№81, 04.11.08-ж.
  Ат айланып казыгын таптыбы?

Кубатбек Байболов:
"Мен өлкө тагдырына байкоочу эмесмин"
Кечээ, 3-октябрда Бишкектеги "Достук" мейманканасына чогулган оппозициялык күчтөрдүн арасынан "оор салмактагы" саясатчылардын ичинен "супер салмактуусу" Кубатбек Байболувду көргөн бир топ журналисттердин "оозу ачылып" калды.
Андан кызыгы-Кубатбек Калбековичтин меморандумга кол койгондугу болуп отурат. Ошентип, К.Байболов чындап эле "чоң саясатка" кайрылып келдиби?
Бүгүнкү саныбызга К.Байболов менен учкай маекти жарыялайбыз. Кийинки сандарыбыздын биринен атактуу саясатчы менен кенен-кесири маекти окуп, чаңкооңорду кандырсаңар болот.

- Оппозициянын бүгүнкү биригүүсүн кандай кабыл алдыңыз?
- Негизинен, бүгүнкү болуп өткөн саясий окуя кандайдыр бир деңгээлде элдин көзүн ачып койду. Бирок, бул сыяктуу оппозициялык күчтөрдүн бириккендигин жарыя кылган мындай биригүүлөр буга чейин деле болгон. өзүңөр жакшы билгендей, мындан эч кандай майнап чыккан эмес. Чын-чынына келгенде эл саясий документтерди окугандан тажады. Элдин аң-сезими өстү, бүгүнкү бийликтин колунан эч нерсе келбей тургандыгын эл оппозициясыз эле түшүнүп калды.
Азыркы Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаал күйүүчү материал болуп эсептелет. Бүгүнкүдөй оор кырдаалда жөнөкөй эл арасынан Пугачевдор өзүнөн өзү эле чыгышы толук мүмкүн.
Кыргызстанда революциялык кырдаалдын пайда болушуна эки себеп бар. Биринчи обьективдүү себеп- бул Кыргызстан элинин башына түшкөн азыркыдай оор кырдаал. Ал эми субьективдүү себеп - бийлик башындагылардын бул кырдаалды жөнгө салууга эч кандай чара колдонбогондугу.
Бирок, революцияны жасаш үчүн убакыт керек. Революцияны жасаш үчүн Ленинди окуп чыгыш керек. Революцияны жасаш үчүн чыныгы революционерлер керек. Ал эми биздеги революционербиз деп төшүн кагып жүргөндөрдүн көбү Ленинди окумак турсун, мукабасын ачып, барактап да койгон эмес. Негизи, бизге бөөдө кан төгүлчү революциянын кереги жок. Мен революцияны каалабайт элем. Бирок, элдин маанайы, жашоого болгон нааразычылыгынын күч алышы опурталдуу көрүнүш.
Бүгүнкү болуп өткөн окуяда мени кубандырганы - мен ойлобогон, күтүлбөгөн адамдардын келип, меморандумга кол коюп, бүгүнкү бийликке болгон мамилесин ачык билдирип жаткандыгы болду.
- Сиздин бул жерге келгениңизди саясатка кайрадан кайтып келди деп түшүнсөк болобу?
- Негизи Кыргызстанда саясат жок! Мен эмне үчүн саясаттан кеткем? Анткени, Кыргызстанда таза жол менен саясатка аралашуу өтө оор. Саясатка аралашуунун бирден-бир маанилүү жолу болуп эсептелген шайлоо Кыргызстанда таза өтүүсү мүмкүн эместигин бийлик ээлери үстөккө-босток далилдеп жатышат. Өлкөбүздө саясат жок болгондон кийин, эки жуманын биринде эле гезиттерге чыгып алып, тамтаңдай бериштин кажети жок го деп ойлойм. Ошол эле убакта, өлкөнүн бүгүнкү ахыбалын көрүп, келечегине заарканып көз жүгүртүп отуруп байкоочудай болуп сырттан көз жүгүртүү менин стихияма туура келбейт. Ошондуктан, бүгүнкү меморандумга мен да кошулуп, кол койдум. Бул саясатка кайрадан аралашуубу, аны өзүңөр ой жүгүртүп көргүлө.
- Биздин маалыматтар боюнча, өткөн жылкы шайлоодо сизди "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинен чыгаруу үчүн партия жетекчилигине Ак үй тараптан 2 млн. доллар сунушталган экен. Бул жөнүндө биздин гезит өткөн сандарыбыздан биринде учкай маалымат берген элек. Ушунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бул болгон окуя. Аны тиешеси бар адамдар жакшы билишет. Шайлоо бүтүп, жыйынтыгы чыгарылайын деп калганда, "Хаят" мейманканасында 6-7 адам отурганыбызда, Текебаевге "чечимиңирди кабыл алдыңарбы, айтпайсыңарбы?"-деп Ак үйдөн телефон чалуу болгону чын. Бирок, алардын бул соодалашуусу ишке ашкан жок. Себеби, ошол шайлоодо партиянын кыймылдаткыч күчү болуп жүргөн менин парламентке өтпөй калышым көп суроолорду жаратмак. Экинчиден, менин өнөктөштөрүмдүн "досубузду сатпайбыз",- деп алардын бул сунушун четке каккандыгы да себеп болду. Ошол кездеги Текебаев, Сариев, Шерниязов сыяктуу партиялаштарым мени сатып кетпей, өздөрүнүн зор адамгерчилигин көрсөткөндүктөрүнө терең ыраазымын. Бирок, ошол иштерди ушул убакка чейин ачык айтпай, тайсалдап турушкандыктары да бир чети кыжырымды келтирет. Эмнеси болсо да, "Кыңыр иш кырк жылда билинет"-демекчи, мындай иштер баары бир эртеби-кечпи ачыкка чыгышы керек.
- Кубатбек Калбекович, шайлоо жөнүндө учкай сөз болгондон кийин Боршайкомдун экс-төрайымы Клара Кабилованын өлкөдөн качып кетиши тууралуу да оюңузду ортого сала кетсеңиз?
- Кыргыз саясатчыларынын көзү кызматтан алынаарда же кызматтан алынгандан кийин гана ачылат эмеспи. Клара Кабилова бүгүнкү бийликтен ашкере запкы жегенде, алардын көрсөткөн кордугу жанына батканда гана ачыкка чыгып отурат. Эми Кабилованын бийликке каяша айтканы жөнөкөй эле "күңк-мыңк" каяша болуп калды. Чын эле өз элинин тагдырына күйүп-бышкан болсо, бардыгын төкпөй-чачпай, ачык айтып берип, кыргыз элинен кечирим сураса, кыргыз эли түшүнүү менен мамиле кылып, кечирет эле да аны. Эмнеси болсо да, мындай билдирүүсү менен К.Кабилова көпчүлүк эркектерден өйдө экендигин далилдей алды.
Эми анын алдында эки жол бар. Эгер ал "жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын"-деп чечсе, анда ал мыйзам алдында эртеби-кечпи жооп бериши керек. Эгер кечирим сурап, баарын ачыкка чыгарса, бул башка кеп.




  МЕМОРАНДУМ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР

Алмаз Атамбаев,
"СДПК" партиясынын лидери:

"Үй-бүлөлүк башкаруу элибизди өтө оор кырдаалга кептеди"

- Буга чейин да ушул сыяктуу кол коюулар, биригүүлөр болгон. Эсиңиздерде болсо, "Реформа үчүн" кыймылы түзүлгөндө да бүгүнкүдөй дүркүрөгөн кол чабуулар менен бардык саясий күчтөр бириккендигин билдиришкен. Бирок, бүгүн абал андай эмес. Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу, коррупция элибизди өтө оор кырдаалга кептеди. Бүгүнкү биздин биригүү бул оор кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу.
Бирок, радикалдуу чаралардын колдонулушуна мен каршымын. Кан төгүүгө эч качан жол бербешибиз керек. Бул бийлик кетет. Кетпеске аргасы жок, анткени алар мындан артык колунан эч нерсе келбестигин өздөрү далилдеп беришти. Эң негизгиси, бизге биримдик керек. "Сабырдын түбү сары алтын"-демекчи, радикалдуу кадамдардан качышыбыз шарт.

Темир Сариев,
"Ак шумкар" партиясынын
лидери:

"Азыркы бийликке конкреттүү талаптарыбызды коебуз"

- Бүгүнкү болуп өткөн иш-чараны коомчулук көптөн бери талап кылып келген. Кыргыз элин азыркы оор ахыбалдан чыгарууга карата жасалган чоң кадам, тарыхый окуя ишке ашты деп ойлойм. Себеби, өлкөбүздүн прогрессивдүү ой жүгүрткөн бардык саясий күчтөрү, коомдук ишмерлер биригүүгө макулдугун берип, бүгүнкү меморандумга кол коюшту.
Бирок, биз эч качан эйфорияга берилбешибиз керек. Алдыда жасалчу иш-аракеттер али көп. Бүгүнкү кол койгондор 25-ноябрда өтүүчү жалпы элдик жыйында азыркы бийликке конкреттүү талаптарыбызды коебуз.

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын
лидери:

"Президент мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсү мүмкүн"

- Бул система боюнча эгер шайлоолор адилет боло турган болсо, алгачкы беш-он жылда коалициялык, бир нече саясий партиялардын өкүлдөрүнөн турган өкмөт башкарат. Мына ошонун өзү бир адамдын, анын айлана-чөйрөсүнүн өлкөнүн келечегин менчиктештирип алуусуна жол койбогон система болот. Буга кол койгон жарандар жана саясий уюмдар ошол системаны турмушка ашыруу үчүн биригебиз жана күч жумшайбыз деп эл алдында милдеттенме алып убада беришет. 2005-жылкы март окуяларынын демилгечилери азыр эмне кыларыбызды билбей эле келип алыптырбыз, бир президентти экинчисине алмаштырып коюп эле отуруп калыптырбыз", деп элден кайра-кайра кечирим сурап атпайбы. Мына ошондой болбосо экен, биздин бардык жарандар келечегин, эртеңки кадамын билсе экен, деп мына ушуну сунуштап жатабыз.
"Бакиев мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсү мүмкүнбү?"-деген суроолор да бар. Менин оюмча, мөөнөтүнөн мурда кетүү ыктымалдыгы бар. Акыркы үч жылда андай кырдаалдар бир нече жолу болуп келип, башка жол менен чечилген эле. Менимче, бул жолу президенттин мөөнөтүнөн мурда кетүүсү толук мүмкүн.

Турсунбек Акун,
Акыйкатчы:

"Бүгүнкү бийликтин иштерине көңүлүм толбой келет"

- Оппозициялык күчтөрдүн биригип, бирдиктүү иш алып барууга белсенишкени жакшы нерсе. Эми мен позициянын да, оппозициянын да иш-аракеттерине калыс мамиле кылып келген адам катары бүгүнкү бийликтин жасап жаткан иштерине көңүлүм анчалык толбой келет. Негизинен, оппозициялык күчтөрдүн биригип, бүгүнкүдөй меморандумга кол коюшкандыктарын кубаттайм. Бирок, мени ирээнжиткени-кечөө эле бийликте жүргөндөрдүн "оппозициямын"-деп, ортого чыгып, бир заматта эл камын ойлогон, "патритторго" айланып калышы. Бийликте жүрүп эле бир заматта оппозиция болуп алгандар мени гана эмес, жалпы кыргыз элин кандайдыр бир деңгээлде кооптондуруп, бүгүнкү оппозициянын ишмердүүлүгүнө анча ишенбегендей элес калтырууда.

Бетти даярдаган
Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык Саясат"