"Аңыздуу жерде машак бар,
Алтындуу жерде азап бар"
Жер-Үй - Таластын чыгыш тарабындагы түштүк жагын көздөй кеткен кууш Чоң-Чычкан өрөөнүнүн баш жагындагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн карамагына кирген чакан жайлоо. Мен өзүм Чоң-Чычкан менен Үч-Кошой суусунун кесилишинде жайгашкан Кара-Ой айылынанмын. Апам саанчы болуп, өспүрүм бала кезимдин бир канча жылы ошо Жер-Үй жайлоосунда өттү.

Жайлоонун ар бир коктусу, апай беттери, түзөң жерлери төрт түлүк малга толук жайылып, элим беймарал, бейкут өмүрүн сүрөөр эле. Балдар болуп күңгөйдөн жапалак арчанын кууларын тергенибиз, тескейиндеги мөңгүгө чейин барып, катып калган кардын үстү менен басканыбыз, жашыл жайлоо салкын төрүндө мал кайрыганыбыз, мөлтүрөгөн көк камка сууларынан жата калып жутканыбыз, салкын таза абасынан дем алганыбыз, таштай муздак экенине карабай тоо көлүнө түшкөнүбүз күнү бүгүнкүдөй эсимде турат.
Ошол таза назик кыздай болгон Жер-Үйдөн тээ совет доорунда алтын кенин табышкан. Бул болжолу өткөн кылымдын элүүнчү-алтымышынчы жылдар аралыгына туура келет. "Запасы түзүк бул алтын кенин эмне үчүн совет учурунда иштетишкен эмес?" - деген суроо туулат. Мындан бир олуттуу себеп болуп жүрбөсүн? Ошол эле учурларда Кыргызстандын башка жерлеринде алтын, уран жана башка кен казуу иштери жүргүзүлгөн. Тоо арасынын эң кыйын татаал шарттарына карабай, өтө ири гидростанциялар курулган. Анан эмне үчүн Жер-Үй алтын кени иштетилген эмес? Ошого эмне, совет өкмөтүнүн күчү жетпей калды беле? Анан өзүбүз эгемендүүлүктү алаарыбыз менен эле Жер-Үйгө курт чымындай үйүлүп калдык? Жок! Мында бир мандем бар.
"Алтын бар жерде азап бар" - дегендей, Кум-Төр алтын кенинин азабын иттей эле тартып жатканыбызды бешиктеги балдарга чейин билишет. Өлкөбүз жарыбаган пайда тапкан болуп, алтын тышка ташылып кетип жатканын эсепке кошпогондо да, жер-суубуз цианитке ууланды, ичек-карды тышка чыгып, жерибиз ордуна келгис болуп бузулду, бейкапар жаткан кыргыз элинин ичинде алтын менен байланышкан келишпестиктер, чыр-чатак, уруш-талаштар пайда болду.
"Жер-Үй" менен "Андаш" алтын кендеринин иштетиле электигине карабай, Талас эли эмитен эле азапты баштарынан кечирип жатышат. Канча бир патриот жигиттерибиз кармалды. Канча бири талаалап качып жүрөт?

"Андаш", "Жер-Үйдөн" алына
турган болсо алтын,
Анык азапка салганы турат Талас калкын!

Талас эли жогорто аталган эки алтын кенин жабуу маселесин көтөрүшкөн жана ошол талабын дагы деле улантып жатышат. Анын негизги себебин жаратылыштын экологиясынын бузулушу жана элдин ден-соолугуна зыян болору менен байланыштырып жатышат. Ооба, тура мотивировка! Менин жеке пикиримде, советтик тоо-кен инженерлерин да ушул себептер кооптондурган. Ошол себептен Совет учурунда кен иштетилген эмес деп болжолдосок болот.
Эгерде алтын кендери казыла баштаса, Талас эли эмне пайда табат жана эмне зыян тартат?
Таластын, ошонун ичинде Бекмолдо айыл өкмөтүнүн анча-мынча калкы, өзгөчө жаштары алтын казылып бүткүчө жумуш менен камсыз болушат.
Алтын кенин иштетмек болуп жаткан чет элдик компания Талас облусуна, ошонун ичинде Бекмолдо айыл өкмөтүнүн элине тил эмизген жардамдарды берет.
Бул убактылуу гана пайда, бирок анын артында орду толгус канча зыяны барын неге ойлобойбуз.
Алтын казылган аймактагы жайыт тарыйт. Жер челинип, руда алынган жер кайрадан калыбына келбейт. "Андаш" жана "Жерүй" алтын кендерин иштетүү Көпүрө-Базар жана Кара-Ой айылдары гана эмес, бүткүл Талас өрөөнүнө, андан ары Казакстандын Жамбыл облусунун элине коркунучтуу.
Жер үстүндө болсун (дождевая вода), жер астында болсун (грунтовая вода) тоо жеринде суу тынымга токтобой,эңишти көздөй умтулат. Алтын кени казылганда пайда болгон зыяндуу элементтер акырындап ошол суулар менен агып, Каракол жана Чоңчычкан сууларына куюлат. Бул эки суу Талас дайрасынын башталыш куймалары экенин эстен чыгарбоо керек.
Радиоактивдүү элементтердин калдыктары сакталуучу жайы (хвостохранилише) дегендери Каракол жанан Чоңчычкан сууларынан алыс эмес жерлерде курулат. Орто-Азия Жер шарынын тез-тез кайталанма жана катуу жер титирөөчү аймагына кирет. Ошондой жер титирөө болуп, калдыктар сакталуучу жай бузулса, андагы уулуу заттарды эчтеме менен токтото албайсың. Дароо Талас өрөөнүнүн ортосу менен аккан Талас дайрасына кошулат. Бул болсо бүтүндөй өрөөндүн караганы. Казактар да жөн калбайт. Калдыктар сакталуучу жай бүтүн турган күндө да, урпактарыбыз жарылчу дары салынган челектин (бочканын) үстүндө олтургандай, дамамат коркунучта жашашат.
Экологиянын бузулганына байланыштуу Талас жана Казакстандын Жамбыл облусун, Тараз шаарынын элдеринин ортосундагы соода-сатык үзгүлтүккө учурайт же биротоло токтойт.
Туризмди өнүктүрүү- Кыргызстандын келечеги. Алтын кенинин иштетилиши Талас өрөөнүндө туризимдин өнүгүшүн четейт же таптакыр токтотот. Ал эми Таласта Кеңкол, Бешташ, Үрмарал, Жерүй, Күмүштак Каракол, Кумбел, Бакайташ, Желдисуу, Жарганат, Өтмөк деген "жапайы туризм" уюштура турган абасы, суусу таза ажайып жерлерибиз, төрлөрүбүз бар эмеспи. "Манас Ордо" музей комплексин айтпаганда да.
Германия өлкөсүнүн биздеги посолу, профессор, доктор Клаус Гревлих "Кыргызстан-суу державасы" деп белгилегендей, кыргыздын келечеги, тагдыры таза суу менен байланышып жүрбөсүн? Алтынды коюп, Таластын сууларын таптаза бойдон кийинки муундарга мурас кылып калтырганыбыз оңдур. Ошол таза сууларыбыз алтындан кымбат болор.
Кара-Ой айылы - 20-кылымдагы кыргыз элинде популярдуулугу боюнча алдына эч кимди салбаган "Жаман сары" акыны Байдылда Сарногоевдин туулуп, бала чагы өткөн жер. Азыр даңгыраган Суусамыр - Талас шоссе жолу салынып жатыр. Кара-Ой айылын басып өтөт. Чоң Чычкан менен жолдун кесилишине Байдылданын комплекстүү музейин салууга, жыл сайын ыр майрамын, улуттук оюндарды, мелдештерди өткөрүп турууга эмнеге болбосун? Эр көкүрөк жигитибиз Болот Шерниязов музей салам деген убадасын качан аткарат?
Талас жергеси таланттардын уюткусу. Алтындын азабы аң-сезимдерин аралаган жана жаралаган келиндерибизден Эенаман, Эшмамбет, Жеңижок, Алымкул, Атай, Шекербек, Чыңгыз, Сүйүнбай, Байдылда, Анатай, Эстебес, Замирбек, Амантай, Аалы, Айчүрөктөр… төрөлүшөөр бекен?.

Жыйынтык сөз:

Таласымдын алтынын алып кетер,
Талас элин азапка салып кетер.

Жашыл жайлоо бузулуп таштар калар,
Жанды кыйган уу толгон заттар калар.

Таласымдан таза суу акпай калар,
Таласым эл-журту жок актай калар!

"Андаш", "Жерүй" алтын кендерин иштетүү, иштетпөө жалгыз эле Талас элинин көйгөйү эмес. Президентибиз баш болгон бүт кыргыз эли, бул жөнүндө жакшылап ойлонушубуз керек. Илгертен мал менен жан баккан кыргыз элине алтынга караганда, жашыл жайлоо түбөлүктүү керек!

Казакбай АБДЫШЕВ
акын-жазуучу




  Материалдык дүйнөдөн-рухий дүйнөгө

Музыкалык сабаттуулук керек
Кыргыздар эзелтен эле ыр жандуу, жашоосунда шайыр, ыр-күү менен жашаган эл. Эзелтен бери ыр дүйнөсүн аздектеп, барктап, ага куштарланып, көңүл кушун кайда болсо да жогору көтөрүп жашап келген экенбиз. Мурунку тарыхыбызды айтпай эле жөн коелу.
Өткөн ХХ кылымда, башкача айтканда совет доорундагы залкар ырчы, обончу, комузчу, чоорчу эл шайырлары райондорго чыгып, элге өз өнөрлөрүн көрсөтүп, эмгекчи элдин алкоосуна ээ болушкан. Айылга артисттер келе жатат десе, бала-чакадан өйдө сүйүнүшөөр эле. Союздун убагында музыканы идеологиялык багытта пайдаланып, музыканын өнүгүшүнө көңүл бурулуп келген. Азыр андай идеология барбы? Жок. Музыкалык маданияттуулук анын өнүгүү жолуна көңүл бурган адам барбы? Жок -деп көпчүлүк эл айта алат.
Эгемендүүлүккө жеттик дейбиз. Өпкө кагып. Ал эми композиторлор Союзу өз киндигин өздөрү кесип, эптеп күнүн көрүүдө. Алардын элге керектүү чыгармалары жарыкка чыкпайт. Шылтоосу-каражат жок. Музыка таануу боюнча композитордук кеңеш толук кандуу иш жүргүзө албайт. Мамлекет тарабынан аларга колдоо көрсөтүлбөйт. Өлкөбүздө М.Бегалиев, А.Бөдөшов, К.Эралиева сыяктуу аттуу-баштуу композиторлорубуз көп эле. Мамлекет тарабынан аларга элине өтөгөн эмгектерине жараша наам берилбей, кылган кызматтары анчалык бааланбай калгандан кийин, алар деле араң эле иш үстүндө жүрүшсө керек.
Экинчи, музыкалык сабаттуулуктун башаты, музыка дүйнөсү - татаал, өзүнчө бир агым. Музыка адамдын жан-дүйнөсүнө, анын маданиятынын алга карай өнүгүшүнө жол ачаары шексиз.
Музыкалык сабаттуулук жана маданияттуулук, анын өнүгүү жолу мектептен башталат. Жаш муундарга мектептен музыкалык- эстетикалык тарбия бербей туруп, ар тараптан өнүккөн руханий дүйнөсү бай инсан чыгара албашыбыз ыктымал. Эгемендүүлүк колго тийгенден кийин агартуу иши, республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу китептерин басып чыгаруу анчалык жолго коюлбай келе жаткандай. Мисалы: азыр мектептерде музыка сабагы толук кандуу өтүлбөйт. Себеби, музыкалык сабаты бар мугалимдер жетишпейт. Музыка - ырдоо боюнча 1- класстарда: "Ырдоо" Малдыбаев 1990ж., 2- класстарда "Музыка" Койкелдиева Т. 1992-ж., 3-класстарда "Музыка" Койкелдиева Т. 1997-ж., 4-класстарда "Музыка" Абдраев Мукаш. 1990ж, 5-класстарда "Музыка" Абдраев М., 1987-ж.
Мына ушундай качанкы бир жылдарда чыккан китептер менен окуучуларга музыкалык билим беребиз. Ырдоо сабагын музыкалык сабаты жок, атайын билими жок мугалимдер берет. Окуу китептери эски, баары тытылган. Кошуна турган казактар орус тилинде окуган мектептер үчүн "Казак музыкасы" деген аталышта окуучулар үчүн китеп басып чыгарганын угуп эле жүрөбүз. Эми жок дегенде мурунку 1-5-класстар үчүн музыка китебин неге жаңыртып коюуга болбосун?
Азыр Бишкектин үстүндө эле жаркыраган жылдыздар жайнап калды. Ал жылдыздар өлкөнүн башка асманынан көрүнбөйт. Аларды жылдыз деген кандай экенине карабай эле, радио-телевидения жерге, сууга тийгизбей мактап эле жатып калды. Азыркы айрым ырчылар: өзү акын, сөзү өзүнүкү, өзү обончу, обону өзүнүкү. Элге сиңип кете албаган ырларды жаратып, өзү эле рахаттанып, сереңдеп, мөңкүп туйлап, фонограмма менен ырдап жатат. Эмне, алар бул жакта олтурган элди фонограмма менен ырдап жатканын байкабайт деп келесоо ойлошобу? Ыры элге жагабы, жакпайбы,иштери жок. Биз күнөөнү аларга гана кое албайбыз. Алар кантишсин, убагында мектептен эстетикалык тарбия ала албаса, музыка сабагын толук кандуу мектептен окубаса, болгон дарамет-күчүнө жараша "ыр-обон" чыгарат да.
Кыргыздар ырдан, күүдөн угуп олтуруп рахат алып, чер жазып келген. Тиешелүү жетекчилер музыканын маданияттуулугун көтөрүп, идеологиялык курал катары пайдаланып, көңүл бурбаса, келечек муундарыбыз эстетикалык табиттен аксап, дүйнөлүк, классикалык музыкаларды угуудан ырахат алмак түгүл, аны ажыратып аңдай албай калаары толук мүмкүн. Ошондуктан, бул маселени тиешелүү жетекчиликтер, эмгеги бааланбаса дагы, элим деп күйгөн композиторлорубуз, атайын музыкалык билими бар адистер колуна алаар деген үмүттөбүз.

Жарбаналиев Абдыкожо
Эмгек ардагери, ага мугалим