Жаштарга кайрылуу

Барсыңарбы, жалындуу кыргыз жаштары!
Ата-бабаларыбыздын балбан руху, кайратман эрки жана жоокердик деми бүтүндөй түрк элдеринин жашоосуна көрк берип, жашоо маңызына айланган. Сансыз кылымдар бою бабаларыбыздын айкөлдүк, эр жүрөктүүлүк, ар-намыстуулук асыл сапаттары, наркы, салты кыргыз элинин дүйнө таанымын калыптандырып, өздүк жүзүн жоготпой, сактап келген. Кыргыздар буга чейин урагыс улуу тарых жасады, көөнөрбөс түбөлүк маданият жаратты…
Азыркы заманыбыздын татаалдыгы, көз караштардын, баалуулуктардын көп түрдүүлүгү жашообузду түркүн боекторго боеп, алаксытып, азгырып, өзүбүздөн-өзүбүздү алагды кылгандай көрүнөт. Ошол себептүү бүгүнкү кыргыз жаштары ата-мурасын, эне-адебин тааныбай, салттан чыгып, башаламан адашып, кайдыгерликке алдырып тургандыгы, улуттук намыстын жоктугу элибиздин акыбалын ого бетер оорлотуп, түйшөлдүрүүдө.

Бүгүн биз, Кыргыз жаштары, эртеңки келечегибизге кандай багытта, кандай баалуулуктар менен барабыз? Бүгүнкү күндө биз ынтымакка келип, бир багытта элге кызмат кылуу колдон келеби, же жокпу? деген мезгилдин суроосуна, учурдун чакырыгына жооп бере алабызбы же эртеңки келечегибизди ар кимге сатып, бара-бара жоголобузбу?.. Кыргыз элинин, кыргыз жеринин тагдыры бүгүнкү жаштарда экени айныксыз көрүнүп турбайбы!
Урматтуу келечек ээлери! Алдыбызда абдан олуттуу маселе тураарын аңдап билели. Кыргыз элибиздин алдында чоң милдет тагылып жатканын жана мындай тарыхый мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керектигин түшүнөлү.
Дүйнөдө ааламдашуу тездик менен кызуу жүрүп жаткандыгы кыргыз журтчулугун өз ордун табууга шаштырып турат. Андыктан заманыбыздын олуттуулугун таанып, улуттук сезими ойгонгон, мекенчил кыргыз жаштарына терең ишенүү менен улуу мурасыбызды, Кыргыз атыбызды өчүрбөй, ата-бабалардын арбагы, келечек муундун алдында татыктуу туралы деген чакырык менен бүгүнкү заманыбыздын оош-кыйыштарын эске алып, бештин айынын 22-(ноябрь)де Кыргыз Жаштарынын Биринчи Улуттук Кеңеши өтүлө тургандыгын жарыялап, чакырабыз! Жана бул иш-чарага өз демилгеси менен уюштуруу маселесине катышып, катарга кошулам дегендерге төмөнкү дарек менен кайрылыңыздар деп суранабыз.
Демилгелүү топ:

Жигердүү Кыргыз жаштары!
Эгер сиздер биз менен байланышууну кааласаңыздар, төмөнкү телефондорго чалыңыздар:

(0312) 93 82 69, факс (0312) 62 56 50,
(0777) 08 12 34, (0773) 60 20 05,
(0555) 74 78 95




  Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда,
айлансын ар бир уулуң чагылганга !

"Биз күчтүүлүккө умтулуудабыз"
"Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин жетекчиси Мирхамид Токтогул уулу менен маек.
Кыргыз жаштары элим, жерим, тилим, дилим деп күйүп турганы ар бир адамды кубантат. Азыркы мезгилде аштарыбызга колдоо болбой жатканы бардыгыбызга маалым. Ошонун айынан көптөгөн жаштар өзүнүн улутуна, улуттук каада - салттарына кайдыгер мамиле жасашууда. Ошентсе да, жаштардын башын бириктирип, алдыга бир максат коюп, ошого жетүү үчүн күн-түн дебей жүгүргөн жаштарыбыздын саны күн санап өсүүдө. Алардын катарында "Ак Шумкар Кут" коомдук бирикмеси.


-Мирхамид, жакын арада Кыргыз жаштарынын биринчи Улуттук Кеңешин өткөзгөнү жатыпсыңар, коом алдында уюмуңар тууралуу маалымат бере кетсең?
- Биздин уюм төрт жыл мурда биринчи кадамын таштап, улут деп улутка күйгөн кыргыздын бирдиктүү жаштарынын башын бириктирип, 2005-жылы түзүлүп, Адилет министрлигинен каттоодон өткөн. Биздин уюмдун максаты- кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн сактап калуу менен Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айлантуу Ошондой эле кыргыз элинин асыл баалуулуктарын сактоо менен кыргыз жаштарынын аң-сезимин көтөрүү. Иштөө багытыбыз болсо - негизинен жаштар алкагы, билим берүү, үгүттөө иштери.
- Ушул кезге чейин кандай иштерди жүргүзүп келдиңер?
- Кыргыз таануу руханий талкуулардын долбоорун иштеп чыкканбыз. Ошол долбоордун негизинде ар бир окуу жайларга, билим берүү мекемелерине кирип, талкууларды жайылтып жүрөбүз. Заман таануу, кыргыз таануу, адам таануу, заманды, адамды, кыргызды философиялык, физиономиялык, анатомиялык жактан изилдегенге аракет болот. Муну менен адамдын аң-сезиминин жогорулашына салым кошобуз го деген ойдобуз. Маданий иш-чараларды, билим берүүдө атайын жолугушууларды өткөзүп жүрөбүз. Чыныгы кыргыз жигити, чыныгы кыргыз кызы деген дил - баяндардын сынагын уюштурдук. "Кыргыз менин ырысым" деген маданий иш-чаралардын атайын кербенин уюштуруп, ал окуу жайларда өттү. Кыргыз фильмдерин эл алдында бекер көрсөттүк.Кыргызга тиешелүү болгон улуттук майрамдарды массалык түрдө белгилегенге аракет кылабыз.
- Силер үчүн дүйнө коомчулуктарынын абалы, баалуулуктары кандай?
- Аалам, адамзат. Анын ичинде кыргыз эли да бир топ өзгөрүүлөрдү башынан кечирип келүүдө. Руханий, маданий, саясий, социалдык, экономикалык, экологиялык жактан болобу дүйнөнүн кандай тармагы болбосун, ошол тармактын бардыгында эбегейсиз эволюциялык чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошол өзгөрүүлөр адам болуп, жер шаарында жашап жаткандан кийин бардык улутка, анын ичинен кыргызга түздөн-түз таасир этет деп баса белгилеп кетким келет. Адамзаттын дүйнөдөн алган багыты кайсы бир деңгээлде түбөлүктүү жашоонун же болбосо мыйзам ченемдүү жашоого жооп бербегени элес калтырат. Мисалы, демократия, адам укугу, гендердик саясат дейбиз, булар кайсы бир деңгээлде жакшыдай туюлуп, бирок түбөлүктүү мыйзамдарга жооп бербей келет.Аял укугу, эркек укугу дейбиз. Чындыгында ал экөөнүн укугу эмес, адамгерчилиги, карысы болобу, жашы болобу ар бир адамдын бул жашоодогу өзүнүн орду бар. Адамдын алган социалдык багыты жөнүндө сөз кылсак, азыр бир топ саясий багыттар бар. Адамдардын баалуулуктары акча, материалдык байлык аркылуу бааланып, ушундай бир тайыз деңгээлге, түшүнүктөргө басым жасап, көкүрөктүн, баштын деңгээлинде эмес, курсактын деңгээлине түшүп калгандай. Адамзат азыр асыл баалуулуктардан четтеп,чыгыштагы, батыштагы көрүнүштөргө басым жасап, биздин өзүбүздүн асыл баалуулуктарыбыздан четтеп бара жатканы түйшөлтөт. Мына ушунун негизинде кыргыз элинин азыркы жаштарынын багыты кандай болот деген негизде бир топ талкууларды өткөзүп жүрөбүз.
- Силер үчүн деги эле кыргыз эли кандай эл?
- Кыргызда түбөлүктүү түптүү багыттар бар.Улут-улут менен, адам-адам катары сакталып калуу менен дүйнө сакталып калат го деген тилектебиз. Кыргыз элинин өткөндөгү жана азыркы жашоодогу абалын айта турган болсок, кыргыздын байыртадан өзүнүн "Улууга урмат, кичүүгө ызаат", "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде"- дегендей мыйзамдары бар болуп келген. Азыркы жашоосун айта турган болсок, улуусунун тилин кичүүсү албайт, атасын баласы укпайт, энесин кызы укпайт. Мунун себеби, коомдо кыргыздын өзүнүн улуттук асыл баалуулуктарынан четтеп бараткандыгын көрсөтүп турат. Кыргыздын асыл баалуулуктарын сактап калуу үчүн ар бир кыргыз башы менен жооп бериши керек. Анткени, бир алкакта, бир абадан дем алып, бир улуттун атын ташып жүргөндөн кийин ар бирибиз жоопкербиз. Чыныгы асыл баалуулуктарды сунуштоом менен жаштардын аң-сезимин ойготуу керек деп ойлойм.
- Азыркы саясатка силердин уюмуңардын көз карашы кандай?
- Оппозиция менен бийликтин ортосу чоң ажырым болуп калды. Маселенин бардыгы мына ушул ажырымды токтотууда болуп турат. Биз партия, дин менен бириге албайбыз. Биз кыргыз деген ат менен биригебиз. Ошондо гана ким кыргызга күйөөрү, ким өз өлкөсүн сүйөөрү өзүнөн-өзү эле билинип калат. Ошондой эле бизге ким кошулса, ошону менен бирге иштешип кете беребиз.
- 2005-жылдан бери силер кимдер тарабынан каржыланып келе жатасыңар? Т.Сариев силерди каржылап келет деген айың сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Бирөө каржыласа, бул анын позициясындагы адамдар болуп калат. Биз эч кимге көз каранды эмеспиз. Т.Сариевдин бизге эч кандай тиешеси жок. Бул эл арасында жүргөн айың кептердин бири.
- Азыр жаштарды бийлиги деле, оппозициясы деле курал катары пайдаланып, митинг, пикет уюштурат. Силер бир багытты көздөп келе жатып, кокусунан ооп кетпейсиңерби?
- Адам алсыз болсо, аны коом өзгөртөт. Эгерде адам күчтүү болсо, ал коомду өзгөртөт. Коом ошол адамга карап, түзөлөт. Ошого карап өсөт. Биз бардыгыбыз ошол күчтүүлүккө умтулуудабыз. Ошондуктан, биз бир жакка ооп кетебиз деген ойдон алыспыз.

Назгүл Мамытова,
"Ачык саясат"