presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



№80, 31.10.08-ж. Айтматов жана "Нобель" сыйлыгы
Быйыл улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун 80- жылдык юблейине карата, дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу "Нобель" сыйлыгына талапкерликке курч мүнөздө көрсөтүлгөндүгү баарыбызга белгилүү. Мына ушул аталган сыйлыктын быйылкы жеңүүчүсү жакында дүйнөгө маалым болду.
"Эгер Чынгыз агабыздын көзү тирүү болгондо, бул сыйлыктын жеңүүчүсү болот эле" деген көптөгөн пикирлер коомчулукта айтылууда. Биз мына ушул маселе боюнча бир аз иликтөө жүргүзүп, өлкөбүздө "Нобель" сыйлыгы боюнча изилдөө жүргүзүп келаткан, Бишкек Гуманитардык университетинин доценти, акын Эсентур Кылычев агайыбыз менен ушул тууралуу кыскача маектештик.

"Нобель" сыйлыгы - бул улуу таланттар үчүн да төлгө"
- Агай, мына быйыл да дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу сыйлык болуп эсептелген "Нобель" сыйлыгы өз ээлерин тапты. Окурмандарга ушул сыйлык туурасында айтып берсеңиз?
- Жакшы болот, сурооңо түшүндүм. Мен бизди кызыктырган эң чырлуу да, эң талаштуу да адабият жаатында бериле турган сыйлык туурасында кыскача айтып берейин. Быйылкы сыйлык француздардын эбак эле классик жазуучусуна айланган, 68 жаштагы Жан Мари Леклезиого ыйгарылды. Леклезио 23 жашында эле Гонкурдан кийинки эң белгилүү "Ренодо" сыйлыгына (1964-ж) татыктуу болгон жазуучулардан. Леклезио мыкты стилист, 30дан ашуун китептин автору, анын калемине көптөгөн роман-повесттер, новеллалар, мексикалык мифтердин котормолору жана "Диего жана Фрида" (1993-ж) сыяктуу кеңири белгилүү көркөм-документалдык чыгармалар таандык. Быйыл сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан жазуучулардын ичинде, 88 жашка келип калган, ар кандай жанрда жазылган 40тан ашуун романдын автору Дорис Лессингдин (Англия) ысымы да жок эле. Акыркы айлампада жарышка түшүүчүлөр, сыйлык быйыл ушулардын бирине ыйгарылат деп: Филип Рот (АКШ), Адонис (Сирия), Клаудио Магрис (Италия), Оутс (АКШ), Харуки Муракамилердин (Япония) аттары аталып жатып эле, сыйлык биз жогоруда сөз кылган эки жазуучуга ыйгарылып кетти. Мына ушул фактыдан улам да, биз "Нобель" сыйлыгын кимдин, качан алаарлыгын күн мурунтан айтуу дегеле мүмкүн эмес экендигин, сыйлыкты ыйгаруу Комитетинин чечимдери коомчулук үчүн дайыма күтүлбөгөн жаңылык болуп калаарлыгын дагы бир ирет айтып койгубуз келет. Бирок, муну менен биз сыйлык кадыресе эле жазуучуларга ыйгарылып калат дегенди айткыбыз келбейт, кандай болгон күндө да сыйлык өзүнүн эң татыктуу ээлерин таппай койбойт. Албетте, дүйнө адабиятында,ошондой эле "Нобель" сыйлыгынын ээлеринин арасында Рабиндранат Тагор, Уильям Фолкнер, Эрнест Хемингуэй, Томас Манн, Герман Гессе, Жан Поль Сартр, Альбер Камю, Ясунари Кавабата, Габриель Гарсиа жана башкалар сыяктуу аты эле көркөм адабияттагы өзүнчө бир доорду, агымды, багытты жана башканы түшүндүрүп турган, өз заманынын өтө чоң ойчулдары кездешет. Ал эми сыйлыкка көрсөтүлүп, албай калган акын-жазуучуларды санап чыга турган болсок, Нобель Комитетине, анда добуш бере турган академиктердин пикирине бир эсе нааразы болуп, бир эсе таңданбай да койбойсуң. Мына сыйлыкка көрсөтүлүп, албай калган жазуучуларды атап көрөлүчү: Лев Толстой, А.П.Чехов, Эмиль Золя, Генрих Ибсен, Марсель Пруст, Франц Кафка, Роберт Музиль, Джеймс Джойс, Райнер Мария Рильке, Бертольт Брехт, Федерико Гарсия Лорка, Борхес дагы башка ушулар сыяктуу адабияттын атактуу дөө-шаалары. Анан "Гүлсарат", "Ак кеме", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт", "Кылым карытаар бир күн….", "Кыямат" чыгармаларын жараткан биздин атактуу Чыңгыз Айтматов. Сыйлыкты ыйгарууда сөзсүз түрдө көптөгөн объективдүү, субъективдүү себептердин келип чыгаарлыгы турган иш. Добуш бере турган ар бир академиктин көркөм эстетикалык табити, философиясы жана башка. Бирок, кандай болгон күндө да Нобель Комитетинин чечими өз күчүн жоготпойт, өзүнүн 107 жылдык тарыхында чечимди кайра кароо сыяктуу иш дегеле болуп көргөн эмес. Кыскача айтканда, чечим чыкты, бүттү.
- Бизди сыйлыкка талапкерлерди тандоонун жүрүшү да кызыктырат?
- Сыйлыкка талапкерлерди дүйнөлүк белгилүү адабият-маданият ишмерлери, сыйлык ээлери, чыгармачыл уюмдар, окуу жайлары, басылмалар жана башкалар Нобель Комитетинин суроо-өтүнүчүнөн соң сунушташат. Талапкерлерди тандоо жүрүшү үч айлампадан турат. Биринчи айлампада 350-400 талапкердин чыгармачылыгы талдоого алынат (биз көрсөткөн сан ар жылда ар башка болушу ыктымал, мындайча айтканда адабий түшүмгө жараша). Экинчи айлампага 40тай акын-жазуучу калтырылат, бул жүрүш апрель айларынан кийин ишке ашырылат. үчүнчү, акыркы айлампада беш талапкер добушка коюлат да, кимиси көбүрөөк добуш алса, ошол сыйлыктын бактылуу ээси болуп калат. Мунун бериле турган акча менен эч байланышы жок (акча чөнтөктүн жукалыгы-калыңдыгы менен байланышкан, кээде бир миллион долларга жетпей калса, кээде бир жарым миллион долларды түзгөн учурлары болот) экендигин баса белгилеп кетким келет, сыйлыкты акчасыз беребиз деген күндө да, андан эч кимдин баш тартпасы ачык иш, анткени, сыйлыкка татыган акын же жазуучу сөзсүз түрдө "өлбөстүккө" баш коет. Анын алдында көп нерселер ачылат. Далай-далай чыгаан окумуштуулардын, акын-жазуучулардын, философтордун, тарыхчылардын өмүр бою эңсеп күтүп келген сыйлыгы дал мына ушул "Нобель" сыйлыгы экендиги көпчүлүгүбүзгө белгилүү, муну биз көптөгөн маалыматтардан, тарыхый даректерден улам билебиз. Ар бир элдин, өлкөнүн мыкты адабий чыгармаларды баалап, белгилей турган ар кандай өз сыйлыктары бар. Дүйнө жүзүндө адабий сыйлыктар өтө эле көп, буга далил катары бир гана Француз мамлекетиндеги адабий сыйлыктардын саны 1500дөн көп экендигин айтып кетүү жетиштүүдүр. Арабдар акчасы жагынан "Нобель" сыйлыгынан да көп (2 миллион доллар) сыйлык уюштурушкан, бирок азырынча ал Нобель сыйлыгы сыяктуу атактуу да, өтө абройлуу да дүйнөлүк чоң сыйлыкка айлана элек. Балким, бара-бара мусулман дүйнөсүнүн экинчи же кичи Нобель сыйлыгына айланып кетээр…
- Чыңгыз Айтматов жана "Нобель" сыйлыгы жөнүндө кийинки кездерде көп сөздөр айтылууда. Буга сиз кандай карайсыз?
- Мен жогоруда айтып кеткендей Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы бул сыйлыкка аябагандай татыктуу эле. Бирок, эмне үчүн ыйгарылбай келгендиги, биз үчүн белгисиз. Орустун белгилүү акыны Андрей Вознесенский бир жерде айтып атпайбы "… Мени Нобель сыйлыгын албасын дешип, Мамлекеттик сыйлыкты бере коюшту…"-деп. Анын сыңарындай, Чыңгыз Айтматовго сыйлыктын ыйгарылбай калышынын да көп себептери болушу ыктымал, анын Совет өлкөсүнүн белгилүү жазуучуларынан экендиги, Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктардын Комитетинин архиви, дагы толгон-токой себептер, алардын баары, "Нобель" сыйлыгынын Комитетинин архиви 50 жылдан кийин ачыкка чыкканда гана белгилүү болот. Талкуулар, добуш берүүлөр, кимдин жактагандыгы, кимдин кандай себептер менен каршы чыккандыгы, кошо жарышка түшкөн талапкерлер, дагы ушул сыяктуулар. А балким сыйлыкты алуу кубанычы али алды жакта турду беле…
Кандай болгон күндө да XX-XXI-кылымдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы адабият тарыхына түбөлүк жазылып, дүйнөлүк мыкты, чыгаан жазуучулардын катарында сыйлоо менен, урмат менен, жакшы көрүү менен дайыма аталып тураарына терең ишенем.
- Агай, адабият жаатында аз да болсо аңгеме куруп бергениңизге чоң ырахмат!




Айтматов тирүү болгондо "Нобель" сыйлыгын алат беле, сиздин пикириңиз?

Лайли Үкүбаева,
профессор, Айтматов изилдөөчү:
Чынгыз Айтматов дүйнөлүк улуу жазуучулардын катарынан татыктуу орун алып, "кыргыз" деген элди дүйнөгө биринчи тааныткан, кайталангыс инсан болуп эсептелет. Мына ушул биринчи маселе, ал эми менин оюмча сыйлык маселеси экинчи орунда. Көптөн бери айтылып келаткан орус жана башка адабият таануучулар тарабынан айтылган мындай бир пикир бар "Эгер Ч. Айтматов, И. Сольжиницин сыяктуу өз мамлекетинин же ал кездеги союздун карама-каршы жактарын жазып чыкса, "Нобель" сыйлыгын эчак эле алмак" деген. Бул пикирдин кандайдыр бир деңгээлде чындык жагы бардыр. Балким, Ч. Айтматов, И. Сольжинициндей позицияны ээлегенде, сыйлыкка жетишмек деп мен да ойлоп калам. Бирок Ч. Айтматов советтик идеологияны ар дайым колдоп келген эмес. Бул жөнүндө К. Асаналиев "Ч. Айтматов кечээ жана бүгүн" деген китебинде аябай жакшы ачып берген. Чынында улуу жазуучубуз өз чыгармаларында советтик идеологиянын терс жүрүштөрүнө "ички согуш" жүргүзүп келген. Бул көрүнүш биринчи жолу 1967-жылы жазылган "Гүлсарат" повестинде байкалган. Андан кийинки чыгармаларында уламдан - улам тереңдеп келген. Ч. Айтматовдун биринчи жолу бул сыйлыкка көрсөтүлгөнү так эсимде жок. Бирок, биз республикадагы "Ч. Айтматов эл аралык клубу" атынан 1997-жылы да көрсөткөнбүз.
Эгер Ч. Айтматов тирүү болгондо деле, менимче жакынкы убактарда деле айбайт болчу. Себеби, Ч. Айтматовдун бир айтканына таянсак Нобель сыйлыгынын Комиссиясында менин көз карашым менен, бир адамдын көз карашы туура келбейт" деген экен. Балким, ал Сольжевициндин көз карашыдыр. Ал эми мына быйыл түрк дүйнөсүнүн президенттери Ч. Айтматовду ал сыйлыкка көрсөтүп алып беребиз дегени жөн эле бир популизм. Себеби, "Нобель" сыйлыгынын Комитети баардык чечимдерди өздөрү гана чечишет жана ошону менен бирге коомчулуктун пикирин да эске алышат. Өткөн жылы "Нобель" сыйлыгын түрк жазуучусу Орхон Памук биринчи болуп түрк элдеринен алды. Бул жазуучу деле Стамбулдун тарыхын карама-каршы, башкача жазгандыгы үчүн алды.

Сүйүнбай Эралиев,
Кыргыз Республикасынын
Баатыры:

- Эми менин жеке оюмда, Айтматовго Нобель сыйлыгын эчак эле бериш керек болчу. Анткени, бүткүл орусиядан дагы, түрк мамлекеттеринен Ч. Айтматовдун деңгээлиндей деңгээлдеги жазуучулар жокко десе болот. Нобель Комитети эмне үчүн бул сыйлыкты Чыңгызга бербей койгондугу мени дале болсо таңкалдырып келет.

Мухтар Шаханов,
Казак Эл акыны:

- Азыркы учурда "Нобель" сыйлыгынын Комитети аябай эле саясатташып кеткен. Биздин улуу жазуучубуз ал сыйлыкты жакынкы убактарда алалбайт болчу. Себеби, ал сыйлыктын ээси болуш үчүн, жок эле дегенде Айтматовдун аялы еврей болуш керек эле, же Айтматов өз чыгармаларында өз улутуна карама-каршы иштерди чагылдырышы керек болчу. Айтматов ал ишке барган жок. Ошондуктан, Айтматовдун "Нобель" сыйлыгына жетпей калышынын бир чоң себептеринин бири ушул маселе болуп эсептелет.
Абдылдажан Акматалиев,
Айтматов изилдөөчү:

- Ч. Айтматов биринчи жолу "Нобель" сыйлыгына 1980-жылдары "Ак Кеме" повести чыккандан кийин көрсөтүлгөн. Андан кийин "Кыямат" романы жарык көргөндөн кийин да көрсөтүлүп, бирок Швециянын премерь-министри У. Пальманын ЦРУ тарабынан өлтүрүлгөдүгү тууралуу курч макала жазгандыгы, ал сыйлыкты алууга чоң тоскоолдук кылган, ал эми биз мурда "Нобель" сыйлыгына көрсөтүүнүн эрежелерин билбегендиктен, кийинчерээк так айтканда, 1993-жылы көрсөткөнбүз.
Быйылкы жылы Ч. Айтматовдун "Нобель" сыйлыгын алууга чоң мүмкүнчүлүгү бар болчу. Анткени 80 жылдык юбилейине карата бул маселе бүткүл түрк мамлекеттеринин атынан курч мүнөздө коюлган.

Айбек Шамшыкеев,
"Ачык Саясат"










??.??