№74, 10.10.08-ж.
  Карагай ыйлап, тал ыйлап, жан бүткөндүн баары ыйлап…

КЫРСЫК БАСКАН КЫРГЫЗСТАН
5-октябрь, жекшемби күнү алакандай кыргыз жерин кырсык басып, таш боор табийгаттын соккусунан ондогон мекендештерибиз оо дүйнөгө мезгилсиз сапар тартышты. Алай районуна караштуу Нура айылында болуп өткөн 8 баллдык бул жер титирөөдө-35 эркек, 37 аял, анын ичинен он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 51 жаш өспүрүм, 12 пенсия курагындагы ата-апаларыбыз кайра келгис сапарга аттанышты. Бир боор мекендештерибиздин башына түшкөн мындай апаат күнгө кабыргабыз кайышып, сай-сөөгүбүз сыздап турса дагы, аларга кайрат айтыштан башка колубуздан эмне келет.
Шейит кеткен мекендештерибиздин жаткан жери жайлуу болуп, топурагы торко болсун. Кыргыз элин, кыргыз жерин Алла Таалам бөөдө кырсыктан тышкары кылып, азап-тозоктуу күндөрдөн алыс кылсын!