Көмүскөдөгү көйгөй

Кризистин себеби жана андан чыгуунун жолу
Ушул жылы Жогорку Кеңеш Өкмөттүн "2008-2010-жылдарга карата КР улуттук энергетикалык программасын жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүү стратегиясын" кабыл алды. Жакында эле "Кыргызстандын энергетикасы- бүгүн жана эртең" деген аталыштагы китеп жарык көрдү. Авторлору өз адистигин мыкты билген К.Алымкулов, К.Измайлов, У.Матеевдер экен.
Аталган тармакка байланыштуу макалалар гезит беттеринде байма-бай жарык көрүп, телерадиолордо далай ирет айтылып келүүдө.
Бирок, энергетикалык кризистен чыгуунун жолдору өкмөттүк чогулуштарда, тегерек столдордо талкууга алынуу менен гана чектелип, жемиштүү жыйынтыгын бере албады. Ага бүгүн жалпы журт күбө. Өткөндө эле өкмөт "3-ноябрдан тартып жарык өчүрүлбөйт"- деп жакшы убада беришти эле. Айтылган сөз айтылган жерде калды. Ал эми элибиз болсо энергетикалык кризистин сазынан жакынкы жылдары чыгаарыбызга ишеним артпай калды.
Өндүрүшчү катары өзүмдүн оюмду окурмандар менен бөлүшкүм келип турат. Биз Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын II чакырылышынын депутаттары өкмөткө жана парламент мүчөлөрүнө "энергетика тармагын реструктуризациялоо сыяктуу программалар өлкөнү кризиске учураткандан тышкары пайда алып келбейт"- деп дайым далилдеп келгенбиз. Бул программанын эң чоң жаңылыштыгы - энергетика жана отун ишканаларынын ишмердүүлүгүнө терең анализ жүргүзбөй, кадрлар туура тандалбагандыгында. Башкы кадрлардын өз ишине жоопкерчиликсиз мамилесинен улам, бул тармакта коррупция кучагын кенен жаюуда.
Жакында эле "Электр станциялар" АКнун 2007-жылга түзүлгөн отчету колума кокусунан тийип калды. Ал отчетту карап чыгып, биздин энергетикалык ишканалар канааттандырарлык эле иштээрин байкадым. Балээнин баары "Балык башынан сасыйт" дегендей, башкаруу системасындагы коррупцияда экен.
Отчетто "Электр станция" акционердик коомунда 2007-жылы 14,6 млрд кВт саат электр энергиясы иштелип чыгыптыр. Анын ичинен ГЭС-13,8 миллард кВт саат электроэнергияны, ТЭЦ-0,803 млрд кВт саат электроэнергияны иштеп чыгарган. Ошентип, өндүрүлгөн электроэнергиянын 94,5 пайызы ГЭСке, 5,5 пайызы гана ТЭЦке тиешелүү болгон.
Пайдалуу кое берүүлөр чыгашалар жана жоготууларды, анын ичинен электростанциялардын жеке керектөөлөрүн чыгарып салганда -13,4 млрд кВт саатты жана товардык продукциянын суммасы 3070,2 млн. сомду түзүп, бир кВт. саат электроэнергиясы 22,0 тыйындан сатылган.
Отчетто өздүк наркынын баасы 2853,1 млн сомду түзгөн же өздүк наркынын баасы бир кВт. сааты 21,3 тыйын. А пландык эсеп боюнча 24,7 тыйын. Ошондуктан, теориялык жактан рентабелдүүлүк 63,0 :21,3 х100 - 295% түзөт. Бул жерде электро энергиясы элге сатууга бекитилген 63 тыйындык тариф кайдан алынган? деген суроо туулбай койбойт. Ал эми 2007-жылдын отчету боюнча 21,3тыйындан иштелип чыккан электр энергиячы? Же болбосо, 2007-жылдын отчету боюнча иштелип чыккан электрэнергиясынын негизги өздүк наркы 21,3 тыйын. Теориялык жактан кое берилген электрэнергиянын кирешеси13,4 квт саат х 0,63с. 8442 млн. сом болмок. А негизги товардык продукция 3070,2 млн. сомду түзгөн. Айырмасы 8442,0-3070, 2-5370,0 млн сом.
Бул сумма жогорку вольттук линияларды кармап турууга жумшалган. Тактап айтканда, электрэнергияларды берүү бөлүштүрүүчү мекемелерди кармап турууга жана башка жоготууларга же уурдоого кеткен. Дүйнөлүк практикада мындай максат үчүн бардык жоготуулардын 20-30%ы гана сарпталат. Бизде болсо бул көрсөткүч 60%ды түзөт экен.
Көрсөтүлгөн цифралар энергетика тармагын башкарууда мафия жана коррупция күч алганын, ага каршы мамлекеттик катуу көзөмөл жок экенин тастыктап берген жокпу?
Негизинен ГЭСте өндүрүлгөн электроэнергиянын өздүк наркы 3,8 т/кВт. саатты түзгөн, ТЭЦте болсо -126,06т/кВт саат. Эсептөөлөр боюнча электр энергиянын негизги иштелип чыккан өздүк наркы 10,2 т/кВт.саатты көрсөтөт.
Дагы белгилей кетчү нерсе, электрэнергияны экспорттоодо да толук башаламандык орун алган. 2007-жылы Өзбекстанга электр энергияны 42,0 т/кВт сааттан берип, 361,3 млн. сом алышкан; Казакстандан - 57,3 т/кВт саатына 696,7 млн сом, Кытайга болсо, 93,7 т/кВт.с. берип, 90,3 млн сом алынган. Эскерте кетчү нерсе, реструктуризациялоого чейин Өзбекстанга 4,0 центтен, Казакстанга 3,5 центтен кое берилчү. Бизге белгилүү болгондой өздүк наркы ТЭЦтерде 3,5-4,5 центтен төмөн эмес. Ал эми дүйнөлүк баа боюнча электр энергиясы жылуулук электростанцияларынын өздүк наркынан кем болбойт.
Өлкө ичине электр энергиясын берүүдө да башаламандык өкүм сүрөт. Мисалы, электр энергиянын баасы "Түндүкэлектродо" 19,3 т/кВт саат, "Чыгышэлектродо" -18,8 т/кВт саат, "Ошэлектро"-16,1 т/кВт саат, "Жалалабатэлектро"- 17,1 т/кВт сааттан беришет. Мына ушундай түшүнүксүз цифраларды атайын башты айлантуу максатында түзүшүп, коррупцияланган иштерин жүзөгө ашырууну көздөшөт.
Реструктуризациялоодон мурда ал тармактын абалын терең изилдеп чыгууну биз өз учурунда бир эмес, бир нече жолу эскерткенбиз. Реструктуризациялоого чейин энергетика сектору канааттандырарлык иштеп келген. 1996-жылы бул сектор акционердик коом болуп калды. 1993-1996-жылга чейин 3500 трансформатор которулуп, 1000 км электролиниялар курулган. Ошентип, энергетикалык сектор жогорку рентабелдүү иштеп келген. Мисалы, 2000-жылы жалпы киреше 1,7 млрд. сомду түзгөн. Ал эми таза киреше 1,2 млрд. сом болгон. Кытайга, Иранга, Пакистанга электроэнергияны экспорттоо үчүн жогорку вольттуу линияларды куруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөн. Буга окшогон иштер чет элдик консультанттарга жакпай калып, алар элге каршы иштей турган реструктуризациялоо программасын сунушташкан. Ошентип, бул программа адистердин, өндүрүшчүлөрдүн, окумуштуулардын көз карашы, ою менен эсептешпестен, административдик мажбурлоо менен кабыл алынган.
Бул программа элди алдоого багытталып, 4 этаптан турган. Алгачкы үч этабында эле адистер менен өндүрүшчүлөрдүн божомолу туура чыгып, энергосектордун акыбалы оңолмок тургай, оңкосунан кетти.
Сөзүм кургак болбосун үчүн реструктуризациянын кыскача анализинин 3 этабын таблица менен бердим.
Жогорку таблицада реструктуризациялоого чейинки 1996-жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү камтылган. 1997-реструктуризациянын башталышы, 2001-ж., 2002, 2003-жылдары- реструктуризациянын 3 этабын киргизгенден кийин.
Таблицада көрүнүп тургандай, өздүк наркы - негизги экономикалык көрсөткүч 2002-жылы өскөн.
2003-жылдын эсептелген өздүк наркы жок. Себеби, чаташкан жоготуулардан адашпай, эсептеп чыгууга мүмкүн эмес. Дебитордук карыз 5 эсе өскөн. Катталгандары 1,3 эсе, кое берилген баа 3,4 эсе өскөн. Мындай жагдайда өндүрүш чыгашалуу. Өздүк нарк 2,5 эсеге көтөрүлсө, баанын 3-4 эсеге көтөрүлүшү логикага сыйбай турган нерсе.
Ушул кыска анализден кийин, энергетикалык секторду башкарууда кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы багытталган саясат күчөгөндүгүн көргөзөт да, азыркы күндөгү иш-аракеттер башка бир топтогу адамдардын кызыкчылыгын көздөйт деген жыйынтыкка алып келет.
Суу-энергетикалык ресурстар жалпы улуттун байлыгы гана болбостон, келечек муундарга да таандык. Бул эң жогорку рентабелдүү тармак. Ошондуктан, электро-энергиялык жана суу ресурстары, бир адамдын же бир топтун жеке менчигине айланбастан, жалпы Кыргызстандын элинин жалпы менчиги болууга тийиш.
Экономикалык же техникалык негизи жок эле "Кыргызэнергону" реструктуризациялайбыз деп отуруп энергетика тармагы бүгүн башкарууга мүмкүн болбогон жагдайга туш болду. Себеби, электрэнергияны иштеп чыгаруу жана анын сарпталышы, андан түшкөн акча каражаты мамлекеттик көзөмөлдөн чыгып, кирешелүү тармак атайын чыгашалуу тармакка айландырылды.
Бүгүнкү энергетикалык кризистен чыгуунун эң башкы жолу- бул тармактын абалын терең изилдеп чыгуу. Ал үчүн окумуштуулардан, тиешелүү адистерден, тажрыйбалуу өндүрүшчүлөрдөн, экономист, юристтерден турган мамлекеттик эксперттик комиссия түзүп, кризиске кептелгенибиздин себептерин терең изилдеп чыгуу керек. Себептерин аныктап чыккан соң, кризистен чыгуунун жаңы программасын иштеп чыгуу талапка ылайык. Шарт түзүп берсе, азыркы кырдаалдын себептерин аныктап, андан чыгуунун туура жолун табуучу адистерибиз четинен чыгат. Аларга 6-7 айга чейин өзгөчө статус берсе, маанилүү иштин майын чыгара аткармак…

Орозбек Дүйшеев,
КР өндүрүш тармагынын Эмгек сиңирген ишмери,

Кыргызчалап даярдаган,
Гүлниза Молдокулова