Кайрылуудан кайыр барбы?

1. Президентибиз Курманбек Бакиевдин жалпы журтка жасаган кайрылуусунан эмнени күттүңүз эле, купулуңузга толдубу?
Гүлжамал Султаналиева,
ЖКнын Коммунисттер
фракциясынын депутаты:

1. - Чынын айтсам бул кайрылуудан эч кандай жаңылык күткөн эмесмин. Менин оюмча, Шериктеш өлкөлөрдүн саммитинен кийин ажобуз анча-мынча эл аралык маселелерди чечтим деп мактанып алгысы келди окшойт.
"Коммунисттер партиясы" ар дайым менчиктештирүүгө каршы болуп келебиз. Ошондуктан өлкө башчыбыз менчиктештирүүнүн биринчи этабын терең анализдебей, "райондук деңгээлдеги энергетика түйүндөрүн да тез арада менчиктештирүү керек",- деп экинчи этабына шашылганы туура эмес болуп калды. Ал эми Салык кодексинин жаңы редакциясы жөнүндө учкай кеп кылып, "өлкө үчүн маанилүү документти колдоп бердиңер"-деп ЖКнын депутаттарына ыраазычылыгын билдирди. Бул өзгөрүүлөр мамлекетке кандай пайда алып келиши мүмкүн. Бирок, элге пайдасы канча? Аны бүгүн айтуу эрте болчу.
Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу маселелеринде демократиялык принцип сакталган жок. Президент орчундуу бул маселе боюнча үн катпады. Жалаң эле ийгиликтер-жетишкендиктер менен чектелип калбастан, өзүн да сындай кетсе болмок. Жакында эле ОБСЕнин жыйынына катыштым. Алар Орто Азия мамлекеттеринде сөз эркиндиги кысымга алынып жатканын айтышты. Биздин мамлекетте сөз эркиндигин чектөөлөр ачык-айкын эле билинүүдө. Мисалы, өткөндө "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолоруна" "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев чакырылса, 9 айдан бери көтөрүлбөгөн маселе көтөрүлүп, түз эфир үзгүлтүккө учурап элге жетпей калды. Бир тууганынын баласынын айынан жабылып калган "Алиби", "Де-факто" гезиттери жөнүндө да өз оюн айта кетсе ашыкча болмок эмес.
Ошондуктан, бул кайрылуу эффективдүү жыйынтык бере алган жок.
2. -Мен экинчи революцияны каалабайм. Алардын идеяларын колдосом да, кадамдарын колдой албайм. Бардык нерсе өз убакыт-сааты менен болгону жакшы деп ойлойм.




Турсунбай Бакир уулу, экс- акыйкатчы:
1. -Президенттин бул кайрылуусун чынында атайын отуруп көргөн жокмун. Менимче, президент өз оюн, өз сөзүн сүйлөбөй, Садыркулов баштаган референттери жазып берген кагазды окуду окшойт. Тексттерин араң-араң такалып, кыйналып атып окуп берди. Эми, бир жылда бир жолу жалпы калайык калкка кайрылып жаткандан кийин, кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын камтыган бир топ маселелерди айтыш керек эле. Андай маселелер өлкөбүздө толуп жатат. Президенттин бул кайрылуусу, менимче, бирөөнүн алдында отчет берген сыяктуудай эле болуп калды. Эми, мамлекетти башкарып жаткандан кийин, өлкөбүздү кучагына алган энергетикалык, отун-суу, азык-түлүк кризистерин чечүүгө, жөнгө салууга конкреттүү кандайдыр бир иш-пландарын, эмдиги жылда жасалуучу иштерди айтып, орчундуу маселелерди козгош керек эле. Бирок, алар жөнүндө конкреттүү эч нерсе айтылган жок.
Бакиевдин бул кайрылуусун көргөн ар бир адам байкады болуш керек. Залда отурган бардык чиновниктер, Адахан Мадумаровдон башкасы баштарын шылкыйтып, эртеңки күндөрү үчүн сарсанаа болуп, ойго батып отурушту. Мүмкүн, алар бүгүнкү бийликтин күнү бүтүп баратканын, Бакиевдик бийликтин мындан артык иштей албастыгын түшүнүп, эртеңки жашоосун ойлонуп жатышкандыр.
2. -Эсиңиздерде болсо, бүгүнкү Элдик Революциялык кыймылдын баштоочулары ошол эле Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиевдер мындан үч жыл мурда Бакиевди бийликке алып келишкен. Белгилей кетчү нерсе, дал ушул адамдар Бакиевди бийликке алып келип, чоң жаңылыштык кетиришкендиктерин билип, түшүнүшүп, жалпы кыргыз элинен кечирим сурап жаткандыктары, албетте мени кубандырат. "Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет болдук"-деп өздөрү айтып жатышкандай, эми булар экинчи мындай катачылыкка жол беришпейт болуш керек. Эгер, алар кетирген каталарын туура чечмелеп, туура иш кылышса, негизинен бул кыймылдан үмүт бар. Араларында Акаевдик бийликтин кадрларынын жок экендиги да, кандайдыр бир деңгээлде булардын ишмердүүлүгүнө ишенич жаратууда.




2. "Элдик революциялык кыймылдын" демилгелерине кандай көз караштасыз, алардын талаптарын колдойсузбу?
Ишенбай Абдуразаков,
коомдук ишмер:

1. - Көңүл буруп атайын уккан жокмун. Шашпай угам. Себеби, мындай кайрылуулар далай жолу болгон. Андан өлкөнүн абалы өзгөрүп кетээрине ишенип болбойт.
2. -"Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса"- дегендей, алар өздөрүн "революциялык кыймылбыз" -деп күпүлдөп жатышат. Эмнеси болсо да учуру келгенде көрө жатаарбыз.

Накен Касиев,
"Коомдук парламенттин" мүчөсү:

1. - Учурдагы бийликтен үмүтүм үзүлүп калгандыктан, канча кайрылуу жасабасын кайдыгер мамиледемин. Кезектеги кайрылуусу деле баягылардын бири болду. Буга окшогон кайрылуулардын далайын укканбыз, дагы далайын угушубуз мүмкүн. Ошондуктан, чоң өзгөрүүнү күтүүгө болбойт. Президент өз сөзүндө: "Быйылкы жылдын саясий туруктуулугунун негизинде экономикалык жактан өсүш бар"-деп баса белгиледи. Өлкө башчысы эл аралабай, статистикага таянып айтып жатканы-өтө өкүнүчтүү. Кыргыз элине атайын кайрылуу жасап жаткандан кийин, өлкөнүн чыныгы абалына баа берип, орчундуу маселелерди көтөрүп, азыркы оор кырдаалдан чыгуу боюнча омоктуу ойлорун ортого салса болмок. Күнүмдүк айтыла жүрчү майда-барат маселелерге байланбай.
2. - Аларды да түшүнсө болот. Кандай аракет кылышпасын, мамлекеттин коррупцияланган системасын өзгөртө албастарына көздөрү жеткен соң, революциялык жол менен болсо да, 2005-жылы өздөрү алып келген бийликти кетиребиз деген аракеттери айла кеткендеги аргасыз кадамы болсо керек. Азимбек Бекназаров баш болгон ревкомдун мүчөлөрү элдин эртеңкисин ойлоп, тынчсызданып жатышканы ачык көрүнүп турат. Коомчулукта аларды колдогондор да арбын экен.

Иса Өмүркулов,
ЖКнын Социал-демократтар фракциясынын депутаты:

1. - Президентти калайык калкка кайрылуу жасайт деп үналгы, сыналгылардан алдын-ала айта баштаганда таптакыр башка нерсе күткөм. Бирок, мен күткөндөй эмес, баягы эле кулакка тааныш ар дайым айтылып жүрчү "дежурный" сөздөрдү уктум.
Эң негизгиси, эл күткөн келечектүү жаңылык айталбады.
Социалдык, экономикалык кризиске баа берип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартмак тургай, сөз да кылган жок. Атпай журтка кайрылуу жасап жаткан соң, келээрки жылга да багыт алып, кандай маселелерди чечээрин жана пландарын айтыш керек эле. Мисалы, тышкы саясатта чечилбеген көйгөй көп.
Айыл чарба, энергетиканы үстүртөн сөз кылганы менен ток этээр жерине жетпеди.
Мага Президенттин кайрылуусу-даярдалган "докладдай" эле сезилди. Себеби, мамлекеттик орчундуу маселелер айтылбай кала берди.
2. - Алардын ураандарын эле угуп жатам. Талаптарын мыйзамдуу иш кагаздарынан окуп таанышкан жокмун. Угушума караганда, ушул айдын аягында расмий билдирүү жасашат экен. Оюмду ошондон кийин айтайынчы.
Гүлниза МОЛДОКУЛОВА, Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"