№78, 24.10.08-ж.
  Министр мырза эмне дейт?..

Кыргыз Республикасынын Экономиканы
өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров менен маек
Бизде 17 жылдан бери эң жаман иштеген- бул энергетика тармагы
- Акылбек үсөнбекович, маегибизди сиз жетектеген министрликтин жалпы жетишкендиктери жана кемчиликтери жөнүндө сөз кылуудан баштасак?
- Азыр биздин министрлик президенттин кайрылуусунун негизинде өкмөттүн жыйынына тогуз айдын жыйынтыгын даярдоодо. Ошонун негизинде биздин экономикабыз кайсы тарапка кандай темп менен барат деген суроолорго жооп берүүгө аракет кылдык . Оптимистик жана базалык түрдөгү сценарийлерибиз бар. Эгер базалык түрдөгү сценарийибиз болбой кала турган болсо деп, пессимисттик түрдөгү сценарийибизди да түздүк эле. Мына ушул үч вариант боюнча иштеп, караштырып чыктык. Жылдын аягына чейин ички дүң продукция 6% реалдык түрдө өсүш болот, инфляция 20%тин тегерегинде болушу күтүлүүдө. Ал эми киреше-чыгаша булактарыбыздын баарын так аткарып бүттүк. Былтыр жыл аягында кабыл алынган социалдык айлыктарды көтөрүү маселесин дагы аткардык. Айтор, алдыбызга койгон пландарыбызды жакшы деңгээлде аткарууга чоң аракет кылдык. Тилекке каршы, биз мурда белгилеп кеткендей өлкөбүздөгү энергетикалык кризис, бүт экономикабызды өстүрүүгө терс таасирин тийгизип жатат жана мындан ары да терс таасирин тийгизээри оркоюп көрүнүп калды. Жеке эле быйыл суу аз болбостон, энергетика тармагындагы башкаруу структурасы да бир топ аксап атат. Энергетикадагы жоготуубуз 36-38%ке чейин өскөн, ал эми коңшу Тажикстанда ушул эле көрүнүш бүгүнкү күндө 17% түзөт, демек алар өздөрүнүн энергетикадагы жоготуусун 17% чейин кыскартууга жетишкенден кийин, эмне үчүн биз кыскарта албайбыз? Биз бул жоготууларды тез аранын ичинде токтотушубуз керек. Ушунун негизинде биз үнөмдөө принциптерин колдонушубуз абзел. Мисалы: бир эле генераторду алалы, андан 1 киловатт электр энергия бөлүнүп чыга турган болсо, ал үчүн 10 тонна көмүр же 10 литр күйүүчү майларын жагууга тура келет. Ушинтип өкмөт өзүнүн бечелдигин көрсөтүп, энергетикадагы 40%га чейинки жоготууларды азайта албагандан соң, энергетикалык структураны башкара албагандан кийин, жакшы башкара турган адистердин колуна өткөзүп беришибиз керек же энергетикабыздагы реформаларды түп-тамырынан бери кылдаттык менен өзгөртүп чыгууга тийишпиз. Себеби, азыр энергетикалык кризис бардык тармакка терс таасирин тийгизип атат. Биз электр энергиясына көнүп жашап калганбыз, аны эч нерсеге алмаштырууга болбойт. Мисалы: айыл чарба продукциясын өндүрүүдө, сактоодо, кийим тигүү, билим берүү, айтор, көптөгөн тармактарыбыз энергетикалык керектөөгө өтө муктаж.
Биздин министрлик сырттан келген инвестицияларга өлкөнүн кепилдиги жок, түздөн-түз жооп берет. Быйыл 9 айдын жыйынтыгы боюнча инвестициянын көлөмү 477 миллион долларга өстү. Кудай буюруса, быйыл беш миллион доллардан ашабыз деп турабыз. Мисалы, 2004-жылы ички дүң продукциябыз 8%га чейин өскөн, ал эми мындай инвестициянын көлөмү 272 миллион долларга жеткен. Ал убакта макташты эле "жакшы жыргал заман болду" деп. Ал эми азыр ага салыштырмалуу инвестициябыз 2 эсе жогору өстү.
Мындан башка, ишкерлерге шарт түзүп берүү боюнча дагы биз түздөн-түз иш алпарабыз жана жооп беребиз. Мисалы, Бүткүл дүйнөлүк банктын "бизнесмендерди колдоо" проектиси бар. Алар 181 өлкөнүн бизнес багытындагы иштерин анализдеп иш жүргүзүшүп турушат. Биздин министрлик бул боюнча 98-орундан 66-орунга чейин жетишүүгө үлгүрдү. Ал эми 10 реформатор өлкөлөрдүн ичинен 3-орунга жетиштик. Мына ушундай көрсөткүчтөрдөн биздин министрлик эч качан төмөн болбошу керек. Ушул эле багытта дүйнөлүк эксперттердин жана алдыда аткара турган иштердин негизинде, биз азыр 66-орунда болсок, эмдиги жылы 36-орунга жетишсек деген планыбыз бар.
Ал эми айыл арба продукцияларын 4% чейин көтөрөлү деген максатыбыз тилекке каршы аткарылбай тургандай, азыр аныбыз 2 гана пайызды түзүп атат. Бирок азыр жер айдоо, эмдиги жылкыга түшүм алуу фактысы кескин түрдө көбөйүп атканын айта кетишибиз керек. Казакстан 1-сентябрдан тартып дан азыктарын сыртка чыгарууга тыюу салган мыйзамдарын алып салды. Бизге ал коңшуларыбыздан 300-360 тонна буудай келерлиги күтүлүп атат, демек кышка карата дан азыктарынан кыйналабыз деген коркунуч жок деп айтууга негиз бар.
Мындан тышкары дүйнөлүк финансылык кризис болуп атат. Бизге анын түздөн-түз терс таасири тийбесе да, кыйыр түрдө сөзсүз таасири тиет. Буга мисал, азыр валютабыздын кубаттуулугунун азая түшкөндүгүн айтсак болот. Ушундай эле кризис Казакстанда, Россияда болуп атат. Россиялыктар келерки жылы курулуш жаатын 50% чейин кыскартабыз же токтото турабыз деп атышат. Казакстанда болсо бир жылдан бери бул жаатта кризис болуп атканын билебиз.Ушунун негизинде сырттан келген инвестиция азайып калат деген көз караштар бар. Бирок, буларга карабай биздин министрликтин көрсөткүчтөрү жаман эмес деп айтууга болот.
- Сооданы өнүктүрүү маселеси кандай болуп атат?
- Сооданы өнүктүрүү маселеси боюнча биринчи орунда официалдуу түрдө Россия турат. Былтыр бул мамлекет менен соода жүргүзүүнүн жыйынтыгы 1 млрд. долларды түзгөн, быйыл 1млрд. 700 миң долларды түзөт деп турабыз. Экинчи орунда Казакстан турат. Өткөн жылы 500 миллион долларды түзгөн, быйыл официалдуу түрдө 600 - 700 миллион долларды түзөт деген божомолубуз бар. Ал эми үчүнчү орунда болсо, Кытай турат. Бирок былтыр ШОСто Хузен Тау айткан 3,5 млрд. жетти деп, ушунун негизинде биринчи орунга чыктык дешти, бирок анткен бизде методика башкачараак. Ал жакта Кытайдан чыгып Эркечтамга кирсе эле, бардык товар экспорттолду деп эсептейт экен. А бизде көбүнчө ири экспорт менен андан ары Кытайга, Казакстанга кетип калып атат. Биз бажы инспекциясында товарды салмагы боюнча эсептейбиз, алар товарды баасы боюнча эсептешет экен. Алар ушулардын негизинде биз биринчи орундабыз деп атышат. Статкомдун бергендерине карасак, формалдуу түрдө Кытай биз менен соода жүргүзүү боюнча үчүнчү орунда турат.
Соода темпинин өсүшү Кыргызстанда азая түштү. Былтыр 119% түзсө, быйыл 106% түзүп атат.
Биздин көйгөйлөрдүн бири-биздин министрликтин иш-аракеттерин бир багытка кординациялоо жана стратегиялык программаларды бир нукка салуу болуп эсептелет.
- Биз жогоруда дүйнөлүк кризис жөнүндө сөз кылбадыкпы, ушунун негизинде айтсаңыз. Америкадагы экономикалык, финансылык кризистер бизге канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Анкени, бизде Америкадан көптөгөн финансылык колдоолор болот деген маалыматтар бар эмеспи?
- Негизи бизге Америкадан көп эле акча каражат келбейт. Бул жерде кыргызча түшүндүргөндө мындай да, Кыргызстан өздөрүнүн баалуу кагаздарын акчага алмаштырып ийип, дүйнөлүк банктарга сала алган эмес. Биз баалуу кагаздарды баалабаганыбызды дале болсо жакшы түшүнө элекпиз. Мисалы: Кытайда 1,250 миллион калктын 150 миллиону ушул баалуу кагаздар менен иштейт. Японияда болсо, ар бир үй ээси иш алып барат. Баалуу кагаз менен иштегендер бир проценттик өздөрүнүн баалуу кагазын 5-6% менен Германияныкына алмаштырышат же Американыкына ортодон 4-5% пайда көрүшүп атат. Мына ушундайдын эсебинен жашаган көп киши бар эле. Мына ошолорго катуураак зыяны тийип атат. Ал эми баалуу кагаздар менен иштебегендерге андай деле терс таасир тийгизбейт.
- Алай жергесинде болуп өткөн жер титирөө кырсыгына сиздер кандай жардам көрсөттүңүздөр?
- Биз өзүбүз жардам иретинде бир күндүк айлыгыбызды которолу деп чечтик жана "координациялык донорлорго" кайрылуу боюнча иш алып барып атабыз. Министр Ташиевдин айткан муктаждыктарын Эл аралык финансылык уюмдарга жеткизүүгө аракет кылып атабыз.
- Учурда өлкөбүздөгү болуп аткан ар кандай саясий окуяларды кандай кабыл алып, кандай баа берип атасыз?
- Мен азыр өкмөттүн мүчөсү катары айтсам, бизге биринчиден саясий стабилдүүлүк керек эле. 2005-жылы 2000 ге жакын митинг болду. 2006-жылы миңге жакын митинг болду. Ошондуктан, сырт жактан инвестицияны тартуу жана ишкерлерге шарт түзүп берүү үчүн саясий стабилдүүлүк сөзсүз керек.
Мен айтат элем, шайлоолор болуп атат, тактап айтканда шайлоонун эртеси да болуш керек. Ар кандай саясий окуялар ар бир мамлекетте кырдаалга жараша боло берет. Бизде деле ошондой багытта болуп атат, бирок кандай болгон күндө дагы мыйзамга жараша, мыйзам ченемдүү болсо, андан эч нерсе болбойт.
- Сиз революционер досторуңуздун отставкага кетишин кандай кабыл алдыңыз, алар иштериндеги кемчиликтеринен кетиштиби же өйдө жактын кысымынан улам кетишти деп ойлойсузбу?
- Мен эми отставкага кеткендер менен түздөн-түз жолуга элекмин. Бирок, алар кызматта турган кезде ишке байланыштуу тез-тезден жолугуп турчубуз. Исмаил Исаков Коргоо министри болуп турганда колунан келген бардык иш-аракеттерин жасады. Натыйжасы жаман деп айтканга эч кандай негиз жок. Эми ал киши бир топко келип калды, өзүнүн ой-пикири, көз карашы бар окшойт. Ал жөнүндө жолукканда эмне үчүн мындай болду деп сурап көрөм, бирок мен Исмаил Исаковдун мурда эч кандай нааразычылыгын уккан эмесмин.
- Учурда оппозиция өкүлдөрү элге билдирүү таратышып, өздөрүнчө биригишип күч топтоп атканы бийликке коркунуч туудурат деген пикирге сиздин көз карашыңыз кандай?
- Эгер булар мыйзам чегинде иштеп атышса, анда эч кандай кооптонуу туудурат деп айтууга негиз жок. Алардын арасында бийликке барам дегендери бар, бийликтин иш-аракеттерин алдыга жылдырам деген адамдарына азыркы өкмөттүн курамы да кирет. Ошондуктан, алар мыйзам чегинде иш алпарышып, туура сын пикир айтышса, биз бийликтегилер туура кабыл алышыбыз керек. Бул жөнүндө президент деле: "оппозиция өкмөттүн кышка даярдануусна, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча, кадрлар саясатында жана башка маселелерде жардам берип атат"-деп айткан. Бирок, баягы "бөрк ал десе, баш алганды", токтотушубуз керек. Мен да бийликке оппозиция өкүлү болуп жүргөндө келгем.
- Сиз өлкөнүн Финансы министри болуп да бир топ убакыт иштедиңиз, ушунун негизинде айтсаңыз, финансы жаатында эл үчүн кандай маанилүү маселелерди иш жүзүнө ашырдыңыз?
- Биринчи эле айта турган нерсе өз ара эсептешүү (взаимосчет) деген балээден кутулттум. Мисалы, кагаз түрүндө киреше бар, чыгаша бар, бирок акча айланбайт, мына ушуну тартипке келтирдим. Экинчиден, бюджетибиз 2,5 эсеге көтөрүлдү, киреше жагы дагы, чыгаша жагы дагы. Мен иштеп атканда ушулар болду, ошондой коррупционердик өз ара эсептешүүнүн баарын жок кылгандан кийин, өзүбүздүн өз ара эсептешүүнү оптималдаштырып, киреше акчаларды экономикага жумшап, ошонун негизинде көбүрөөк акча алгандан кийин гана ушундай натыйжа берди. Үчүнчүдөн, тышкы карызыбызды 90% деңгээлде кабыл алсак, мен ал министрликтен кетип аткан учурда ички дүң продукциябыздын негизинде тышкы арыз 50% чейин азайды. Мен ушул эң оболу үч нерсени айта алам.
- Экономика министри катары айтсаңыз, учурда биздин бардык тармактарды алып караганда кайсы тармактардын экономикалык абалы жакшы жана кайсыл тармактын экономикалык абалы эң начар?
- Экономикалык абалы жакшы деп белгилей турган жагы-биздеги банк секторлору. Анткени, биз дагы көп өлкөлөрдөй болбой, фондулук рыногубузду жоготуп албай корпоративдик фондубузду көбөйтүп, ошолор жакка ооп кетпей, банк системасын күчөтүп алганбыз. Банк секторлорубуздун мыйзамы жана өздөрүнүн иштеп аткан жыйынтыктары жакшы болгондуктан, былтыр Казаксандын илеби бизге өтүп кеткен жок. Анан азыркы тыш жактан келип аткан каттуу соккуларга туруштук берип атканы, 17 жылдан банк системасында реформалардын жакшы жүргөндүгүнүн натыйжасы деп белгилесек болот. Ал эми 17 жылдан бери эң жаман иштеп атканы - бул энегетика тармагы, эң жакшы иштеп аткан "Кыргыз Энерго холдинг" деген бар эле. Убагында бөлүнөрдүн астында бир миллиард 200 миң сом киреше алып келген ушу компанияны төрткө бөлүп, андан ары тариф боюнча реформаларды кылбай коюп, мына ушулардын кесепетинен, элибиз жүдөп, кыйналып атат, ал жакта иштегендер жыргап атышат, а экономикабызга терс таасирин тийгизгенден тийгизип эле келатат.
- Сиздерге кадрлар маселеси кандай жолго коюлган?
- Ар бир жерде, эки нерсе чечет. Мейли сиздин редакцияңызды , мейли биздин министирликти алалы биринчи - бул адам фактору, экинчи - финансылык булактар. Эмне үчүн мен адам факторун биринчи белгилеп атам? Анткени, бул жерде кызматкерлердин дээрлик көбү 0,8 тажрыйбалуу экономисттер. Көбүнчө алар бир суткада 10, 12 сааттан иштеп атышат. Мен Финансы министири болуп турганда, прессадан сындаганда кадрлар боюнча анализ кылып көрдүм, менде 0,8% өсүш болгон, мындайча айтканда бардыгы кадрларга көз каранды. Көп нерсе жетекчинин өзүнөн болот. Тиги кадр, же бул кадр иштебейт деген бекер сөз. Кадр маселесин тактап, жакшы нукка сала албагандыгын жетекчинин өзүнүн кемчилиги деп эсептейм. Ошондуктан, ким кайсы иште болбосун кадр маселесине өтө аяр мамиле кылышы керек.

Айбек Шамшыкеев,
"Ачык саясат"