№74, 10.10.08-ж. Жылдызда катылган сыр
Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы:
"Биз парламентке ачык, таза, мыйзамдуу жол менен гана бармакпыз"
Бул жерде Жылдыз Жолдошева бир нерсени туура айтты. Шайлоонун жыйынтыктары элдин добушу аркылуу эмес, бир-эки кишинин каалоосу менен депутаттык мандаттар бөлүштүрүлүп, ошолордун кийлигишүүсү менен мындай маселелер көмүскө чечилип жатат. Биз, ошол парламенттик шайлоодон кийин 18-декабрь күнү эле, бул шайлоолорду тааныбайбыз деп ошондо эле ачык айтканбыз. Биздин маалымат боюнча, декабрдагы парламенттик шайлоого Кыргызстан боюнча бардыгы болуп, 850 миң шайлоочу келип катышкан. Анын ичинде "Ата Мекен" партиясынын атынан чыгышкан бирдиктүү оппозициялык күчтөргө 350 миң адам өз добуштарын беришкен. Ал эми "Ак Жол" партиясы 150 миң добушка араң ээ болгон. Бул жерде ачык айтып коюшубуз керек, ошол мезгилде шайлоого болгону 850 миң адам келип катышса, бийлик дагы 1 миллион бюллетень кошуп, шайлоого бардыгы болуп, 1 млн. 900 миң киши катышты деп жалган маалымат берген.
Оппозициялык күчтөр бириккен "Ата Мекен" партиясы чынында парламенттеги мандаттардын 55-60 пайызына ээ болгон. Ал эми бийлик "Ак Жол" партиясына 71 мандатты берип коюшкан. Ошондуктан, бүгүнкү парламентти легитимсиз деп айтууга толук негиз бар.
Экинчиден, Жылдыз Жолдошева туура эмес маалымат берген. Эгер, чынында эле бизге 19 мандат бөлүнсө биз парламентте отурат элек го. Жеке өзүм мындай соодалашуу жөнүндөгү сөздөрдү четке каккам. "Ата Мекен" партиясынын тизмесиндеги биринчи адам катары айтып коеюн, биз парламентке ачык, таза, мыйзамдуу жол менен гана барабыз деп кескин түрдө мындай сунуштарга макул болгон эмеспиз.
20-декабрда Боршайком шашылыш түрдө шайлоонун жыйынтыктары боюнча формалдуу жыйын өткөрүшүп, областтардагы, аймактык шайлоо комиссияларынын жыйынтыктарын укпай туруп эле жыйынтык чыгарып коюшкан. Ошондон бир саат өтпөй эле бардыгына мандаттарын тапшырышкан.
Ачуу чындык ушундай. Бул чындыкты маалыматы бар ар бир адам, участкалык, райондук шайлоо комиссияларынын ар бир мүчөсү билет. Бизге шайлоону сырттан келип бирөө өткөзүп бербейт. Өзүбүз өткөзөбүз, өзүбүз бурмалайбыз. Ар кимиси өз жеке кызыкчылыгын, жеке керт башын ойлоп, кызматын сактап калуунун айласын көрүшөт. Бир чети аларга кыжырың келет. Бир чети аяйсың. Анткени, алар ал жерде байкуш болуп, аргасыз отурушат. Эгер ушундай кайдыгерлик мындан ары да улана берсе, элибиз кыйынчылыктан эч качан арылбайт. Ошондуктан, ар бирибиз мындай кайдыгерликтен арылып, өз өлкөбүздүн патриоту болуп, мындай одоно мыйзам бузууларга тоскоол болушубуз керек.

Мирослав Ниязов,
Коопсуздук кызматынын экс-катчысы:
"Атамекенчилер" бир топ орун алмак"
- Мен сүйлөшүүлөр болуп жатканда жанында турбаган соң эч нерсе деп айта албайм. Бүгүн мунун эч кандай зарылдыгы жок. Негизгиси, ошол маалда бийлик "Ата Мекен" партиясынын укугун тебелеп-тепсеп, аларга добуш берген адамдардын аброюна шек келтирди деп эсептейм. Анткени, атамекенчилер азыркы парламенттен бир топ орун алмак. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү бийликтин каалоосу менен Борбордук шайлоо комиссиясы атайылап ыплас жол менен "Ак жол" партиясын парламентке алып келишкен. Учурда "Ак жол" партиясынын депутаттарынын жүзүн көрүп жатпайбызбы, "калптын казаны кайнабайт" дегендей колдорунан эч нерсе келбейт. Өлкө башчысынын оозун карап олтургандан да уялышпайт экен булар.
Шайлоонунун шайтан оюндарынан кутула албай жүрүп, кыргыздар кыйрап калбасак болду.

Асия Сасыкбаева, "Интербилим" бейөкмөт уюмунун жетекчиси,
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
"Ж.Жолдошева эртеби-кечпи мыйзам алдында сөзсүз жооп берет"
Жылдыз Жолдошеванын мындай сөздөрүн анын кезектеги апыртмасы деп түшүндүм. Анткени, бул адам жалган маалыматты таратуудан эч тартынбасын мен жакшы билем.
Экинчиден, "Ата-Мекен" партиясына канча орун берилишин Жылдыз же Боршайком эмес, шайлоочулар, эл чечет. Чынында "Ата Мекен" партиясы 19 орун эмес, андан алда канча көп орунга ээ болгон. Ал эми соодалашуу жөнүндө айтсак, биздин партия адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, мыйзамдуулукту туу туткандыктан мындай иштерге эч качан барган эмес, барбайт дагы. Бийлик болсо, "Ата Мекен" партиясы тизесин бүгүп, мандат сурап кайрылат деп күткөн. Ошондо алар бизге өздөрүнүн шартын коюп туруп, анан парламентке өткөрүшмөк. Бирок, биз мындай мыйзамсыз ишке барган жокпуз жана эч качан бармак эмеспиз. Анткени, биз парламентте Конституциянын негизинде өзүбүздүн мыйзамдуу түрдө көпчүлүк орунга ээ болгондугубузду жакшы билебиз. Биз Жогорку Кеңешке мыйзамдуу гана жол менен бармакпыз.
Бүгүнкү Борбордук шайлоо комиссиясы, анын ичинде ошол эле Жылдыз Жолдошева эртеби-кечпи коомчулуктун алдында, мыйзам алдында сөзсүз жооп берет.

Бакирдин Субанбеков,
экс-ички иштер министри, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү:
"Ата-Мекен" партиясы соодалашууга барышы мүмкүн эмес"
- Чындыгында ошол парламенттик шайлоолордо биздин партия көп эле добушка ээ болуу менен татыктуу орунду ээлегенбиз. Муну жалпы журт жакшы билет. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы жетинчи кабаттагылардын суроо-талаптарын канааттандырып, бизди Жогорку Кеңешке жакын да жолоткон жок.
Ал эми мандат үчүн соодалашуу болгондугу жөнүндөгү ар түрдүү кептер эл ичинде көп эле айтылып келе жатат. Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби, ошол парламенттик шайлоолордо мен "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде алтынчы орунда тургам. Эгер сүйлөшүүлөр болгон болсо, мен сөзсүз угат элем да.

Эркин Булекбаев, "Жашылдар" партиясынын төрагасы:
"Кыргызстанда Шайлоо Кодексинин ордуна, "Дайындоо Кодекси пайда болду""
Кыргызстанда Шайлоолор жөнүндөгү Кодекстин ордуна "Дайындоолор жөнүндөгү Кодекс" ишке киришип, бүгүнкү күндө формалдуу гана түрдө иштеп жаткан Борбордук Шайлоо комиссиясынын аркасында Ак үйдүн кызыкчылыгын жактаган депуттар мандат алып жаткандыгы эч кимге деле жашыруун болбой калды. Былтыркы парламенттик шайлоолордо деле бийликтин "Ак Жол" партиясы элдин добушун каалаганындай уурдап туруп, жеңишти алып берип койду. Бизде шайлоо системасы гана эмес, бүтүндөй социалдык, экономикалык өнүгүүбүз да алдыга бир да кадам таштай албай, турган ордунда токтоп калды.
Бийликтин бүгүнкү жасап жаткан иштери мыйзамдык да, моралдык да нормалардын чегинен чыгып кетти.
Ал эми Жылдыз Жолдошеванын айтканына толугу менен кошулам. Себеби, ошол парламенттик шайлоодо Топчубек Тургуналиевдин айтуусунда 33 пайыз менен "Ата Мекен" партиясы биринчи орунду, "Ак Жол" партиясы экинчи орунду ээлеген экен. Ал эми "Эркиндик" партиясы үчүнчү орунду алгандыгын айтып отурат.