Селкинчек

Керегем сага айтам, келиним сен ук!

Асылбек Өзүбеков:
"Атага караганда эненин тарбиясы чоң"
- "Энесин көрүп кызын алып, эшигин көрүп төрүнө өтүш керекпи?"
- Мен өзүм тамадалык кылган тойлордо көбүрөөк болом. Үйлөнүү тойлордо жүрүп, энеси кандай болду экен деп ,кыздын энесин карайсың, ал кандай болсо кызы да ошондой келин болот да. Тойдун акырына чейин кыздын энеси өзүн жакшы алып жүрсө, кызы да ушундай жакшы болот деп ойлойм. Эгер энеси алдаңдап-далдаңдап оозуна келгенди сүйлөп отурса, кокуй кызы деле ушундай аял болот турбайбы деген ой кетет. Себеби, бул жашоодо уул болобу, кыз болобу атага караганда эненин тарбиясын көбүрөөк көрөт. Ал эми эшигин көрүп, төрүнө өтөт дегенге мен анча макул эмесмин. Анткени, эшиги жаман экен деп кирбей коюунун өзү туура эмес. Балким ошол үйдүн ээсинин пейили кенен,жакшы адам чыгар. Сырты жалтыраган үйлөргө кирсең деле туура эмес абалга туш болгон кездер болот.

Гүлнара Кахарова:
"Каргыш деген бул жаман нерсе"
- "Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор" деген сөздү кандай түшүнөсүз?
- Алла Таалам берген сууну сыйлоо керек. Бекеринен "суу - өмүрдүн булагы, суу - жашоонун чырагы" - деп бекеринен айтылган эмес. Ал эми суу кордогон кор болор деген азыркы учурдагы кыргыз элине туура келет. Өзүңөр деле көрүп тургандай, Кудайым берген колубуздагы сууну бийлик туура эмес пайдалангандыктан, кор болуп олтурабыз. Эмне дегенде сууну кордогон жетекчилерибиздин айынан канча деген карапайым калк электр энергиясы жок отурат. Алар каргышка калып жатышат. Каргыш өтө жаман нерсе.Жарыктын жоктугу айрыкча көп балалуу үй-бүлөлөргө бир топ эле кыйынчылыктарды жаратууда. Ошондуктан, сууну кордогондорго мен өтө нааразымын. Кудай алдында аркы дүнөгө барганда жооп беришин ойлонушса болмок.

Замир Арыкбаев:
"Бардыгы аялдын колунда"
- "Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшыбы?"
- Мен бул сөздүн 100 пайыз чындыгы бар деп айта алам. Эмне дегенде хан бардыгынын үстүнөн караган адам. Жанындагы саясатты жүргүзгөндөр вазирлери. Мына ошол вазирлер кандай иш алып барышса да, анын жыйынтыгы түз эле ханга барып тиет. Хандын кандай адам экендигин вазиринен да карап билсе болот.Вазири жакшы, акылдуу болсо, хан да ошондой болот деп ойлойм. Ал эми аял жакшы эр жакшы деген сөз да абдан туура. "Жакшы эркекти жаман кылган да аял, жаман эркекти жакшы кылган да аял" - деп бекеринен айтылган эмес. Зыңкыйган эркек жүдөө, тажаал аялга туш келсе анда эркек тез эле чүнчүйт. Эгер, жаман эркек жакшы аялга туш болсо, шалбыраган-балбыраган эркекти заматта зыңкыйтып, тартипке салып коет. Ошондуктан, бардыгы аялдын колунда демекчимин.


Гүлнара Тойгонбаева:
"Өмүр бою айтылчу сын болуп калат"
- "Баш кесмек бар, тил кесмек жок"
- "Буттан жыгылган турат, тилден жыгылган турбайт" деген лакаптарга сиздин көз карашыңыз?
- Илгери адамдарды чоң күнөө кылса, башын кесип салышчу. Тил кесмек жок дегени эгер сенин сөзүң туура болсо, анда сени сүйлөтпөй башка чаап турса да өзүңдүн тууралыгыңды далилдеп моюн бербейсиң. "Ак ийилет бирок, сынбайт" дегендей, кетип баратып жыгылып кетсең, анда кайра ордуңан тура аласың. Мисалы, эл алдында убада берип, ошону кайра аткара албай калсаң же болбосо көпчүлүк арасында туура эмес сөз сүйлөсөң, эл аны кечирбейт. Туура эмес сүйлөгөн сөзүңдү эч убакта оңдой албайсың.

Даярдаган,
Назгуль Мамытова,
"Ачык саясат"




  ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!

"Адвокат профи" фирмасы
Сиз өз укугуңузду жана мыйзамдуу кызыкчылыгыңызды мамлекеттик, сот, милиция, прокуратура органдарында коргоонун жолун жакшылап биле албай жатасызбы?
Кылмыш же жарандык иштер боюнча тажрыйбалуу адвокаттар же юристтер керекпи?
Бизге келиңиз. Келишимдик баада укуктук жардам көрсөтүүгө, соттук иштер боюнча республиканын бардык жерлерине барып берүүгө биздин адвокаттар, юристтер ар дайым даяр.
Биз сиздер үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшай алабыз.

"Адвокат профи" фирмасы - силердин фирмаңар!

Биз "Ачык саясат" гезити
менен бир имаратта турабыз.
Тел: (0312) 31-33-68, уюлдук телефон (0555) 08-18-91




Кулактандыруу
Улуу обончу Рыспай Абдыкадыров жөнүндө жазылган жазуучу-сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин эскерме-эссеси толукталып, калыптанып "Эңсеген менин обонум" аттуу китеп болуп чыкты. Китеп ордо калаабыздын Бөкөнбаев көчөсүндөгү гезит базарда, Ош базарында Машайыкта, "Эркиндик гүл багында", "Нускада" сатылууда.