№83, 11.11.08-ж.
  Күн күйүт

Сокурга шам чырактын кереги барбы?!
18 жыл. 18 жаш.
"Он сегиз жаш, тоодон аккан булак белең? болбосо андан учкан бубак белең?"- дегендей, булак болуп агабы, бубак болуп учабы, айтор, көзгө илешпей он сегиз жыл чуу койду. Өлкөбүз эгемендигин алып, элирип аткан учурда төрөлгөн Эркингүл менен Эркинбектер азыр он сегизге чыкты. Ошолор менен курдаш болуп келаткан биздин эркин мамлекетибиз дагы он сегизде экен.

Адатта, адам баласы он сегизге чыкканда акыл калчап, алдыга максат коюп, келечекке ой жоруп, кадыресе адам болуп калат эмеспи. Ал эми ошол он сегиз жаштагы келечек муундарыбызга он сегиз жашка толгон биздин эркин мамлекетибиз эмне бере алат?
Жарыкчылыктан кабары жок, көзү ачыла элек ымыркай бала он сегиз жылдык өмүрдө торолуп, кадыресе адам болуп калыптанып, келечекке үмүт артып караган кезге жетет экен. Ошол ымыркайдан калышпай он сегиз жылдык өмүрдү басып келаткан биздин эркин мамлекетибиз дагы торолуп, калыптанып, келечекке үмүт артып калдыбы?!
Мына ушул суроонун тегерегинде ой жүгүртүү абдан татаал. Мааниси терең. Ойлогонго оңой болгону менен он сегиз жыл деген бул кыйла эле убакыт. Ушунча мезгилдин ичинде, көп ийгиликтерди жаратып, көп иштерди аткарса болмок. Ошону менен катар эле көптү аз кылып, барды жок кылып ийсе да болот. Өлкөбүздүн он сегиз жылдык өмүрүнө бир кылчайып карап көрсөк, жетишкен ийгиликтерибизге карганда, кетирген катачылыктар караандуураак көрүнөт экен. Демек, көптү аз кылып, барды жок кылып ийгенге шыктуу эл экенибиздин далили көрүнүп турат. Бул-жакшыны жашырып, жаманды ашырып көрсөтүү эмес. Бул сиз менен биздин күн көрүп жашап аткан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштин чындыгы.
СССРди эске албаганда, эгемендүү мамлекет болгондон бери өлкөбүздө кандай иштер болуп жатат? Жетекчи, чиновниктерибиз эмнени өстүрүп, эмнени өлтүрүп атышат? Өлкөнүн кай жерин улап-курап, эмнесин чачып, сатып атышат?
Улап-курап, жоктон бар кылганды койдук, бар энчибизге өзүбүз ээ боло албай, элдин энчиси элге буюрубай жатпайбы. Мына эми дагы элдин энчиси болгон электр тармагы сатыкка коюлду. Менчиктештирүүдөн башкага мээлери жетпеген биздин чиновниктер энергокомпанияларды сатып ийсе эле жарыкка жетпеген Кыргызстан жаркырап жанып, жалындап күйүп калчудай күпүлдөшөт. Калпты чындай айта билген бийликчилердин тактикасы акырындап аткарылып баратат. Энергетика кризисине шылтоолоп, энергокомпаниялардын баарын толугу менен менчиктештиришет.
А энергетика тармагы кайдан жүрүп кризиске кептелгенин сүрүштүрүп, изилдеп, тактап, эбин таап эптеп түзөп кетүү эзели ойлоруна келбейт.
Булар "сатабыз!"-дештиби, сатышат! Элдин эртеңкисин ойлоп, анча-мынча айтылган сунуш-пикирлерге кулак салбастыгын баарыбыз билебиз да. Кечээ эле Каркыра менен пансионаттарды казактарга берээрде тим эле, улуу- кичүү дебей "бердиртпейбиз"- деп безилдеп чыккан элдин сөзү суу кечтиби? Жок! Суу кечмек турсун, намыс үчүн барган оппозиция мүчөлөрүн бийлик ээлери жумуртка менен койгулатпады беле. Ал күн деле тарыхтын бир барагы болуп артта калды. "Өткөнгө өкүнбө!"-деп койгонду жакшы көргөн кыргыздар өкүнбөй эле жашап жатышат. Эртеңки күнү энергетика тармагы менчикке берилсе, менчиктештирип алган бирөө каалаган баасын коюп, каалагандай саясатын жүргүзсө, кыргыздар ага деле көнөбүз.
Өткөндө, кыргыз элине белгилүү эле бир аксакалыбыз менен маектешип калсам айтат: "светтин өчүрүлүп атканы жакшы эле болду, казан кайнатып, самоорго от жакканды унутуп калдыңыр эле, эми ошентип казан кайнатып, самоор жагып атасыңар"-дейт.
Көрдүңбү кыргыздын ой жүгүртүүсүн. "Адамдын токтоо, сабырдуулугу- акылдуулугу, ал эми көңүл коштугу - акылсыздыгы"- деген экен кайсы бир акылман.
Анын сыңарындай, ар бир ишке көңүл кош болуунун өзү көп жаман иштин башаты. Көңүл кош болуп жүрүп он сегиз жылдын ичинде бүт баарын сатпадыкпы.
Өлкөдө эмне калды? Жерди саттык, сууну саттык, кен байлыктарды, пансионаттарды, имараттарды, завод-фабрикаларды, деги койчу киреше берчү стратегиялык обьектилердин көбүнөн айрылып бүткөнү калдык. Акырындап кызмат, диплом, сыйлык, атак-даңк, абийир, ар-намыс дегендерди сатмайга өттүк. Бул реалдуу факт. Акчаң болсо акыйкаттык сен тарапта, сатып аласың. Чекеңе чыккан чыйкан болгон бирөөнү жоготуп коюш деле өтө оор маселе эмес, акчаң болсо киши жалдап, жок кылдырып коесуң. Мына ушундай! Бул көбүртүп-жабыртуу эмес, көзүбүз менен көрүп, көөдөнүбүздө кайнап жүргөн чындык. Демек, ушунун баарын көрүп - билип, таң калбай эле жашап жүргөн соң, энергетика тармагы менчиктештириле калса эле эсибиз ооп калмак беле?! Атаңдын көрү бийликтин колу гана жетпейт. Болбосо, алкымы чоң атка минерлер асмандагы ай менен күндү, жымындаган жылдыздарды кошуп менчиктештирип, "жарыгын көрүп атасың, төлө!"-деп, ай менен күндүн нуру үчүн байкуш карапайым кыргыздын акыркы байпагын чечип алмак.
Эми ушул экономикабыздын кыраркасы болгон "Түндүкэлектро", "Бишкек ТЭЦ," "Бишкектеплосеть" ишканалары менчикке берилсе эле, өлкөбүз жаркырап, экономикабыз өркүндөп- өсүп кетеби? Кыш келе элек жатып, келээрки жылдын суусун сатып атабыз. Анан каяктагы өркүндөп - өсүүнү айтабыз.
Ак үйдүн айткандарын угуп отурсаң, азыркыдай кыйын күнгө туш келгенибизди бир гана кургакчылыкка шылташат. Башкасын айтчу түрлөлү жок. "Башың иштебесе буту-колуңа күч келет"- дегендей, бийлик башындагылардын башы иштебесе, карапайым калктын буту - колу тызылдап тоңот. Азыркыдай кризистен чыгуунун акылдуураак жолун ойлошкондун ордуна, айласы кеткенчелик кылышып, электр тармагын менчиктештирүү саясатын ойлоп табышты. Булардын кыбыр эткен иштери, жүргүзгөн сасык саясаттары-азыркы күндө кымындай балага да белгилүү болуп калды. Энергетика тармагын менчиктештирүү саясаты-өлкөнүн келечегине кам көрүүнүн эмес, өздөрүнүн чөнтөгүн толтуруунун эле жолу! "Сокурга шам чырактын кереги эмне!"-дегендей, карапайым калктын мышык ыйлаарлык абалынан анчейин кабары жок, баарын үстүртөн баамдап жүргөн бул бийлик "саттам" дегенин сатат, "алам" дегенин алат. Андан башка эмнени билишмек эле?!

Айсулуу Эсен кызы,
"Ачык саясат"




  Айтса арман, көрсө көйгөй көп

Караңгыда "күркүрөп" калдык…
Кылым карыткан кыргызымдын азыркы абалы өтө оор. Кымбатчылык алкымын араандай ачты. Кыш ызгаарын чачып босогодо турат. Баанын өсүшүн ооздуктай албай калдык. Биздин бийликтеги акелерибиздин алдары аларга жетчүдөй эмес. Алдары жетсе да бул баткактан Кыргызстанды сууруп кетчүдөй эмес.

Баардыгы эле быйылкы кургакчылыкка шылтоо кылып ,дүйнөлүк тенденцияга теңешип, ооздорун куу чөп менен аарчып отурушат. Айылдардагы жашоону кеп деле кылбай калдык. Айылдан шаарга келип, оокатын өткөргөн жаштарыбыздын саны жыл сайын арбып барат. Алардын көбү үй-жайсыз, батирден батирге көчүп-конуп күн өткөрүп келишет. Жаркын келечекти элестетүү мүмкүн эмес. Кыргызстан калың тумандын арасында калкып калгандай.. Көзүбүзгө эч нерсе көрүнбөй бир гана курсак тойгузуш үчүн, күнүмдүк оокат үчүн гана жашап жаткандайбыз.Айлананы карасаң күңүрт, адамдар айласыздан күн кечирип жаткандай. Миграция саат сайын чыкылдап өсүп барат.Сүйлөсө оозун чоюп сүйлөгөн чиновник сөрөйлөрүбүздүн аны менен баштары кенедей да оорубайт. Негизи, кыргыз эли өз киндигибизди өзүбүз кесип келебиз. Көчөдө жокчулуктун айынан көчө балдарынын саны күн санап өсүп баратат. Бийлиги деле, башкасы деле Кыргызстанды саздан чыгаралбай калды көрүнөт. Баарысы эптеп эле кызмат үчүн жанталашып, жагалданган, жагынган мүнөзгө ээ болуп жатышат. Өлкөнүн келечегин ойлобой,өз кызыкчылыктарын гана ойлоп,бирининин көзүн бири чукуп, өздөрүнчө чак чалекей будуң чаң.
Кызык баардыгы эле шайлоо болоордо иштейбиз, ой кыйратабыз, жыргатабыз дешип, жери үчүн күйгөн патриот болуп чыга келишет. Акчаларды очойто ыргытып, өзү эле коррупциянын көлүнө батып турган Кыргызстанды ого бетер ныгыра батырып, папка кучактап, бир кызматка келип калышат. Карасаң баягы айткан убада эмес, өзүн анда-санда араң көрөсүң. Мына, ушундайлардын айынан өлкөбүз өзгөрүп келет. Деги качан бизге иш билги, токпейил, патриот, эли, жери үчүн жанын берген инсандар келет. Кыргызстан, кыргыз эли андай инсандарга зар болуп келебиз, зарыгып күтөбүз. Качанкыга чейин туңгуюк жашоого түтөбүз. Кайдыгербиз. Кайда барба кайдыгерлик өкүм сүрүп келет. Кайдыгерликтин айынан караңгыда камалып калдык.
"Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей ажобуз баш болуп, бийлик төбөлдөрүбүз төш болуп, өз билген намаздарын окуп жатышат. Карапайым элдин ал абалын сурап, алар менен аралашып иштеген бир чиновник жок. Баардыгы эле кыйратып атышкансып кымбат баалуу машиналарынан түшпөйт. Кыскасы, эл менен эсептешкен эч ким жок. Кыргыз энчисине тиешелүү жерлерди бийлик өкүлдөрү саткылары келсе, карапайым элди бири-бирине тукуруп, жумуртка менен урдуруп, өз мүдөөлөрүнө жетишет.
Коррупция катуу күч алып, тамыры кенен жайылып, түптөлүп калды. Коррупциянын башында кимдер турганы айланабызга айдан ачык байкалып калды. Байкалмак тургай коррупция дей берип мээбиз чайкалып алды. Ошентип, кайра эле кайдыгерлик айланып калды. Тойдум байдын кызына деп кол шилтеп өзүбүз өйдө-төмөн ой бычып, карайлап калдык. Жаштарыбыздан көп нерсени үмүт кылып келебиз. Эгер азыркы жаштарга кененирээк, таза жол көргөзбөсө, алар кимдерден үлгү алышат. Азыркы бийлик төбөлдөрүнөнбү? Азыркы билермандарданбы? Айтып отурса арман көп, көрүп отурса көйгөй көп. Кагылайын кыргыз элим, кыш кылычын сунуп кирип келе жатат. Ажобуз айткан тезекти тезинен терип алалы. Электр энергия ишеничтен кеткен, аны эчак бөлүп-бөлүп жешкен. Өлбөгөн жанга жаз да келер. Бир күнү кыргыз элинин башына да нур чачырап, Алла Таалам жардам берер. Келечек али алдыда.

Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"