№79, 28.10.08-ж.
  Күтүлбөгөн кырсык

Жер титирөө Кудайдын жазасыбы?
Илимий тилде айтканда, жер титирөөнүн чыгуусунун бир канча себептери бар. Алардын бири жер кыртышындагы нефть, алтын, көмүр ж.б. кен байлыктарынын казылып түгөнүп жаткандыгы менен байланыштуу делет. Бирок, акыркы убакта илимпоздор мындай көз караштын так эместигин моюндарына алышкан. Себеби, кен казылбаган аймактарда да бир канча жер титирөөлөр катталып келген.
Кийинки көз караштардын бири болуп, жер кыртышындагы тектоникалык плиталардын ысык температураларда ары-бери жылуусу жердин үстүндөгү толкундарды пайда кылат деген божомолдор бар.
Бирок, жер титирөөнүн чыныгы так себеби илимпоздорго ушул убакытка чейин табылбаган табышмак болуп келет.

ДИН ААЛЫМДАРЫНЫН КӨЗ КАРАШЫ

Булар заман, чөйрө, адамдар бузулганда жер титирөө Кудай тарабынан жиберилген кырсык деп болжолдошот. Алар эмнеге мындай көз карашты карманганын төмөндө жазылган ар кайсы өлкөдөгү жер титирөөлөрдү окусаңыздар түшүнөсүздөр. Бирок, ошол эле кезде жер титирөө болгон ар бир жердин эли Кудайдын каарына калышкан деген ойдон алыс болуш керек дешет алар.

ЭҢ КҮЧТҮҮ ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР

Кытай. 1927-жылы 8,3 баллды чапчыган жер титирөө 200 мин, адамдын өмүрүн алса, ал 1556-жылы 8 баллдык куч менен Ганьсу менен Шеньси шаарларында кайталанып, 830 миңге жакын адамды оо дүйнөгө узаткан. Мындан тышкары, 1976-жылы болгон алаамат шаарды урандылардын үймөгүнө айлантып, 655 миңден ашуун адамдын каза табышына себепчи болгон. Жер титирөө учурунда жер ачылып, адам толгон оорукана менен жүргүнчүлөрү бар поезд туңгуюкка түшүп кеткен.
Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Кытайдын Сычуань провинциясында жер катуу силкинип, шаардын дээрлик баарын астын - үстүн кылып талкалап кеткен. Адистердин айтымында, жер титирөөнүн күчү 8 балл болгон. Кытай бийлигинин билдирүүсүндө, жер титирөөнүн кесепетинен миңдеген адамдар урандылардын астында тирүүлөй көмүлүп, оо дүйнөгө узагандардын саны 50 миңге жетсе, ар кандай оор жаракаттарды алгандардын саны 300 миңден ашкан.
Айрым дин өкүлдөрүнүн сөзүнө ишенсек, жердин силкинүүсү Кудай тарабынан жиберилген жаза. Себеби, Кытай бийлиги буга чейин эмгек лагерине кесилип, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясий туткундарды тирүүлөй кыйнап, алардын ички органдарын башкаларга сатып келишкени белгилүү.
Алардын өз элине жасаган мындай мыкаачы саясаты 2006-жылы гана дүйнө коомчулугуна маалым болгон. Атап айтсак, 2006-жылы Кытайдагы бир хирургдун аялы өз өмүрүн тобокелге салып, өзүнүн күйөөсү эле 2 миңге жакын адамды донор катары пайдаланып, бөйрөктөрүн алганын айтып чыккан. Кийинчерээк төбө чачты тик тургузган окуяны Канаданын экс-мамлекеттик катчысы Дэвид Майтас иликтеп чыгып, Кытай бийлиги болжол менен 40 миңге жакын адамды өлтүргөнүн жана алардын донор катары пайдаланганын ачыкка чыгарган. Дал ошол кезде Кытайдын ооруканаларында бөйрөктү 60 миң долларга алмаштырып бере тургандыктары тууралуу жарыялар ачык эле илинип калган экен.
Япония. Эң катуу жер титирөө 1923-жылдын 1-сентябрында 8,3 балл күчүндө болуп, анын кесепетинен 3,5 миллион адам турак-жайсыз калып, 143 миң адам өмүрү менен кош айтышкан. Ошондо Япониянын ар кайсы жеринен жалындаган өрттөр чыгып, Токионун 40 миңге жакын жашоочулары айттырбай келген кырсыктан сактануу үчүн, шаар паркына бет алышкан. Бирок, 2 миңи гана аман калып, калгандарынын баары айлананы курчаган түтүнгө ууланып оо дүйнөгө узашкан.
Түркия. 1939-жылы болгон жер титирөө 40 миң адамдын жанын алып, дагы миңдеген адамдардын көз жашын көлдөй төктүргөн. Эң кызыгы, Түркиядагы жер титирөө учурунда бардык турак-жайлар урап калып, бир гана мусулмандар сыйынган мечит аман-соо сакталып калган.
Түркмөнстан. 1948-жылдын 6-октябрында Түркмөнстандагы күчү 9 баллга чейин жеткен жер титирөө Ашхабадды буркан-шаркан кылып кетти. 176 миң адам өлүп, 8 миңден ашык ата-энесиз калган балдар чет өлкөлөргө эвакуацияланган.
Өзбекстан. 1966-жылдын 26-апрелинде 8 балл күчүндөгү жер титирөө таңкы саат 5:23 мүнөт өткөндө Ташкентте болуп, көпчүлүктү дүрбөтүп уйкусун бузду. Бактыга жараша, жапа чеккен адамдардын саны 50дөн ашкан эмес. Бирок, 78 миң адам үстүндө үйү жок талаада калган.
Перу. 1970-жылдын 1-майында Перуну 7,8 балл күчүндөгү алаамат кырсыгы каптаган. Алгачкы жолу силкингенде элдин баары сыртка качып чыккандыктан, 500гө жакын гана адам кырсыкка учураган. Бирок, жер 2-ирет силкингенде тоо чокусундагы кар мөңгүлөр козголуп, 12 метр бийиктик менен 18 миң адам жашаган шаарды басып калган. Жыйынтыгында, 15 миң адам урандылар менен кошо карга көмүлүп, оо дүйнөгө сапар алган.
Армения. 1988-жылдын 7-декабрында Арменияда 7,2 балл күчүндө 30 секунд бою жер силкинип, 21 шаар менен 324 айыл-кыштакты кыйраткан. 515 миңге жакын адамды турак-жайсыз калтырып, 25 миңдей адамдын өмүрүн алган. Эске сала кетчү жагдайлардын бири, жер титирөөнүн алдында армяндар менен азербайжандардын ортосунда араздашуулар болуп, Карабах чатагы курчуп турган.
Индонезия. 2004-жылдын 26-декабрында Индонезиядагы жер титирөөнүн күчү 9 баллга чейин жеткен. Ал суу толкундарын (цунами) пайда кылып, 15 метр бийиктикке жеткен толкундар 5 миң чакырым аралыкка чейин узап, бир катар ири шаарларды тыптыйпыл кылып, жер бетинен жууп кеткен. Жабыр тарткандардын саны болжол менен 234 миң адамга чейин жеткен.
Дин аалымдары "2004-жылы болгон цунами канча деген адамдардын өмүрүн эмнеге алып кетти?" деген суроону ортого коюшат да, ага өздөрү "Индонезиядагы бир катар ири өлкөлөр дүйнөлүк сойкуканага айланып, чириген байлардын баары анда ойноштору менен эс алып жүрүүнү адатка айлантышканын кантип танууга болот" деп жооп беришет.
Кыргызстан. 1911-жылдын 4-январында Чоңкеминде күчү 10 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир канча секунданын ичинде узундугу 200 метр, тереңдиги 8 метрге жеткен жер жаракасы пайда болгон. (Бишкек менен Боом капчыгай жолунун четиндеги жарака)
Азыркы муундун өкүлдөрү Оштогу кыргыз-өзбек кагылышуусунан кийинки, тагыраак айтканда 1992-жылдын август айында Токтогул менен Суусамырдагы күчү 8 баллга жеткен жер титирөөнү кайгыруу менен эскеришет. Себеби, анда миңдеген жарандар турак-жайсыз ачык асман алдында баш калкалап калышканын эч ким унута элек.
2006-жылдын 26-декабрында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунда болсо, 2007-жылдын 8-январында күчү 6 баллга жеткен жердин силкинүүсү Баткенде катталган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө Алай районунун Нура айылындагы үйлөрдүн 95 пайызын астын-үстүн кылып, 82 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Кайсынысы коркунучтуу?

Жер титирөөнүн үч түрү бар. Алардын биринчиси жерди өйдө-ылдый кылса, экинчиси оңго жана солго чайкап салат. Үчүнчүсү болсо, суу бетиндеги толкун сымал, астын-үстүн кылып кетет. Адистердин айтымында, дал ушул үчүнчү түрү абдан коркунучтуу келет экен.

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?

* Эң негизгиси, эгер жер титирөө уктап жаткан учурда болсо, ызы-чууга (паника) түшпөй, психологиялык жактан өзүңүздү кармоого аракет кылыныз..
* Эгер сиз кайсы бир мекеме же имараттын ичинде болсоңуз, тезинен электр приборлору менен газды өчүрүп, керектүү документтерди алып, сыртка чыгып кетүүгө аракеттениңиз. Сыртка чыгып, имараттын дубалынан жана электр зымынан алысыраак жерде олтуруп турушуңуз абзел.
* Эгер имараттан чыга албай калсаңыз, балдарды алып, коопсуз жерде турууңуз кажет, бирок, эч убакта лифтке түшөм деп аракет кылбаңыз.
* Көп кабаттуу үйлөрдө калгандар эшиктин түбүндө (босогодо) же столдун, керебеттин астында отурушса болот, бирок эшиктин ары-бери шалкылдаганынан коркуп, башка жакка кетип калбоо керек.
* Эң маанилүүсү терезеден алыс туруу керек, анткени ал талкаланып кетсе, айнек бир жериңизди кесип кетиши ыктымал. Экинчи, үчүнчү кабаттагылардын эч убакта шашып жерге секирбөөсү керек.
* Эгер жер титирөө учурунда машина айдап бара жатсаңыз, аны тезинен ачык жерге токтотуп, ичинде олтуруп турушуңуз зарыл.

Жер титирөө качан жана кайда болот?

Бириккен Улуттар Уюмунун иликтөөлөрү боюнча, 1960-1995 жылдар аралыгында ар кандай табият кырсыктарынан жер шарында 3 миллионго жакын адам каза тапса, кырсыктардын кесепети 439 миллиард доллар экономикалык чыгымга алып келген. Үч миллион адамдын ичинен 900 миңи жер титирөөнүн айынан жарык дүйнө менен кош айтышкан. Тилеке каршы, адамзатка коркунуч туудурган жер титирөөнүн качан жана кайсы аймакта болоорун илим дагы, дин дагы так айта албай келет.
Даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык Саясат"