Так талашкан табакташтар...

Сыдыков президенттин администрация башчысы, Түлеев премьер-министр, Садыркулов Бишкектин мэри болобу?
Ак үйдөгү ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга караганда, президент Бакиев Германиядан кайтып келээри менен өзүнүн күтүлбөгөн кадрдык жүрүштөрүн баштайт.
Атап айтсак, өлкөбүздүн кризиске кептелишине азыркы өкмөт башчы Чудинов "крайний" деп табылып, олтурган креслосунан төмөн карай ыргыйт экен. Анын ордуна азыркы Бишкектин мэри Нариман Түлеевдин бараары айтылууда. Ал эми Түлеевдин бош калган мэрлик ээрине Бакиевдин башкы акыл кошчусу, оппозицияны ойроңдоткон президенттик администрациянын азыркы жетекчиси Медет Садыркуловдун олтуруусу күтүлүүдө. Себеби, Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаковго окшогон "революционерлер" ээрден шыпырылып, президентке өздөрүнүн азуу тиштерин көрсөтүп турушкан убагы. "Эрегиштен эр өлөт"- болбой, Курманбек Бакиев Үсөн Сыдыков менен өз ара сүйлөшүп, ага өзүнүн администрациясынын эки тизгин бир чылбырын кайрадан карматууга сөз бергени айтылууда. Демек, Исаков менен Кайыпов да бир кызматка коюлат, ошентип таарынычтар бир паста эле жоюлат. Оппозицияга өтө тургандай түр менен Бакиевге сүр көрсөткөн "Жаңы Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрүнүн дымып калганынын себебин да ушундан түшүнсөк болчудай. Саясат талдоочулар мындай көрүнүшкө кабатырлануу менен байкоо салышууда. Анткени, орун алмашуудан сумма өзгөрбөөрүн алар да жакшы билишет. Бирок, Кыргызстан тууралуу айтыш кыйын. Себеби, биз, бүгүнкү күнү эч нерсеге эч ким таң калбай калган заманды баштан кечирүүдөбүз.




 "Эл өкүртөөр" палатасынан...

Р.Ирсалиев депутаттык мандаттан баш тартты
Алмаз Атамбаев баштаган Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке шайланган кочкорлук Рахат Ирсалиев 13-ноябрда депутаттык мандатын тапшырды.
Ал мындай кадамга баргандыгынын себебин, өз ишмердүүлүгүн курулуш тармагында улантууну чечкендиги менен байланыштырды.
Саясат талдоочулардын айтымында, Ирсалиевдин мандатты тапшыруусунда бир мандем бар. Себеби, парламентте олтуруп деле курулуш иштери менен алектене берсе болот. Анын үстүнө, көптөгөн депутаттар бизнестерин ар кимге каттатып коюп, иш жүргүзгөндөрү эч кимге деле жашыруун эмес. Алардын пикиринде, Рахат мырзага кайсы бир күчтөр тарабынан катуу кысым болгон. Буга, акыркы мезгилдеги Социал-демократтар партиясынын депутаты Р.Шаботоевдин жана Ж.Жээнбековдун баласынын жоголушу далил. Экинчи версиясы, ал мындай парламентте олтура бергенде "эшектин тушоосу да чечилбейт экен" - деп, саясий чөйрөдө өзүн тааныткысы келген башка партиялашына өз ордун соодалап жиберген имиш.
Эми бош калган депутаттык орунга кимдин олтураары табышмак болууда. Себеби, эрежеге ылайык, СДПКнын тизмеси боюнча Р.Ирсалиевден кийинки Э.Байсалов парламентке келиши керек эле. Бирок, ал келейин десе, бийлик темир тор артына айдап жиберүүсү толук мүмкүн. Эдилден кийин Атамбаев премьерминистр болуп турганда анын кеңешчиси болуп жүргөн Турдубек Молдобеков турат. Эми парламентке Турдубек мырза келеби же башкасыбы, аны СДПКнын саясий кеңеши чечет.




  Легитимдүү, легитимсиз

"Азыркы парламенттин легитимдүү эместиги тууралуу бардык маселелерге кесиптешим Б.Наргозуев чекит коет го деп ишенем" - деп билдирди ырчы депутат Ибрагим Жунусов.
"Мен парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын Боршайком легитимсиз деп жарыялап салат деп чоочулабаймын. Анткени, андай болбойт. Биз иштеп жатабыз жана иштей бермекчибиз. Биздин мыйзамдар кабыл алынып, президент аларды бекитип жатат. Андыктан, бизди креслолорду мыйзамсыз ээлеп олтурат деп айтканга эч негиз жок"- дейт артист депутат.




  Балык башынан сасыйт

Суу кимге куюлду?
Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кыдыралиев ушул убакытка чейин жаап - жашырып келген бийликтин айыбын ачты.

Жаш депутат 12-ноябрдагы "Ак жол" фракциясынын жыйынында энергосекторду кейиштүү абалга кептеген Сапарбек Балкыбеков отставкага гана кетип тим болбостон, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деген оюн ортого салды.
"Үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 1-июнга чейин электр энергиясы эч жерде өчүрүлбөгөнү менен түнкүсүн Токтогул ГЭСинде суу агызылып жатканын баары билет. Эмнеге силер элди алдап, сууну агызганыңарды айтпай жатасыңар?"- деп министрдин жаагын жап кылды.
Санжар мырза, Балкыбековго сиз жөн эле опурулуп жатасыз. Себеби, айрымдардын айтуусуна караганда, ал жөн гана аткаруучу. Андыктан, "сууну сатып, эмнеге элдин тагдыры менен ойноп жатасыңар? Эмнеге элди эч нерсени көрбөйт, укпайт, билбейт дегенсип, аларды алдоодосуңар"- деген суроону такыр башка адамдарга бериш керек. Бирок...




  Үйүң жылуубу?

Бишкек ТЭЦинде күнүгө
50 вагон көмүр жагылат
Бишкек ТЭЦинин директору Сергей Бочконун айтымында, шаар тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн күнүгө ТЭЦте 50 вагонго чейин көмүр жагылат.
"Бүгүнкү күндө суунун температурасы 62 градуска араң жетип жатат. Чындыгында, ал 70 градуска чейин жетиши керек эле. Бирок, отундун жетишпегендигинен ушундай болуп жатат"- дейт ал.




  Бүгүн эрте, эртең кеч...

Ревком эмнеден чоочулоодо?
Революциялык комитеттин мүчөлөрү Таластагы элдик курултай учурунда бийлик тарабынан провокация жасалып кетээринен чоочулап жатышканын билдиришти.

Алардын айтымында, Таласта да Түптөгү "сценарий" кайталанып кетүүсү толук мүмкүн.
Ушундан улам, өздөрүнүн тарапкерлеринин баарын жолугушууну бийик деңгээлде өткөрүп, провокацияларга алдырбоого чакырышкан.
"Эгер, бүгүн али эрте десеңер, эртең аябай кеч болуп калат. Андыктан, уйкудан азыр ойгон!"- деген билдирүүнү элге таркатышууда.

Бетти даярдаган
Улан МАМБЕТОВ,
"Ачык саясат"