№72, 03.10.08-ж.
  Кулакка түйөр кабар бар,
Куш тилиндей кабарлар

"Ыңгайсыз сурОолор" ыңгайсыз абалда калды
"Азаттык" үналгысынын "Ыңгайсыз суроолор" аттуу кезектеги берүүсү КТРдин каналынан шаршемби күнү чыкпай калган. Ал берүүдө "Ата-Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен БШКнын кызматкери Аманкул Молдалиевдин Клара Кабилованын кайрылуусу боюнча айткан пикирлери кетмек. "Ыңгайсыз суроолордун" кезектеги берүүсү эмнеге чыкпай калгандыгын, КТРдин кызматкерлери жетекчилерине шылташкан эле. КТРдин башкы директору Мелис Асаналиевичтин айтымында, "Азаттык үналгысы" КТРге 173 миң доллар акча карыз болуп калгандыктан, алардын берүүлөрү убактылуу токтотулуптур. Мындан бир жума мурун "Азаттыктын" башкы директору Кубат Оторбаев, бул берүүнү ажобуз аябай жакшы көрөт экен деп жар салды эле. Эми минтип токтотуп салды.

Бакыт, Роза, Иса суракка барбайт
СДПК фракциясынын депутаттары Бакыт Бешимов, Иса Өмүркулов жана Роза Отунбаевалар башкы прокуратурага Клара Кабилованын кайрылуусу боюнча кечээ сурак беришмек. Бирок, аталган депутаттар сурак берүүдөн баш тартышты. Анткени, мыйзам боюнча депутаттар сурак берүү укугунан бошотулуптур. Аларды суракка алуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Суракка чакырган прокуратура кызматкерлери "депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамды" билбей калганбы? Суракка баруудан баш тартышкан СДПКчылар, башкы прокуратура менен кызматташууга баруудан баш тартышкан жок. Болгону мыйзам чегинде болсун деп жатышса керек.

СДПК парламенттин таркашына макулбу?
"Ак шумкар" партиясынын азыркы парламент легитимдүү эмес, ошондуктан таркатылышы керек деген кайрылуусуна биринчилерден болуп СДПК фракциясынын депутаты Руслан Шаботоев үн катты. БПК агенттигине берген маегине таянсак, анда депутат мындай деген, "Шайлоолордун жыйынтыгы легитимдүү эмес экендиги көз көрүнөө. Эгер парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы бурмаланган деп табылса, биз ЖКдан кеткенге даярбыз". Жаш депутаттын мындай пикири коомчулук тарабынан колдоого алынып, жакшы аброй алып келет деп ишенебиз. Башында эле мандаттарынан баш тартышса, башкача болмок беле?

Мугалимдер иш таштоого чыгышат
Алыскы Ат-Башынын мугалимдери алтынчы октябрдан баштап иш таштоого чыгышат. Алардын мындай кадамга барышына, "педагогикалык эмгек стажы үчүн" кошумча төлөмдөрдү өкмөт төлөп бербей жаткандыгы себеп болууда. Атбашылык мугалим Капар Өмүрзаковдун айтымында, райондун айрым мектептеринин мугалимдери кошумча төлөмдөрүн төлөтүп алыптыр. "Эмне үчүн бизге жетпей калышы керек"-деп капаланат Капар. Облус жетекчилеринин билдирүүсүндө, жалпы облустун мугалимдери үчүн өкмөтүбүз 96 миллион сом карыз экен. Убактылуу иш таштагандар, биротоло иштен кетип калбаса болду. Анткени, аласасы үчүн акцияга чыккан мугалимдерди акимчилик тарабынан куугунтукталып жатканыкытарын жакшы билебиз.




Ноокаттагы чатак
1-октябрь күнү Ноокат районун борборундагы Орозо айт майрамы чоң чатакка айланган. Аталган райондун акими Абдыганы Алиев мусулмандардын майрамын борбордук аянтта белгилөөгө тыюу салгандан кийин, буга нааразы болгон эки миңге жакын мусулмандар жергиликтүү акимчиликтин алдына митингге чыгышкан. Алар алгач акимдин кызматтан кетүүсүн талап кылышса, аягында акимчиликтин терезелерин талкалашып, баш аламандыктарды уюштурушкан. Ноокаттын акими Абдыганы Алиев, 95 пайызы өзбек улутунан куралган 100гө чукул мусулмандар мындан бир жума мурун борбордук аянтта Орозо айт майрамын өткөрүүнү суранышкандыктарын, аларга Орозо айтты майрамдоого райондук стадион берилгендигин, бирок, ага карабастан эки миңге чукул мусулмандар акимчиликти таш бараңга алышып, жергиликтүү бийликке кол салгандыгын кабарлаган. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик бул чатактын артында "Хизбут-Тахрир" партиясы тураарын айтып, аларды жоопко тартууну суранышкан. Ноокаттан чыккан чатак жөнүндө "Азаттык" үналгысы менен "Акипресс" агенттиги аздыр-көптүр маалымат беришкени болбосо, башка өкмөттүк маалымат каражаттары үн чыгарышкан эмес. Ошо күнкү болгон тополоңдун ток этээр жерин айткандын ордуна, Ала-Тоо аянтындагы айт намазын кайра-кайра көрсөтүп, Ноокаттагы чатакты билмексенге салышкан. Ал эми, бул чатак тууралуу коңшулаш казактардын "Казахстан Сегодня" деген маалымат агенттиги эмне деди дебейсиңерби? "На юге Кыргызстана 1.5 тыс. членов партии Хизбут-Тахрир захватили здание райадминистрации"-деп беришкен. Алардын мындай маалыматын Россиянын атактуу "Лента ру" агенттиги дүйнө коомчулугуна таркаткан. Бизде эмне үчүн бул маалыматты ачыкка чыгарбай отурушкан? Бийлик менен оппозициянын ортосундагы акыркы тирешүүлөрдү "хизбутчулар" колдонуп кетиши мүмкүн экендигин саясатчылар сайрап жатышпады беле? Эмне үчүн коопсуздук кызматы бул чатактын алдын алган эмес? Оппозициянын өкүлдөрүнүн артынан түшкүчө, "хизбутчулардын" сары изине чөп салып, саргарта кууп алса болмок да? Орозо айт майрамындагы жаңжал быйыл эле болбоптур. Былтыркы жылы дагы ушундай окуя кайталанып, жаалданган мусулмандар милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, таш бараңга алышыптыр. Муну ошол окуяга күбө болгон ардагер Таштемир Жороев "Азаттык" үналгысынын журналисттерине айтып берген. Ушул жерден, эмне үчүн аким уруксат бербей койгон? - деген суроо туулат. Орозо айт намазын окуу үчүн Бишкектин ортосунан деле орун берилгенин эске алсак, анда, тоскоолдук жараткан аким өзү күнөөлүү болуп калып жатпайбы? Баш аламандыкка жол берген аким Абдыганы Алиев бул чатактын артында турган "хизбутчуларды" аеосуз жазалоо керек деген сунушу себеп болдубу, айтор, ара-чолодо Ош облустук Ички иштер башкармалыгы "массалык башаламандыкты уюштурду" деген берене менен кылмыш ишин козгоду. Ал эми, нааразычылык акциясынын уюштуруучуларынын бири Икрамжан Исаков жергиликтүү бийликтин айыптоолорун четке кагып, Ноокат райакимчилигинин алдына чыккан мусулмандар ар улуттун өкүлдөрүнөн тураарын, бири дагы Хизбут-Тахрир диний-экстремисттик партиясынын мүчөсү эместигин, аларды эч ким көкүтпөгөндүгүн, болгону азыркы бийлик саясатына макул эместигин билдирүү үчүн аянтка чыккан адамдарды уруп-согуп тараткандыгын, тарапкерлеринин бир нечеси жаракат алышкандыгын маалымдаган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянсак, жаңжалдан беш милиционер жаракат алып, аларды ташыган автобустун айнектери талкаланыптыр. Ноокаттагы абал жөнгө салынганы менен, Өзгөндө "хизбутчулар" активдешип, алардын эки лидери колго түшүптүр. Бийлик Ноокаттагы чатактын сырын ачам деп, чырын ачып албаса болду. Ош жергесиндеги опурталдуу окуя кылдаттык менен териштирилип, анын аркасындагылар аныкталышы керек. Саясий кризис курчуп турганда, "учкундан жалын тутанта тургандар" чекесинен табылат. Сак болушубуз керек!

"Ачык саясат" пресс