№78, 24.10.08-ж.
  Шайлоонун шайтан оюндары

Тоголок Молдодон томолонгондор
Өлкөбүз Кыргызстанда адам укугу, мыйзамдуулук деген түшүнүктөр сөз жүзүндө гана колдонулуп, күнүмдүк жашообузда демократиянын мындай баалуулуктарынан куру жалак калганыбыз эч кимге деле жаңылык болбосо керек.
Адам укугун тебелеп-тепселеген мыйзамга жат мындай көрүнүштөр "Кыргызстан-адам укугун урматтаган өлкө"-деп жер жүзүнө жар салып келген биринчи ажобуз А.Акаевдин тушунда деле орун алып келсе, акыркы жылдары, башкача айтканда экинчи ажобуздун заманында деле "эгемендүү өлкөнүн эркин жараны" экендигиңди уруп ойнобогон, моралдык да, укуктук да нормалардын чегинен ашып өткөн мыйзамсыз иш-аракеттердин көз көрүнөө, ачыктан-ачык жасалып жаткандыгы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы болуп калды. Мындай ачуу чындыкка ушул айдын башында болуп өткөн Жергиликтүү Кеңештерге болгон шайлоолордо дагы бир жолу туш болдук. Бул шайлоолордогу ыплас иштер баардыгына оркоюп көрүнүп турса дагы, бийлик башындагыларыбыздын "Шайлоолор сонун өттү, мыкты өттү" дегени деген, кыйкырганы кыйкырган. Ансайын элдин кыжыры кайнап жаткандары менен иштери жок.
Бүгүнкү күндөгү шайлоолордун айныксыз аныктамасына айланган "Шайлоонун шайтан оюндары" деген термин күнүмдүк турмушубузда кеңири колдонулуп, шайлоодогу "балит" иштер жөнүндө жазчусу жазып, айтчусу айтып келсе дагы, билгенин кылган бүгүнкү бийлик төбөлдөрүбүз бир кебелип коюшпады
Бирок, бийликтин бул былыктарын бир айтабызбы, эки айтабызбы баары бир майнап чыкпасы турган иш.
Айта турган кебимдин ток этээр жерине токтолсом, Тоголок Молдо шайлоо округунан Шаардык Кеңешке ат салышкан, өлкөбүздө аздыр-көптүр өз электоратына ээ болуп, өлкөбүздүн саясий жашоосуна аралаша баштаган Эркин Булекбаев жетектеген "Жашылдар" партиясына карата бийлик тарабынан жасалган жосунсуз жоруктар көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурду.
Тагыраак айтсак, аталган партия октябрь айынын экисинде Ала-Тоо аянтынын оң тарабына өз шайлоочуларын чогултуп, аларга кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда ыр-бий тартуулоо менен депутаттыкка талапкер болгон "жашылдар" партиясы шайлоо алдындагы платформаларын, жасачу иштерин, кыскасы шайлоо алдындагы кадимки эле мыйзам чегиндеги үгүт иштерин жүргүзүүнү каалашкан. Ошол күнү кечке жуук эл чогулуп, музыкалык аппаратуралар коюлуп, ырчылар ырын баштайын деп жатканда, бир нече маршруттук таксилер менен жетип келишкен кызыл шапкечендер кылмыштуу топту иш үстүндө колго түшүргөнсүп, сөзгө келбей, чогулгандарды куугунтукка алышкан. Аталган партиянын атынан чыккан бир талапкердин үгүтчүсүнүн колун кайрып, күч менен унаасына салышкан. Талапкерлери менен жолугушууга, аларга үгүт иштерин жүргүзүүгө түздөн-түз тоскоолдук кылышкан милиция кызматкерлери, башкача айтканда, аларга буйрук берген бийлик өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын 34-беренесинин 1-пунктундагы "Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары талапкерлерге, саясий партияларга жарандар менен жолугушууга, чогулуш өткөрүүгө, коомдук дебатка чыгууга, митинг, демонстрация уюштурууга колдоо көргөзүп, массалык иш-чараларды өткөрүүдө алардын коопсуздугун камсыз кылыш керек" деген мыйзам актыларын одоно түрдө өздөрү бузуп отурушат.
Эртеси 3-октябрь күнү да, "Жашылдар" партиясы кайрадан жогорудагыдай иш-чараларын өткөрүүгө камынганда, ошол эле окуя кайра кайталанган. Кечки саат алтылар чамасында "Жашылдар" жана "Ата-Мекен" партиясынын үгүт тобуна милиция кызматкерлери келип, көчөдөгү ондогон элдин көзүнчө күч колдонуп, Эркин Булекбаев баш болгон партиянын бир нече мүчөлөрүн, анын ичинде депутаттыкка талапкерлерди, үгүт иштерин жүргүзгөн балдарды автобустарга салып кетүүгө аракет кылышкан. Акыры партия лидери Эркин Булекбаевди кое берип, калгандарын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен.
Кармалгандарды Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 371 жана 372-беренелеринин негизинде күнөөлөп, камоого аракет кылышкан. Бирок, Азиза Абдрасулова сыяктуу укук коргоочуларыбыздын аракети менен кармалгандар эскертүү алуу менен бошотулушкан. Ал эми кармалгандардын арасындагы Сыдыков жана Еркешбаев аттуу "Жашылдар" партиясынын өкүлдөрү миң сомдон айып тартышкан.
Бул окуя боюнча өз пикирин билдирген "Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев: "2 жана 3-октябрда Ала-Тоо аянтында болуп өткөн мыйзамсыз иш-аракеттер бүгүнкү бийликтин жапайы өзүм билемдиги. Бийлик биздин бир да талапкерибизди шайлоодон өткөрбөсүн билебиз. Анткени, алардын Кыргызстан элинен каткан сыры бар. Депутаттыкка талапкерлердин кол тийбестик укугу бар. Бирок, мындай мыйзамды бийлик каалаганындай калчап, өз билгендерин жасашууда" -деп билдирген.
Коомубуздагы мыйзамдуулуктун сакталышына кепил болуп, мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы күрөшкөндүгү үчүн карапайым калктын төлөгөн салыгынан, б.а алардын капчыгынан жан сактап келишкен күч органдарыбыздын кылыгы бул болсо, "Менин милициям мени коргойбу, же кордойбу?" деген суроону берүүгө аргасыз болосуң.
Бул окуянын укуктук жагына да токтоло кетсек, "Ала-Тоо" аянтына жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүү үчүн шайлоо өнөктүгү башталган күнү эле Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугун алып, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарына атайын жарнамаларын жарыялап, өткөрө турган иш-чараларын эчак эле мыйзамдаштырып койгондугу тууралуу Эркин Булекбаев документалдык негизде далилдеп берген. Ошого карабастан, мыйзам сакчылары тарабынан жогорудагыдай мыйзамсыз иштердин болуп жаткандыгы түшүнүксүз.
Бул го шайлоо алдындагы талапкерлерге карата жасалган бут тосуулар. Ал эми 5-октябрда болуп өткөн шайлоонун өзүнө токтолсок, дал ушул "Жашылдар" партиясы жарышка чыккан №7 Тоголок Молдо шайлоо округунда да бир катар мыйзамсыз иш-аракеттер болгондугун айтып кетпесек болбойт. "Бюллетендерди пачкасы менен курсагынан алып чыгып ыргыткан" "майда-барат" мыйзамсыз иштерди айтпаганда да, "Кыргыз Республикасынын шайлоолор жөнүндөгү Кодексинин" №16 беренесинде: "талапкердин кол алдындагы кызмат адамдары участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү болууга мыйзам жол бербейт" деген сөздөр бакыйып жазылып турса дагы, бул мыйзам одоно түрдө бузулган. Сөзүм кургак болбос үчүн мисал келтире кетсем, №7 Тоголок Молдо шайлоо округунан эң көп добушка ээ болуп, депутат болуп шайланган №29 мектеп-гимназиясынын директору Кадыров Бахтиярга жогоруда айтылган берене анчалык деле өз таасирин тийгизе бербесе керек. Анткени, өзү жетекчилик кылган №29 мектепте жайгашкан №1117 шайлоо участогундагы шайлоо комиссиясынын жарымы дал ушул мектепте иштеген мугалимдер экен. Ошондой эле ушул эле округдагы "Ореми" заводунда жайгашкан №1120 шайлоо участогунда учаскалык шайлоо комиссиясынын төраймы баш болгон комиссиянын 9 мүчөсү тең ошол эле №29 мектептин эмгек жамаатынан. Булардан башка дагы бир нече шайлоо участкаларында №29 мектепте эмгектенгендер 5-октябрь күнү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүндө жүрүшкөн.
Эми бул жерде эмне болгон адилеттүүлүк, эмне болгон калыстык жөнүндө сөз кылсак болот? Албетте, эч кандай!

Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык саясат"