№83, 11.11.08-ж.
  Кайдыгерлик каптаганда…

Качкын Булатов, укук коргоочу:
"Акыйкаттуулук деген сөздөргө ишеним өчүп баратат"
- Март окуясынан кийин бийликке келген бийликтин ишмердүүлүгүнө укук коргоочу катары кандай баа бересиз?
- Бакиевдик бийликтин орношу менен өлкөбүздөгү кылмыштуу топтор кадимкидей баш көтөрүп, күч алып, ээн-эркин өз билгендерин кыла башташты. Бул жөнүндө канча жолу айтылса дагы, эмнегедир эч кандай жыйынтык чыгарылган жок. Демократиялык мамлекетте жашап жаткандан кийин, мындай көрүнүштөрдүн болуп жаткандыгына эл арасында нааразычылыктар өтө эле күч. Баарынан өкүнүчтүүсү - жасалып жаткан бул ыплас иштердин баарына өлкөбүздүн күч органдары тарабынан кайдыгерлик мамиле жасалып жаткандыгы болууда. Жөнөкөй эле адам эмес, Кыргызстан коомчулугуна аты белгилүү "Ата-Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен болгон "матрешка гейт" да катардагы эле окуя катары каралып, унутта калтырылды. Эч ким жазган жок. Бийликтин мындай мыйзамсыз ишин көрүп-билип турса да, өзүн "оппозициялык күчтөрбүз" дегендер деле тыңгылыктуу эч кандай жооп кайтара алышкан жок. Өмүрбек Чиркешович да унутта калтырбай териштирип, бул ишти аягына чыгарууга белсенбеди.
Түздөн-түз бийликтин, б.а. Нарын шаардык күч органдары тарабынан өлүмгө дуушар болгон Бектемир Акуновдун аянычтуу тагдыры да аягына чыгарылбай, күнөөлүүлөр өз жазасын албай, дагы деле өз кызматтарында тайраңдап жүрүшөт.
Өткөн жылкы Референдум учурунда да, 16-декабрдагы парламенттик шайлоодо да, шайлоолордун жыйынтыктары кескин түрдө бурмаланса дагы буга эч кандай саясий баа берилген жок, а түгүл декабрдагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгы эмдигиче чыгарыла элек. Ушундай да болобу?
- Болгон үчүн айтып жатасыз да. Болбосо айтпайт элеңиз да, туурабы?
- Туура. Чын-чынына келгенде, добуштардын дээрлик көпчүлүгүн "Ата-Мекен" партиясы алгандыгы эч кимге деле жашыруун эмес. Бирок, ошол эле "Ата-Мекен" партиясына добушун берген миңдеген кыргызстандыктардын өз добушун уурдаттырып, көз көрүнөө былык иштер жасалып жатса да эмне үчүн унчукпайт? Ошондо өзүнүн прогрессивдүү саясий көз карашы менен айырмаланган, жаш саясатчы Эдил Байсаловго жалган жалаа жабышып, анын өлкөдөн куулушуна себепкер болушту. Бул боюнча СДПК партиясы өз талапкеринин укугун коргоп, бийликтин катуу камчысынан өз адамын арачалап калууга жараган жок.
Шайлоодон кийин Байболовдордун үй-бүлөсүнө карата кысымдар, коркутуп-үркүтүүлөр болду. Кана, ошондо кимиси бийликке каршы ачык каршылык көрсөтүүгө барды?
Каркыра кетип жатканда элим-жерим деп жүргөн оппозициялык күчтөрүң Түпкө барышты. "Каркыра кетпесин", - деп күйүп-бышкан Болот Шерниязовду бийликтин кабанаак иттери башка-көзгө ургулап, элдин көзүнчө сабашты. Коргой алдыкпы?
Мунун баары өз билгенин кылган бийликке каршы татыктуу жообун бере албаган опппозияциялык күчтөрдүн биримсиздигинен болуп жатат.
"Айта берсе, арман көп" - демекчи, ушул сыяктуу мыйзамыңды уруп ойнобогон, коомчулук тарабынан катардагы эле көрүнүш катары кабыл алынып калган бүгүнкү бийликтин балит иштерин санап отурсак, сөз учугу үзүлчүдөй эмес.
Өлкөбүздөгү сөз эркиндиги жөнүндө сөз баштоонун деле кереги жок.
"Алиби" менен "Де-факто" жабылып жатканда бардыгы кайдыгер гана карап турушту.
Билинбегени менен ушул сыяктуу бийликтин мыйзамга сыйбаган иштерине эч кандай жооп болбогон соң, карапайым эл арасында акыйкаттык, чындык, калыстык, адилеттүүлүк деген улуу сөздөргө болгон ишенич өчүп баратат.
Өздөрүнүн жазаланбастыгын, жоопко тартылбасын жакшы билген бүгүнкү криминалдык топтор көз көрүнөө эле өздөрүнүн зомбулук иштерин жасап жатышат. Аларды ооздуктап, тыйып койгон эч ким жок. Адам укугун тебелеп-тепселеген мындай көрүнүштөргө каршы бийлик өзү аракетсиздигин көргөзүп жатса, ал гана эмес канатына калкалап коргоп жатса, байкуш эл эмне кылат, кимге кайрылат? Эл керегине жарай турган Равшан Жээнбеков, Эдил Байсалов сыяктуу жаш азаматтарыбызды өлкөгө жакын жолотпой кубалап жатышат. Алар өз өлкөсүнө кайтып келген күндө деле моюндарына сыйыртмак илинип, суроо-жоопсуз эле түрү суук түрмөсүнө тыгып коет. Мындай ишти сегиз айдан бери же соту болбой, же күнөөсүн толук мойнуна илгизе албай жөн эле камалып жаткан Ишенбай Кадырбековдун мисалынан жакшы билебиз.
Муну менен азыркы бийликке өз сөзүн так айта албаган биримсиз, чаржайыт чачылып жүргөн азыркы оппозициялык күчтөрүбүз жөнүндө айткым келип турат. Эгерде, биз каалаганын жасап, каалаганын камап жаткан азыркы бийликке унчукпай тим болсок, алар адам укугун тебелеп-тепсеген мыйзамга жат мындай иштерин улантып, ал эмес өркүндөтүшөөрү турган иш. Алар мындай иштери менен элибиздин үнүн өчүрүп, биротоло жүрөгүн алып, мал кылгысы келет.
Акаевдин учурунда, Азимбек Бекназаров камалганда, ошондогу оппозиция анчалык чоң күч эмес эле. Бирок, бара-бара иш-аракеттердин жүрүшүндө ынтымакка келип, оппозиция өтө чоң күчкө айланган. Кыргызстан боюнча 700 киши ачарчылык жарыялап, нааразычылык акцияларын, пикет-митингдерин уюштурушту. Акыры келип ошол күч Акаевди алып түшкөнү баарыбызга жакшы белгилүү.
Жакында эле оппозициялык күчтөр бириктик деп момореандумга кол койдук. Бирок, ошол кол койгондор ич ара ынтымакка келип, эл үмүтүн өчүрүп, бийликке сатылып кетпей, татыктуу иш алып барбасак, бийлик мындай биригүүбүздү былтыркы "Реформа үчүн кыймылы" сыяктуу таш талканын чыгарып, дагы деле өз билген саясатын жүргүзө берет.
Ошондуктан, мындай иш-аракеттерибиз текке кетпес үчүн кыргыз элин алдыга сүйрөп, коррупцияга белчесинен баткан бүгүнкү үй-бүлөлүк башкарууга каршы чоң аракеттерди баштаган лидерлерибизди биз колдоп, лидерлерибиз бизди колдосо, сөзсүз үй-бүлөлүк-кландык башкарууну жеңебиз!

Маектешкен
Эрнис БАЛБАКОВ,
"Ачык Саясат"




  Ат жалында маек

Рахат Ачылова,
Кыргыз парламентинин экс-депутаты:
"Бакиев акаевчилик саясый маданиятты анализсиз эле кайра уланткандай…"
- Рахат эже, мурда чоң саясатка аралашып, эгемендик алган алгачкы жылдары эркектер менен үзөңгү талаш иштеп жүрдүңүз эле. Азыркы учурда эмне менен алектенип, кандай ойлор менен алпурушуп жүрөсүз?
- Балалыгым согуштан кийинки мезгилдерге туш болгондуктанбы же борбордон алыс Баткен аймагында туулуп-өскөндүктөнбү, айтор, кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы жер-суу талаш маселелери менин мекенчилдик сезимимди эрте ойготкондур деп да ойлоп кетем. Анткени, Совет мезгилинде эле ачыкка чыкпаганы менен Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда тымызын жер талаш маселеси көтөрүлүп келген.
Канаатташ, тектеш, диндеш кошуналарыбыз менен мамлекет аралык чала-бучук чечилген саясий маселелер биздин каныбыз менен кошо айланып калат окшойт. Өзгөчө пайгамбар жашына келип калганда элди-жерди, эгемендүүлүктү кантип сакташ керек сыяктуу маселелер өзгөчө түйшөлтчү болду.
Бүгүнкү күнү чоң саясаттын кешигин татып калган адам катары "Саясат таануу" сабагынан студенттерге сабак берем жана аларга мамлекетибиздин бүгүнкү абалын тереңирээк түшүндүргөнгө аракет жасайм. Учурда кыргыздар эң кыйын кырдаалда турат. Акаев качып кетсе да, анын кыргыз коомун, айрыкча мамлекетибизди түп-тамырынан бери талкалап, жапайы капитализмге алып келген идеологиясынын залакасын бүгүнкү күнгө чейин көрүп жатабыз. Ал - акаизм сыяктуу чындыкты бурмалоочу идеология жана акаевчилик баш-аламан, саясый маданият эле. Акаевдин чоң мүчүлүштүгү-бийликке келгенде совет бийлигинин ак-карасын ажырата албагандыгы. Азыркы президентибиз Бакиев да акаизм менен акаевчилик саясый маданиятты анализсиз эле кайра уланткандай…
- Эл оозунда айтыла жүргөн "Айдар жокто Максим бар, айран жокто максым бар"- деген сөздөргө ишенесизби?
- "Эл оозунда элек жок, калк оозунда калак жок"- дейт кыргыздар. Акыркы учурларда чоң саясатка аралашпагандан кийин,анык-чынын билбей туруп айтыш кыйын. Бирок, эл көрөгөч, сынчы болот тура. "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" - деп бекеринен айтылган эместир. Ошондуктан, саясат таануучу катары айтаарым, кийинки президенттик шайлоого талапкерлер үй-бүлөсү менен кошо даярданыш керек экен. Эл да байкап, баамдап туруп, анан шайлап алат.
- "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү экендигиңиз маалым. Партияга болгон бийликтин кысымы сизге таасир этпейби?
- "Ата Мекен" социалисттик партиясы Акаевдин учурунан бери эле оппозициялык маанайда келатат. Себеби, тунгуч президентибиз ээрге отурганда эле оң эмес, тескери олтурган. Жыйынтыгы 10 жыл өтпөй эле, Кыргызстанды "жапайы капитализмдин" сазына тыга салды.
"Ата Мекен" партиясы кандай кырдаал болбосун, социалисттик принциптерди, демократиялык көз караштарды тутунат. Ошондуктан, бийликтин күчтүү оппозиция менен күрөшүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш. "Ата Мекен" партиясы өткөн бийликтин тушунда да, азыр да күчтүү оппозиция экендиги талашсыз. Ошондуктан, шайлоолордо биздин партиянын мүчөлөрүн өткөрбөй коюу аракети күч болбодубу.
- "Элдик Революциялык комитеттин" талаптарына кандай карайсыз?
- Албетте, бийликтин кетирген кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп турганга оппозиция болуш керек. Алардын үнүн басуу, куугунтукка алуу -чекилик иш. Бирок, элди көчөгө сүйрөп чыккандарга башынан эле каршымын. Жанымдай сүйгөн адамдарым турса да, кабар алып койгонум гана болбосо, пикет, митингдерди саясый көз карашым менен колдой албайм. Себеби,көчө демократиясы Акаевдин идеологиясы менен кошо кетсин деген көз караштамын. Биздин көчмөн кыргыз элибиздин ондогон кылымдар бою жашап келген өзүнүн көчмөн демократиясы болгон. Анткени, көчмөн турмушта демократиясыз жашоого мүмкүн эмес эле. Азыр деле той өткөрө турган болсок, алдын-ала кеңешип жатпайлыбы. Ошондуктан, "Кеңешип кескен бармак, оорубайт"- дегендей,курултай аркылуу бардыгын сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылуу зарыл.
- Акыркы учурларда түндүк-түштүк маселеси курчуп бараткандай…
- Кыргыздардын түндүк-түштүккө бөлүнгөндөрүн - "кыргыздын наадандыгы" дээр элем. Албетте, турмуш-тиричиликке, карым-катнашка келгенде чоң айырмачылыктар бар. Ал табигый нерсе. Айрыкча, балдарды тарбиялоодо түштүктүн эли менен чүйлүктөрдүн айырмасы өзгөчө байкалат. Чүйлүктөр балага түйшүк артпай,боорукер мамиле жасашат. Бирок, келин менен күйөө баланы тайраңдатып, эрке кармашат экен. Ал эми түштүктүн эли баланы катуу кармайт. Кээде эмгектин оор - жеңилине карабай баланы жумшап, эмгекке үйрөтөт. Мен Баткендин кызымын, Чүйгө келин болгом. Кайненем экөөбүз 30 жылдай ынтымактуу жашадык. Ыраматылык кайненем айрыкча төркүнүмө бараарда кийиттин өңү-түсүн биздин салтка ылайыктап алып бараар эле.
Бүгүн деле эл өзү куда-сөөк, жек-жаат болуп бөлүнбөйт. Элге шыкак берген учурдун сокур саясаты болууда.
- Кай бир билермандардын кыргыз эли улут катары жок болуп кетүү коркунучунда дегени бар. Социолог катары айтсаңыз бизди да ошондой коркунуч күтөбү?
- Кыргыз элинин улут катары жоюлуп баратканын коомдун коркунучтуу ылаңы катары туюп жатам. Бул - эң чоң коркунуч. Ошондуктан, учурда уктап жаткан интеллигенциябыз жанданып, намысыбызды колго алып, кайдыгерлик уйкубуздан ойгонбосок, кийин кеч болуп калат.
Саясый элитабыз элдин эсебинен байыганды, мамлекеттик кызмат орундарды сатканды токтотсо болот эле. Гүлдөп-өсүп бараткан коррупциянын тамырын чаап, Акаев талкалап кеткен ишканаларды ишке киргизип, өндүрүштү оң жолго салып, карапайым элди жумуш менен камсыз кылса, бийликти эл өзү колдоп кетмек. Бизде болсо, тескерисинче мамлекетибиз алсызданып, экономикабыз бакубатсызданып бараткандан баратат…

Гүлниза Молдокулова,
"Ачык саясат"