтырып кетишкен. Эркек менен аялдын укугу тең болуш керек. Буга карата аялдар гендер маселесин көтөрүшүп, тең укуктуу болгонго күрөшүп келишет. Турмушта деле кээ бир эркектерге караганда, айрым аялдар эр жүрөк, намыскөй, сөзгө бекем, туруктуу келишет эмеспи.

Даярдаган
Гүлзана
БЕЙШЕНАЛИЕВА,
"Ачык саясат"