Бир собол

Элдик курултайга
элдин маанайы кандай?
"Оппозиция бир муштумга бирикти" - деп эле дүңкүлдөп атабыз. Алдыда кыргыз журтчулугун кезектеги элдик курултай күтүп атат. Ошол элдик курултай өз максатына жетеби же жетпейби, маселе ошондо. Албетте, буга чейин мындай курултайлар болуп эле келген. Алардын жумурай - журтка канчалык деңгээлде таасир калтырганын жазуунун кажети жок. Өткөн иш өттү, өткөндү эстеп өкүнүчтүн ордуна, келечек күндү ойлонуу туура иш. Ошондуктан, келаткан курултайга эл даярбы? Калайык - калктын маанайы кандай? Бу курултай бийликтин узун сабак убадаларына, суу кечпеген калптарына кекиртегине чейин тойгон кыргызстандыктардын жашоосуна кандай өзгөрүү алып келет? Буга чейинки курултайлардан эмнеси менен айырмалана алат? Ушул туурасында ой бөлүшөлү, окурман!

Роза Отунбаева,
ЖКнын депутаты:
Чынымды айтсам, бул тууралуу эчтеке билбейм. Курултай жөнүндө эч кандай маалыматым жок. Азыр ооруп жаткандыгыма байланыштуу эч нерсе айта албайм.

Кабай Карабеков ,
ЖКнын депутаты:
Элдик курултай өткөрөбүз дегендердин кандай максаты бар экенин билбейм. Маалыматым дагы азыраак. Оппозиция бирикти деп деле айта албайм. Оппозиция 2006 - жылы "Реформа үчүн" кыймылында аябай жакшы бириккен эле. Ошондо күчтүү болчу. Эми ал күндөр өттү - кетти. Тарых барактарында жазылып калды. Азыркы биригүүнү мен биримдик деп эсептебейм. Ошондуктан, курултай жөнүндө ойлогон да жокмун.

Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери, элдик курултайды уюштуруу
тобунун төрагасы:
Курултайга даярдыктар жакшы жүрүп жатат, катышабыз дегендердин саны өтө көп. Алыскы региондордон бери келебиз дегендер бар. 29 - ноябрда суук болуп калгандыгына байланыштуу кандайдыр бир имаратта өткөрсөкпү деп ойлонуп атабыз. Эгерде, андай болсо элдин саны азыраак болот го. Азыр "Ак шумкар", "Асаба", "Таза коом", "Ата Мекен", "Жашылдар" партиялары жана "Бирдиктүү Кыргызстан", "Акыйкат үчүн" кыймылдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, баарыбыз бирдикте даярдык көрүүдөбүз. Элдик курултайда үч багытта коомдук - саясий, социалдык - экономикалык, жаңы өнүгүү концепциясы тууралуу докладдар окулат. Анан жыйынтыгында курултайдын резолюциясын кабыл алабыз. Анан ошол долбоор боюнча өзүбүздүн жолубузду улантабыз. Бул элдик курултай элге үмүт берет деп ишенем. Азыр элдин үмүтү өчүп калган. Биз ошол өчкөн үмүттү жандырабыз. Качан гана үмүт пайда болгондо, ишеним дагы пайда болот. Ал эми ишеним ийгиликке жеткирет деп эсептейм.

Жамал Сейдакматова ,
Кыргыз Эл артисти:
Элдик курултай деген жалпы элдик болуш керек. Анан элди экиге бөлүп, "бул жээк, тигил жээк" деген принцип менен курултай өткөрүүдөн эч кандай натыйжа, эч кандай жыйынтык чыкпайт. Кыргыз эли курултай дегенди башынан өткөрүп эле келатат. Оппозиция баягыда бир силкинген, анын аягы эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз. Чынында курултай, митинг, референдум дегендер элди тажатып жиберди. Андан көрө бийлик менен оппозиция сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элди кыйнабай, ич ара келишимге келишсе жакшы болмок. Ынтымаксыздык жакшылыкка алып барбайт. Ынтымак болмоюнча өлкөбүздө өнүгүп - өсүү деген болбойт.
Эркин Булекбаев,
"Жашылдар" партиясынын лидери:
Биздин партия элдик курултайды колдойт. Кудай буюрса, курултай жакшы маанайда өтөт деп ойлойм. Жеке өзүм "Курманбек Салиевич, криминалдашкан үй бүлөңүз менен бирге кыргыз элине бир жакшылык кылып, өз ыктыярыңыз менен бийликтен кетиңиз" деген талап койгону турам. Менин бул талабымды көпчүлүк колдоого алат деп ишенемин.

Максатбек Жолдошбеков,
"Акыйкат жаштар" кыймылынын лидери:
Бүгүнкү күндө курултайдын болушу сөзсүз керек. Себеби, социалдык - экономикалык, энергетикалык кризис такалчу жерине келип жетти. Мындан ары бийликтен жакшылыкты күтүүнүн кажети жок. 29 - ноябрдагы боло турган курултай өткөндөгү курултайлардан өзгөчө нукта, башкача көз карашта өтөөрүнө ишенебиз. Ошондуктан, аны кыргыз коомчулугунун арасынан суурулуп чыккан жаштар дагы колдойт. Ушул курултайды өткөрүп гана чектелип калбастан, "Акыйкат үчүн" кыймылы жана Коомдук парламент биригип иштеп чыккан концепциясын толук иш жүзүнө ашырууга бел байлап жатышат. Эгемендүү өлкөбүздүн келечеги үчүн "Акыйкат жаштар" кыймылы элдик курултайды толук колдоо менен эл алдында өз оюбузду ачык билдиребиз. Бирок, бул курултай биздин жашообузду түп - тамыры менен өзгөртүп жиберерине көзүм жетпейт. Анткени, оппозициянын арасында да жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон, саясий туруксуздугу чегинен ашкан саясатчылар да жок эмес. Чынын айтканда, ушул нерсе элде ишеним жаратпай жатат. Дагы бир көзгө сайган чындык бар. Ал оппозициядагылардын татыктуу лидерди тандай албай жатканы. Оппозиция бир муштумга бириккени менен бирдиктүү иш алып баралбай жатат. Эгерде, ошол үлкөн саясатчылар ушул ирет чымыркануу менен "Бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгара алышса гана утушка жетишет.

Гүлзаада Медералиева ,
"Ала - Тоо плюс" программасынын алып баруучусу:

Негизинен элдик курултайды колдойм. Үмүтүм зор болгону менен, ишенимим жок. Себеби, бу жолу эл жалпы көтөрүлүп чыгаарына көзүм жетпейт. Анткени, акыркы күндөрү эл свети өчсө деле, азык - түлүк кымбаттаса деле, кара башыл адамдар жоголуп атса деле унчукпай, кайдыгер болуп кетти. Мындай кайдыгерлик менен элдик курултай өз максатына жетерине ишеним аз.

Фаризат Асанкалый кызы,
"Ачык саясат"

P.S. Бу собол боюнча пикирлерди күтөбүз. Сиздер дагы үн кошкула! Өлкөнүн, аны менен бирге өзүңөрдүн эртеңки тагдырыңарга кайдыгер карабагыла. Анткени, "көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот" эмеспи. Андыктан "бийлик эмне кылар экен, оппозиция кантет экен",- деп карап олтуруунун ордуна чогуу аракеттенели. Курултайга болгону 11 күн калды. Телефон чалгыла. 0312 - 312- 770