№75, 14.10.08-ж.
  Ж ү р ө к ө й ү г ө н о й л о р

Улуттук ар-намысыбыз кайда?
Дүйнөдө кайсы гана мамлекет болбосун, эң алгач ошол өлкөнүн негизин түзгөн жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргойт да, анын улут катары сакталышына гана эмес, анын өнүгүп-өсүшүнө камкордук көрөт. Эч жерде жазылбаган бул мыйзамдын артында улуттук ар-намыс чечүүчү касиетке ээ болот. Мына ушул өзгөчөлүккө ээ болгон япон, кытай эли күн санап өсүп, дүйнөдө саясий жана экономикалык абалын чыңдап, АКШ жана Европанын күчтүү державалары менен теңтайлашып, ал түгүл жаңы технологияларды пайдалануу жагынан астыга оозуп чыгууда. Аларды көрүп арданып, бизде улуттук ар-намыс барбы?-деген күдүк ойлор аргасыз пайда болот. Эгемендүү мамлекетпиз дегенибиз менен күнкордук, кулдук психологиядан арылбаганыбызды, элибиздин ишке жарактууларынын чет элдерге тентип кетиши, өлкөбүздүн улуттук кадрларды өгөйлөп, өзгө элдерди көтөрмөлөп келишибиз-улуттук намысты ойлонбогонубузду тастыктап олтурат.

СССР жоюлгандан кийин эле кечээ бир боор, бир тууганыбыз-казак, өзбек, тажик элдери кыргыздардан жүзүн буруп, экономикалык байланышта тең ата сүйлөшмөк тургай, өлкөбүздү мамлекет катары тоготопой, чек арабызга ээн-эркин кирип, өз билгенин жасап жатканын эми жашыруу да мүмкүн болбой калды. Коңшулаш өлкөлөр өз элинин жеке кызыкчылыгын жогору койсо, кыргыз мамлекети "ээрге кыйшык отуруп", "Кыргызстан- жалпы үйүбүзгө", жалпы саан уюбузга айланган болчу. Мындай эркиндикке ээ болгон өзбек, казак, тажик, уйгур, дунган элдери өлкөбүздөгү байлыгыбызга жергиликтүү калктан мурда ээ болуп, ал эми кыргыз эли алардан аккан "кешикти" бөлүштүрүп алды.
Улуттук ар-намысыбыздын жоктугун элибиздин меймандостугу менен жаап-жашырууга өттүк. Өз элибизди калктын жеткен жалкоосу катары санап, уйгур, дунган, кореец, өзбек элдерин мээнеткеч, иштерман эл катары даңазаладык. Айрыкча, бийлик бутактары өз элин басмырлап келгенине нечен ирет күбө болдук. Ошол биз интеллектуалдуу деген жетекчилердин бири да кыргыз элинин иштермандыгын айта албады, тескерисинче, элибиздин жакыр турмушка кептелишине кыргыздын өзүн күнөөлөп чыгышты. Эмне үчүн булар башка элдерди туу тутуп, кыргыз элин кордоп сүйлөшөт деген суроолор жоопсуз калды. Көрсө, мунун түпкү сыры башкада экенин акырындык менен ачыла баштады. Айрыкча, коңшулаш элдердин кыргыздарга жасаган айрым мамилелерине, көз караштарына саресеп салгандан кийин, "кыргыздын жакыны бар, тууганы жок" экендигине ынана баштадым.
Атти-ии-иң, дүйнө! Мээнеткеч дыйкан эл, айтор, кыргыз элинин башка эл экенин даңазалагандар алар менен аралашып, жер иштетип көрүштү бекен? Уйгур, дунган, кореецтер кыргыз жергесинде жашылча-жемиш өстүргөндөн башка дыйканчылыктын башка түрлөрүн өздөштүргөнбү? Алар кыргыздын дыйкандары тарткан түйшүктү тартышабы? Балекеттин баары-эзелтеден кыргыз жетекчилеринин өз элин кор тарткандыгында болуп жүрбөсүн?
Өзүм күбө болгон бир эле мисалды келтирейин. Союздун күчтүү учуру эле. Аламүдүн районундагы "Бирлик" айылынын чет жагынан ипподромго жем-чөп өстүргөнгө 40 гектарга жакын жер бөлүнүп берген, анын 2 гектарына коон-дарбыз айдалып, калган аймагына эспарцет, арпа себилген. Омар аттуу дунган ошол жерди сугарып, бакканга ишке кирген. Студент учурум, иним тракторист, үй-жай бекер болгондуктан, убактылуу жашап жүрдүм. Төрт үй-бүлө бар. Ар бирибизге 0, 25 га жер керектөөгө бөлүнгөн. Жазгы талаа жумушу аяктап, эгин жана тоют талаасына суу коюу керек болду. Бирок, "чоң дыйкан" 38 гектар жерди сугарганын мындай кой, кулакты кандай байлаарын билбегендигине күбө болгом.
Алып көрөлүчү. Ошол "чоң дыйкандар" кыргыздар баккан кызылча, пахта талаасында иштечү беле? Алар эгинди, эспарцет, бедени багышчу беле? Дыйканчылыктын эң оор бул участокторунда жалаң кыргыздар иштегенин кантип танабыз? Анда неге, уйгур, дунган, кореецтерди "чоң дыйкан" деп, өзүбүздүн кыргыз дыйкандарды нары жактан жалкоо, бери жактан жерди иштете албаган "келесоо" катары көргөзөбүз? Деги, улуттук намысыбыз кайда?
Жакында, казак туугандардын бир гезитинде, Астана, Алматыны кыргыз гастарбайтерлер басып алып, акчаны "күрөп таап", ошолор аркылуу үй-бүлөсүн багып жаткандыгын, буга чек койбосо, Казакстан чет элдиктердин буту алдында калаарын ачык белгилептир. Албетте, бул макала үчүн авторго күнөө коюу мүмкүн эмес, керек десе улуттук ар-намысты бийик койгон патриоту катары анын бул пикири колдоого татыктуу. А эмне үчүн ушул маселе биздин Кыргызстанда коюлбай келе жатат? Казакстанда, Россияда канча кыргыз гастарбайтерлер кул ордунда иштешет? Эмне үчүн коңшулаш Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда биздин кыргыздар кул катары эсептелинип, диаспора катары өз алдынчалыкка ээ боло албайт? Ал эми биздин Кыргызстанда бул элдердин өкүлдөрү чет элдик экенине карабастан майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп турушат?
Башка элди билбейм, бирок казак эли 20-кылымдын 30-жылдардагы ачарчылыктагы кыргыз элинин жакшылыгын унутпашы керек эле. Эмне үчүн казак эли кыргыз элин тууган катары санашпайт? Же казактарды тууган эл кылганга кыргыздар гана милдеттүүбү? "Жоошуңду билип алдым, кырманыңа кирип алдым"-дегендей, элибиз казак Адил Тойгонбаевди "эрке күйөө бала" катары кастарласа, Шалкар Жайсаңбаев Кыргыз Республикасынан миллиондогон акча каражатын өзүнө энчилеп, бул эмгеги үчүн эркиндикте. Ал эми Медет Садыркулов Ак үйдө чалкалап, чаң салып жүрөт.
Ал эми Жогорку Кеңеште аты-жөнүн атаганда тилиң сындырган чет өлкөлүктөр канча? Коркмазов, Шин сыяктуулар кыргыз элине кандай эмгек сиңирди экен? Эң эле жөнөкөй мисал,Жалалабаттагы Жогорку окуу жайларынын бирине аты коюлган Алимбай Батыров ким болгон?Эмне үчүн Ош, Жалалабат,Баткен облустарындагы өзбектер, тажиктер биздин өлкөдө диаспора гана болбостон,ошол аймактагы ири ишканаларга чейин ээ болгону аз келгенсип, алардын кыргыз жергесинде "автономияга" ээ болууга жасаган тымызын аракеттерин кандай баалоого болот? Ал гана эмес Жалалабат, Ош шаарына барсаң,Кыргызстанда эмес,өзбек жергесинде жүргөндөй сезесиң?
Чүй өрөөнү дыйканчылыкка ыңгайлуу, башка чет өлкөлөр менен байланыш жасоого шарты жакшы аймак болуп эсептелинет. Ушул өзгөчөлүккө карап, бул аймакты уйгурлар, дунгандар,кореецтер,казактар ээлеп,өз билгениндей жашап келет. Албетте, алардын кыргыз эли менен камыр-жумур болуп,коңшулаш жашаганына эч ким каршы эмес, бирок алар жергиликтүү калктын кызыкчылыгына,Кыргыз мамлекетинин ички-тышкы саясатына каршы пикир айтууларына чек коюу керек. "Япония-япон эли үчүн"-дегендей, Кыргызстан кыргыздардын гана Ата Мекени экендигин ар бир чет элдиктер билүүгө тийиш. Кыргызстанда жашагандар-кыргыз тилин гана билбестен, кыргыз тилинде сүйлөөгө милдеттендирген мыйзамдын кабыл алынышы - азыркы күндө аба менен суудай керек.
Улуттун улуулугу-тилин, дилин таза сактап, ар-намысты туу тутуп, алакандай жерине доо кетирбей сактап, Ата Мекенди келечек урпактарына бүтүндөй өткөрүп берүүсүндө турат. Бул максатты ишке ашырууга эң алгач бийлик бутактары кызыктар болууга тийиш. Ал үчүн майлуу-сүттүү кызматтарга улуттук кадрларды жайгаштыруу, бүтүндөй документацияларды кыргыз тилинде жүргүзүү, мамлекеттик тилди билбегендерди жооптуу кызматтарга жолотпоого чейин баруу гана кыргыз улутун сактап калаарын унутпоосу керек.
Тилекке каршы, "Балык башынан сасып", бийлик бутактарында кыргыз элинин келечегине күйбөгөн адамдар кызматты ээлеп алып отурушат. Илгери, СССРдин улуттук кадрлардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө алардын орун басарлары сөзсүз орус улутунан болуп, аты орун басар болгону менен бийликти алар дээрлик колго алышкан. Азыркы күндө деле Кыргызстанда да ушул адат өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзүп келет. Улуттук ар-намысыбызды өзүбүз тепсеп, Кыргыз мамлекетин көзөмөлгө алып турууга "Россия тарабынан жөнөтүлгөн кадрлар" бийлик жүргүзгөнүнө кайыл болуп, ушул кайдыгерликтин кесепетинен мамлекетибиздин тагдыры чет өлкөлүктөрдүн колуна тапшырылып отурат.
Мисал келтирели. КР Генералдык прокуратурасынын Башкы прокурорунун орун басарлары А.Нефоросных-орус, Сумар Насиз-дунган, БШКнын төрагасы Дамир Лисовский-орус, Адилет министрлигинин министринин орун басары генерал Сергей Зубов-орус, ИИМдин министринин орун басары Дмитрий Федоров-орус. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын мэринин орун басарынын үчөө тең орус, ал эми борбор шаарыбыздагы 4 райондун акимдеринин орун басарлары да орустар.
Орун басарлар го өзүнчө. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Игорь Чудиновдун да орус улутунан экендигин эске алсак, өзүңдү Кыргызстанда эмес, Россияда жашап жаткандай сезесиң да, улуттук ар-намысыбыз кайда деп каңырыгың түтөйт.
Жакында болуп өткөн жергиликтүү Кеңешке шайлоолордун жүрүшүнө карап,"кыргыз эли жок болуп кетер" калктын эсебине кошулгандыгы жүйөлүү экенине ишенесиң. Жүздөгөн кыргыздын мыкты уул-кыздары турса, акчасын акчалай, арагын арактай чачкан уйгур, дунган, кореец, орус сыяктуу улуттардын өкүлдөрүнө кыргыздар да, "киргиздер" да добуш бергени-элибиздин патриоттук сезиминин кыйроого учурагандыгын көргөзгөндөй болду. Чиркин,өкүнбөскө арга жок. Эл ичинде Кыргызстанда падыша болгондор таза кандуу эмес, аргындашкандар деген пикири бекеринен айтылбаса керек деп аргасыз ойлоносуң. Энеси кыргыз болгону менен, атасы бөлөк улуттан, же атасы кыргыз болгону менен энеси бөлөк адамдардын укум-тукумдары кыргыз элине жакшылык кылаар бекен? Демек, падышаны шайлаардан мурда ата-тегин гана эмес, жатын ээси -энелеринин тек жайын изилдеген, таза кандуу кыргыздарды табыш керек сыяктанат.
Мүмкүн, менин бул пикиримди айрымдар "улутчул-шовинистттик" көз караш катары кабыл алуусу мүмкүн. Кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болгонуна 18 жылга кадам койгону менен, өлкөнүн экономикасынын кыйрашы , бийлик бутактарынын жалпы элдик жана мамлекетик байлыктарды сатып, "прихватташтырууга" өтүшү, Жайсаңбаев, Тойгонбаев, Глушич, Силаевдер сыяктуу чет өлкөлүктөрдүн өлкөбүздөн миң-милиондогон суммадагы акча каражаттарын, өнөр жай техникаларын ташып кетсе да, аларга кылмыш иши козголбой, ал эми Ишенбай Кадырбековго окшогон кыргыздардын бийликке каяша кылганы үчүн камакка алынышы, ачуу чындыкты айтууга аргасыз кылууда.
Ырас, бийлик чет элдик диаспораларынын укугу жөнүндө шылтоо айтышы мүмкүн. Бирок, Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Россияда жашаган кыргыздардын кайсы кимиси ушул өлкөлөрдө Ак үйдө, облуста, райондо жооптуу кызматтарда иштейт? Ушул өлкөлөрдө жашаган кайсы кыргыз Жогорку Кеңештерде депутаттык мандатка ээ болуп отурат? Керек десе, бул аймактарда кыргыздар айылдык Кеңешке депутат боло алабы?
"Өсөр-өзүн сыйлайт, өспөс-жатын сыйлайт". Бул өлкөлөрдө бул принцип жазылбаган мыйзам катары колдонулат. Ал эми биздин кыргыздарда, өзүнүкүн тизеге тээп жыгып, "жатын жалгап" келет. Атт-и-иң! Ушундан улам, улутубуздун ар-намысы, абийири кайда дегиң келет.
Орой болсо да, жергебизде чет элдик эмес,өз жериндей тайраңдагандар:
- Бул күндөр да ойнап -күлип отады,
"Кыргыздын хатынлари хаммабизге жетеди" -деп, кыргыздарды кордогон ыр сабы бийлик бутактарындагы кимдир -бирөөлөрдүн улуттук ар-намысына жетээр бекен?...

Эртабылды Аттокуров,
"Ачык саясат"