№81, 04.11.08-ж.
  Добулбас

Карасуу кагылышы
1. Айтылбай
турган сөз эле…
Бул окуяны жеринен иликтеп, журналисттик изилдөө жүргүзүү үчүн Бишкектен Ош шаарына эки ирет барып, биринчисинде үч күн, экинчисинде беш күн жүрүүгө, бир нече миң чакырым аралыкты басып өтүүгө, жабыр тарткандардан тартып райондук, областтык деңгээлдеги ар кандай жетекчилер менен жолугушуп, алардын пикирин угууга туура келди.
Биринчи барышыбызда эле жеткиликтүү материалдар колго тийгени менен окуяга түздөн-түз катышы бар айрым жетекчилер менен бетме-бет сүйлөшүп, окуянын чоо-жайын өз ооздорунан укпасак алардын укугуна шек келтирип коюу коркунучу да бар эле. Ошол себептен, область губернатору Аалы Карашевди алты саат бою түнкү чыкыроондо сырттан кайтарып, эртеси күнү гана анын биринчи орун басары Кадырбаев Айтмамат Тентибаевичтин кабылдоосунда болгонубузда:
- Бийлик өкүлдөрү "Ачык саясатты" оппозициялык гезит, кандай болгон күндө да бийликти бир беткей сындап, жамандай берет деген ой ортодо болбос үчүн сизге кирип отурабыз. Болгон окуяны колго тийген документтердин негизинде жаап-жашырбай, болгонун болгондой жазабыз. Жетекчилер менен кезигүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, анан гезитке жарыяланган материалдардан жыйынтык чыгарып берсеңиздер бизге да, акыйкаттыкка да чоң жардам берген болосуздар- деп түшүндүргөнбүз.
Ушул эле сөздөр Карасуу районунун акими Чойбеков Шамшарбек Чойбековичке да айтылды.
Бүгүн ушул эки жетекчиге бизди оппозициялык гезиттин өкүлдөрү деп "өгөйсүнтпөй", колдорунан келген жардамдарын берип, чындыкка жетүүгө болгон аракеттерибизге көрсөткөн көмөктөрү үчүн ыраазычылыгыбызды билдирип коюуну адамдык парзыбыз деп эсептейбиз.
Ошол эле убакта, бул экөөнөн тышкары, областтын губернатору Карашев Аалы Азимовичтин, областтын прокурору Сулайманов Жолдошбек Атакеевичтин, обаласттык Ички иштер башкармасынын башчысы, полковник.
Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Чудинов Игорь Витальевичтин, Ички иштер министри Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин, архитектура жана курулуш агенттигинин директору Нарбаев Каныбек Жайчиевичтин эсине тикелей салып, Карасуу кагылышына күнөөлүү адамдардын аты-жөнүн жаап-жашырбай ачык айтууну өзүбүздүн профессионалдык милдетибиз деп эсептейбиз. Областтын прокурорунун биз менен болгон маегинде эгер тигил же бул адамдын иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери болсо кылмыш ишин козгоп, аны сотко ашырууга берген убадасын дагы бир жолу гезит аркылуу эсине салабыз.
Эки жолку барышыбызда тең Карасуу районунун судьясы Нышанов Буркан Мырзаевич менен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Кошиев Асанбек Токтосунович айткандай биз тергөөчүнүн милдетин аткарып, сурак жүргүзгөндөй иштедик. Ошондуктан, биздин терең ишенимибизде, "Ачык саясат" гезитинин редакциясына жардам сурап кайрылган папандыктардын жазгандары толугу менен аныкталып отурат. Карасуу "кагылышын" уюштургандардын ана башында "Папан" айыл өкмөтүнүн башчысы Мырзабеков Медер менен "Төлөйкөн" айыл өкмөтүнүн башчысы Токторбаев Мамат тургандыгы бүгүн бизге жакшы белгилүү. Алардын артында кимдер тургандыгын алар өздөрү айтып берүүгө тийиш.
"Карасуу кагылышынын" түздөн-түз күнөөкөрлөрү катары биз райакимдин биринчи орун басары Шаятов Абдусатар Шаятовичтин, райондук архитектура жана курулуш башкармасынын башчысы Жутанов Кулназардын, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Кошиев Асанбек Токтосуновичтин, Ош областтык ички иштер башкармасынын кайгуулдук-күзөт полкунун командири Кадырбеков Анвардын аттарын атай алабыз. Булардын ичинен биз полковник А.Кадырбеков менен гана жолуга албадык. Ал башчылык кылган полкко үч жолу барып, Абдыганы деген нөөмөтчү жигитке чөнтөк телефондорубуздун номерлерин калтырганыбыздан да натыйжа чыккан жок. Угуп-көрүп туруп полковник А.Кадырбеков бизден качып туруп алды, телефон да чалбай койду. Областтык ички иштер башкармасынын башчысы Бишкекте жүргөн экен, анын орун басарларынын бирин да иш ордунан таба албадык.
Бирок, бул жазгандарыбыз биз алар менен жолуга албай, ошонун ачуусун күнөөсүз кызматкерлерден чыгарып жатат дегендикке жатпайт. Биз көптөгөн адамдарга, алардын ичинен жабырлануучуларга да жолуктук, алар ыйлап-боздоп отуруп түшүнүк каттарын жазып беришти, аларды диктофонго да жаздырып алдык. Биздин жазган сөздөрүбүздө кыпындай да аша чабуу, эмоцияга берилүү жок экендигин далилдөө максатында биз айткандарыбызды тиешелүү документтер менен бекемдей жүрүүнү туура таптык. Бул, албетте, гезит бетинен бир топ орунду ээлейт. Бирок, ал өзүн-өзү актайт деген ойдобуз. Себеби, документтер "сайрап" тургандыгына карабастан Карасуу районунун акиминин биринчи орунбасары А.Шаятов менен башкы архитектору К.Жутановдордун төмөндө биз сөз кылуучу фактылар тууралуу позициялары биздикинен караманча башка болууда. Бул деген жер бөлүштүрүү процессиндеги мыйзам бузууларга, андан келип чыккан Карасуу кагылышы дейбизби, же экинчи Ош тополоңу дейбизби, айтор милиция кызматкерлеринин карапайым калкты массалык түрдө сабашына, кордук көрсөтүүсүндө да ушул экөөнүн үлүшү бар дегендикке жатат.

2. Оштогу "кичинекей ойпоң-тойпоң"
Ош шаарынын түштүк-чыгыш өңүрүндө, кадимки "Каныбек" романында сүрөттөлгөн Жапалак кыштагы бар. Анын түндүк тарабында Карасуу районунун тутумуна кирген, бирок шаар ичинде жайгашкан Дыйкан Кыштак аттуу жаңы конуш орун алган. Ноокатка кетчү чоң жолдун боюнда, тогуз жолдун тоому.
Жаңы конуштун 23га жери жаңы ээлерин күтүп турат. Мына ушул талаада үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында кечки саат 19дар чамасында Ош областтык ички иштер башкармалыгынын кайгуулдук-күзөт полкунун командири, полковник А.Кадырбеков жетектеген отуздай, Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, полковник А.Кошиев жетектеген отуздай милиционерлер эки жүздөй аял-эркекти резина таяктар, күрөк саптар менен сабап, күч колдонуп талаадан кууп чыгышкан. Активдүү каршылык көрсөткөн 12 аялды колу-буттарынан алып, өздөрү түшүп келген эки автобуска тыгып, он чакты чакырым жердеги Нариман ПОМуна алып барышкан. Аларды таңкы саат үчтөргө чейин кармашып, ур-токмокко алышкан. Административдик жазага тарттыруу максатында Карасуу райондук сотунун судьялары Нышанов менен Бабаевди чакырышкан. Эки судья тең аялдарды жазага тартууга негиз жок экендигин айтып, сот жараянын жүргүзүүдөн баш тартып, кетип калышкан. Кырдаалдан чыгуунун жолун оңой тапкан полковник А.Кошиев ар бир аялга 300 сомдон "айып пул" салып, аны ошол эле жерден төлөттүрүп, анысы аздык кылгансып "күнөөкөрлөрдүн" ар биринен "бардыгына мен өзүм күнөөлүүмүн". Милиция кызматкерлерине эч кандай доом жок" маанисинде түшүнүк жаздырып алган.
Милиция кызматкерлеринин күч-колдонуп, уруп-сабоосунан жети айлык боюнда бар Абытова Сүйүмкан аттуу келин Ош шаардык ооруканасынын патология бөлүмүнө түшүп, он күн дарыланууга мажбур болгон. Сиңдисин коргоого аракет кылган Гүлзада Абытова да таяк жеп, алигиче оңоло албай жүргөндүгүн айтып, ботодой боздоп отурат. Милиция кызматкерлери тарабынан болуучу куугунтуктан корккон бир нече аял-эркек тилин тишине катууга мажбур.

Сүйүмкан Абытова,
Папан айыл өкмөтүнүн тургуну:

- 2003-жылы бизге Дыйкан Кыштак жаңы конушунан жер алууга токтом чыккан. Ошондан бери саргарып күтүп жүрдүк. Ушул жылы жергиликтүү шайлоолор өткөндөн кийин жериңерди аласыңар деп жоошутуп келишкен. Шайлоо өткөндөн кийин айыл өкмөтүбүз Медер Мырзабеков жаңы токтомдорду "токуп", 2003-жылдан бери күтүп жүргөндөргө эмес, таптакыр эле башкаларга участок бере баштады. Тизмедеги колунда жок бей-бечара, момун кишилер калып, пара бере койгондор гана жер алышты.
Айыл өкмөтүбүзгө кокусунан көчөдөн жолугуп калып: "Он бир тууган болсок, жок дегенде бирөөбүздүн жерибизди жөн койбойсуңбу"-десем, ал кафеден чыгып келатыптыр, кызуу абалда экен. "Мен губернаторго бир чек, орун басарына 4 чек белек кылгам. Билгениңди кылып ал"- деп койду.
"Карапайым элдердин жерлери чоңдорго белек болуп кетиптир"- деп Медердин айткандары боюнча губернаторго арыз жазып бардым. Губернатор: "Бул маселени тезинен чечип беребиз"- деди. Орун басары болсо Медер Мырзабековду чакырып, мени менен беттештиргенде Медер куран китеп көтөрө келип, айтканын танып кетти.
Медер Мырзабековдун бардык былык иштерин областтык администрацияга далилдеп берип, иштен алуу маселесин козгосок, алар Карасуу райондук администрациясына тапшырышты.
Аким, болсо, "Медер менен эркекче кол алышып койгом, 10-ноябрга чейин жумуштан албайм"-деп койду.
Элдин үнүн эч ким укпаган соң, колубуздагы мыйзамдуу токтомго, генпланга таянып 15-октябрда түшкү саат экилерде Дыйкан кыштак жаңы конушунда 200дөй адам чогулганбыз.
Андан мурунку күнү айрымдарыбызды Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Мамат Токторбаев: "Жер силерге тиешелүү эмес. Көзүңөрдү чоң ачкыла. Бул жерге келгениңер үчүн жооп бересиңер, эртеңки жашооңорду ойлосоңор жерге келбегиле"- деп коркуткан. Биз эч кимге жолтоо кылбай өзүбүзчө тынч эле олтурсак, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Карасуу районунун ички иштер бөлүмүнө "элдер жерди басып алып, ызы-чуу болуп жатат"-деп жалган сүйлөп телефон чалыптыр.
Аңгыча эле Карасуу районунун акиминин орун басары Абдусатар Шаятов, башкы архитектору Кулназар Жутанов, Ички иштер башкармалыгынын орун басары, ички иштер бөлүмүнүн начальниги, прокурордун орун басарлары менен кошо эки автобус милиция келди.
Жутанов менен Шаятов "силердин жерлериңер бар" дешкени менен караңгы киргенче элдерге "жериңер наркы бетте, берки бетте"-деп так жооп бербей коюшту.
Караңгы кирип калганда элдерге жеңил машина менен бир эже нан алып келип, жерге түшүрө баштаганда, милициялар баягы эженин нанын талашышты. Тигил эже милициялар менен жулмалаша кеткенде, биз нандын ээсине чуркадык. Ошол маалда милициянын начальниги "Алгыла баарын, машинага алпарып тыккыла"- дегенде эле отуздай милиция элди тапырата резинка дубинкалар менен уруп-согуп, сүйрөп, темир решеткаланган автобустарга сала башташты. Мени аркаман келип дубинка менен урганда жерге жыгылып түшүп жатып калдым. Колуман кайрып машинага салайын дегенде, бирөөсү "Кош бойлуу экен жөн кой. Эртең балээсине калабыз"- деди. Ошол маалда акимдин орун басары Абдусатар Шаятов келип калып ооруканага жеткирип коеюн-деди эле болбой койдум.
Менден башка канча аялды малдай кылып уруп-согуп, автобуска салып алып кетишкен. Мен болсо, тез жардам менен ооруканага жеткирилип жатып калдым.

Гүлшайыр Солпуева,
Ош шаарынын тургуну:

- "Дыйкан кыштак" жаңы конушундагы участокто 200дөй эл чогулуп турат, нан керек"- дегенинен нан сатканы баргам. Жаңы эле нанымды машинадан түшүрүп жатсам, милиция кызматкери жаныма келип, күрөктүн сабын көрсөтүп "Бир чаап, алпарып камайбыз, болбосо жакшына кетип кал"- дешти. Мени чыркыратып туруп, 300 нанымды тартып алып машинелерине салып кетишти.
Ошол күнү 5100 сомго чыгым болдум. Кан басымым жогорулап кеткен үчүн үйгө келип эле тез жардам чакырдым. Өзүм жесир аялмын, эки кызым бар. Күнүмдүк тапкан акчама ун алып, нан жаап сатам. Ушул күнгө чейин нанымдын акчасын кимден дооларымды билбей жүрөм.

Гүлзада Абытова,
Папан айыл өкмөтүнүн тургуну:

- Ызы-чуу нан саткан келин келгенде башталып кетти. Сиңдим Сүйүмканды милиция түртүп, уруп жибергенде, ортончу сиңдим: "Анын боюнда бар. Эмне кылганың"- деп топурак чачып ийгенде, "Карма могул катынды"-деп Карасуу районунун ички иштер бөлүмүнүн начальниги буйрук берди. Он чакты милиция сиңдимди ургулап, алып жөнөгөндө жүрөгүм түшүп калды. "Өлтүрүп койду"- деп сиңдимди көздөй кыйкырып келатсам, мени да сүйрөп жөнөштү. Колу-бутуман, башыман он-чактысы кармап алган, көйнөгүм түрүлүп, шермендем чыкты.
Автобуска алпарып салып жатканда бутумду эшикке такап алсам дубинка менен бутка чапты эле бутумдан галошум түшүп калды. Галошумду алып алайын деп жулкунсам уят сөздөр менен сөгүп-сагып, чапкылап, ургулап
киришти.
Ошентип, аялдардын баарын автобуска салып, зуулдаган боюнча алпарып цементтелген сыз бөлмөгө 12 аялды тыгып коюшту.
Бир маалда мени башка бөлмөгө алып барып "өзүм күнөөлүмүн" деп түшүнүк кат жаз деп кыйнашты. Бир жаш кыз нары жакта турган экен, "Эже, адвокатсыз эч нерсе жазбаңыз. Булар коркута берет"- деди эле, мени "жаз" деп кыйнап жаткан милиция баягы кызды ыргыта тепти да жулмалаган боюнча эшикке алып чыгып кетти. Калтырап, жүрөгүм да түшүп калды. Азыркыга чейин колумдун сыйрылганы айыга элек. (колун көрсөтүп) Папандык эркек балдарды өтө катуу сабашты.


Б. Жээнбеков,
Г. Молдокулова,
Бишкек - Ош - Карасуу - Бишкек
Уландысы бар