№80, 31.10.08-ж. Бектер кетет, эл калат,
Бетеге кетет, бел калат.
Кыргыз бийлигине кимдер гана келип-кетпеди дейсиңер. Бири кызматка келип атат, бири-кызматтан кетип атат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. "Байлык, бийлик колдун кири" деп бекеринен айтылган эместир. Бийлик дегениң атадан балага мураска калбайт экен. "Бүгүн бар да, эртең жок, ушундай тура дүйнө пок"-деп акындарыбыз какшап ырдап жүрбөйбү! Бир кезде бийликте олтурган бектердин бүгүнкү абалынан учкай маалымат берип турууну чечтик. Урматтуу, окурман, бектер кетет экен, эл калат экен. Бетеге кетет экен, бел калат экен. Турмуш чындыгы деп ушуну айталы.

Осмонакун Ибраимов,
Экс-мамлекеттик катчы

"Кимдин-кимдин заманы, Осокенин заманы" деген бир заман агын суудай шаркырап, шамалдай аркырап колго кармалбай учту го чиркин. Ал керемет кездерде Осмонакун өзүн мамлекеттин жалгыз эгесиндей сезчү. Ак үй, көк үйдөгүлөрдүн көбү "Осокелеп" аркасынан жүгүрүшчү. Ошондон пайдаланып, Осокебиз далай жолу орсок уй саады го… Эми анын кайсы бирин айтып түгөтмөкпүз?! Ооматы башынан оогон Осмакакун 54 жашка келди. Учурда Манас университетинде, Славян университетинде, Алатоо университетинде мугалим болуп, сабак берет. Үч университеттин профессору. Өзү бийликтеги кезинде оппозиционерлердин шорун катырчу эле. Эми оппозициялык маанайдагы "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылына кошулуп, жолборс терисин жамынып аткан учуру. Мындайды кыргыздар тагдырдын тамашасы дечү беле?!

Турдакун Усубалиев, экс-1-секретарь

Кыргызстанды 25 жыл башкарган урматтуу Усубалиев 89 жашта. 4 небереси, 3 чөбөрөсү бар. Мамлекетке кызмат кылгандыгы үчүн 12000 сом өлчөмүндөгү персенолдык пенсия алат. "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын мүчөсү. Бу кыймылдагылар аксакалды "төрага болуп бериңиз" деп суранышкан экен. Бирок, Турдакун агай төрага болууга макулдук берген эмес. Бийликти безге сая сындаган кыймылдын ардактуу кеңешчиси. Агайлап сыйлагандарга акыл-насаатын аябайт. Убакытты текке кетиргенди жаман көрөт. Бош мезгили боло калса, китеп жазат. Буга чейин тарыхый багыттагы бир нече китебин чыгарды. Жакында эле "Возрождения и трагедия моей страны" деген китепчеси жарык көрдү. "Азыр ушул эмгегимди англис тилине котортуп атам. Кудай буюрса, Америкага жөнөтөм. Биздин кандай экенибизди түшүнсүн. Антпесек, алар Кыргызстанды талкалап бүтмөй болушту. "Өздөн чыккан жат жаман" дегендей америкалыктарга биздин арабыздан да кошулуп алышкандары күйгүзөт"-дейт аксакалыбыз. "Эмне байлыгыңыз бар?"-деген собол салсам, "Кыргызстандын баары - менин байлыгым" -деп күлдү. Борбордун бир районунда квартирасы бар. Жеке менчик машинасы жок. Мамлекеттин гаражынан машина алып, пайдаланып турат. Айдоочусу өзүнүн небереси. Илгеркидей жеке доктуру, жеке ашпозчусу жок. Балдары, неберелери өздөрүнүн жеке иштери менен алек. Ата жолун жолдогон бирөө чыкпады, дегеним, мамлекеттик кызматта эч кимиси иштебейт. Антсе деле аксакал балдарына ыраазы. Баардыгына каниет кылып, бактылуу карылыктын доорун сүрүп атат.

Мирослав Ниязов,
экс-коопсуздук кеңешинин катчысы

Түз сүйлөп, түз жүргөн генерал, бир кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысы азыр пенсияда. Болгону 7000 миң сом пенсия алат. Азыр эч жерде иштебейт. Жашы 57де. Кызматтан кеткенден кийин, Бакиевдин ортомчулары далай жолу кызмат сунуштап келишиптир. Айтканынан кайтпаган Ниязов: "Мен чын жүрөк менен түз иштешим керек. Андай-мындай деп кыйшактаганды жаман көрөм. Кимдир бирөөнүн жетегинде болуп, орто жерден туура эмес иштерге малынгым келбейт, эл алдында булгангым келбейт. Андыктан, бу бийлик менен такыр иштеше албайм"-деп кесе айтып, бийлик өкүлдөрүн узатып койгонуна көп болду. Ошондон бери үйдө. Анча-мынча тиричилик менен алектенет. Эч кандай бизнеси жок. Жөн гана эс алууда. Коомдук парламенттин активдүү мүчөсү. Мыктылыгы, билимдүүлүгү жана бийликтеги тажрыйбасы менен элге далай пайда келтирмек. Аттиң десең, кармагандан кан чыгарган кайталангыс кадрдын Бакиевге кыпындай кадыры жок болуп атканы өкүндүрөт.

Дастан Сарыгулов,
экс-мамлекеттик катчы

Бакиев менен төңкөрүшкө катышып, мамлекеттик катчынын ролунда жүрдү. Анан эле "жылан чакпай, жылкы теппей" кызматтан кетип калган. "Ат айланып казыгын табат" демекчи, өзүнүн "Теңир Ордо" бейөкмөт уюмуна кайрылып барып, кыргыздын улуттук каада-салттарын жайылтуу боюнча жакшы иштерди баштаганына бир топ болду. Чынында, Дастан Исламович абдан туура кылды көрүнөт. Анткени, бийликте олтуруп, элге кыпындай пайда келтире албасына көзү жетсе керек да. Азыр мына "ай дээр ажо, кой дээр кожосу" жок, өзүнө өзү бий, өзүнө өзү хан. Эл кыдырып, жер кыдырып : "Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз, антпесең улут катары жоголуп кетесиң" кыязындагы чакырык менен кыргыз элинин улуулугун даңазалап, улуттук намысын ойготуп, Ошто жүргөн чагы. Бейөкмөт уюмун өзү жана тилектештери каржылайт. Негизги демөөрчүсү-карапайым эл. Пенсияга чыгалек. Жашы 61ге толуп, 62ге карады. Эч жерден айлык албайт. Элдин эртеңкисин ойлогон жалгыз патриот, жалгыз "жылыңач баатыр" десек ашепке болбойт. Анткени, мамлекеттен айлык алган ак үйдөгү 600дөй кызматкердин эл алдындагы милдетин бир гана Дастан акебиз аткарып жаткандай туюлат. Бул ишине "бали" дегенден башканы айта албайбыз.

Турсунбек Чынгышев,
экс-премьер-министр

Ысыккөлдүн бир учурдагы тың чыкмасы эле. Премьер-министрлик креслону ээлеп турду. Акаев менен акыйлашпай жакшы иштеп атканында, Турсунбек мырзаны кара теке сүзгөн. Алтын чырына аралашты да, кутулбаган куянга калып, кызматынан кол жууган. Ал бийликте турганында айткан бир сөзү элдин эсинде калды. "Кыргызстанда жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт"-деп таамай айтканы али күнчө унутулбай келет. Ушул сөздү укканда эле экс-өкмөттү эстейбиз. Кийинки күндөрү кабары билинбей кетти. Кыргызстандагы банктардын союзунда иштейт деп эшиттик эле, бирок, ал жактан таппадык. "Ысыккөл" коомдук фонддун жетектеп жүрдү эле, телефон чалып, жарытылуу кабар алалбадык. "Ау-у, Турсунбек Чынгышевич, кайдасыз?" деп издеп жүрөбүз.

Мукар Чолпонбаев, экс-спикер

Акаев учурундагы Жогорку Кеңештин спикери азыр Москвадагы укук жана ишкерлик институтунун Бишкектеги филиалында кафедра башчысы болуп иштейт. Ошондой эле Арабаев интитутунун ардактуу профессору. Ай сайын 15 миң сом айлык алат. Агартуучулук тармакта жүргөнүнө 8 жылдын жүзү болду. Жашы 58де. Беш неберелүү болду. Кайран киши өз учурунда "президенттикке ат салышам" деп калпыс сүйлөп коюп, Акаевдин каарына калып, жакшы эле запкы тартты. Кудай бар экен, "каматам, жок кылам" деген Акаев өзү жоголуп кетти го… Ал эми Мукар Чолпонбаев эл арасында жүрөт. "Акыйкат үчүн" коомунун жана "Коомдук парламенттин" мүчөсү. "Бакиев кызмат сунуштаган жокпу?"- деп сурадым. "Биринчиден, революцияга катышпасам кайдагы кызмат? Экинчиден, азыркы бийликке географиялык жактан да жакын эмесмин. Үчүнчүдөн, мен бүгүнкү бийликке оппозициямын. Эл эмне деген кыйынчылыкта жашап жатат. Кымбатчылык күн сайын өсүүдө. Светтин жагдайын көрүп атасыңар. Анан сокур, дүлөй болбогондон кийин жаның ачыйт экен. Бийликке адилеттүү жана таза, эл камын ойлогондор, эл мүдөөсүн аткаргандар келсин деп жүгүрүп жүрөбүз"- дейт каңырыгы түтөп. 27 жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген Мукарга, бир билимсиз, тажрыйбасыз ээлеп олтурган креслону бошотуп берип койсо, элге көбүрөөк пайдасы тиймек беле дейм да.

Фаризат АсанкалыЙ кызы,
"Ачык саясат"