№80, 31.10.08-ж. Сүйүү мен үчүн абдан керек
- Шайыр эмне жаңылык?
- Жаңылык жакында эле эс алуудан келдик. Кудай буюрса, "Капкан шоу" көрсөтүүсүн улантып атабыз. Тарта баштадык. Жакында көрөрмандарга "Капкан шоу" көрсөтүүсүнүн жаңы варианттарын сунуш кылабыз, кыскасы чыгармачылык менен алектенип атабыз.
- Өзүңдүн мүнөзүңдү айтып бере аласыңбы?
- Негизинен эфирге чыкканда "серьезный" чыгасың да. А көчөгө басканда деле көп күлгөндү жактыра бербейм. Ошону карап мени аябай кырс, адамга катуу тийген адам болуш керек дешет. Бирөө мага кандай мамиле кылса, мен да ага ошондой мамиле кылам. Кээ бирөө жакшы мамиле кылып, жакшы сүйлөшүп, иштешип калган болсо, жамандык деле көрсөтпөйм. А бирөөлөр мага катуу сүйлөп, же болбосо, орой мамиле кылса мен ал адамга орой мамиле кылам.
- Кекчилсиңби?
- Кекчилмин деп айта албайм. Бирок мага бирөө жакпай калса, жаман мүнөзүн же терс жактарын көрсөтүп алса, андан кийин ал адам миң жакшы сүйлөсө да, баары бир мен ал адамды жактырбайм.
- Өзүң жөнүндө ушактарды угасыңбы?
- Ушак деген баары бир артыңан ээрчип жүрөт экен. Кээ бирөөлөр чындыкка жатпаган ушактарды айтат. Жиниң келет. Болгон нерсени айтып, жазып чыкса түз эле кабыл алмакмын. Мен ушул жумушка кирген жылдары 1-2 ушак айтылган. Биринчиси-"Шайыр эч кимге айтпай үйлөнүп алыптыр"-деген. Экинчиси-"Шайырдын орус кыз менен жүргөнүн көрдүк, ал кыз ким?" - деген ушак сөз. Андан кийинкиси "Шайыр ата-энеси жактырган кызды көрбөй туруп үйлөнөт экен" - деген ушактарды уккам. Антиреклама да реклама дейт эмеспи. Бирок, бизде менталитет башкача да, батыш болсо кара пиарды деле кабыл ала бермекпиз. А биздин менталитетке мындай нерсе туура деп айта албайм.
- Мал союп, устукандаганды билесиңби?
- Чынын айтсам, ушул нерсеге жокмун. Мал сойгонду, устукандаганды таптакыр билбейм. Өмүрүмдө мал союп көргөн эмесмин. Мал сойгондордун жанында да болгон эмесмин.
- Үйдөн эмне жумуш кылчу элең?
- Үйдүн эң улуу баласымын. Үйдөн эч кандай деле жумуш кылчу эмесмин. Атамдын инилери жаныбызда жашашчу, ошолор келип мен жасачу жумуштарды кылып коюшчу. Жеңил-желпи гана жумуштарды кылып жүрчүмүн. Негизгиси инимди, эки карындашымды карап эле үйдө отурчумун.
- Акчаны кандай пайдаланасың?
- Азыркы базар экономикасында жашап жаткандыктан, акча биринчи орунда турат да. Айыл жергесинде акчаң жок болсо деле, огородко баарын тигип алып жашай бересиң. Шаар жеринде чөнтөгүңдө тыйының жок болсо, үйдөн чыкпаганга туура келет. үйдөн чыкпай деле отура албайсың да, тамак жешиң керек дегендей. Адам баласынын жашоосунда акча чоң роль ойнойт, өзгөчө азыркы убакта.
- Тапкан айлык-маянаң сага жетеби? Сыр болбосо канча аласың?
- Бул жерден алган айлыгым бир башыма жетет. Канча алаарым сыр бойдон эле калсын. Ар бир ай сайын ар кандай болуп калышы мүмкүн. кээде аз, кээде көп болуп калат. Жалгыз өзүмө алган айлыгым жетет. Эртең үй-бүлө курсам бул айлык менен жашаганга болбойт.
- Динге кандай карайсың?
- Кудайга шүгүр. "Альхамдулилла" баарыбыз мусулманбыз. Динди жакшы эле кабыл алам. Кудайга ишенем. А бирок ачык түрдө дабатка чыккан "фанат" эмесмин. Динге ишенип, шарияттарды аткарып, бирок ошол эле учурда цивилизованный дүйнөдө жашагым келет.
- Ичимдикке, тамекиге кандайсың?
- Ичпейм деп таптакыр айтпайм. Антсем, калп айткан болом. Бир аз ичем. Бирок артынан кууп түшүп ичпейм. Анда-санда, майрамдарда, досторум менен ичем. А бирок тамеки тартканымды бүт баары эле билет болуш керек. Ичимдиктен жакшы көргөнүм коньяк. Тамекини көп жылдан бери эле тартам.
- Саясаттан алыс эмессиңби?
- Саясатка таптакыр эле кызыкпайм. Мен саясатка аралашпасам дагы, азыркы жашоодо саясат өзү мага келип аралашып калып атат да. Азыркы Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуяларга карасак, жетишкен жактары дагы болуп атат, жетишпеген жактары дагы бар десем болот. Өзгөчө азыр баса белгилей кетүүчү нерсе - Борбордук Азияда энергетикага бай өлкө болсо дагы, керектүү учурда светти колдоно албай жаткандыгыбыз бул өкүнүчтүү нерсе болуп атат. Ал эми жаш кезимен бери эле саясатчылардан Адахан Мадумаровду жакшы саясатчы, элге күйгөн адам катары карачумун. Бирок "жангактан" кийин аябай өкүндүм. Бир заматта мамлекеттик кызматтан учуп кеткендиги кызык болду. Бирок азыр кайра эле бийликке келип калыптыр, ошонусун учурдан пайдаланып куттуктайм (күлүп) деп коеюн.
- Сүйүп көрдүң беле?
- Сүйбөгөн жан болбосо керек. Эгерде сүйбөгөн адам болсо, анда анын жүрөгү жок деп айтаар элем. Сүйүп көргөмүн, күйүп дагы көргөмүн. Сүйүү бул деги эле адам баласынын жашоосунда, жалпы жашоодо бул негизги ролду ойнойт болуш керек. Сүйүү мен үчүн абдан керектүү нерсе. Сүйүү бар үчүн бири-бирибизди урматтап, сыйлап жашайбыз.
- Качан үй-бүлө курасың?
- (Күлүп) Ушул суроо эң популярдуу суроо да.
- Үйлөнгүчөктү ушинтип сурай беребиз да?
- Ошондой болот окшойт. Кудай буюрса, ушул 2008-ж күзүндө үйлөнөм - деп айттым эле. А бирок "ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет" - дегендей, күтүлбөгөн жерден жайында атам каза болуп калды. Ошол окуядан кийин үй-бүлө курууну пландаштыра элекмин. Дагы ойлонобуз го.
- Адабиятка кызыгып, китептерден окуйсуңбу?
- Жазуучулардын чыгармаларына мурда жакшы көңүл бурулуп келсе, азыр бир аз көңүл бурулбай калды. Акын-жазуучулардын чыгармаларына, адабиятка аябай эле көз карашым түз. Анткени акынмын деп айтпасам дагы, калемимди колго алып мен дагы көп эле ырларды жазып жүрөм.
- Акыркы окуган китебиңди айтсаң?
- Өзүм кесибим боюнча журналист эмесмин. Өзүм юридикалык факультетти бүтүргөнмүн. Ошол кезде "келечекте юрист болом" деген ой менен эле детективдүү китептерди окучумун. Анан акыркы кезде окуган китебиме көп болуп калды "Дени фиша" деген драманы окуп бүттүм. Ошондон бери окуй элекмин.
- Алдыга койгон пландарың барбы?
- Адам баласынын ою күлүк деп коет эмеспи. А бирок ошонун баары ишке ашышы кыйын. Ошондуктан мен баарын кыйратып салам деп алдын-ала айтып койсом, эртең мүмкүн ал нерсе ишке ашпай калышы мүмкүн да. Азыр момундай кылам деп айтпай эле коеюн. Бирок "Капкан шоу" көрсөтүүсүнүн жаңы вариантын элге тартуулайлы деп турабыз. Бекбол Кылычбеков деген жигит экөөбүз жаңы эки долбоорду жазып бүттүк. Буюрса кышка чейин көркөм кеңешке сунуш кылабыз. Жаңы жылдан баштап жаңы долбоорду дагы элге көрсөтөбүз.
Ишиңе ийгилик. Чоң рахмат сага.


Рахат Сулайманов -
журналист.

1. Кымбатчылык жакырчылыкка жакшы жер семирткичпи?
- Кымбатчылык жакырчылыккабы? Албетте, боло алат. Анткени, кыргызда сөз бар го "өлгөндүн үстүнө көмгөн"-деген. Эптеп-септеп бир учунан бир учуна жеткизе албай атсак, кымбатчылык басып алса, сөзсүз жер семирткич эмес андан арысы болот. Бул чоң кооптуу нерсе. Кээ бирөөлөр бай, кээ бирөөлөр жакыр жашашат. Ортодо ажырым бар. Өз көмөчүнө күл тартып, белгилүү, белгисиз себептерден байып кеткендер бар. Мурун майкөл, сүткөлдө жүргөн чиновниктердин азыр деле бир тобу жүрөт, эч нерсе билмексен болуп. Ал эми өзүм жөнүндө айтсам, өз жашоом орто. Бай дагы, жарды дагы эмесмин.

Айжан Тагаева -
журналист

Касиетсиз эркектен каруусу күчтүү каалга артыкпы?
- Менимче касиетсиз эркек деген болбойт болуш керек. Азыр жашоо-шарттан улам аялдар эркектерден күчтүрөөк болуп турса керек. Бирок канткен менен эркек баары бир эркек да. Эркексиз үйдө кут, ырыскы болбойт. Себеби, кудай эки адамды кошкондо ырыскыны бирөөнө гана берет экен, көбүнчөсү эркекке берилет экен да. Аял миң чуркаса деле эркексиз эч нерсе жукпайт. Эркекти касиеттүү кылып алыш бул аялдан. Бирок, азыркы эркектерибиз касиеттерин кетирип, өзүлөрүнүн баркын билбей, ушак айың, ыплас нерсеге түшүп кетип аткан жактары дагы бар. Аялдар өз оордубузду билип, эркектер өз ордуларын билип жүрсө жакшы эле болмок.

Эрнист Кыязов -
журналист

2. Күн карама көлөкөнүн баркын билбейби?
- Кандай күн карама?
- Күндү карап өскөнчү ?
- Табият кандай кылып жаратса, күн карама күн чыкканда күндү карайт, күн баткандан кийин көлөкө болуп шалпайып ка

Бетти даярдаган Айсулуу Эсен кызы,
"Ачык саясат"