№78, 24.10.08-ж.
  С А Н Д А Н С А Н Г А ...

Асыкбек ОМОРОВ
ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЧЫҢГЫЗХАН
(Башы өткөн сандарда)
үЧ ДАРА ТАРЫХЫ

"Чыңгызхан: дүйнөнү багындыруу тарыхы" Ата-Малик Жувайни
Тэмучиндин айылы качандыр бир түндө тынч уйкуда уктап жатышканда, боз үйдө бир кемпир тынчсызданып уктай албай бушайман болуп жатты. Алыстан акырындык менен бир топ атчандардын айылга жакындап келе жатканын уктабай атайы тыңшап тургансып, аттын туягынан чыккан дүбүрт уламдан-улам жакындап келе жатканын кемпир кулагы менен сезип угуп турду. Бир маалда бул атчандар тобу ушул айылга келе жатканын кемпир даана сезип тура калып, анын "Тургула! Тургула! Жоо келатат!" деген сөзү бүт айылга чагылгандай тез тарады. Кемпирдин катуу кыйкырыгы айылды тез ойготту. Бул атчандар ошол айылга кол салган Херлен дайрасынын баш жагында жашаган меркет уруусундагы атчандар эле.
Бир аздан кийин тынч уйкуда жаткан айыл баш аламан түшүп, кыйкырык сүрөөн коштоп, чар-жайыт болуп, үлгүргөнү кийинип, жетишпегени алдастап, ич кийимчен чуркап чыгып, баштарын калкалап ар кай жакка чилдей кача баштады.
Тэмучин да кыйкырык сүрөөн менен кошо аралаш өз үйбүлөсүн - Оэлун энесин, атасынын байбичеси болгон Сочигелди жана ини-карындаштарын чогултуп баш калкалоого жай издеп жатты. Ошол кезде бир аз обочодо турган аялы Бөртөнү, жоонун атчандар тобу анын ач кыйкырыгына карабай атка арта өңөрүп жаткан эле. Бул окуяны Тэмучин өз көзү менен көрдү, бирок жакындаганда аны өлтүрүп коюш алар үчүн кыйын иш эмес болчу. Ошентип Бөртөнү атка өңөрүшкөндөн кийин жоонун курамы көздөгөн максатына жеткенсип, же бир топ байлыкты элден тартып алганына эрдемсип, түн ичине кыйкырык сүрөөн менен баардыгы бир кишидей болуп түнкү караңгылыкка сиңип жок болушту.
Бөртөнү уурдап ала качкан атчандар тобу көп убакка чейин ат чабыгын басаңдатышкан жок, себеби алар артынан Тэмучин өз жигиттерин чогултуп куугунга түшөбү деген ойдо эле.
Тэмучин бул окуя болгондон кийин Белгутай, Боорчу жана Желмени Монголиянын түндүгүндөгү Байкөл көлүнө куйган Селенгэ дайрасына чейин жоонун артынан көз салып келгиле деп меркеттердин артынан чалгынга жиберди.
Тэмучин өзү болсо үй-бүлөсү жана бир аз кишилери менен Бурхан-Халдун тоосунун токоюнда баш калкалап, үч күндөй жашырынып жатып, ары ойлонду, бери ойлонду. Ушундай эле арып-азып, ар кимден баш калкалап качып жүрө беремби деген убайым ойдо болду дагы, акыры Бөртөнү катуу сүйгөнүн эстеп, аны эч унута албасын ойлоп бир бүтүмгө келди. Ал кайра меркеттерге кол салып Бөртөнү туткундан бошотуп алуу жөнүндө чечимге ынады.
Меркеттерге кайра кол салса өзүнүн бир аз жигиттери менен аларды жеңиш кыйынга тураарын дагы Темучин жакшы түшүндү. Эми эмне кылыш керек, кайрадан Туул дайрасындагы Он-Ханга барбаска арга калбады. Анын бир жыл мурун Тэмучинден өтүнүп жигиттерге кол башчы болуп бер дегенине макул болгон эмес эле, эми ошол өтүнүчүнө өзү макул экендигин кантип билдирет? Же катуу кагуу жеп калабы, бул жагынан да аркы- беркини ойлонуп, акыры Он-хандын астына барып кайра кечирим сурап, анын сунушун кабыл алыш керек деп чечти.
Монголдордун ошол кездеги диний ырым-жырымдары мурунку көчмөн элдердегидей эле Түбөлүк Көк Асманга, Күндүн Алтын нуруна жана агып жаткан суу дайраларына сыйынышчу. Дененин кан айлантуу системасы сыяктуу эле Жердин кан азыгы болуп агып жаткан дайра эсептелет деп билишчү. Бизде болсо ушул эле сыяктуу Кудай - Көкө Теңир көк асманда деп, бийик тоолуу асман тиреген тоолорго, сууга, отко, Күн уруусунун балдарыбыз, "Гундар" деп Күнгө сыйынып мусулманчылыкка чейин жашап келдик.
Тэмучин ошол монголдор сыйынып келген Күндү, Көк Асманды карап Монголиянын эң бийик тоосу болгон Бурхан-Халдун тоосуна чыгып, үч күн күнү-түнү менен сыйынып, Кудайга жалынып сүйлөшөт. Балким ошол үч күндө жалбарган, сыйынган үнү Кудайга жеттиби, айтор акыры Тэмучин өз алдынча эр азамат болуп көп сандаган түркүн элдин жашоосун бөлөк нукка бура алды. Монголиянын көчмөн эл катары бири-бирин талап тоноп келген бир канча урууларынын башын бириктирип, бирдиктүү бир монгол эли кылды. Саны жагынан 1 миллионго жетпеген эл болсо да монголдор отуздан ашык мамлекетти, 3 млрд. элди башкарды, Тэмучиндин урпактары анын улуу ишин 800 жылдан ашык убакыт улантып дүйнөнүн эбегейсиз чоң өңүрүн бийлеп турду.
Монголдор легендасында Тэмучинди курун чечип, мойнуна асып алып, чөк түшүп, баш кийимин алып Көк Асманды, Күндү карап Кудай менен көп сүйлөшөөр эле дешип кеп кылышат.
Монголдор дини көз караштарында агып жаткан сууга, Көк Асманга, Күнгө карап сыйынышып, Жердин азыктандырган каны агып жаткан дайра деп, ал эми адамдын денесин азыктандырган анын каны деп салыштырышат. Ушул сыяктуу Монголиядагы эң бийик тоо Бурхан-Халдун тоосунун (монгол тилинде "кудайдын тоосу") эң бийик чокусунан агып түшүп жалпы монгол жериндеги Херлен, Онон жана Туул дайраларын алар жердин каны деп эсептешээр эле. Чындыгында бул үч дайра Монголияны баскан дайралар болуп саналат.
Тэмучин үч күн меркеттерден сактанып, ошол Бурхан-Халдун тоосунун токоюна жашынып жатып, үйбүлөсүн аман сактап калды. Ал өмүрүн сактап калган үч күндү Теңирге чөк түшүп сыйынганы, ошол Көк Асмандын уландысы болгон бийик тоо Бурхан-Халдун жана андан пайда болгон үч дайра деп баамдады.
Тэмучин күнү-түнү сыйынып бүтүп, өзүн Жараткандын алдында жеңил сезип калгандан кийин ал түз эле Он-хандын астына барып бир жыл мурунку өтүнүч боюнча жигиттерне кол башчы болууга макулдугун билдирейин деп чечти. өзүнүн иниси Белгутай жана Боорчу, Желмени баш кылып бир топ жигиттери менен Он-хандын астына барып макулудугун берди.
Он-хан болсо Тэмучин келип өтүнгөндө кубанып, ошол замат макул экендигин билдирди. Бул да болсо Бурхан-Халдун тоосу Тэмучинге эбегейсиз чоң күч бергенин билдирип турду. Тэмучин менен Он-хандын ортосундагы келишим бүткүл дүйнөлүк тарыхта жаңы доордун башталышы эле. Тэмучин Он-хан менен мындай бүтүмгө келбесе, ал өмүрүнүн акырына чейин ар кимден ар кай жакка качып жүрө бермек. Тэмучиндин Он-хан менен мындай бүтүмгө келишинин себеби, ал келечекте уруулардын чабышын тыйып, саясый жактан монгол элинин башын кошуп, күч-кубатын чыңдагысы. Эң негизгиси, ал ошол кезде Бөртөнү аябай сүйүп, өзүн ансыз жашай албачудай сезген.
Монголдордун келечек тагдырын, уруулар ортосундагы касчылыкты өзүнүн Бөртөгө болгон күчтүү сезиминин кучагында таразалап чыгып, Тэмучин меркет уруусу менен салгылашууга бармай болуп чечти. Бул салгылашууда ал аялы Бөртөнү кайра өзүнө тартып алмак жана жеңилип калса башын өлүмгө байламак.
Он-хан менен Тэмучиндин ортосунда мындай келишимдин ошол замат оң чечилишинин да жүөөлүү себептери бар эле. Биринчиден, Он-ханга Тэмучин өз канынан жаралган уулу болбосо да, тутунган баласы болгон. Экинчиден, Тэмучин Бөртөгө үйлөнгөндө кайындары кийгизген кара кундуз териден жасалган ичиктин бирөөнү атасы катары Он-ханга тартуулап кийгизген. Үчүнчүдөн, Он-ханга да өз жигиттерине баш көз болгон өткүр, тайманбас баатыр керек болчу. Учурунда биз жогоруда айтып кеткендей, Он-хан да бир нече майда урууларды бириктирип, өзү анын башында болуп турган. Төртүнчүдөн, Он-хандын да меркеттерге ич күптүсү эле. Ушул себептердин баары жыйылып келип, анын көктөн ойлогону жерден табылгансып, ошол замат макул болгон.
Он-хан Тэмучинге макулдугун бербеген күндө сыпайы гана жооп менен "меркеттерден өчүңдү алып эмне кыласың, андан көрө биздин хан ордодон же болбосо өзүбүздүн тегеректен эле кыз албайсыңбы" деп коймок, бирок анын меркеттер менен бүтүшө элек эски өчү болгон. Тэмучиндин кошулушу ага чоң күч, дем бермек . Ошентип көктөн ойлогону жерден табыла берди болуп, Он-хан көптөн бери көксөп келаткан максатына ушундайча жетмек болду.
Экөө биригип бир хандык болгондон кийин Он-хан ошол замат монгол хандыктары арасында союз түзүп, аларды бирдиктүү болууга үндөп, кол башчы кылып монголдордун Жадаран уруусунун башчысы Жамуханы атады. Тэмучин бул сөздү укканда, көктөн издеген ою жерден табылгансып аябай сүйүнүп кетти.
Он-хан "эгер сен Жамуханы таап экөөң биригип союз түзсөңөр, биздин кол оң канат, Жамуханын колу сол канат болот да чогуу көп ийгиликтерге жетебиз",- деди.
Тэмучин ошол замат монгол талаасындагы Онон дайрасынын башында Бурхан залтун тоосунун боорунда өзүнүн жаш кезинде кан алышып антташып дос болгон Жамуханы оңой эле тапты. Жамуха менен Тэмучин күчтөрүн бириктирип, жоого чогуу аттанмай болушту. Алардын жоосу Бурхан-Халдун тоосунун тескейи жагынан Байкөл көлүнө агып түшкөн Селенгэ дайрасынын баш жагында жашаган Мэркет уруусу эле.
Тэмучин Бөртөнү алдырып жибергенде бир туугандары Белгутай, Боорчу, Желмени меркеттердин жери болгон Селенгэ дайрасынын жээктерине жана Бурхан-Халдун тоосунун тескей жагына жиберип, жер чалдырган. Тэмучин өзү дагы качкында далай жүргөндө бул жерлерди жакшы таанып билип калган эле. Жердин өңүтүн жакшы билгендери алар үчүн меркэттердин айылына эч кимге билинбей жакындап, капыстан басып киришке ыңгайлуу шарт түзгөн.
Тэмучин меркеттер айылына жакындап барганда да атчандар тобу менен чогуу басып кирбей, үчтөн атчанды бири-бири менен өтө жакын эмес аралыкта улам алдыга жиберип турган. Анткен себеби, жоо келатканын меркеттерге билдирбеш керек эле, экинчиден ар кандай опурталдуу абал түзүлүп калса же меркеттер туюп билип калса, атчан жоокер артындагы жоокерге белги берип билдирмек. Ошентип, ушундай амал-айла менен Темучин жана Жамуха баштаган кол кызуу уйкуда жаткан айылга түн ката билдирбей жетип барышты.
Алар айылга жакындап баргычакты аттарды текирең таскакка салбай, жай бастырышты, себеби катуу бастырса аттын катуу дүбүртү боз үйдүн ичинде ойгоо жаткан адамдарга жер аркылуу жакшы угулуп, меркеттер аз да болсо согушка даярданууга үлгүрүп калышмак. Качан алар айылга жакындап кирип барганда Тэмучин менен Жамуханын жигиттери ач кыйкырык салышып колдорунда куралдары менен туш келгенди кыйратып, боз үйлөргө от коюп, каламанды салып киришти. Тэмучин өзү болсо "Бөртө!" Бөртө!" деп кыйкырып аялын издеп жүрдү.
Буга чейин меркеттер Бөртөнү ошол уруудагы улгайып калган бир кишиге токолдукка алып беришкен эле.
Айылга ач кыйкырык куу сүрөөн менен кирип барышканда, адегенде Тэмучин кайсы боз үйдө Бөртө жашаарын билген да жок, ал болгону улам Бөртөнүн атын атап катуу кыйкырык сала берди. Капилеттен жоо баскан меркеттер баш калкалоо үчүн туш келди чуркашып, айыл арасына жана сыртына кача башташты.
Бөртө адегенде мындай будуң чаң ал айылда биринчи болуп атканын сезип, дагы бирөө аны башка урууга ала качып кетеби деген ойдо болду.Бирок бир аздан кийин атчан жоокерлер арасында "Бөртө! Бөртө!" деп кыйкырып жаткан Тэмучиндин үнүн бат эле тааныды жана өзү ошол үн чыккан жакты көздөй чуркады. Качан Тэмучинге эшик төрдөй калган учурда Бөртө ага "Тэмучин!" деп кыйкыра үн салды. Эгер катуу үн салбаганда Тэмучиндин атчан адамдары Бөртөнү жоо менен кошо чаап, майып кылып коюшу да ыктымал эле...